Шашылыш кабар:

«Шоронун» негиздөөчүсү Т. Эгембердиевдин жубайы: Шорону көчөдө саткан алгачкы сатуучу мен болгом

Июнь 2, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
3030

“Марал” радиосунун “Эстафета” программасында кесиптери ар башка адамдар конокко чакырылып  маек курушат. Аталган программанын шарты: Биринчи программада маектеш болгон конок кийинкиде өзү алып баруучу болуп, андан ары программа алып баруучусу жок, эстафета катары улана берет. Бул жолку берүүнүн алып баруучусу  мурдагы журналист, “Жол коопсуздугу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова. Ал эми берүүнүнүн коногу “Супара» этно-комплексинин жетекчиси Жаңыл Турганбаева  болду.


DSC_0520

Ч. Касмамбетова —  Жаңыл сени биз ишкер айым катары көптөгөн коомдук иштерге катышып жүргөн адам катары таанып билебиз. Бирок бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өзүңдүн жеке турмушуң  жана жашоодо эмнеге кызыгат, ой максаттары кандай деп тереңирээк билгибиз келет.Алгач өзүң жөнүндө айтсаң, кайсыл жердин кызысыз? Кайда окудуң эле жана бала кезде алдыга кандай максаттарды койчу элең?

Ж. Турганбаева — Рахмат Чынара, ушундай  жакшы Эстафета программасына ыраазычылык. Мурда журналисттер менен баарлашып жүрчү элек. Эми минтип өзүмдүн курбум менен маек куруп отурганыма кубанычтамын. Өзүм жөнүндө айта кетсем, атам  партиялык кызматкер болуп  Нарын облусунун бардык аймактарын кыдырып жер которуп иштеген. Төрөлгөн жерим Нарын облусунун Кочкор району. Биринчи класска чейинки  бала чагым  Жумгал районунда өттү. Биринчи класска Ак-Талаа районунун мектебине баргам, 10-классты болсо Нарын шаарынан аяктадым.

Ч. Касмамбетова— Аа жакшы, Нарынды жакшы изилдептирсиң да? (күлүп)

 Ж. Турганбаева- Быйыл мектепти бүткөнүмө 30 жыл болуптур. Жакында Классташтар менен 30 жылдык жолушууга барып келдим. Абдан кызык болот экен чындыгында.

DSC_0515 Ч. Касмамбетова — Көбүн тааныбай деле калсаң керек да?  (күлүп)

Көбүнчөсүн тааныдым, таанылбай калгандары деле болот экен. Бирок көп жылдан бери көрүшпөй сүйлөшпөй жүргөндөн кийин ортодо бир барьер болуп сүйлөшкөнгө тоскоолдук болот эмеспи, бирок классташтар менен андай болгон жок. Баарыбыз бир туугандай эле, бир таарынышып кетесиң, бир элдешип дегендей. Жасалмалуулук жок,таза  балалыктагы мамилебиз классташтар арасында  ушуга чейин сакталып калыптыр.

Ч. Касмамбетова:- Абдан жакшы. Өзүңдү кандай сезип жаттың? Артка карап ушул басып өткөн 30 жыл аралыгында эмнелер гана болгон жок деп элестетсең керек?

 Ж. Турганбаева: — Албетте 30 жылда көп нерселерDSC_0513 өзгөрөт. Кээси чоң ата,чоң эне, тайэне болуп калгандар да бар экен. Бирок аларды ошол чоң эне сыяктуу кабыл албай, баягы эле кичинекей чачын өрүп, бантик тагынып жүргөн классташың катары эле кабыл алат экенсиң. Ал учурда бизде сонун эмес беле, баарыбыз окшош кийинип алып кара форма ак фартукчан коңгуроо какканыбызды элестеп жакшы бир сезимдерге толкудук. Сенин деле жакында 30 жылдыгың болсо керек сөзсүз бар.

Ч. Касмамбетова: — Ооба, экөөбүз курдаштардан эмеспизби.

Ж. Турганбаева: — Биздин арабызда бир классташыбыз Туркияда экен келе албай калды ал интернет аркылуу байланышып, көз жашын төгүп катышпай калган үчүн аябай өкүндү.

Ч. Касмамбетова:- Бул жерде бир өзгөчөлүк болсо керек. Мисалы, мен орус классты бүтүргөм. Бизде эми орус класс болгон үчүнбү  чогулган деле жокпуз. Менин билишимче  кээ бирилеринин көзү өтүп кетти. Эми бул нерсени позитивдүү жагына бурсак, силердики абдан сонун таза  сезимдерди козгогон жолугуу болуптур.

Ж. Турганбаева: — Ооба туура. Мектепте лидер болуп жүргөндөр азыркы убакка чейин лидер болуп калат экен. Мектепте иш чараларды уюштуруп жүргөн кызыбыз баарыбызды чогултуп ушундай сонун иш-чара уюштурду.

Ч. Касмамбетова: — Абдан жакшы. Атаң жөнүндө айта кеттиң эми дароо эле апаң жөнүндө да айтып берсең?

Ж. Турганбаева:Албетте ушул деңгээлге жеткенге ата- энемдин көп салымы бар. Ошол бизге берген мээрим сүйүүсүнөн ушул даражага жеттик деп ойлойм . Ата- энемдин көзү өтүп кеткен. Алардын жасап кеткен эмгегин эл айтып жатса аябай сыймыктанам. Атам мамлекеттик кызматкер болгондуктан түшкү тамактанууга келгенде Ата машинеңди берип турчу иштерибиз бар эле» десек « Жок бул мамлекеттики»- деп таптакыр берчү эмес эле. Анан айдоочусун ушундай сыйлап урматтап турчу. Атабыздын ошол айдоочусуна жасаган мамилесин азыркы күндө мен жетекчилик ишимде да колдоном. Кол алдымдагы жумушчулардын ар бирине атам сыяктуу  аяр, сый  мамиле жасаганга аракет кылам. Көрсө, тарбия кичинекей кезден эле үй-бүлөдөн башталат экен.

Ч. Касмамбетова:Ата –эне балдары жакшы чыкса  сыймыктанат, балдар ата-энеси менен сыймыктанат экен. Чынында эле ата –энелердин эмгегин  баалап, аларды көтөрмөлөп сыйлай жүрүү балдардын милдети эмеспи.

Ж. Турганбаева: —  Мындай сөз бар да «Өлгөндөрдү  даңктамайын тирүүлөр баркталбайт». Ата-энени убагында  баркташ керек экен. Ушул жашка келгенде ошол ата- энең сага кандай таасир бергенин аңдап баштайт турбайбызбы. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей алардын көзү өтүп кеткенде барк баасын билесиң. Мисалы менин апам өмүр бою мугалим болуп иштеди, ага карабай үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенип 10-15 жылдын ичинде бир ак өргө көтөргөн.Элестетсеңиз ошол он жыл ичинде шырдагын шырып, чийин ороп, кийиз жасап кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүнө мени да аралаштырып кетиптир. Азыр мен Супараны жетектеп жатып ошол апам үйрөткөн эмгектерди эстеп колдонуп келем. Таттуу тамактарды жасап берип менин тамакка болгон табитимди дагы ойготуптур, апамдын тамак жасоодогу ыкмаларын ишимде колдоном.

Ч. Касмамбетова:- Менин билишимче маркум Табылды Эгембердиев экөөңөрдүн ортоңордо эки балаңар бар. Алардын ой-максаттары кандай, кайда окуп, эмне менен алек болуп жатышат?

Ж. Турганбаева:- Ар бир үй-бүлөнүн тарбия тартип ыкмасы болот экен. Жолдошумдун жашоодогу негизги принциби- эркиндик деп жүргөн киши эле. Балдарды башкача нукта тарбиялады. Жаңыл сен көп эле айтып сүйлөй  бербей ишиң менен көрсөт дечү.

Ч. Касмамбетова: — Үлгү катары бололу деп айтчу тура?

Ж. Турганбаева: — Ооба, балдардын ой-жүгүртүүсүн эркин койду. Биздин убакта элдерге жасаган мамилебиз чектелүү болуп, уялчаак болгонбуз, өз пикирибизди эркин айта албайт элек. А биздин бардарыбыз бул жаатта өтө эркин өсүштү. Табыкем да айылда эч кандай кысым жок эркин өсүп аны эч нерседен ата-энеси чектешкен эмес экен. Ошондой чектөөсүз өскөн балдардан көп нерсе чыгат экен көрсө үлүп). 

Ч. Касмамбетова: — Кийин ишкердигин да өнүктүрүп өзүн ар тараптуу ача алды да?

Ж.Турганбаева: — Мейли, деп мен кичине кичине урушуп койчумун. Бирок атабыз балдарына  таптакыр эч бир катуу сөзүн тийгизген  жок. Азыр уулум Канадада биотехнология факультетинде окуп жатат. Ал жакка биотехнологияны окуйм дегени үчүн жибердим. Анткени бул актуалдуу бир кесип. Ал эми бизнес же экономиканы тандай турган болсоң, анда аны Кыргызстандан эле интернет аркылуу оку дегенмин.

Ч. Касмамбетова:Кызың тууралуу?

Ж.Турганбаева: — Кызым Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 11-класста окуйт.

Ч. Касмамбетова: — Кийин экөөбүз тарых факультетинде дагы окуп калдык. Ал кезде мугалим болууну да кыялдансаң керек?

Ж.Турганбаева:Мен кичинекей кезимде «Папамдын шоопуру» болгум келчү экен(күлүп). Андан кийин мектепте окуп жүргөн чагымда форма кийип жүргөн эжекелерди карап аларга суктанып эле милиция болсом, юрист болсом дедим. Бала кезимден эле адилетсиздик калыстык болбой жаткан жерде жөн тура албай эле колумдан келсе да келбесе да өз сөзүмдү айтчу экенмин. Бирок ал учурда юридикалык тармакка өтүү татаал болгон да эки жылдык тажрыйба керек болгон. Мектепти мен жакшы окуганыма байланыштуу бизге  эгерде алгачкы экзаменде беш алсаңар өттүңөр, беш албасаңар жок деген. Мен анда “жок 10 жыл мен бекер окуптурмунбу, мен кыйынмын өзүм өтөм” деп кетпейминби (күлүп). Анан эле өтпөй калдым. Эми бир жыл текке кетпесин деп Нарындагы адрестик бюро бөлүмүндө иштеп, ал жактан жемиштүү тажрыйбаны алдым. Кийинки жылы эле ата-энем бул юрист кесиби аялдардын жумушу эмес,  биз сени тарых факультетине өткөрүп коёлу дешти. Негизи мен таптакыр аны окугум келген жок, бирок бир эки жыл окуй тур кийин каалаган факультетиңе которулуп аласың деп алдап окутуп коюшту.

Ч. Касмамбетова: — Студенттик кезибиз Союз урап өткөөл мезгил болгон убакытка туш келди. Ал кезде сен саясатка да аралашып жүрдүң эле?

Ж.Турганбаева: — Ооба, ошол саясатка аралашып, ачкачылык жарыялайм деп жүрүп мугалимдерден жинине тийип алып, мага болгон көз караштары өзгөргөн. Анан кайдан алар мага жакшы баа коюп юридика тармагына котормок эле.

Ч. Касмамбетова:Бирок сен жакшы окуп бүттүң го?

 Ж.Турганбаева: — Азыр ойлосом мен ата-энем үчүн гана окуган экенмин. Алардын үмүт тилеги деп эле. Ал кезде Марксизм, Ленинизм деп эле кайдагы нерселерди окуп болгон китепкананын эшигин жыртып жүрүп, эмне үчүн биз Кыргызстандын тарыхын окубайбыз деп уйгу-туйгу боло берчүмүн . Бир күнү филармониянын жанынан өтүп бара жатсам Тынчтыкбек Чоротегин деген  агайыбыз күзүндө тон кийип башына  “ачкачылык жарыялайм” деп жазып алып олтуруптур. Мен дагы анан агайга кошулуп алдым. Анткени мага да эгемендүү бололу деген демилгелери жакты .Ошондон улам ачарчылык жарыялап жүргөм ошол кезде.

Ч. Касмамбетова: — Кийин кандай жол менен сен бизнеске өтүп кеттиң?

Ж.Турганбаева: — Мен ошол студент кезде саясий ачкачылык жарыялап жүргөндө Табылды менен таанышып калдым. Ал мага башка нуктагы жаңы жашоо келе жатат деп айтты. Анда ал “Шоро” фирмасын жаңы түптөп жаткан кези. Кийин анын бизнесине кол кабышып кылмакчы болуп, “Мен шоро сатам” дедим. Табылды аябай таң калып, “чын эле сата бересиңби?” деди. Ошентип, алгачкы көчөгө чыгып шоро саткан сатуучу мен болгом(күлүп).

Ч. Касмамбетова: — Азыр чоң Супара комплексин башкарып турасың. Бул албетте Табылды агайдын эмгеги. Улуттук суусундукту дүйнөгө таанытты. Ошол ойлорун улантуу сага татаал болгон жокпу?

Ж.Турганбаева: — Эми албетте орду толгус жоготуу болду. Аны ар дайым жоктойм. Ал ар дайым мага жана менин азыркы ишиме жетишпей келет.  Табыкем ушул эмгегине кандай жан дили менен иштеп жүргөнүн көрүп бул ишти таштап коюуга акым жок деп ойлойм. «Шоро»до деле «Супара»да деле бир түз системалуу жолду салып кетиптир. Ошондуктан “Жаңыл, бул жер жомок болот. Бул жерге келген адамдар тайэнесинин чоң апасынын байыркы басып өткөн жолун берген тамагын эстешет жана руханий байлык алып кетет»- деп айтса эле мен ал убакта «Бул таштардын арасына келган адам кандай руханий байлык алат»- деп таң калчумун.  Идеянын баары кудайдан келет деп айта берчү.Ошол нерселер чындык экенине толук ынанам.

Ч. Касмамбетова: — Жолдошуң жөнүндө айта берсек сөз жеткис. Анын идеялары, философиясы тууралуу да кеп козгодук. Сенин ишкерликке болгон философияң кандай?

Ж.Турганбаева: — Дүйнөгө башкача көз караш менен караган адам менен жашап жүрүп мен деле ошондой болуп калдым. Байлык, бийлик өтүп кетчү нерсе. Эмгектин аркасынан даңк өзү келет. Табыкем чын дилинен болгон энергиясын ошол Супарага берди. Азыр чет өлкөдөн келгендер да бул жердин жылуу энергиясын сезип жатабыз, жетекчиси менен жолуксак болобу деп суранышат. Биз аларга ал киши жок, болгону ушул эмгектери калды деп Супаранын тарыхын баяндап беребиз.

Ч. Касмамбетова:Өзүңдүн чыгармачылыгыңды эмнеден улам шыктанып өнүктүрөсүң?

Ж.Турганбаева: — Бир нерсени түп тамырынан жасап чыгыш оор. Табыкемдин эмне жасагысы келгенин бир да дизайнер түшүнбөй койду да. Ар дайым жанында мен жүргөндүктөн алардан биринчи мен жолдошум эмне каалап кандай дизайн кылганы жатканын мен да 5 жыл дегенде түшүндүм. Аны менен эриш аркак ошол Супараны салуу идеясынын үстүндө чогуу иштей баштадык. Ошентип, жок жерден дизайнер да болуп кеттим (күлүп).

Ч. Касмамбетова: —  Маегиң абдан кызыктуу болду Табылды агайдын да жан дүйнөсүндөгү сырларды ачып бердиң. Ал адамдын эмгектерин эскердик. Өзүңдүн идея пландарың менен ачык бөлүштүң. Программаны жыйынтыктап жатып эмки эстафетаны сен ал, каалаган татыктуу  инсанды чакырып кызыктуу маек курасың деген терең ишеничтемин. Ишиңе мындан аркы дагы ийгилик каалайм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *