Шашылыш кабар:

«Ата Мекендин» акыркы кадры кызматтан кетти

Май 26, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
74

18739921_1059166540881266_4805220572765580352_n

Ф. Бекманбетов (ортодо) өкмөт-башчы С. Жээнбеков (оңдо)

Жума күнү «Фабула», «Де-факто» жана «Кыргыз Туусу» гезиттери басылып чыкты. Мезгилдүү басылмаларга мамлекетке киреше алып келген ишканалар, президенттик шайлоого катышчу талапкерлердин саны, «Ата Мекен» партиясынын кызматтан алынган акыркы кадры жана аймактарда сугат жерлерин көбөйтүүгө болгон аракеттер тууралуу макалалар жарык көрдү.

«Фабула» гезити бюджетке пайда алып келген мамлекеттик ишканалардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык мамлекеттин карамагында 166 компания болсо алардын арасынан казынага эң көп каражат берген ишканалардын сап башында «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа телеком» ишканасы турат. Ал мамлекетке жыл сайын 1 млрд 300 млн сомго чейин киреше алып келет. Андан кийинки орунда «Манас» аба майданы 300 млн сом, «Кыргызалтын» 255 млн сом, «Айыл банк» 100 млн сом, «Кыргызнефтегаз» 61 млн сом, «Кыргызтелеком» 52 млн сом жана «РСК банк» өлкөгө жыл сайын 43 млн сом пайда алып келет.

Гезиттин ушул эле санында парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун быйыл болчу президенттик шайлоого катышчу талапкерлердин саны боюнча айткан пикири чыкты. Анда айтылгандай депутат Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушканда Кыргызстанда болчу президенттик шайлоодо буга чейинки ажолук жарыштарга окшоп көп талапкер чыкпасын билдирген. 2011-жылы болгон «улуу жарышка» 80ден ашык талапкер катышканын эске салып, бул жолу 5-6 саясатчы президенттикке күч сынашаарын айткан.

«Де-факто» бол жолку санында «Ата Мекен» партиясынын жогорку кызматта отурган акыркы мүчөсү кызматынан айрылганын жазып чыкты. Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов өзүнүн жазган арызы менен ээлеген кызматынан кеткенин мисал келтирип буга чейин жумуштан алынган «Атамекенчилердин» тизмесин чыгарды. Автор буга чейин «Ата Мекен» партиясынын аркасы менен келген Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева, Миграция кызматынын статс-катчысы Канатбек Азиз жана Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчи орун басары Марат Таиров кызматынан кол жууганын жазган.

«Кыргыз Туусу» гезити сугат тармагындагы ишке ашчу долбоорлор тууралуу макала жарыялады. Гезит Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин маалыматына таянып Кадамжай районуна Каракыштак-Боз каналы курулуп жатканын жазат. Объектинин жалпы наркы 390 млн сомго бааланып, 560 гектар жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жер суу менен камсыз болоору айтылган.

Экинчи ирригациялык объект Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында болоору пландалып, 80 млн сомго 330 гектар жаңы сугат жерди ишке киргизүү мерчемделип жатат. Ошондой эле долбоор Нарын облусунунун Жумгал районунда уланып жалпы суммасы 60 млн сомду түзгөн долбоордун аркасы менен 200 гектар жер ишке берилип, 700 гектар жер суу менен камсыздалат.

Гезиттин ушул эле санында айыл-аймактарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлгөн. Автор Суу бөлүштүрүү жана суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскар Токтошевге шилтеме берип Кыргызстандагы 177 айыл жана 22 шаарды этап-этабы менен ичүүчү суу менен камсыз долбоору ишке киришкенин билдирген.

Маалыматта айтылгандай долбоорду каржылоого Дүйнөлүк банк 71 млн доллар, Ислам өнүктүрүү банкы 23 млн доллар каражат бөлөт. «Ала-Тоо булагы» долбоорунун алкагында 2020-жылга чейин Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы 117 айыл, 22 шаарды таза суу камсыз кылуу каралып жатканы баяндалат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *