Шашылыш кабар:

Ч. Касманбетова: Жол кырсыктары алып келген өлүмгө кайдыгерлик кесибимди өзгөрттү

Май 25, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
138

“Марал” радиосунун “Эстафета” программасы кесиптери ар башка адамдарды конокко чакырып, маек уюштуруп келет. Бул программага маданият өкүлдөрүнөн тарта, саясатчы, депутат, коомдук ишмерлер, ишкерлер, окумуштуулар, мугалимдерден тарта чакырылат. Анда бир конок алып баруучу болсо, экинчи конок маектеш болот. Биринчи программада маектеш болгон конок кийинкиде өзү алып баруучу болуп, андан ары программа алып баруучусу жок, эстафета катары улана берет. Бул жолку берүүнүн коногу мурдагы журналист, “Жол коопсуздугу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чынара Касманбетова. Ал эми берүүнү белгилүү ишкер Улук Кыдырбаев алып барды.

DSC_0489

Улук Кыдырбаев: Урматтуу Чынара айым студияга кош келипсиз! Биз сизди азыр өлкөдөгү жол коопсуздугу үчүн күрөшкөн адам катары тааныйбыз. Бирок, сиз менен бүгүн биз жолдон баштап, башка эркин темаларды да сүйлөшөбүз. Алгач өзүңүз тууралуу кененирээк тааныштыра кетиңиз?

DSC_0487Ч. Касманбетова:Чакыруу үчүн рахмат. Бул программа жакшы турбайбы, эркин темада сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Эми мен өзүм тууралуу айтсам, Ысык-Көлдүн кызымын. Мектепти бүтүп кеткениме көп эле болду (күлүп), азыр канча болгонун санабай деле калганмын. Билимим болсо алгач тарых факультетин бүтүргөм. Андан кийин башкаруу академиясын бүтүп, ар кайсы тармактарда иштеп жүрөм. Эң негизгилерин айта турган болсом, президенттин алдындагы стратегияларды иштөө башкармалыгында эксперт катары иштегем. Көбүнчө мамлекеттик кызматтарга аралашып жүрдүм. Жогорку Кеңеште да ошол кездеги депутаттардан Рахат Ачылова менен иштешип калдым. Кийин Тайырбек Сарпашев менен да иштешкенмин. Ал эми ВВС радиосу менен ошол убакта таанышып, Лондондогу башкы офистин тапшырмаларын аткарып келдим. Эң кызыгы мен ВВСге ыктыярчы катары иштеп, көп жыл акысыз жардам көрсөтүп келдим. Себеби, биз союз кезинде чоңойгон адам катары ошол кезде акчасына да кызыгып көрбөптүрмүн (күлүп). Кийин, 2005-жылы бул жакта аталган радионун өкүлчүлүгү ачылды. Анда да каржылык жагынан тарта, админстративдик жумуштун баарын өзүм бүтүрүп, радионун Бишкектеги өкүлү болдум. Андан ары директору болдум. Аягында ВВС радиосунун Лондондогу офисинде иштедим.

У. Кыдырбаев: -Лондон?

Ч. Касманбетова:—  Ооба, эки жыл Лондондо жашап, иштеп келдим. Лондондон кайтып келген соң, журналистикадан такыр башка тармакка ооп кеттим. Жол коопсуздугу маселесине өттүм.

У. Кыдырбаев: -Жол коопсуздугу боюнча бир аздан кенен сүйлөшөбүз. Мен үчүн сиздин Лондондо жашаганыңыз кызыктуу болуп жатат. Лондондогу жашоо менен Кыргызстандагы жашоонун айырмасы барбы?

Ч. Касманбетова:—  Айырмасы абдан чоң. Бирок, мен ал жерде жумушум менен жүрдүм. Ошентсе да, Кыргызстанга болгон сагынычым күч болчу. Билбейм, мен үчүн Кыргызстан башка. ВВС менен келишимим бүткөн соң, менин ал жакта калып калуу мүмкүнчүлүгүм кенен эле. Бирок, мен Кыргызстанга кайра келе бердим. Лондондогу эки жылым эки айдай эле өтүп кетти. Анткени, ал жакта бош убакыт жок. Бутуң-бутуңа тийбей чуркап иштегенге туура келет.

У. Кыдырбаев: -Лондондун сиз үчүн өзгөчөлүгү кандай?

Ч. Касманбетова: -Лондондо жашоо бир чети оңой. Транспорттон эч көйгөй жаралбайт. Жумушуңа да, балаңды бала бакчага жеткиргенге да жетишесиң. Маселе жок. Он миллиондогон адам жашаган шаарда социалдык жашоо өтө өнүккөн. Ар түрдүү маданият көргөзмөлөрү, концерттер көп болот. Ал жерде ар түрдүү улуттар менен катышып мамиле курулду. Дагы бир өзгөчөлүгү-лондондуктар өтө сыпайы келишет. Дегеле кабагы түйүлгөн адамды көрбөйсүң, жылмайып турушат.

У. Кыдырбаев: -Чынара айым эми жол коопсуздугу тууралуу сүйлөшсөк. Сиз өзүңүз ВВС эл аралык жаңылыктар кызматында иштеген адамсыз. Тагыраак айтканда журналисттик чөйрөдөн кантип жол коопсуздугу тармагына өтүп кеттиңиз? Буга Лондондогу транспорттук тартиптен таасирленген окшойсуз?DSC_0492

Ч. Касманбетова: -Мен Лондондон келип бир жыл жумушсуз жүрдүм. Анан келгенде туугандар айтып калышты, өлкөдө жол көйгөйү өтө кейиштүү деп. Ушул маселени байкап көрсөң дешип, мисал да айтып беришти. Боомдо автокырсык болуп, бир аял каза болгон экен. Ошондо тууганым милиция менен тез жардамдын өтө  кеч келишин байкаганын, бул көйгөйдүн өтө курч экенин айтты. Мындан улам, кишинин өмүрүнө болгон көңүл кош мамиле мени ойлонтту.

У. Кыдырбаев: — Анда сиздин жол коопсуздугу боюнча билимиңиз барбы?

Жок менин бул жаатта билимим жок болчу. Бирок, бул тармакка киргеним жакшы болду. Себеби, өзүм да туура унаа колдонгонду үйрөндүм. Бизде жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн жарандар биринчи кезекте өзүн-өзү тарбиялоосу керек. Жоопкерчиликтүү мамиле зарыл. Ошентип, “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмебиз түзүлдү. Буга чет элдик өнөктөштөрүбүз жардам беришти. Азыркы тапта жыл сайын долбоорлорду жазып турабыз.

 У. Кыдырбаев: -Чынара айым, сиздин жашооңузда негизги жол көрсөткөн, сизге стимул берген адамдарыңыз ким? Кимден өрнөк алып мындай эмгекчил болдуңуз?

Ч. Касманбетова: -Мен бул жагынан апамды тарттым. Апам кыргыз тили мугалими болуп 33 жыл мектепте иштеди. Мен көп нерсени апамдан алган таасирлерден улам өздөштүрдүм. Ал эми бир тууган эжем, ВВСде эмгектенген Гүлнара Касманбеттин да менин жашоомдо орду чоң. Мен кичинекей кезде ал өзү 6-класс болгонуна карабай, мага көп нерседе жол көрсөттү. Апам менен эжемдин менин жашоодогу калыптануумда орду чоң.

У. Кыдырбаев: -А сиз окуу жайда кандай студент элеңиз?

Ч. Касманбетова:-Мен кемчиликтеримди да айта кетсем болобу (күлүп)?

У. Кыдырбаев: -Албетте, анткени жашоодо идеалдуу адам жок, айта бериңиз?

-Мен өзүм тарых факультетин бүтүргөм. Кесибим мугалим. Бирок, бир күн да тарых мугалими болуп иштеген жокмун. Анткени мен ошол кезде өз кесибимди терең окубаптырмын. Союз кезинде тарых факултетин бүтсөң, карьералык өсүү жакшы болот дешкенинен эле бул багытты тандагам.

У. Кыдырбаев: -Сизге аны анда ким сунуштады? Эгер ошондо тарыхка тапшырбасаңыз анда кайсы кесипти тандайт элеңиз?

Ч. Касманбетова: -Ата-энем сунуштаган.  Мен тарыхчы болбосом да, башка предметтен мугалим болмокмун. Анткени ата-энем мугалим эле. Бирок, азыр ошол кезде тарыхты терең окубаганыма өкүнөм. Себеби анда кызыгуу жок эле. Айрыкча Кыргызстандын тарыхын үстүртөн окутушкан. Азыр болсо тарых мугалими болсом жакшы болмок. Анткени мени азыркы мектеп окуучулары Кыргызстандын тарыхы тууралуу канчалык билет деп ойлоном.

У. Кыдырбаев: -Мисалы социалдык тармактарда кыргыздар өз тарыхын билбейт деген пикирлер да көп айтылып келет.

Ч. Касманбетова: -Ооба, азыркы жаштар, айрыкча Бишкекте кыргыз тилине, кыргыз тарыхына мамиле жакшы эмес. Мисалы, менин уулум да орус мектептен билим алат. Кээде колдонгон китептери Орусиядан чыккан. Анан албетте, ушул балдар эртең эле президентибиз Путин деп чыгышат. Мындан улам бул тармакка көңүл буруу зарыл.

У. Кыдырбаев: -Эми анда жаш наристелердин күнөөсү жок. Система күнөөлүү болуп жатпайбы?

Ч. Касманбетова: -Ооба, бирок жаш муундун аң-сезимине башка өлкөнүн баалуулуктары сиңип жатканы мени өкүндүрөт.

У. Кыдырбаев: -Эми сөз учугун кайрадан жол коопсуздугуна бурсак, азыр кандай иш алып баруудасыз бул жаатта?

Ч. Касманбетова: -Биз жакында эле майыптардын арасында сурамжылоо жүргүздүк. Алардын коомдук транспортту колдонуусу, жолдогу коопсуздугу кандай каралганын изилдедик. Жыйынтык, чындыгында көңүл жылытпайт. Биздеги мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көчөгө чыгуу же көчөдө жүрүү өтө кооптуу.

У. Кыдырбаев: -Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди мындай коюп, жаш баласы менен чыккандарга да шарт жок болуп жатпайбы. Балалуу келиндер коляска менен шаар ичинде сейилдөөгө такыр шарт жок. Эми ушул биздин өлкөдөгү жол коопсуздугу саясатын кандай баалайсыз?

Ч. Касманбетова: -Чындыгында ири жолдор курулса да жанында жөө жүрүүчүлөр үчүн тратуар жок. Жол белгилери да Советтер союзундагы система менен калган. Эл аралык деңгээлдеги стандарттардан бир топ айырмачылыгы бар.

У. Кыдырбаев: Чынара айым, сиз тажрыйбасы мол, көп нерсеге үлгүргөн айымдардын бирисиз. Эми эфирдин аягында айымдарга кеп-кеңештериңиз барбы?

Ч. Касманбетова: Чындыгында кыргыз аялдары чыдамкай жана колунан бардык нерсе келет. Бизде аялдар жумушунан сырткары жумуштардын да 99%ын өзү аткарат. Болгону 1%ына гана жолдошу же балдары көмөктөшөт. Мындан улам, менин айымдарга айтайын дегеним, силердин колуңардан баары келет жана бардык жумушту аткарып кете аласыздар.

У. Кыдырбаев: -Космоско да уча алабы (күлүп)?

Ч. Касманбетова: -Албетте, космоско учканга да кыргыз айымдарынын эрктүүлүгү жетет.

У. Кыдырбаев: -Чынара айым, эми Марал радиосунун “Эстафетасын” сизге тапшырдым. Буйруса кийинки бейшембиде сиз алып баруучу болуп, дагы бир башка тармактын өкүлү менен кызыктуу маек кура турганыңызга ишенем. Иштериңизге ийгилик!

DSC_0483

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *