Шашылыш кабар:

Б.Казаков: «Мегакомду» сатуу боюнча эми терең анализ жасайбыз

Июнь 12, 2017 | жарыялаган Майраш Базлакунова
347

14143

Мегаком бренди менен таанылган Альфа Телеком компаниясын  3 — жолу аукцион аркылуу сатуу  тилеги  ишке  ашкан жок.  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков эми Өкмөт атайын сунуштарды  иликтеп , анализ  жасап  жатканын  Марал радиосуна  билдирди.

Марал:- «Мегаком» деген бренд менен таанымал «Альфа Телекомду»  сатуу  боюнча  үчүнчү аукцион  өтпөй калды.  Мунун негизги себеби  эмнеге байланыштуу?

— Альфа Телекомдун 100  пайыз үлүшү мамлекетке таандык. Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунан тиешелүү бардык чаралар көрүлдү. Ошол эле чет элдеги биздин өкүлчүлүктөр аркылуу, ушул тармактагы компанияларга коммерциялык  сунуш менен кайрылганбыз. Радио, телевидение жана интернет булактары аркылуу жарнамалар болду. Кызыккан компаниялар болду, бирок тилекке каршы эмнегедир катышабыз деп мыйзам чегинде кайрылышкан жок. Анын себебин азыр эксперттер менен анализдеп жатабыз. Альфа Телеком мурунку эле шартта, мамлекетке болгон бардык төлөмдөр төлөнүп иштеп жатат.

Марал:-  «Мегакомду»  сатып алууну  каалагандардын  чыкпашы  бул компаниянын  тегерегиндеги  «саясатташкан»  маселелерге  байланыштуу  болдубу  же  телефон менен сүйлөшүүгө караганда    интернет  ресурстарга  болгон талаптын  өскөнү таасир эттиби?

Бул жерде бир нече шарттар болушу мүмкүн. Баалап жатканда дагы көп жагдайларын карап чыктык. Биринчи жолу баалаганда 19 млрд 700 миң сомго бааланган. Аукцион өтпөгөндүгүнө байланыштуу, ал 25 % га кыскарган. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү байланыш компанияларына болгон баанын көрсөткүчү төмөндөп кетти. Коомдо технологиянын өнүгүп жаткандыгына байланыштуу уюлдук байланышка караганда, интернет байланыштары ыңгайлуу болуп жатат. Кээ бир уюлдук ички  колдонуучу каражаттар акысыз. Эгер Мегакомду таза аукцион аркылуу бир инвесторго өткөрүп берсек бул- Кумтөрдөн кийинки эле Кыргызстандагы эң чоң долбоор болуп калмак. Аукционго алып чыгаардын алдында мыйзамга да керектүү бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатабыз.

Марал: — Адеп   компания  сатыкка  коюлганда  баасы   наркы 19,7 миллиард сом деп аныкталган. Бирок анда кардар чыкпай койгондуктан, өкмөт уюлдук ишкананын баасын экинчи жолу сатыкка чыгарганда 14 млрд 255 млн сомго чейин төмөндөткөн. Бул жолу да сатып алууну каалагандар чыккан жок. Ал эми  быйыл  март айында аукцион жарыяланып, анда компания 13,5 млрд сомго бааланган. Эми   үчүнчү ирет да сатылбай калды.Кийинки саттыкка чыкканда Альфа Телекомдун баасы дагы төмөндөшү мүмкүнбү?

Баасын төмөндөтүү же жогорулатуу боюнча мамлекет тарабынан сунуштар болгон жок. Тажрыйбасы бар компаниялардан сунуштар түшүп жатат. Биздин жеке укуктарыбыз чектелген.Конкреттүү түрдө , кандай болсо да суроо талап, сунуштарды биз Жогорку Кеңеш жана өкмөт менен биргеликте чечим кабыл алабыз. Компаниянын акцияларын сатуу боюнча бул тармактагы эксперттер менен да тегерек стол өткөрүп анан негизинде бир жыйынтыкка келебиз.

Марал: — Альфа Телекомдун акцияларын бөлүп, фондулук биржа аркылуу сатуу керек деген айрым сунуштар болууда?  Бул сунуш канчалык деңгээлде натыйжасын берет?

Негизи, биз фондулук биржаны өнүктүрүшүбүз керек. Акционердик коомдордун акциялары биздин фондулук биржада сатылыш керек эле. Мен буга толук түрдө кошулам. Бирок, ушул күнгө чейин аталган фондулук биржа жакшы иштебей келет. Буга чейинмындай сунуштар болгон. Биз аны карап жатабыз.  «Элдик IPO» деген мамлекеттик финансылык көзөмөл органынын программасы бар. Канчалык түрдө  Мегакомдун акциялары жайгаштырылат, аны өкмөт кабыл алат.

Марал: — Мегаком стратегиялык объект катары эсептелинеби?

Альфа Телеком бүгүнкү күндө  атаандаштыктык рынокто иштеп жатат. Башка компаниялар менен атаандаштык өтө чоң. Атаандаштык бар жерде мамлекеттин кийлигишүүсү болбош керек. Бул боюнча атайын мыйзам бар. Ал жерде мамлекеттикпи же менчик компанияларбы бардыгынын укугу бирдей болушу керек деп жазылып турат. Атаандаштык жактан Альфа Телеком компаниясы утулуп жатат. Анткени, башка мыйзамдардын негизинде бир жылдык сатып алууларды бир жыл мурун ачык-айкын өткөрүп,өзүнүн атаандаштарына бир жылдык иш планын ачык көрсөтүп коюп жатат. Алар, компания кайсыл жаатта аксап жатканын көрүп, ага жараша алдыга бир  кадам таштап иш алпарууга аракеттенишет.

B5BA6026-88CB-41C4-BAF7-7F8217420F28_cx0_cy9_cw0_mw1024_mh1024_s

Марал: —  Альфа Телекомго инвесторлорду тартуу маселеси кандай жолго коюлду?

Инвесторлорду тартуунун 2 жолу бар. Сатуу жана башка келишимдер аркылуу. Балким башкаруу системасын өткөрүп берсек болот. Сатуу боюнча Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн кеңеши бар, ошол чечимдерди аткаруу максатта биз компанияны аукционго алып чыктык. Ар бир товар өзүнүн баасында турган кезде сатыш керек. Дагы 5 жылдан кийин бул уюлдук компания 5 эсеге арзандап кетет. Арзандап же жок болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошол жагдайга ылайык, жакынкы арада аукционду өткөрүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

Маегиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *