Шашылыш кабар:

Арзыбек Кожошев: “ Ош окуясы чачымды агарткан”

Июнь 10, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
754

7391822f23c02a3a095c973bc977231e

2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында  «июнь окуясы»  деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Анын ичинде Ош шаарында болгон окуя көздөн кан менен жаш  агызды. Бул окуянын жети жылдыгына карата  КР экономика  министри  Арзыбек Кожошевди кепке  тарттык.

Марал: Арзыбек  мырза , сиз ошол учурда Ош, Жалал-Абад облустарында каржы маселелери боюнча коменданттын орун басары болуп  иштедиңиз.  Окуя башталганда эле  өзүңүз  суранып  жардам  берүү  үчүн  барганыңызды  айтып жүрүшөт?

-Чындыгында аталган окуялар кыргыз эли үчүн абдан кайгылуу окуяладын бири болгон. Советтер союзу убагында Тоолуу  Карабакта окуя болду эле, армяндар менен азербайжандар ортосунда салгылашуу.  Ошондо барып көрүп жүрдүк, мени  менен  бирге  аскердик  кызмат  өтөгөндөр  ушундай окуяны көрмөк эмеспиз деп ыйлашты эле.

2010-жылы 10-июнь түнү бул окуя башталды.  11- июнда убактылуу өкмөттөн Ош, Жалал-Абад облустарында каржы маселелери боюнча коменданттын орун басары деген наам алдым.  Ал жакта банк системасы токтоп калган, элдер сыртка чыккандан коркушуп, иштебей коюшкан. Мага абдан чоң укук берген, анткени мен ал жакта жумушка чыкпагандарды иштен алып салууга мүмкүнчүлүм бар эле. Айлык маяна, пособие, пенсия токтоп калбасын деп аракет кылганбыз.

Бул жеке сиздин демилгеңиз болгон экен. Атуулдук позиция десек болот да?

Албетте. Темир Аргынбаевич ал убакта финансы министри болчу. Мен ага барып суранганымда, ал менин коопсуздугума кепилдик бербесин айтты. Мен өзүмдүн атуулдук милдетимди аткарууга баргам. Ал жерге бардык аймактардан жардам берүүгө даяр балдар барышты. Ошол учурда гуманитардык жетишсиздик болгон, элдин наны жок болгон. Нан таратып жатканда бир аял 100 доллар сунуп көбүрөөк берүүнү сураганы эсимде. Мен буга макул болбой, барына бирдей таратылсын десем, ал акча дагы күчүн жоготкон күн болот экен деп ыйлады эле. Манас аэропортуна келген гуманитардык жардамдарды түштүк аймака жеткизип жаттык.

Эң кыйыны  адамдардын өлүмү болду.  18-19 жаштагы солдаттар адам сөөктөрүн көргөндө кусуп, эстерин жоготуп башташты. Ошого байланыштуу афган согушуна катышып келген жарандарды чогултууну чечтик. Алардан айлык акыга сөөктөрдү чогултуп, моргго жеткизип берүүнү сурансак, алар акысыз эле өз кызматыбызды кылабыз дешти.

Ошол мезгилде менин алдымда ички аскер тобунун командири Кулбаев деген жигит сүйлөшүп турган аны көзгө атаар атты. Ал менин колумда көз жумду. Ошол окуядан кийин өзүм дагы курал ала баштадым. Ал жигиттин үй-бүлөсүнө миллион сом компенсация берилди, жардамдар көрсөтүлдү, бирок атанын ордун эч ким ээлей албайт экен.

Марал:- Ошол учурда каржылык туруктуулукту сактоого, айлык акыларды, пособиелерди убагында берүүгө кантип жетиштиңиздер? Анткени, ошол учурда банктардан дагы акча уурдалышы да мүмкүн эле?

-Биз биринчиден коопсуздук жакты карадык, банктарга күзөтчүлөр сөзсүз коюлган.  Исмаил Исаков комендант болчу, ал киши менен баарын чечкенбиз. Ар кандай учурлар болгон. Мисалы, Базар-Коргондо казначействону өрттөп жиберишкен. Анын кызматкери компъютерин үйүнө алып кеткен экен. Болбосо,база жоголсо кимге, эмне бергенин билбей калмак. Ошол мезгилде элде биримдик болгон үчүн ал күндөрдү жеңип чыктык.

Марал:- Июнь окуясы боюнча тарыхчылар, саясатчылар, коомдук ишмерлер ар кандай баа берип келе жатышат. Сиздин жаран катары жеке позицияңыз боюнча июнь окуясы саясий  жана тарыхый жактан өз ордун таптыбы?

Жок, бул окуя бүгүнкү күнгө чейин ордун таба элек. Жети жыл эле өттү, тарых кийин бардыгын өз ордуна коет.  Окуядан чоң сабак алышыбыз керек. 1990-жылы болгон окуя 2010-жылы катуу кайталанды. Бул маселеге биз абдан кылдаттык  менен карашыбыз керек. Сепаратистик чакырыктарга көңүл бурушубуз керек. Кадыржан Батыров ошондой  чакырыктарды таратып, бул жакшы нерсеге алып барган жок. Ошол убакта Кара-Суу районунун ички иштер кызматынын башчысын өрттөп, айдоочусунун башын алып салган. Менин өзүмдүн бир тууганымдын эки баласы жоголуп, бирөө ушул убака чейин табылбай калган.  Бул ал балдардын энеси үчүн орду толгус жоготуу болду. Эки  жылдан кийин сыйлык алып жатканда мен Өмүрбек Бабановго кайрылдым эле.  Финансы кызматкерлерине дагы сөз бергиле, сыйлык ыйгаргыла деп. Себеби, салык кызматын, финансы кызматкерлерин,  милицияларды дайыма  сындайбыз. Ошол күндөрү жумушка чыкпай койгон кызматкерлер дагы болду. Бирок, ошол эле учурда өз коопсуздугун ары коюп,  кызматын так аткарган адамдар да жок эмес экени көрүнүп калган.

Марал:  Сиз ошол окуяда  өрт  кечип, аралашып жүрдүңүз, психологиялык жактан оор таасир алдыңыз болуш керек? Дайыма эстейсизби?

Албетте.  Мен аскерде кызмат кылсам дагы адамдардын сөөктөрүн көргөндө жүрөктө калат экен. Ош окуясын аягына чейин жөнгө салып, референдум өткөзүп келгенден кийин эки жума эс алдым. Чынын айтайынбы, бул окуяга  чейин чачымда  бир ак  чач  жок эле, ошондон кийин агарды. Анткени адамдардын   өлүмүн  өз  көзүм  менен   көрүп,  бир  топко  чейин  аябай  кыйналып  жүрдүм.

Марал: — Улуттар аралык мамиле өтө  кылдат маселе эмеспи. Өз ара ынтымакка доо кетирүү оңой , бирок  кайра калыбына келтирүү оор.  Азыркы учурда кыргыз-өзбек  ортосундагы  мамилесинин  өнүгүүсүнүн жаңы этабын көрө аласызбы?

Өзгөрүүлөр болуп жатат албетте. Бирок, бул маселе толук чечиле элек. Менин оюмча көп  кабаттуу үйлөрдү көбүрөөк салып өзбек кыргыздарды аралаштырыш керек.  Ошондой райондордо анча адам жоготуу болгон жок. Маданий жактан баштап баардык жактан эки элди бир-бирине тыгыз байлабаса болбойт. Ошондой  эле  мамлекеттик саясатта башка улуттарга мамилени өзгөртүүбүз керек. Бийлик тармагында сөз болушу керек.  Кайсы тармак болбосун өзбектер бар жерге кыргыздарды, кыргыздар бар жерде өзбектерди аралаштырып иш алып барышыбыз керек.

Марал:- Негизи июнь окуясы толук изилденип бүттүбү? Буга чейин мамлекеттик, улуттук комиссиялар түзүлгөн. Айрымдар  бир-бирин бул окуялардын чыгышына күнөөлөп, кайым айтышуу уланып келет.

Менимче буга убакыт керек.  Ал жерде кээ бир адамдар өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлогон учурлар болгон. Балким  муун алмашыш керек. Ошондон кийин  тарых өз  баасын берет.  Бейкүнөө адамдардын каза болуп кетиши биз үчүн чоң сабак болушу керек. Азыркы учурда  алаканы чыңдоо аракети боюнча мамлекеттик деңгээлде, улуттардын ортосунда  бир нече программалар,  стратегиялар иштелип чыгып жатат. Демек, бул аракеттердин дагы жыйынтыгы бир топ убакыттан кийин билинет.  Ооба, буга убакыт керек. Бул нерсе бир күндө билинбейт. Азыр менин байкаганым, өсүш үчүн беш тил билиш керек деп жатышпайбы. Советтер союзунда мындай эмес болчу. Кыргыздар өз жерибизде туруп, кыргыз тилин окуган эмеспиз. Бул саясат экен да. Кайсы мамлекетте жашасаң ошол элдин тилин билиш керек. Тилибизди сыйлап, ага карата саясатты өзгөртүүбүз керек.

 Марал:-Маегиңизге  рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *