Шашылыш кабар:

Р.Жунушев: “Казакстандан келген ундун 70 пайызы сапатсыз болууда”

Июнь 6, 2017 | жарыялаган Майраш Базлакунова
107

Кыргызстанда кайрадан  ун жана буудайды  чек арадан алып өтүүдө кошумча нарк салыгын киргизүүнү айрым эл өкүлдөрү демилгелеп жатат. 2015- жылдын башында алар салыктан бошотулган. Бул  Кыргызстан ЕАЭБге  расмий киргенден тартып ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында жасалган. Бирок жыл айланбай ун менен буудайдан түшкөн киреше кескин кыскарды деген  эл өкүлдөрүнүн  жүйөөсүнө жеке ишкерлер каршы.

21471


Бул туураасында  “Айлампа” программасынын бүгүнкү меймандары Кыргызстандын ун чыгаруучулар комитетинин төрагасы Рустам Жунушев, КР айыл чарба жана мелеорация министрлигинин Евразия биримдиги менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жумабек Асылбеков жана “Дан” мамлекеттик ишканасынын төрагасы Алга Кылычев менен  маектештик.

Марал:- Ун жана буудайды  чек арадан алып өтүүдө кошумча нарк салыгы төлөө  алынып салынды эле, бирок эми  бул маселе байма-бай  көтөрүлө баштады.  Депутаттардын  жүйөөсү сиздерди ынандыра  алдыбы?

Рустам Жунушев: —  Учурда ун  өндүргөн  ири  60 комбинаттан болгону 15- 20 сы  гана  иштеп жатат. Булар өзүнүн кубатынан 30% га иштөөдө. Мисалы, 10 күн иштейт да 20 күн токтоп турат. Азыр  түзүлгөн кырдаалга байланыштуу иш орундарын да жоготуп жатабыз. Учурда 2000 ден ашык киши жумушу жок калды, алардын аркасында үй-бүлөсү бар. Комбинаттар бүгүнкү күндө курч абалда турат. Азыркы демилгечилер комбинаттарды текшерип анализ кылып, андан соң обьективдүү чечим кабал алышса жакшы болот эле.

Марал:- Демилгечилерге жолугуп азыркы түзүлүп жаткан кырдаал туурасында сушуш айтып, түшүндүрүү иштерин жасап көрдүңүздөрбү?

Рустам Жунушев: Албетте, биз алар менен жолугуп анализ да кылып көрдүк, бирок тилекке каршы демилгечи тарап таптакыр бизди укпай эле өздөрүнүн демилгесин алдыга жылдырышууда.

Марал: — Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев   парламенттеги айрым депуттар  өздөрүнүнүн кызыкчылыгын көздөп , кошумча  нарк  салыгынын  киришине  каршы  болуп жатышат деген  ойду   айтып  жатышпайбы? Менимче, бул өндүргөн компаниялардын түзүүчүлөрү бардыгынан улам  чыгып жатса  керек?

Алга Кылычев: Биринчиден, ар бир жетекчи  азыр мындай сөздү айтуудан мурда ойлонуш керек. Алты миллионго жакын калкыбыз бар .  Алар  кимдин кандай иш менен алек болуп жаткандыгы алаканга салгандай эле билинип турат. Бул депуттаттар   ушул туура эмес демилгени көтөрө турган болсо  , эртең эле алардын көздөгөн кызыкчылыктары билинип калат. Ал нерсени мамлекет өзү эле көзөмөлгө алып койсо болот. Мисалы, жеке менчик ишканалар, тегирменчилер өздөрүнүн эле кызыкчылыгын ойлоп кымбат ундарды сырттан киргизип базарларга койсо, карапайым элдин чөнтөгүнө абдан оор болуп калат. Айталык , «Дан»  ишканасынын  түзүлүш себеби,  мамлекеттик деңгээлдеги ишканалар тарбынан мамлекеттик азык- түлүк коопсуздугу, экинчиден карапайым элге арзан баадагы ун сунуштоо.  Мунун баары азыр ишке ашпай жатат. Эгерде бул мыйзам ишке аша турган болсо жеке менчик ишканалар 30% га иштесе, бизге окшогон мамлекеттик ишканалар 90% иштебей калыш коркунучунда калат. Мурда жыл сайын 40,50 миң тонна мамлекет тарабынан ун өндүрүлүп турган болсо, быйыл болгону 1,5 миң тонна буудай өндүрүлүп анын ичинде 2- сорттогу ундар ушул күнгө чейин өтпөй турат. Мамлекет бизди түздөн-түз чыгым кылып жатат десек да болот. Биздин жеке изилдөөлөргө таянсак, Казакстандын майда — барат ишканалары чирий баштаган,  атайы эрежелер сакталбаган сапатсыз арзан баадагы  ундардын биз тарапка өтүп кетиши менен биздин иш токтоп калды. Ун өндүрүүдөн чыккан кебектерди малга тоют катары да 2, 3 сомдон сатчу элек бүгүнкү күндө ошол кебектер 10 сомго чейин көтөрүлдү. Өзүбүздүн фермерлердин дагы колун бууган заман болуп жатат. Мүмкүн Казакстандын буудай өстүргөн талаасын өрт каптап бышкан буудай күйүп жок болсо,  биз кимден жалдырап буудай сурайбыз? Мамлекеттин өзүнүн запасы болуш керек да, өз кызыкчылыгы болуш керек.

Марал: — Бул маселеге байланыштуу  өкмөттүн көз карашы кандай болуп жатат?

Жумабек Асылбеков: — Өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн жылына 600 миң тонна буудайды өзүбүз иштетебиз. НДС кирип калса биздин дыйкандар буудайларын кайда сатат? Биздин өлкөдө жаш балдардын аз кандуулук, богок жана башка түрдүү оорулары көбөйүп кетти. Негизи биринчи жана жогорку сорттогу ундар байытылышы керек. Биздеги мамлекеттик ун ишканалары иштебей калса ундар да байытылбай калат. Балдардын зыяндуу илдеттерге кабылышынын саны кескин түрдө өсөөөрү толук мүмкүн. Бул жаатта өтө чоң көңүл бурулушу кажет. Кыргызстан ЕАЭБ ке киргенден киргенге чейин  Казакстандан келген ар бир киллограм унга 3 сомдон  пошлина киргизип, казактардан келген ундун баасы менен биздин бааларды теңдеп турганбыз. Ал пошлина алынгандан кийин орток баа атаандаштыкка туура келбей, мындай ыкма жүргүзүү токтоп калган. Кийин биз демилгелеп кошумча наркты киргизгенбиз. Себеби, эртеңки күнү  биздин комбинаттар иштебей калса ошол эле казакстандан келип жаткан ундар эки эсе кымбат келбей деп эч ким кепилдик бере албайт.

Марал:- Кыргызстандын ун өндүрүү тармагы коңшу Казакстан менен атаандаш боло алабы?

А.Кылычев:- Негизи биздин ун өндүрүүчүлөр Казакстан менен албетте атаандаш боло албайт. Бирок, өзүбүздүн рынокту жана башка Афганистан ,Тажикстан өңдүү мамлекеттерге импорттоп келебиз. Мисалы, ошол эле Казакстан өзүнүн картөшкөсү же пиязы болобу ал запастагысы түгөнбөй турса, же дыйкандардын эмгеги акталмайынча башка мамлекеттен ошол өндүрүмдү албай коюга укуктуу. Ал эми бизде Казакстандын унубу же таштандысыбы барын эле кабыл ала бериш керек деген бул туура эмес. Мындай шартта мамлекеттик деңгээлде чоң жардам керек.

Марал:- Ун өндүрүү тармагы жергиликтүү рынокту толугу менен камсыз кылып бере алабы?

Рустам Жунушев: —  Албетте себеби, Кыргызстанда 600 миң тонна буудай өндүрүлсө, анын 70% ы кайра унга иштетилет. Бир жылдык калктан керектөөсүнө албетте ал аздык кылат. Ошондуктан биз Казакстандан дагы 40% буудай  алып келип экөөнү кошуп ун жасайбыз. Кыргызстанда 60 тан көп тегирмендер иштейт, алардын 70% ы гана иштесе Кыргызстанда бир жылдык ун менен толугу менен камсыз кылып берет

Марал:-  Өлкөгө сапатсыз , байытылбаган буудайларды ташып келүүгө канткенде тыюу салып чекит коё алабыз?

А.Кылычев:- Чегара кызматы менен салык кызматтары бизде ачык соода сатык жүргүзүү деп белгилеп жатышат. Бирок, сырттан кирген ундардын сапаты, байытылганы  абдан текшерилиши керек. 1 килограмм ундан 12%  кошумча нарк салыгы төлөнүшү керек. Бирок тилекке каршы, 1 айда 600- 700 миң тоннага чейин буудай салык төлөнбөй өлкөгө кирип жатат. Бул 400-500 млн. сомду түзөт. Ал мамлекеттин бюджетине түшпөй , көмүскө алып келген жеке чөнтөктөргө кетип жатат.

Жумабек Асылбеков:- Бул суроо боюнча биз өкмөттүн буйругун даярдаганбыз. Талапка ылайык, салык кызматы да, бажы кызматы да текшергенге укугу жок экен. Өлкөгө аткезчилик жол менен кирип жаткан азык-түлүктөрдү  кандай жол менен жоюу  керек деген маселенин үстүндө учурда мамлекет тарабынан жаңы  токтомдор иштелип жатат.

Марал:- Биздин дүкөндөрдө сатылып жаткан ундар байытылганбы?

Рустам  Жунушев:-  Дүкөндөрдө сатылып жаткан ундар биздин жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундар болуп саналат. Айыл чарба министрлиги, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жергиликтүү ишканалардын баары унду байытыт. Себеби, мыйзам бар. Анын натыйжасын саламаттыкты сактоо департаменти текшерип турат. Базарда же дүкөндө сатылып жаткан учурда дагы тиешелүү тараптардан мыйзамдын чегинде 100%  текшерилет. Казакстандан келген ундардын 90% ы түштүк Казакстандан келген кичи ишканалар өндүргөн сапаты төмөн ундар. Алардын илээшкектиги же клейковинасы  талапка ылайык 23 төн 25 чейин болушу шарт. Ал эми казак ундарынын илээшкектиги болгону 19 түзөт. Унга химиялык кошулмаларды жана ферменттерди кошушат. Ферменттер убактылуу ундун сапатын жогорулатып түсүн  ак   кылып туруучу каражат. Ал  1,2 айга гана туруштук берип, убактысы бүткөн соң ун алгачкы начар абалына кайтып келет. Мындай каражаттарды пайдаланууга  Европа өлкөлөрүндө, Америкада тыюу салынган. Африка менен Орто Азияда гана колдонулуп жатат.

Алга Кылычев: — Ошондуктан, Казакстан ундары ушундай жасалма жолдор менен сапатын жогорулатышууда. Сыйымдуулугуна карабай алар сырткы жасалма көрүнүшүн жакшыртууга болгон аракеттерин көрүшүүдө. Унду жууруганда жагымдуу болуп жана ачыганда да көбүрүп жабырып турат. Бирок ошончолук адамдын ден-соолугуна зыяндуу келет.

Марал: —  Элге кандай жол менен ундардын сапатынын айырмачылыгын жеткире аласыздар?

Жумабек Асылбеков:- Мамлекетибизге кирген бардык ундар жаман дегенден алыспыз. Бирок капрапайым эл  мүшөктөп көп өлчөмдө алышат. Ошол себептүү албетте баасы арзанына басым жасашат. Сапатсыз ундун баасы 16,17 сом турат. Сапаттуусу андан кымбатыраак болот. Андыктан, баасына карабай өз өлкөбүз өндүргөн ундарды алса жакшыраак болот.

Алга Кылычев:- Былтыр Орусиядан, Казакстандан келген ундардын жабышкактыгынын өлчөмү аз болгондуктан, биз массалык маалымат каражаттарына кабарлап чыкканбыз. Өкмөткө , Жогорку Кеңешке чейин коңгуроо кагып билдиргенбиз. Биздеги кайсы бир депуттатардын Казакстандын аймагында заводдору бар ошондуктан жергиликтүү ишканаларды четтеткиси келиши мүмкүн деген жеке пикирим бар.

Марал:- Эгерде  кошумча  нарк  салыгы  кайрадан  кирсе ундун баасына канчалык деңгээлде таасир этет?

Рустам  Жунушев:- Жергиликтүү комбинаттар чыгарган ундун баасы 20 сом болсо, кошумча нарк салыгы киргенден кийин 1 килограмм ун 2 сом 50 тыйынга кымбаттайт.

Жумабек Асылбеков: —   Кошумча акы төлөм киргизилип калса, адистер кетип комбинаттар жабылса жоопкерчиликти ким тартат. Ушул сунушту  киргизип жаткан депутат жоопкерчиликти мойнуна алабы? Ишсиз калган 20 миң кишини мигрант кылып тентитип жиберелиби? Казакстандын кызыкчылыгын колдоп, Кыргызстандын кызыкчылыгын кордогон бул мамлекетти ойлобогондук. Азыр биз базар экономикасынан кетип айыл-чарба экономикасын көтөрөлү деп жатабыз. Чегараларга видеокөзөмөлдөрдү түнкүсүн өчүрүп койбой, күчөтүлгөн тартипте иштешсе,  өлкөгө канча тонна ун кирсе, ошого жараша мамлекетке салык төлөнүп турса жакшы болмок да. Көмүскө кирген ундардын наркы 400,500 млн. сомду түзөт. Анын бары ачык-айкын эмес, жеке чөнтөктөргө түшүп жатат. Биз жакында кимдин капчыгына кандай жол менен кирип жатканын далилдеп беребиз.

 Маегиңиздерге рахмат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *