Шашылыш кабар:

«Бишкекте дарактар электрондук эсепке алынат»

Май 30, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
92

IMG_3330

Шейшемби күнү «Кыргыз Туусу», «Фабула» жана «Мантыш» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмаларга Бишкектеги дарактардын электрондук эсепке алынышы, Мадумаров-Ташиев-Келдибеков тандеминин бузулушу жана жарыкка болгон баанын көтөрүлүшү мүмкүндүгү тууралуу макалалар чыкты.

«Кыргыз Туусу» гезити Бишкектеги дарактар электрондук эсепке алынаарын жазды. Чакан макалада айтылгандай быйыл борбор калаадагы дарактардын саны такталып, электрондук база түзүлөт. Буга чейин жарандарга тоскоолдук жараткан жана коопту деп эсептелген 900дөй дарак кыйылып жок болгон. Быйыл жаз алды менен 6 миң көчөт отургузулуп, жыл аягына чейин кошумча 5-6 метр узундуктагы дагы 10 миң даана көчөт тигилээри жазылган. Ушул күнгө чейин «Жашыл курулуш» ишканасы калаадагы дарактардын санын эсепке албай келген болсо, эми атайын электрондук база түзүлүп бак-дарактардын саны такталат. Гезит буга чейин шаар тургундары дарактардын кыйылышына каршы мэриянын алдына митингке чыкканын дагы эске салат.

«Фабула» бул жолку санын «Үчилтик чачырады, Ахматбек Келдибеков ажолукка ат салышмай болду» макала менен ачты. Анда президенттик шайлооого чогуу аттанып, шайлоо бириктирген Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибековдор эки жолго түшүшкөнү айтылат. Үч саясатчынын ажырышканы тууралуу буга чейин эле сөз болуп келгени менен аны «үчилтик» четке кагып, бирок акыр аягы Ташиев менен Келдибеков Адахан Мадумаровду ара жолго таштап кеткени баяндалган. Буга Ахматбек Келдибеков кичи мекени Алайда элдин батасын алып президенттик шайлоого аттанганынан Мадумаровдун кабары жоктугу далил экени камтылат. Автор ошондой эле Келдибековдун кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 10 млн сом айыппулду төлөгөнүн мисал келтирип, аны БШК президенттик шайлоого талапкер катары каттоосуна мыйзам жол бербесин жазат.

Ушул эле гезит Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев 2018-2020-жылдарга карата электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлө турганын айтканын басып чыгарды. Маалыматта Дүйшөнбек Зилалиев Кыргызстанда жарыктын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе арзан экенин мисал келтирген. Муну социалдык тариф деп атоого дагы болоорун билдирген. Деген менен 2010-жылдагы революция эмнеден улам болгонун эске салган гезит, жарыктын баасын жогорулатуунун канчалык кооптуу экенин жазат.

«Мантыш» гезити «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Саляновага козголгон кылмыш иштери боюнча макала жарыялады. Макаланын автору үч саясатчынын тагдырын эми сот чечээрин, ири өлчөмдө пара алды деп айылталып жаткан Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн 5-июнда соттук териштирүү башталаарын жарыялады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *