Шашылыш кабар:

Бийликтин талапкери, Кытайдын демилгеси…

Май 21, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
99

Без имени-12

Узап бараткан жумада Кыргызстан социал демократтар партиясы президенттикке талапкер кылып өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду көрсөттү. Анын шайлоого бараары тууралуу буга чейин эле айтылып келген. Жогорку Кеңеште президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда колдоо тапты. Кытайдагы «Бир алкак-бир жол» аталышындагы ири эл аралык форум жыйынтыкталып ага президент Алмазбек Атамбаев дагы катышты.


Бийликтин партиясы шайлоодо Жээнбековду колдойт

Бийликчил Социал-демократтар партиясы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөттү. Мындай чечим партиянын 17-майда Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев журналисттерге буларды билдирди:

«Жыйында секретариаттын иши жана экинчи болуп президенттик шайлоого талапкер чыгаруу маселесин карадык. Бардыгыбыз чогуу талкуулап, 6-7 талапкердин арасынан президенттикке талапкер катары Сооронбай Шариповичти тандадык».

Бирок, Осмонбек Артыкбаев Жээнбековдон башка сунушталган талапкерлердин атын ачыктаган жок.

Партиянын бул жолку жыйынына парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Бишкек мэри Албек Ибраимов, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана партиянын мүчөлөрү катышты. Аталган партиянын саясий кеңешинин кабыл алган чечими коомчулукта талкууланып жатат.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев президенттикке сунушталган Жээнбековду көптөн бери билээрин айтып, анын мүнөзү тууралуу төмөнкүлөрдү токтолду:

«Мен бул кишини студент кезинен бери билем. 1995-2000-жылдары Сооронбай Жээнбеков, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана депутат Иса Өмүркуловдор болуп баарыбыз ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп беш жыл чогуу иштегенбиз. Ошол кезде Жээнбековдун мүнөзү баарына жакчу. Анда деле талаш-тартыштар, кайым айтыштар болчу. Бирок, ал дайыма калыс жана түз жүрөөр эле. Кийин Айыл чарба министри болуп, өзүнүн бул тармакты жакшы түшүнөөрүн иши менен далилдеди».

Буга чейин КСДП партиясынан президенттикке талапкер болчу саясатчылардын арасында Жээнбековдун аты аталып келген. Андыктан саясат талдоочулар муну күтүүсүз чечим деп атоого болбойт дешет.

2016-04-28_14-22-44_548414

Президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги тууралуу пикирин билдирип жатып анын акыркы өкмөт жыйынында бир катар атка минерлерге катуу сөгүш берип, айрымдарын жумуштан айдаганын чечкиндүүлүк катары баалады:

«Бир катар министрлер менен мамлекеттик жетекчилерге эскертүү, сөгүш берди. «Мамлекет силерге саан уй эмес. Сен мага тийбе мен сага тийбейм» деген багыт туура эмес экенин айтты. Бул мага майдай жакты. Анткени, катуу тартип болмоюнча Кыргызстан оңолбойт».

Коомчулук учурда Жээнбековдун шайлоодон утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуу кылып жатат.

Сясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев шайлоого аттанган премьер-министрди жалгыз саясий фигура эмес, КСДП партиясынын жүзү катары кароо керектигин айтууда:

«Сооронбай Жээнбеков эми КСДПнын жүзү болот. Андыктан бул жерде бир гана инсандын ээлеген орду эмес бир партиянын салмагын айтышыбыз керек. КСДП талапкерин көрсөттү. Эми шайлоого барабыз деп жаткан башка саясий күчтөр жанданып, саясий күрөш курч болот. Мүмкүн биригүүлөргө дагы барышат».

Ал ортодо Социал-демократтар партиясынын активисттери КСДПга өзүлөрүнүн алтернативдүү талапкерин алып чыгышты. Алар партиянын түптөлүшүнө жана буга чейинки эки бийликтин тушунда партиянын сакталып калышына кол кабыш кылган көптөгөн партия активисттери ушундай чечим кабыл алышканын айтышууда.

Өзүн КСДП партиясынын мүчөсүмүн деп тааныштырган Алик Бутунбаев бул боюнча «Марал» радиосуна буларды айтып берди:

«Биз партиянын эски мүчөлөрү кечээ, 17-майда Сагынбек Абдрахмановду президенттикке алтернативдүү талапкер катары көрсөттүк. Ал Жогорку Кеңештин IV  чакырылышынын депутаты, Чүй облусунун губернатору болуп эмгектенген».        

58 жаштагы Сооронбай Жээнбеков  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженер, бухгалтер адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1995-2005-жылдар аралыгында Жогорку Кеңешке үч ирет депутат болуп шайланган. 2012-2015-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган. Андан соң 2016-жылга чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп ушул эле жылы президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон. 2016-жылдан бери премьер-министрлик кызматты аркалап келет.

Кыргызстанда президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушталууда. Азырынча «Ак шумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышаары белгилүү болгон. «Республика-Ата Журт» фракциясы Өмүрбек Бабановду, «Ата Мекен» фракциясы камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди талапкер катары чыгараары айтылган. Ажолук ат салышчулардын катарын Сооронбай Жээнбеков толуктады.

27617

«Бир алкак-бир жол» эл аралык форуму

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда болгон «Бир алкак-бир жол» эл аралык экономикалык форумуна катышып, Жаңы жибек жолу долбоорундагы Кыргызстандын ордун жана ага бир катар сунуштарын да айтты.  Ошондой эле кытайлык аткаминерлер менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки тарап кыргыз-кытай фондун түзүү, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселелерин талкуулашты.

16-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Пекинге жасаган сапары карыды. Президент тарыхий Улуу Жибек Жолун кайра жандантууну көздөгөн «Бир алкак-бир жол» эл аралык экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Ал аталган долбоор Борбор Азия үчүн деңизге жана дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жаратат деп айтты. Ошол эле учурда санариптик Жибек Жолу идеясын да колдоорун билдирди.

«Биз бир гана логистикалык жана транспорттук маселелерди гана чечүү менен чектелбешибиз керек. Мен кечээ кытай лидери Си Цзиньпин айткан санариптик Жибек Жолу долбоорун да колдой турганымды айткым келет. Бул ишке ашса дүйнөдөгү интернет менен байланышуу ылдамдыгы дагы он эсе  артат».

Өлкө башчы Атамбаев айтып жаткан санариптик Жибек Жолу долбоору Кыргызстан аркылуу интернет линиясын Европага чейин жеткирүүнү көздөйт. Ушуну эле улай президент Алмазбек Атамбаев интернет соодасын өнүктүрүүдө Кыргызстан да салым кошо ала тургандыгын айтты.

«Азыр Aлибаба, Taobao сыяктуу интернет-дүкөндөрүнүн өнүгүп жаткан мезгили. Биз мындай электрондук сатып алууларды жеңилдетүү максатында Евразиянын чоң өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнө интернет буйрутмаларды тез жеткирүү үчүн Кыргызстанда логистикалык борборлорду курууну сунуштайбыз».

Экономикалык форумдун алкагында Кыргызстан менен Кытай конкреттүү келишимдерге жетишти. Биринчиси фитосанитардык көзөмөлдү жеңилдетүү болуп, анын арты менен Кыргызстан Кытайга үй-жаныбарларынын тамагын экспорттой алат. Дагы бир документ болсо орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Ага эки тараптын экономика министрлери кол коюшту.

Кытай лидери Алмазбек Атамбаевди кабыл алып жатып Кыргызстан Кытайдын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгилеп өттү:

«Кытай ар дайым Кыргызстандын экономикалык өнүүгүсүнө көмөктөшөт жана бул иштерди конкреттүү долбоорлордун негизинде ишке ашырат. Биз  негизги маселелер боюнча бири-бирибизге ар дайым жөлөк болуп, стратегиялык өнөктөштүктү активдүү улантууга кызыктарбыз».

Өз кезегинде президент Атамбаев да кытайлык кесиптешине меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип өттү.

«Бизди өз өлкөңүздө өткөн форумга чакырганыңыз үчүн кубанычтабыз жана сизге ыраазычылык билдирип өтөм. Биздин мамилелер ушул темп менен уланарына ишенем жана жакшы тарапта өнүгөт деп ойлойм. Мен жумушчу сапар менен кайрадан Кытайда болгонума өтө кубанычтамын».

Эки президенттин жолугушуусунан соң кытай-кыргыз биргелешкен фонду түзүлөрү да маалым болду. Ал эми «Бир алкак-бир жол» форумунда Жаңы Жибек Жолу корун өнүктүрүү үчүн жаңы өнүгүп жаткан өлкөлөргө дагы 8,7 млрд доллар бөлүнө турганы жарыяланды. Буга Борбор Азия аркылуу өтө турган темир жолго салына турган инвестициялар да кирет.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жаңы Жибек Жолунун алкагында расмий Бишкек «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун колдоорун айтып, Кытай лидери Си Цзиньпин менен жеке жолугушуусунда да кеңири талкуулады. Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев да Си Цзиньпин менен жолугуп, анда да темир жол темасы көтөрүлгөн.

Жыйынтыктап айтканда Кытай өзүнүн геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктары үчүн эң көп инвестицияны Борбор Азияга салууда.

Мисалы, буга чейин Кытай Казакстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 20 миллиард доллар бөлгөн. Кыргызстандагы жолдордун курулушуна да миллиондогон грант жана кредиттер келүүдө. Ал эми Өзбекстан менен так ушул форум алкагында 20 млрд долларлык 100 келишимге кол коюуга жетишти.

Эксперттердин баамында Кытайдын Борбор Азияга салган инвестициясы жакынкы 20 жыл аралыгында өзүн актайт.

AD9A3087-8748-451E-A79C-EA0F1E1117B7_cx0_cy4_cw0_mw1024_mh1024_s

Шайлоо мыйзамдары өзгөрүүдө

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда 111 депутаттын колдоосуна ээ болду.

Шайлоо мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү парламенттеги 10 эл өкүлүнөн турган депутаттар тобу иштеп чыккан. Анда президенттик, парламенттик шайлоорго байланышкан маселелер жана Жогорку Кеңешке өтүү босого пайызына тиешелүү беренелер камтылган. Ошондой эле быйыл Кыргызстанда өтчү ажолук жарышты 15-октябрга белгилөө сунушу бар. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова шайлоо 15-октябрга дайындалса жаңы шайланган президент 1-декабрда ишке кирише албай калат деп кооптонду:

«Мурунку президенттик шайлоодо минималдуу убакытты колдонуу менен бир айдын ичинде бийлик өткөрүлүп берилген. Бирок, ал бир гана тур менен өткөн. Азыркы жагдайда эң аз убакытты мерчемдесек да жетишпей калабыз».

Анткени менен Борбордук шайлоо комиссиясы сунушталып жаткан дата ыңгайлуу экенин жана бул убакыт аралыгында инаугурацияны уюштуруп, добуштарды санап бүтүрөөрүн убада кылууда. БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоонун II туру менен соттук доолор сындуу бардык жагдайлар дагы эске алынганын айтууда:

«Шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембиси (15-октябрь) болсо ортодо бир жарым ай убакыт бар. Ал убакта эки турду кошуп, бардык процедураларды сактаганга мүмкүнчүлүк болот. Биздин эсеп боюнча арыз-даттанууларды караганга дагы жетишебиз».    

Ал эми оппозициялык фракциянын өкүлдөрү БШКнын сөздөрүнө ынанбай, иштеп жаткан президент мөөнөтүнөн ашыкча кызматта отуруп калышы мүмкүн деп болжоп жатышат.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров буга окшогон күмөн саноолорду жокко чыгарууда. Ал өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик алты жылдык мөөнөттөн ашыкча отуруу ниети жок экенин, муну мамлекет башчысы өзү дагы айтканын мисал келтирди:

«Шайлоонун 2-туру болгондо дагы президент так алты жылдык мөөнөткө эле отурат. Ашыкча калып калайын деген деле ою жок. Муну азыр иштеп жаткан президент Алмазбек Шаршенович өзү дагы айткан».

Башта президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда өтөөрү айтылган. Кийин «Ата Мекен» партиясы шайлоону 27-августка белгилөө керектигин көтөрүп чыгып, бул коомдо кызуу талкууга алынууда. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу мыйзам долбоорун демилгелеп аны 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.

Президенттик жана парламенттик шайлоолорго тиешелүү мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө президенттикке талапкерлер коючу күрөөнү 1 млн сомго чейин көтөрүү сунушу бар. Депутат Дастан Бекешов бул демилге боюнча буларга токтолду:

«Күрөөнү 1 млн сом деп белгилеп жатабыз. Алып карасак бул чоң деле сумма эмес. Анткени шаайлоого катышкан талапкер мындан көп деле акчаны коротот».

Буга чейин президенттикке ат салышчу талапкерлер каттоодон өтүп 100 миң сом күрөө коюуга милдеттендирилген. Бирок, бул Конституцияда жок экенин эл өкүлү Исхак Масалиев көтөрүп чыкты. Анын айтымында күрөө коюу тууралуу мыйзамда жазылган эмес жана бул талап президенттикке талапкерлер милдеттүү түрдө аткарууга жатпайт. Ушундан улам күрөөнүн суммасын көтөрүү демилгесин сынга алып, төмөнкүлөрдү айтты:

«Сунушталып жаткан 53-беренеде президенттикке талапкерлер коюучу күрөөнүн көлөмү 10 эсе көтөрүлүп жатат. Бирок, Баш мыйзамда мындай норма жок. Анда беш гана талап бар. Мен Салык кызматында иштеп жүргөндүктөн билем, Кыргызстанда миллионерлер көп деле эмес. Барып-барып шайлоо байлардын эле иши болуп калат го. Бул жакшылыкка алып келбейт».

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоонун босого чегин 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу сунушталды.

Депутат Улукбек Ормонов бул берене туура эмес экенин айтып, партиялардын өнүгүшүнө бут тосоорун билдирди:

«Буга чейин босого пайыздын чеги беш эле пайыз болчу. 2015-жылы 7 пайызга чыкты. Эми дароо эле 9 пайызга көтөргөнү жатабыз. Парламентаризм өнүккөн өлкөлөрдөгү чектерди карасак алардыкы төмөн эле. Кыргызстандагы шайлоочулардын саны канча аны да эске алышыбыз керек да. Антпесе бул берене көп партияларга тоскоол болот».

Босого пайызды көтөрүү сунушун президент Алмазбек Атамбаев колдоп келет. Ал буга чейин мындай талап партиялардын ирилешүүсүнө алып келип, парламентке 3-4 гана партия келээрин, анын натыйжасында өкмөттүн да иши жакшыраарын айткан эле.

Демилгечилердин бири Мирлан Жеенчороев дагы бул ойду бекемдеди:

«Бүгүн саясий партиялардын саны 200гө жакындап калды. Ал эми 9 пайызга көтөрүүнүн максаты бул – саясий талаада партиялардын ирилишүүсүнө алып келүү. Антпесе алардын ортосунда бир топ келишпестиктер чыгып жатат. Эгер пайызды көтөрсөк бирге иштеп, мамлекетке пайда алып келеби деген максат».

Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда 111 депутаттын колдоосуна ээ болуп, 5 депутат «каршы» добуш берди. 2-майда мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу дагы өткөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *