Шашылыш кабар:

Автоунаа жууган пилдер

Июнь 9, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
428

4444(2)

Жума күнү «Фабула», «Кыргыз Туусу» жана «Ачык саясат» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Жогорку Кеңештин депутаттарынын парламентте көтөргөн маселелери, 2010-жылдагы июнь окуясы жана бизнес кылуунун өзгөчө ыкмалары тууралуу жазышты.

«Ачык саясат» басылмасы өз окурмандарына өзгөчө бизнес идеяларын сунуштады. Элдин көзүнө өөн көрүнгөн жана маанисиз деп эсептелген айрым долбоорлор анын негиздөөчүлөрүнө абдан чоң киреше алып келээрин бир нече мисалдар менен келтиришкен. Алардын бири АКШнын бир коругунда үч пил автоунааларды жууп кызмат көрсөтөт. Бул кызматтан пайдаланган кардарлар акысына 20 доллар берет. Унааны жууну куп эле өздөштүргөн пилдер, темир тулпарларды жууп гана тим болбостон укмуштуудай шоу дагы көрсөтүшөт. Муну уккан көпчүлүк автоунаа ээлери пилдерге унаасын жуудуруш үчүн атайын алыстан дагы келишет экен.

«Фабула» гезити премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго катуу сөгүш бергенин жарыялады. Өкмөт башчынын мындай чечимине аталган агенттиктин 2016-жылы Жээнбеков баш болгон чет элдик делегация кечки тамактанууга 150 миң сом короткону тууралуу маалымат таратканы себеп болгон. Натыйжада өкмөттө ички иликтөө жүрүп аталган маалымат чындыкка коошпой турганы аныкталып, Алымбек Орозбековго катуу сөгүш берилсе агенттиктин бухгалтери документтерди жасаганы үчүн кызматтан алынган.

Гезиттин ушул эле санында Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиевдин пара менен кармалган соттордун бардык чечимдерин кайрадан карап чыгуу тууралуу пикири чыкты. Ал акыркы жылдары бир катар соттор жоопкерчиликке тартылганын мисалга алып, алардын чыгырган өкүмдөрүн кайрадан текшерип чыгуу зарылчылыгы бар деп билдирген. Ал эми Жогорку соттун төрага орун басары Феруза Жамашева кайсы бир сот пара менен кармалса анын чыгарган бардык чечимдерин териштирип чыгууга зарылчылык жок экенин билдирген.

«Кыргыз Туусу» 2010-жылдагы кандуу июнь окуясына арналган макаланы басып чыгарды. Аталган макаланын автору улут аралык арыздашууга алып келген бул окуяга 7 жыл болгонун белгилеп, эки улуттун ортосуна от жаккандар өз жазасын алдыбы деген суроону коёт. Тилекке каршы улут аралык жаңжалга шыкакчы болгон адамдар Европалап качып жүрүшкөнүн, керек болсо ал жактагы беделдүү трибуналарды колдонуп кези келгенде Кыргызстанга доомат артып жатканын кошумчалаган. Ош окуясы кыргыз менен өзбек элдеринин ортосундагы жаңжал эмес кайсы бир саясий күчтөрдүн иши болгон дейт макаланын автору.

Ушул эле гезит Сауд Арабия, Бахрейн, Египет жана Бириккен Араб Эмираттары сындуу өлкөлөр Катар мамлекети менен дипломатиялык мамилесин токтотуп жатканын жазды. Араб өлкөлөрү Катарды террористтерге 1 млрд доллар жардам кылган деп айыптап жатышат. Араб мамлекеттеринин 2,7 млн калкы бар Катар өлкөсү менен дипалаканы үзүшү Катарга залакасын тийгизээри белгиленет. Анткени, аталган чакан өлкө азык-түлүктү, курулуш материалдарын Сауд Арабиянын чек арасы аркылуу алып өтөөрүн эске алганда Катарда 2022-жылы отө турган футбол боюнча биринчиликке болгон даярдыктарга да тоскоолдук жаралышы ыктымал.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *