Шашылыш кабар:

Саресеп: Кыргызстанда бизнес куруу көйгөйү

Май 19, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
115

IMG_0588

Жума күнү «Фабула», «Ачык саясат», «Кыргыз Туусу» жана «Де-факто» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмаларга Социал-демократтар партиясы президенттикке талапкер кылып көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге козголгон ишти иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия, саясий партиялардын шайлоодогу жоопкерчилиги жана Кыргызстанда бизнес жасоонун жолдору тууралуу макалалар жарыяланды.

«Ачык саясат» гезити бүгүнкү чыгарылышын «Сооронбай Жээнбековду президент кылып, бийлик кийин бармагын тиштеп калбаса болду» деген макала менен ачты. Анда КСДП партиясы президенттикке талапкер катары Жээнбековду алып чыгаары менен Коомдук канал бийликтин талапкерине үгүт иштерин баштаганы айтылат. Шайлоодо анын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы элдердин добушун алууга мүмкүнчүлүгү бар экени, анткени менен президенттикке дагы бир талапкер Бакыт Төрөбаевдин аталган аймактарда кадыры жогору болгондуктан добуштар бөлүнүп кетээри жазылган.

Гезит президенттик шайлоо темасын андан ары улантып оппозициянын бирдиктүү талапкер чыгаруу маселесине кайрылган. Анда оппозициячыл саясатчыларда орток идеянын жоктугу бийликке каршы топтордун биригишине жол болбой турганы камтылган. Ага карабастан учурдагы саясий кырдаалды эске алып саясатчылардын ирилешүүсү керектиги баяндалат.

«Саресеп» басылмасы 18-майдагы чыгарылышында Кыргызстанда бизнес куруунун жолдору менен машакаты тууралуу көлөмдүү макаланы жарыялады. Анда биринчиден ишкерлик менен алектенүүнүн көйгөйү катары Евразиялык экономикалык биримдикке товарды экспорттоо маселеси айтылат. Экинчиден бизнесити өнүктүрүүгө бут тоскон жагдай отчётторду тапшыруу. Анткени кагаз иштери көп убакытты алып коёт. Ал эми экономикасы буттан турган өлкөлөрдө отчётту онлайн эле интернеттен тапшыруу өнүккөн. Ал эми четтен келген инвесторлор көп кабылган тоскоолдук бул өкмөт алардын бизнесин коргой албай жатканында экени айтылган. Инвестор келсин десек ата мекендик жана четтен келген ишкерлердин укугу бирдей корголушу шарт дейт автор.

«Фабула» гезити бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын «партиялар өз милдетин сезишпейт» деген сөзүн баш тема кылып чакан макала жазды. Материалда Шайлдабекованын «президенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз кадыр-баркын билип, мыйзамды бузбай иш алып барышы керек» деген пикири жазылган. Ал акыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш сатып алуу фактылары катталганын, мындай ыплас ишти шайлоого биринчи ирет катышып жаткан партиялар дагы колдонгонун сындаган. Ошондой эле алдыдагы шайлоого чейин БШК саясий партиялар менен атайын окууларды өткөрүү ниети бар экенин билдирген.

Ушул эле гезит чет өлкөдөгү гранттык окууларга аткаминерлердин балдары кетип жатканын айткан Жанар Акаевдин парламенттеги билдирүүсүн жарыялады. Акаев Жогорку Кеңеште Венгрия сунуштаган гранттык орундарга карапайым элдин эмес, Билим берүү жана илим министрлигинде иштеген кызматкерлердин, парламент депутаттарынын балдары кеткенин сынга алган. Студенттерге деп 25 орун бөлүнсө белгисиз себептер менен ага арыз берген 100гө чукул баланын документтери кетпей калган.

«Кыргыз Туусу» Кытай Эл республикасында өткөн «Бир алкак-бир жол» эл аралык форумуна президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу жана анын жыйынтыктары менен өлкөгө келтирчү пайдасы тууралуу жазды. Кытай сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен жолугушуп, Кытайдын өлкө башчысы Жибек Жолу экономикалык алкагын түзүүгө Кыргызстандын катышып жатканы маанилүү экенин жана бул Кыргызстандын экономикасын чыңдоого өбөлгө болоорун айткан. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесин дагы талкууга алышкан.

«Де-факто» басылмасы бүгүнкү чыгарылышында «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канатбек Исаевге козголгон ишти териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия боюнча макаланы чыгарды. Ал комиссияга парламенттеги алты фракциядан жалпы 12 депутат мүчө болуп алар эл өкүлүнө козголгон иш боюнча өз иликтөөлөрүн жүргүзөт. Гезит  «Исаевди эми кесиптештери мындай аракети менен кылмыш жоопкерчилигинен сактап кала алабы?» деген суроону коёт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *