Шашылыш кабар:

Соттук чечимдерди арыздануунун мөөнөттөрү

Май 28, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
106

Сот

Юристкен кеңеш программасынын бул чыгарылышында соттук инстанциялардын аралыктары талкуу кылабыз. Студиянын коногу КРнын эмгек сиңирген юрист Мукар Чопонбаев.

-Соттук инстанциялар тууралуу кененирээк айтып берсениз?

Соттук инстанциялар негизинен төрт баскычтан турат. Биринчи баскычка райондук, шаардык жана областагы райондор аралык соттор кирет. Булар мыйзамдын негизинде жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштерди мазмуну боюнча карайт. Ар биринин процессуалдык мөөнөтөрү бирдей болбойт жана алардын даттануу мөөнөтөрү да ар башка. Мисалы жарандык иштерде биринчи инстанциялык сот караган чечимдери отуз күндө күчүнө кирет. Отуз күнгө чейин эгер даттануу болуп калса, анда чечим күчүнө кирбей калат дагы апеллециялык негизде каралып калат. Маселен күбөлөрдү чакыруу, кошумча далилдерди алып келүү менен каралып калат. Ал эми эгер  отуз күндүн ичинде арыз түшпөй калса, анда соттун чечими күчүнө кирет. Күчүнө кирген чечимди деле даттанууга болот экинчи инстанцияда. Бирок бул кассациялык инстанция деп аталат, ал жерде жаңы далилдер, жаңы күбөлөр суралбайт.

Ал эми үчүнчү инстанциядагы сот деп бул Жогорку сот эсептелинет. Жогорку сот ушул апеллециялык жана кассациялык негизде каралган жарандык иштерди эле карай алат. Жарандык иштерде апеллециялык арыз берүү отуз күн ичинде, кассациялык арыз берүү алты айга чейин болсо, көзөмөл ирээтинде Жогорку сотто бир жылдын ичинде болушу мүмкүн. Ал эми кылмыш- иштер боюнча биринчи инстанциялык соттор ошондой эле карайт. Алардын өкүмү 10 күндүн ичинде күчүнө кирет. Эгер 10 ичинде даттануу болуп калса,  ал күчүнө кирбейт дагы апеллециялык тартипте экинчи инстанцияда каралып калат. Эгер ошол 10 күн ичинде арыз түшпөй калса анда өкүм күчүнө кирет дагы кассациялык тартипте кана берилип калат.

Үчүнчү инстанциялык Жогорку сот бул көзөмөл ирээтинде карайт. Бул жерде бир өзгөчөлүк бар, маселен, прокурор жана жабырлануучу тарап бир жылдын ичинде гана даттанууга укугу бар. Ал эми соттолгон адам көзү өткөнчө арыздана берсе болот.

Жалпы процессуалдык иштер тууралуу сөз болуп жаткандан кийин административдик да иштерди айтып өтөлү. Мунун да эки түрү бар, биринчиси административдик укук бузуулар деп коет, муну кылмыш иштерин карай турган соттор карайт. Ал эми экинчи административдик иштер деп коет, бул мамлекеттик органдар чыгарган чечимдер, токтомдор алардын кызмат адамдарынын аракети жана аракетсиздиги боюнча арыздарды кароо тартиби болот. Булардыкы деле чечимдери күчүнө кирүү мөөнөтү он күн кылмыш иши сыяктуу. Ал эми  кассациялык арыздануу мөөнөтү эки ай, жогорку сотко кайрылуу мөөнөтү деле эки ай убакыт.

-Бизде кандайдыр себептерден соттук процесстердин аралыктары, так нормаларды сактабай келет. Ошол учурда жарандар эмне кылуу керек?

Эми арыз түшкөндөн кийин ким, кайсыл учурда караш керек, анын тартиптери биздин мыйзамдарда так көрсөтүлүп турат. Бирок бизде мыйзамдарда көрсөтүлгөн менен аны тиешелүү адамдар аткарбаганында болуп жатат. Негизи сотко келген иштер эки айдын ичинде каралып бүтүш керек. Бирок көбүн эсе тараптар соттук процесске келбей калышып, соттук мөөнөт узарып кетет. Ал жерде жүйөлүү жана жүйөсүз деле маселелер болот.

Мыйзам боюнча, кандай болгон күндө да жарандар мөөнөтүн узартпоого укугу бар жана талап кыла алышат. Жалпысынан жарандар себепсиз камакта бир жылдан ашык жатууга мыйзам уруксат бербейт. Ошого карабастан биздин соттор кылмыш иштерди кароонун 3-4 жылдап созуп, жыйынтыгында камактагы адамдар ошол убакка чейин жата беришет. Тергөөдө бир жылдан ашык жатып калса аны чыгарат, ал эми соттун өндүрүшүндө турган адамдарды чыгара албайсың.

— Бизде Жогорку соттун  чечими кайра датанууга жатпайт эмеспи, бирок туура эмес чечим кабыл алынып калса, эмне болот?

Туура бизде Жогорку соттун чечими акыркы жана датанууга жатпайт. Биз андан башкага кетишибиз мүмкүн эмес. Эгерде, өзгөчө чоң жаңы ачылган жагдай чыга келбесе чечим өзгөрүүсүз калат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *