Шашылыш кабар:

Гезиттер: Сооронбай Жээнбеков отставкага кетет

Май 23, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
105

7f2c7233bce0c334665d1b0b78707e10

Шейшемби күнү «Фабула», «Майдан», «Кыргыз Туусу» жана «Мантыш» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетээрин, унутта калган «Кумтөр» маселеси, Жалал-Абад шаарында өтчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана «Түндүк-Түштүк» алтернативдик жолунун курулушу тууралуу жазышты.

«Фабула» гезити президенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынан талапкер болуп көрсөтүлгөн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков май айынын аягы менен отставкага кетээрин, премьер-министрлик орунга КСДП партиясынын мүчөлөрү эмитен кам көрүп, тымызын тирешүүлөр дагы башталганын жазат. Алардын ичинен президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун аты аталып экөөнүн бирөө өкмөт башына келип калышы мүмкүн экени айтылат. Ал эми парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз ордунда эле калып, төрагалык кызматын улантаарын камтылган.

Гезиттин кийинки бетине президенттик шайлоонун шарапаты менен унутта калган «Кумтөр» көйгөйү тууралуу макала басылып чыкты. Анда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сынга алынат. Макалада аталган комитеттин жетекчиси жакында эле президенттин кабыл алуусунда болуп, «Кумтөр» долбоорунда Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо, экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча «Центерра» тарап менен сүйлөшүүлөр болгонун билдиргени айтылат. Бирок, ал эмне болгон сүйлөшүү экени тууралуу маалымат жок экени, анын үстүнө президенттик шайлоо деп жатып «Кумтөр» маселеси көмүскөдө калганы жазылат.

DSC_0454

«Майдан» гезити бул жолку санында «Ата-Журт» саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен болгон маекти жарыялады. Ташиев анда журналисттин президенттик шайлоо тууралуу бир катар суроолоруна жооп берген. Ал КСДП көрсөткөн талапкерге токтолуп, бийликтин партиясы Жээнбековду президенттикке көрсөтүшүнүн негизги үч себебин атаган. Алардын биринчиси Сооронбай Жээнбеков президентттин эң жакын, эң ишенимдүү адамы деген. Экинчиси Жээнбеков түштүктөн болгондуктан аталган аймактагы элдин добушу шайлоодо чоң мааниге ээ экени айтылган. Үчүнчүсү ал учурда премьер-министр болуп турат жана админстративдик ресурсту колдонгонго жол ачык экенин жүйө кылган. Ошондой эле Ташиев, Мадумаров, Келдибеков тандеми президенттикке талапкер чыгараарын тастыктап, учурда саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын ырастаган.

Ушул эле гезит 28-майда жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоо тууралуу макала жарыялады. Макаланын автору бул шайлоолорду бийликтин президенттик жарыш алдындагы даярдыгы катары сыпаттаган. Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кадамжай шаардык кеңештеринин жарым жыл иштебей жатып таркашын КСДП партиясынын жоопкерчилиги катары баалап, бийликчил партия коалицияга кирбей калган аймактарда жергиликтүү кеңештерди таркатып жибергени баяндалат.

«Кыргыз Туусу» гезити премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Түндүк-Түштүк» алтернативдик жолунун курулушу менен таанышканын басып чыгарды. Гезит кабарлагандай Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов узундугу 433 км болгон жолдун 1-фазасы же 154 км Кытайдын экспорт-импорттук банкы тарабынан берилген 400 млн. доллар насыянын эсебинен бүткөрүлгөнүн билдирген. Ал эми долбоордун 2-фазасын Кытайдын «Чайна Роуд» компаниясы ишке ашырып жатканын айткан. Ошондой эле жол заманбап ыкма менен салынып, сапаттуу болооруна убада берген.

«Мантыш» гезити болсо аягы тыйылбаган жол кырсыктарын көтөрдү. Арты-артынан катталган автоунаалардын авариясы, унаалардын окуучуларды сүзүп качып кеткен окуялардын көп болуп жатканы тынч заманда элдин согуштагыдай курман болушуна алып келгени айтылат. Буга чейин 2 мектеп окуучусун коюп кеткен автоунааны мисал кылып, андан көп өтпөй Кызыл-Аскер аймагынан 20 жаштагы кызды машине уруп ал жан бергени баяндалат.

Гезит расмий маалыматтарга таянып Кыргызстанда жыл сайын 1000 дей адам жол кырсыгынан ажал табаарын, бул күн сайын жолдон 3 киши набыт болот дегенди билдирет дейт автор. Ал эми жыл башынан бери эле өлкөдө 1500ден ашык жол кырсыгы катталса анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болгону жазылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *