Шашылыш кабар:

«Манас» аэропорту үч учак сатып алат

Июнь 2, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
99

1014571867

Жума күнү «Кыргыз Туусу», «Фабула» жана «Ачык саясат гезиттери» жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Социал-демократтар партиясы президенттикке дагы бир талапкер алып чыгаары, экс-депутат Карганбаек Самаковдун «Чубактын кунундай чубалган» соту, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердиги менен Жерүй кенинин иштетилиши боюнча макалаларды жарыялашты.

«Фабула» гезити бүгүнкү санында КСДП партиясынын саясий кеңеши президенттикке талапкер кылып өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнү менен партиянын ичиндеги интрига дале токтобой жатканын жазып чыкты. Партиянын курултайында президенттикке талапкер маселеси кайрадан көтөрүлүп парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун бирөө ажолукка ат салышып калышы мүмкүн экени божомолдонот.

Гезиттин ушул эле чыгарлышында экс-депутат Карганбек Самаковдун узакка созулган сот иши боюнча чакан макала басылып чыкты. Анда автор жергиликтүү Массалык маалымат каражаттаранын бирине таянып Самаковдун соту анын ооруп калгандыгына байланыштуу бешинчи ирет жылганын айтат. Октябрь райондук соту карап жаткан мурдагы аткаминердин соту дээрлик бүтүп, эки гана күбөнүн көрсөтмөсү калган экен. Гезит Карганбек Самаковго Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовкадагы 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештиргени үчүн 2015-жылы иш козголгонун эске салып, прокуратура аны 19 жылга эркинен ажыратууну сурап жатканын жазган.

«Фабулага» «Манас» аэропорту үч жаңы учак сатып алаары тууралуу чакан маалымат чыкты. Анда айтылгандай Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов аба майданга үч учак сатып алуу боюнча буйрутма берилгенин маалымадаган. 90 орунга ылайыкташкан учактар сатылып алынса Бишкек-Исфана, Бишкек-Ош, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Ысык-Көл каттамы боюнча учаары мерчемделген.

«Ачык саясат» гезити кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердиги тууралуу көлөмдүү макаланы жарыялады. Анда аталган фонд Кыргызстан ЕАЭБдин шарттарына ылайыкташып, ишкерлер менен айыл чарба тармагына колдоо үчүн түзүлгөнү менен ал максаты ишке ашпай жатканы сынга алынган. Орусия тарап да башта фондго 1 млрд доллар бөлүүнү убада кылып, бирок кийин ал 500 млн долларга түшүп, учурда анын 350 млн доллары которулганы айтылат. Анысы аз келгенсип келген каражаттардан чиновниктердин жакындары насыя алып жатканы жазылат. Ага мисал катары Өмүрбек Бабановдун жакындары «Азия Молл» соода борборун бүтүрүү үчүн 17 млн долларды 4 пайыз жеңилдетилген шарт менен алганы камтылган.

Гезиттин кийинки бетине көз салсак экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун Жерүй кенине байланыштуу маеги чыккан. Анда алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле экинчи орунда турган аталган кендин тагдыры тууралуу кенен сөз болот. Мамбетов журналисттин суроолоруна жооп берип жатып Жерүй кени 1992-жылдан бери 8 ирет чет элдик шылуун компаниялардын колуна тийип, учурда аны «Восток геодобыча» ишкана иштетүүгө уруксат алганын айткан. Аталган кендин баасы кээде 300 млн, кээде 100 млн доллар деп бычылып, ортодо колдон-колго өтүп кеткен учурлар болгонун эстейт. Ушундан улам Талас эли кенди каздырууга катуу каршылык көрсөтүп келгенин айтып, учурда эл дагы аны иштетүүгө моюн сунганын билдирген.

«Кыргыз Туусу» 2018-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик кызматта иштегендер милдеттүү түрдө кыргыз тилинен сынак тапшыра баштаарын жарыялады. Сынак тапшыра тургандардын тизмесине президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр баш болгон президенттин, парламенттин жана өкмөттүн аппарат башчылары киргизилген. Андан тышкары Жогорку Сот, Конституциялык палата, Коопсуздук кеңешинин катчысы, баш прокурор жана анын орун басарлары, БШК жетекчиси дагы кыргыз тилинен сынак таптшыруусу керек. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү дагы четте калган эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *