Шашылыш кабар:

Аялдардын богок оорусу репродуктивдүү функцияга таасир этет

Июнь 5, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
233

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, өлкө аймагында эндемиялык богок оорусу көп кездешет. Анткени тоолуу географиялык-климаттык абалдагы аймакта йод аз болуп, натыйжада калкан безинин иштешинин начарлашына алып келет. Анын кесепетинен ар кандай калкан без оорулары пайда болот. Бул жолку «Дабагер» программасында калкан безинен келип чыккан оорулар боюнча суроолорго  Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансеринин бөлүм башчысы Кайыргүл Жоошбаева жооп берди.


Priznaki-shchitovidnoy-zhelezy

Калкан без оорулары деген эмне?

-Калкан безинен келип чыккан оорулар богок оорусу деп аталат. Калкан бези адамдын организминде чоң рол ойнойт. Анткени керектүү гармондорду бөлүп чыгарат. Маселен ал баш мээнин, жүрөк-кан тамырлардын, зат алмашуунун жакшы иштешине жана аялдардын ден соолугунун да өз калыбында иштешине таасир этет. Калкан бези йод микро элементи аркылуу иштейт. Анын жардамы менен керектүү гармондорду иштеп чыгарат.

Богок оорусу кантип пайда болот, мезгилге жараша козголобу?

-Богок оорусу эндемиялык оору. Айрыкча биздин өлкө тоолуу өлкө болуп, деңизден алыс болгондуктан, жер кыртышында йод аз. Ошондуктан бизде ар бир жаран жетиштүү түрдө йод менен камсыз болбосо эндемиялык богок оорусуна кабылышы мүмкүн. Бирок айрым түрлөрү  мезгилге жараша козголушу ыктымал.

Кандай түрлөрү бар, кантип айырмалоого болот.

-Богок оорусу дегенде эле көпчүлүк йод кошулган дарыны ичсе дарыланат деп ойлошот. Бирок ал баарына эле жардам бере бербейт. Анын түрлөрү көп. Эндемиялык богок оорусу, шишик пайда болгон түрү, гипертиреоттук түрү жана калкан бези таптакыр иштебей калган түрү.

Эндемиялык түрү— калкан безинин көлөмү чоңойсо да гармондорду нормалдуу түрдө чыгарат. Бул учурда дарыгер анын даражасын аныктап, дарылоосу зарыл.

Шишик пайда болгон учуру-бул түрүндө шишик ар кандай түрдө болушу мүмкүн. Онкологиялык болушу мүмкүн, ыйлакча түрүндө болушу мүмкүн.

Гипертиреоз түрү -калкан без гармонду көп көлөмдө чыгара баштайт. Бул учурда адам ыйлаак, сезимтал болуп, көп тердейт, арыктайт.

Ал эми гармонду аз чыгарып калган учуру калкан безине операция жасалгандан кийин пайда болгон түрү. Бул учурда тескерисинче адам семирет, жай кыймылдайт. Гармонду нормада сактап туруу үчүн ар дайым дары менен толукталып турат.

Калкан без оорулары жаш өзгөчөлүк тандайбы?

-Бул оору жашка карабайт. Бирок аял кишилерде көп кездешет. Анткени аял кош бойлуу кезинде 12 жумага чейин баланын калкан бези жок болгондуктан, эненин калкан бези эки кишинин функциясын аткарат. Натыйжада күч келет. Ансыз да эндемиялык аймакта өзү начар иштеген калкан без эки кишиге иштеп, начарлай баштайт. Ошондуктан, аялдарда көп кездешет. Ал үчүн ар бир эне үй-бүлөнү пландап жатканда алдын алуусу сунушталат. Анткени эненин ден соолугу балага да таасир этип, балада да бул оору козголушу мүмкүн. Бала үчүн алдын алуу эне сүтү, 2 жашка чейин.

Балдарда белгилери кантип байкалат?

-Белгилери дайыма эле байкала бербейт. Бирок эгер бала теңтуштарынан өзүн өнүктүрүү жагынан артта калса же организмде өзгөрүү байкалса сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылыш керек. Анткени жогоруда айткандай калкан бези организмдин жетилишинде чоң рол ойнойт. Баланын интелекктуладык өнүгүүсү басаңдайт, өспөй калат, башка ооруларды козгойт.

Богок оорусу башка кайсы ооруларды козгойт?

-Калкан бези зат алмашууну, жүрөк-кан тамырдын иштешин көзөмөлгө алат. Ошондуктан, бул ооруну өз убагында дарылабаса жүрөк оорусу, көзү кургап чанагынан чыгып кеткен учуруна да алып барат. Ал эми гармонду иштетүү таптакыр токтоп калса, комага түшүп калышы ыктымал. Зат алмашууну көзөмөлгө алгандыктан кант диабетине да алып келет. Ошондой эле калкан безинин гармондору репродуктивдүү функцияга да өзүнүн таасирин тийгизет. Эгерде өз убагында гармон иштеп чыгарбаса аял кош бойлуу боло албашы мүмкүн. Ал эми богок оорусу менен кош  бойлуу боло турган болсо, түйүлдүктүн жаман өрчүшүнө таасир этет. Натыйжада тубаса акыл-эси кем балдар төрөлөт. Ал эми тескерисинче көп көлөмдө гармон чыгара турган болсо, кош бойлуу боло албайт же улам боюнан түшүп калат.

Кайсы азыктарда йод көп болот?

-Албетте биз деңизден алыс жайгашкан үчүн бизде өскөн өсүмдүктөрдө, биздеги эттерде йоддун көлөмү аз. Ошондуктан, сыртткан келген деңиз продукцияларына муктажбыз. Ошондой эле айрымдар дарылоо ыкмасы катары сүткө йод тамызып ичкендер бар. Бул туура эмес. Анткени ал тамчы болгону менен бир айлык дозага барабар. Ал эми йоддолгон тузду колдонгондо орто көлөмдө колдонуу зарыл. Туз салган идиш күндөн алыс болуусу зарыл, анткени йод учуп кетүү касиетине ээ.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *