Шашылыш кабар:

Коррупцияга айыпталган депутаттар, шайлоо мыйзамдары өзгөрүүдө…

Июнь 4, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
126

e97ee08fc631e95ff3359618fe95aa82

Узап бараткан аптада Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына киргизилип жаткан олуттуу өзгөртүүлөрдү колдоду. Депуттар жактырган мыйзамда президенттик күрөөнү 1 млн сомго чейин көтөрүү, шайлоодогу байкоочулардын укугуна жана саясий партияларга тиешелүү өзгөртүүлөр бар. Башкы прокурор депутаттар Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш ишин козгосо, УКМК эл өкүлү Канатбек Исаевге дагы бир айып такты.


Парламент шайлоо эрежесин тактады

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда 106 депутат колдоп, 9 депутат «каршы» добуш берди.

Он эл өкүлүнөн турган депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоорунда шайлоо мыйзамдарына 300дөн ашык өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары менен жарандык коом документтеги айрым сунуштар адамдардын укугун чектеп, шайлоонун таза өтүшүнө кедергисин тийгизээрин айтып чыгышты.

Эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамдагы кээ бир ченемдер көз карандысыз байкоочулардын укугун чектеп жатканын билдирди:

«Бардыгыбыз шайлоо таза, ачык өтүп ал лигитимдүү болсо экен деген эле тилегибиз бар. Бирок, шайлоонун таза өтүшүн камсыз кыла турган көз карандысыз байкоочулардын укугун чектегенибиздин өзү эле айтканыбыз менен кылган ишибиздин тетири экенин көрсөтүп жатат».

Көз карандысыз байкоочуларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү депутаттар Айтмамат Назаров, Экмат Байпакбаев жана Мухтарбек Айнакуловдор сунуштаган. Эл өкүлдөрү иштеп чыккан жоболорго ылайык шайлоого байкоо салгандар саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары деген эки топко бөлүнүп, ыйгарым укуктары кайрадан такталган.

Ага ылайык бейөкмөт уюмдардын байкоочулары шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларды байкаса, сотко арыз менен кайрылуу укугунан ажырайт. Демилгечи депутаттардын бири Айтмамат Назаров бул шайлоонун таза жана тынч өтүүсүнө шарт түзөт деп ишендирүүдө:

«Биз коомдук байкоочу деген жаңы түшүнүк киргиздик. Өкмөттүк эмес уюмдун бардыгы өз өкүлдөрүн коомдук байкоочу катары киргизип, шайлоого көз салса болот. Алардын башка байкоочулардай эле укугу бар. Болгону сотко берүү укугун гана алып жатабыз. Себеби, сотко кайсыл бир тараптын кызыкчылыгын коргоп кайрылыш керек. Ошондуктан алар кайсы бир тараптын кызыкчылыгын коргоп, шайлоого басым көрсөтпөсүн деген максат».  

Ошондой эле шайлоо участкаларына байкоо жүргүзүүгө катталуу тартиби татаалдашып, өкмөттүк эмес уюмдардан бир шайлоо участкасына бирден гана байкоочуну каттоо демилгеси бар. Аны менен катар шайлоодо эл аралык байкоочу макамы Кыргызстандын жарандарына берилбей турган болууда.

Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү байкоочуларга тиешелүү сунуштар көз карандысыз байкоочулардын укугун чектеп жатат деп арызданышууда. Алар сунушталган өзгөртүүлөр чукулунан даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлбай кабыл алынып жатат деп эсептешет. Ушундан улам мыйзам долбоорун чакыртып алуу сунушу менен президентке кайрылуу жасашаарын «Жарандык көзөмөлдөө комитетинин» өкүлү Динара Ошурахунова кабарлады:

«Бул мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна барат. Андыктан биз документти артка кайтарууга чакырабыз. Ал ишибиз оңунан чыкпаса Конституциялык палатага кайрылып, мыйзамдагы укугубуз чектелип жатат деп арыз жазабыз».

Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү аталган өзгөртүүлөргө байланыштуу 30-майда Жогорку Кеңештин алдына митингке дагы чыгышкан.

Шайлоо мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн ичинде парламентке өтүү босого чегин 7 пайыздан 9 пайызга чейин көтөрүү сунушу бар. Муну парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштаган. Депутат Жанар Акаев бул жаш партиялардын өсүшүнө тоскоол болот деген пикирде:

«Биз парламенттик демократияга өттүк деп көп жерде айтып жүрөбүз. Бирок, парламенттик башкаруунун жолу 5-10 жылда эле бүтпөйт. Бул абдан узак жол. Жаңы партиялардын, жаңы саясий муундун өсүшүнө жол ачып берип, керек болсо мамлекет алардын калыптанышына каражат бөлүп бергендей акыбал түзүлүш керек».

Босого пайызды көтөрүү сунушун президент Алмазбек Атамбаев колдоп келет. Ал буга чейин мындай талап партиялардын ирилешүүсүнө алып келип, парламентке 3-4 гана партия келээрин, анын натыйжасында өкмөттүн да иши жакшыраарын айткан эле.

Демилгечи фракциядан депутат Мирлан Жеенчороев да Кыргызстанда партиялардын саны өтө эле көп болуп жатканын мисал келтирип буларга токтолду:

«Биздин саясий чөйрөдө, коомдо 200дөн ашык партия болуп вождизм менен ооруп, эл чогулгандан алыстап, коомду бөлүп-жарууга алпарып жатат. Эгер биз 9 пайыз кылсак бир чети саясий жетекчилер бири-бири менен сүйлөшүп, коомго стабилдүүлүктү алып келет, парламентке саясий маданияттуу партиялар келет деген ойдобуз».

Депутаттар мыйзамдагы президенттикке талапкерлер коюучу күрөөнү 100 миң сомдон 1 млн сомго көтөрүү сунушун дагы колдошту. Бул парламентте эл өкүлдөрүн кызыл чеке кылып талаштырып, депутат Исхак Масалиев аталган сунушту шайлоого байларды гана катыштыруу максаты катары баалаган.

Буга окшогон талаш-тартыштардан кийин «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда 106 депутат колдосо, 9 депутат каршы добуш берди.

9D3AE709-4FBF-4794-9697-BC0BFC005916_cx0_cy5_cw0_w987_r1_s_r1

Күрөөдөн күмөн санагандар

Быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоодо капчыгы жука талапкерлер ат салыша албай калат. Анткени талапкердик күрөөнү 1 млн сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоору 3 окуудан колдоо тапты. Бирок бул аракет жарандардын укугун чектөөгө жатат. Анткени Кыргызстандын Баш мыйзамында ар бир атуул президент болууга укуктуу деп жазылып турат. Муну өзүн капчыгы жука талапкер деп атаган Турсунбек Акун айтып, парламенттин бул аракетинен кийин ажолукка аттануу боюнча арсар ойдо калганын жашырган жок. Жогорку Кеңеш муну менен акчасы аз талапкерлерди оюндан четтетүүнү көздөдү деп болжойт.

«Президенттик орунду акча менен чектеп койгондук адамдардын укугун бузууга жатат. Азыр күрөөнү 1 млн сомго көтөрүп койгону себептүү, мен үчүн ал акчаны таап, талапкерлигимди коюуга ишене албай турам. Мен сыяктуу Кыргызстанга белгилүү, саясий тажырыйбасы бар адамдар ушундай коркунуч жаралганы үчүн ат салыша албай калуубуз толук мүмкүн».

Сөзүнүн уландысында эгер бул мыйзам кабыл алынса, өлкөнүн келечеги кооптуу абалга туш болот деп өттү. “Репсублика-Ата Журт” фракциясы демилгелеген парламент колдогон бул мыйзам долбоору менен элге мамлекетти жалаң гана байлар, акчалуулар башкара алат деген түшүнүктү сиңирүү аракети жүрүп жатат. Негизи азыркы тапта күрөөнүн көлөмүн көтөрүүгө негиз да муктаждык да жок экендигин “Жаңы Доор” партиясынын төрагасы Улукбек Кочкоров айтты. Анын оюнда, президент болгусу келген ар бир адамдын жолун тоспой, тескерисинче мүмкүнчүлүк берүү керек.

«Байлар гана мамлекеттик деңгээлде иштеп, башкара алат деген өзүндө болгон ой-пикирди мыйзамдуу түрдө элге жайылтып, элде түшүнүк калыптандыргысы келип жатат. Бул туура эмес чечим».

Талапкердик акыны 1 млнго көтөрүүдөгү дагы бир жүйө татыксыз талапкерлер чыгып, элди алдап кетип жатат деген мааниде айтылган. Бирок эл оңой менен алданбайт жана калктын элегинен өтүү кыйынга турат дейт коомдук ишмер Алмаз Акматалиев. Ал да талапкер көп болсо, ошончо жакшы болорун, анын ичинен татыктуусун тандап алуу кыйын эместигин белгиледи.

«Парламент талапкерлер көп чыгып жатышканын, аны азайтуу керектигин айтып жатышат. Көп талапкер болгондун эмнеси жаман? Алардын татыктуусун өзүбүз тандап алабыз да. Шайлоочуларды келесоо деп ойлобош керек. Эл татыксыз, ойду-тоону сүйлөгөн саясатчыны ээрчип кетет дегендин өзү кыргызстандык шайлоочуларды сыйлабагандык деп ойлойм».

Буга чейинки президенттик шайлоодо мен президент болом дегендердин алгачкы саны 70тен ашкан. Анын арасында куудул-ырчылар жана эл тааныбаган талапкерлер да кездешкен. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул жолкусунда татыктуу гана талапкерлер чыксын деген талап камтылгандай көрүнөт. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров алдыдагы шайлоодо президенттик орундун да кадыры болушу керек деген пикирде. Башында күрөөнү 2 млн сомго көтөрүү сунушу да түшкөнүн, бирок аягында ушуга токтошконун белгилеп, туура чечим болду дейт.

«Буга чейин күрөө маселеси боюнча көп талаш-тартыштар болуп, анда 2 млн деп белгилөөнү сунуштагандар да чыккан. Ортодо бир пикирге келип, 1 млн сомго токтолгонбуз. Баш мыйзамда президенттикке аттанам деген жаранга жаш боюнча гана талаптар коюлуп, билими, тажырыйбасы боюнча чектөө жок. Мамлекет башчылык өтө жоопкерчиликтүү орун болгондон кийин 1 миллион сомдук күрөө олуттуу талаш-тартыштарга жол бербейт деп ойлойм».

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды. Эми ал документке президент кол койсо, бул жылкы шайлоого талапкерлигин кое тургандар күрөө катары 1 млн сом төлөй турган болот.

SAB_71421

Исаевге дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канатбек Исаевга карата дагы бир айып тагылды. Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашкандай ал Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананын жерин арзан баада сатып жиберген деп айыпталууда. Ал эми депутат ага коюлган кинелерди четке кагып, атайын кызматтын тараткан маалыматын бир жактуу каралоо катары баалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин берген маалыматында депутат Канатбек Исаевге 2010-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан козголгон кылмыш иши калыбына келтирилди. Ага ылайык Исаевге карата Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде дагы бир айып тагылды.

Маалыматка ылайык аталган эпизод боюнча кылмыш иши Чүй облустук прокуратурасынан жоголуп кетип, кийин ал Башкы прокуратура менен УКМК тарабынан калыбына келтирилген. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун кабарлашынча Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананы жери менен кошо арзан баада сатып жиберген:

«Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда мэриянын кызматтык адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, борбордук китепкана тутумунун №1 филиалын жана ага тиешелүү 500 кв метр жер тилкесин 572, 116 сомго сатып жибергени аныкталган».  

Сулайманов кошумчалагандай Юстиция министрлигинин атайын борбору өткөргөн техникалык экспертизанын жыйынтыгында сатылып кеткен имараттын базар баасы 2010-жылы 1 млн сомдон ашык деп эсептелген. Ушундан улам Канатбек Исаев баш болгон Токмок шаарынын мэриясынын кызматкерлери мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда.

УКМК бул кылмыш ишин Канатбек Исаевге буга чейин козголгон кылмыш иштерине кошуп, териштирип жатат. Исаев болсо коюлган бардык айыптарда четке кагып, ага карата жаңы фактынын негизинде иш козголбогонун айтууда:

«Алар мурунку эле маалыматты жаңы факт деп чыгарып жатышат. Булар ушинтип бир тараптуу эле иш кылып атышпайбы. Депутаттык комиссия иштеп жатат эми ал комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканда кимдики калп кимдики чын экени билинет».

Канатбек Исаевге Токмокто мэр болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер тилкесин жеке компаниянын ээлигине мыйзамсыз берген, муниципалдык имараттын баасын төмөндөтүп жеке жакка саткан жана мэриянын кызматкерлери менен келишип алып шаардын бюджетинен каржыланган автостанциянын курулуш ишин өзүнө тиешелүү ишканага берген деген кине менен өткөн жылы коррупция беренеси боюнча иш козгонгон.

УКМК бул иш боюнча Исаевге 11-майда айыбын угузуп, Кыргызстандан сыртка чыкпоого милдеттендирген.

18-майда Жогорку Кеңеште эл өкүлүнө козголгон ишти иликтөө үчүн депуттатык комиссия түзүлүп, иштеп баштады. Аталган депутаттык комиссиянын мүчөсү Бактыбек Райымкулов парламент депутаттарына козголуп жаткан иштер тууралуу буларды айтты:

«Баарыбыз асмандан түшүп эле депутат болуп калган эмеспиз. Ар кайсыл тармакта иштеп жүрүп анан парламентке келгенбиз. Эгер ошол кездерде туура эмес иш кылган болсо ага жооп бериш керек. «Шамаал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт. Ошондуктан алардан дагы кемчилик кетип калышы мүмкүн. Бирок, мен азыр таза адамды эле келе калып иш козгогонду көргөн жокмун. Мамлекет ишти туура алып барып жатат».

Ал эми Исаев өткөн жылы өзүнө козголгон ишти Конституцияны өзгөртүүгө каршы айткан пикири менен байланыштырган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына кылмыш иши козголуп, айрымдары абакта жатат. Алардын көпчүлүгүнө, эң оор беренелердин бири коррупция менен кылмыш иши ачылган. Саясат таануучу Эмил Жураев «депутаттардын көпчүлүгүнүн өтмүшү бүдөмүк» дейт.

«Депутаттардын парламентке келгенге чейинки басып өткөн жолу бүдөмүк. Жогорку Кеңештин депутаттарына эл тарабынан сын-пикирлер дагы көп айтылат. Андыктан депутаттардын мурда бизнесте болобу же мамлекеттик кызматта жүргөндөбү мыйзам бузууларын негиз кылып иш козголушу бул таң калыштуу деле эмес».  

Май айынын аягында эле Башкы прокурор «Бир Бол» фракциясынан депутаттар Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго карата кылмыш ишин козгоду. Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянованын иши сотко өтсө, аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев ири өлчөмдө пара алууга айыпталып абакта жатат. Ошондой эле бийликчил Социал-демократтар фракциясынан депутат Музаффар Исаковго дагы кылмыш иши ачылып, тергелүүдө.

1385924.1.1496119882

«Бир Болчулар» коррупцияга айыпталууда

Башкы прокуратура  Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов баштаган бир канча адамга кылмыш ишин козгоду. Анткени депутаттар бюджеттен 200 млн сомду максатсыз пайдаланганы аныкталган.

Депутаттар Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров жана башка адамдарга карата Кылмыш кодексинин «коррупция» беренеси боюнча иш 29-майда козголду. Алар  2009-2015-жылдар аралыгында «Машина сыноочу станция» ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлүп, акча максатсыз пайдаланылган. Мындан улам Башкы прокурор Индира Жолдубаева депутаттарга жана бир канча адамга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан келип түшкөн материалдардын негизинде КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1 -бөлүгүнө ылайык козголгон.  Маалым болгондой, кылмыш ишин козгоого 200 млн сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүнүшү жана максатсыз пайдалануу фактысы себеп болгон. Аталган иш боюнча иликтөө жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгына тапшырылган».

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогоруда аталган жооптуу кызматта иштегендерге козголгон кылмыш иши боюнча иш алып барууда. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, алар каржылык көз боёмочулукка туугандарын да аралаштырган.

Маалым болгондой, 2009-жылдын 17-июлунда ошол кездеги өкмөт башчы Чудиновдун буйругунун негизинде Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду мыйзам бузуу менен «Машина сыноочу станция» ишканасына айыл чарба иштери үчүн 200 миллион сом насыя бөлгөн. Аталган ишкананын акцияларына Чудиновдун кайненеси, Жапаровдун жубайы жана башка адамдар ээлик кылган. Насыя 2012-жылдын 31-декабрына чейин кайтарылары айтылган.

«Андан кийин Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду эки ирет, 2012-2015-жылдары карыздардын төлөө мөөнөтүн мыйзамыз түрдө узарткан. 2017- жылдын 1-мартына карата «Машина сыноочу станция» ишканасынын мамлекетке карызы 237 миллион 791 миллион сомдон ашты».

Ошентип депутаттардын жана башка адамдардын мыйзамсыз иш аракеттеринен улам мамлекетке ири өлчөмдө зыян келген. Соттук экспертиза жогорудагы ишке байланыштуу республикалык бюджеттен 68 миллион 248 миң 50 сом максатсыз коротулганын аныктаган.

Жапаров менен Чудиновдун ишине байланыштуу мурдагы айыл чарба министрлери Таалайбек Айдаралиев менен Чыңгызбек Узакбаевге да айып коюлууда.

Депутат Акылбек Жапаров өзүнө карата козголгон кылмыш иш боюнча кабары жок экенин жергиликтүү маалымат булактарына билдирди. Эл өкүлү өзүнө кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат каражаттарынан окуган.

«Бул маселе боюнча чакырган эмес. Бизди чакырып, кеңири маалымат алган соң комментарий беребиз».

Бүгүнкү күндө «Машина сыноочу станция» ишканасы банкротко учурап калган. Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш аталган ишкана боюнча атайын изилдөө да жүргүзгөн. Натыйжада бөлүнгөн каржылар мыйзамсыз эле пайдаланып кеткени белгилүү болгон. Аталган кеңештин жетекчиси Нурипа Муканова күнөөлүүлөргө кылмыш иши козголгон бойдон калтырбастан ишти аягына чейин чыгаруу керектигин белгилейт. Анын айтымында, ошол убакта ишкананын жетекчиси болгон адамдын да жоопкерчилиги каралышы керек.

Эске салсак, Игорь Чудинов 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрына чейин өкмөт башчы, Акылбек Жапаров 2009-2010-жылдары вице-премьер-министр болгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *