Шашылыш кабар:

«Талапкер шайын оодарган шайлоо күрөөсү»

Июнь 2, 2017 | жарыялаган Майраш Базлакунова
76

сом акча11

Жогорку кеңеш быйылкы президенттик шайлоону 15- октярда өткөрүүнү үчүнчү окууда колдоду. Президентти жана Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоо жөнүндө мыйзамга кирген айрым өзгөртүүлөр тууралуу «Айлампа» программасынын алкагында Жогорку Кеңештин 5- чакырылышынын депутаты, «Жаңы доор» саясий партиясынын төрагасы  Улукбек Кочкоров жана  коомдук ишмер, профессор Алмаз Акматалиев менен маектештик.

Марал:-Президенттик шайлоонун алдында шайлоого киргизилген айрым өзгөртүүлөргө канчалык деңгээлде муктаждык бар эле?

Алмаз Акматалиев: Албетте өзгөрүү болуш керек ,  бирок табигый же коомдук бир муктаждыктан улам гана. Учурда эки чоң өзгөртүү киргизилди.Экөө тең коомдук муктаждыктан логикалык жана  идеологиялык жактан алганда дагы чоң чекилик болуп калды.Азыркы олигархиялык парламентти, байлар гана бийликке келсин деген коомдук пикирди мыйзамдаштырып койду деп ойлойм.Ачыгын айтканда саясат таануучу адам катары мени бул  өзгөрүүлөрдүн  мазмуну   ынандырган жок.

Марал:-  Учурда  коомчулукта  талкуу  жараткан дагы  бир маселе  президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн  100 миң сомдон 1 миллион сомго жогорулатылышы болууда. Муну чектөө  катары  карагандар көп .

Улукбек Кочкоров. Бүгүнкү күндө шашылыш түрдө шайлоого өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн эч кандай кереги жок эле. Негизи саясий кызыкчылыктардан улам мыйзамдар өзгөрүп келе жатат. Бул да болсо кээ бир көрүнүктүү талапкерлердин алдын тосуу же оюндан чыгаруу максатта десем болот.

Алмаз Акматалиев: Бул негизсиз мыйзам жана албетте азыркы  учурда муктаждык да жок болчу. Тилекке каршы биздин  депутаттар саясат же бийлик бир гана акчалуулардын иши болуш керектигин мыйзам түрүндө ишке ашырып жатышат. Мен жакында эле азыркы иштеп жаткан  бир бийлик өкүлү менен сүйлүшүп калдым . Ал  адам «1 млн сом күрөөнү төлөй албаса ал мамлекетти кандай башкара алат, мисалы  мен 10 млн сом болсо да төлөп койгонго мүмкүнчүлүгүм бар»  деп айтып  мени  таң  калтырды. Эл  өкүлдөрү бай  адам  гана  эл башчысы боло алат деген ой пикирди мыйзам түрүндө элге сиңирип, калыптандыргылары келип жатат. Бул чындыгында туура эмес чечим деп айткым келет.

Марал:-  Демилгечилер мунун ар кандай жагдайлар менен түшүндүрүп жатышат. Бирок сиздердин баамыңыздарда күрөөнү көтөрүүнүн башкы фактору эмне болушу мүмкүн?

Алмаз Акматалиев: Мен ушул аргументке башынан эле таң калып келем. Жүз миллион сомуң жок болсо сен элди кантип башкарасын? 1млн сомуң жок болсо керек десе үй- бүлөңдү башкара албайсың деген ыплас сөздөр да. Чоң трибунадан, парламенттен негизги болгон  мыйзамга өзгөртүү киргизип жатып ушундай шоона эшпеген ойду айтып, бир- бирин ынандырап жаткандарына таң калам. А эмне үчүн миллион сом? Арзан болсо ар ким эле талапкерлигин коё берет дешет. Көбүрөөк кандидат болгондун эмнеси жаман? Шайлоочулар өзүбүз иргеп, тандап алабыз да жаккан талапкерди. Мындай кырдаалда кандайдыр бир деңгээлде биздин шайлоо мүмкүнчүлүгүбүздү да чектеп жатышат. Бул шайлоочуларды сыйлабагандык деп эсептейм.

Марал:- Президент болом дегендерге мыйзамда көрсөтүлгөн жоболордон тышкары кандай талап болуш керек?

Улукбек Кочкоров: Мурда өткөн президенттике 83 талапкер катталган бирок чындап келгенде саясий президенттик атаандашууга 23ү гана жеткен. Көпчүлүгү жөн гана өзүн- өзү пиарлашкан. Ар кандай ой пикирлерге мүмкүнчүлүк бериш керек. Элдин элегинен өтүш бул чоң сыноо.Талапкер жолугушууда 10 мүнөт сүйлөсө эле эл анын деңгээлин билип коёт. Маалымат каражаттары дагы ал адамдын билим деңгээлине жараша мамиле жасайт. Ага ашыкча эфир берүүгө деле кызыктар эмес болушат. Себеби, телеканал же радио болобу алардын аброюна да шек кетиши мүмкүн.Мыйзам чыгаруучулар кандай болгондо чыныгы идеянын атасын биз алып чыга алабыз? деген маселе менен акчасы жок бирок акылы бар инсандарды сууруп чыгышты көздөсө туура болмок. Кыргызстан кыйналып турган учурда кантип бул экономикалык кырдаалдан чыгабыз деген жолдорду издеш керек эле. Жөнөкөй элдин арасынын же жөнөкөй ишкер, жаш профессор академиктердин арасынан балким элдин бүгүнкү мүдөөсүн чече турган, жакшы программасы бар жөндөмдүү адамдарды кандай издейбиз деп ойлошуш  керек.  Ушул багытта өзгөртүүлөрдү мыйзамда жазса жакшы болмок.

Улукбек Кочкоров: Аны  айтасыздар,  убагында 50 млн. сом болсун деген ойлорун депутаттар өз фракцияларында, комитеттерде  айтып чыгышкан. Мүмкүн болушунча атаандаштарды  азайтуу максатта ар ким өз арыгын чаап жатат десек да болот. Мыйзам чыгаруучулар талаптарын аткарып койсо да мыйзамдын  2- беренесинде  кимдер шайлоого жана шайланууга укугу бар деп так жана даана жазылып турат.Анда динине, коомдогу статусуна же мүлк ээлигине жараша чектөө коюуга тыюу салынган.  Негизи мыйзамдын маңызы  адамдарды экономикалык статусуна жараша чектөөлөр болбой турганына карабастан бул мыйзамды аттап келип эле 2 миллион сом жана башка акчалар менен талап коюштары албетте туура эмес.

 Марал:- Сиздер бийликчил партия деп  КСДП га  басым жасап  жатасыздар.  Бирок, жаңы  өзгөртүүлөрдү    парламенттеги көпчүлүк  фракциялар колдободубу?  

У.Кочкоров:  Негизги эл өкүлчүлүгү болгон парламент тилекке каршы элдин өкүлдөрү болбой калды. Биздин парламент оллигархиялык парламент экенин жашырууга  болбойт.  Саясий процессте  акчалай салымын жасаган адамдар калууда.  Себеби,бийликке келем деп карыз болуп калышат аны кайтаруу максатында аракет  жумшашат.  Бүгүнкү күндө оппозициялык деп айтылган парламенттин өкүлдөрү дагы бизнестин өкүлдөрү.

Марал:- Мыйзамдагы талкуу жараткан дагы бир берене парламенттик шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу. Мындай демилгени сунуштаган “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев бул партияларды бириктирүү максатында өзгөртүлүп жатканын билдирип жатат. Бул  жүйө канчалык  негиздүү?   

Алмаз Акматалиев: Бул дагы эле түшүнүксүз тенденция. Кандай орундар кандай ыкма менен сатылганын билебиз. Муну далилдөөнүн деле кажети жок. Алдыңкы ондукка кириш үчүн канча ага кирбей калган адамдар каттодон кантип кайсыл жол менен чыгып жатканын да билебиз. Ыңгайлуу эреже саясий эрежелерди алар аныктап жатышат чоң катачылык менен өзүнүн партиясына кандай ыңгайлуу шарт түзөбүз деген маселе менен алек болуп отурушат. Көр пендечилик психологиялык саясат жеңип кетип жатат. Эл аралык тажрыйбада жаңы партиялар келмейинче саясий партиялар өнүкпөйт.Израилде парламенттик босого 3% менен 15,16 партия өтөт экен. Бирок парламентке келген партиялардын өздөрүнүн шайлоочулары бар. Шайлоочуларынын ой пикирлерин чагылдырып иштеп жатышат. Данияда 2% , Голландияда 0,67% менен өткөрүшөт. Үч мамлекет тең өнүгүп жатат. Менин сунушум Кыргызстанда парламенттик босогону  2 же 3%га чейин түшүрсөк жаңы жүздөр,   жаңы партиялар келмек.

Марал:- Эмне себептен акчасы жоктор бийликке келе алышпайт? Канткенде бул жагдайдан чыгып кете алабыз?

Жогорку кеңешке, парламентке эл өкүлдөрү  болгондон кийин элдин сынын айтканга толук мүмкүнчүлүгү бар. Саясий элитада мындай түшүнүк бар эгер сен ушундай акылдуу болсоң эмнеге көчөдө жүрөсүң? Акылдуу болсоң эмне үчүн сенин акчаң жок? — деп айткан адамдар бар да. Кыргызстан жаңы эгемендүүлүгүн алганда дагы премьер министр айтып кеткендей «келесоо менен жалкоолор гана уурдабайт» — деген идеология  саясатын эл жакшы билет. Туңгуч президентибиз дагы « шайлоо учурунда акчаны ала бергиле да өзүңөр каалагандай шайлай бергиле» деген.   Тескерисинче, акчаны сатуу бул  эң чоң кылмыш, мамлекетиңе болгон чыккынчылык деген саясатты жүргүшүбүз керек эле.

Марал:- Партиялардын короткон каражаты,  киреше-чыгашасы  бир- бирине дал келиши керекпи?  Финансылык көзөмөл,  аудит маселеси кандай болуш керек?

Алмаз Акматалиев: Саясий коррупция ошол партиялардын акчасынан башталып жатат. Ал кайдан келип жатат,кимдер берди деп абдан изилдениш керек. Ким кепил боло алат эртең бир радикалдуу уюмдун өкүлү келип ошончо акчаны сунуш кылып өтүп кетпешине ким кепилдик бере алат? Андыктан, партиялык финансы жөнүндө өзүнчө бир мыйзам кабыл алыш керек деп ойлойм

Улукбек Кочкоров: Партиялык тизмелер бүгүнкү күндө кандай түзүлөт? Башында «партиялык босстор» андан кийин «финансылык магнаттар». Себеби алар ойлойт,   эбегейсиз чоң каражат керек. Эшматтан 500 доллар алдык,Ташматтан 500 доллар алдык булар өтөт деген кепилдиги бар система менен ишке ашат.Ошондо эл үчүн кызмат кылам деп жаңыча ой жүгүрткөн жаштардан чыккан партияларга мүмкүнчүлүк болбой жатпайбы.   Шайлоочуларга беш, он тыйын береп депутаттыкка же президенттике өтүп жаткандарга бөгөт болчу мыйзамды бийлик иштеп чыкса жакшы болмок.

Алмаз Акматалиев: Жаштар өзүнчө партия түзүп, өзүнчө бир күч менен келмейинче бул система кулабайт. Ал эми көргөзмөгө парламентке бир, эки жаштардан кошуп коюшту. Аларды толугу менен каржылап бийликке алып келгендердин оюнан чыга албай алардын гана сөзүн сүйлөп, ырын ырдап калып жатышпайбы.     Менин жеке пикиримде Кыргызстандын шартында босого дагы, күрөөнүн баасы дагы түшүрүлүшү керек. Ошондо гана жаңы доор башталат.

Марал:- Алдыдагы президенттик шайлоону таза ачык айкын өткөрүүдө эмнелерге көнүл бөлүшүбүз керек?

Алмазбек Акматалиев: Биринчиден тизмелерге. Экинчиден добуштарды сатып алууга. Ушул эки нерсе чечилсе шайлоо ойдогудай өтөт деп ойлойм.

Улукбек Кочкоров:Эл басып өткөн жолуна саресеп салып баа бериш керек.Талапкердин буга чейин берген иштерине , буга чейин берген убадаларынын аткарылыш деңгээлине көңүл бурса. Көпчүлүк учурда талапкерлердин атынан мыкты программаларды акылдуу адамдар жазып берип жатат, ал эми аны иш жүзүндө аткарууга келгенде аксап калат. Президент бизде жети жылга шайланат. Отуз жылдан кийин ишке аша турган программаларга, чакырыктарга эл ишенбесе, жакынкы эки же үч жылда эмне кыласың? Жана сен кеткенде биз кандай Кыргызстанды алабыз деген реалдуу программага маани берип, эл сатылбастан шайлоого барса менимче Кыргызстандын келечеги кенен.

Марал:-Маегиңиздерге  рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *