Шашылыш кабар:

Тооруган табигый кырсык, талпынган «Таза коом»…

Май 7, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
60

SAB_8187

Узап бараткан аптада Өзгөн районунун Аюу айылында болгон жер көчкүнүн астында калган 24 адамдын сегизинин сөөгү табылып, 16сын издөө иштери токтотулду. Өлкөдө жер көчкү жана жер титирөө сындуу жаратылыш кырсыктары арты-артынан кайталанып элдердин үшүн алды. Президенттин аппараты «Таза коом» долбоорун демилгелеп, бул долбоор Кыргызстандын келечегин түп-тамыры менен өзгөртөт деп ишендирүүдө.  


Парламент өкмөттүн ишин сындады

Жогорку Кеӊеште 4-майда өкмөттүн өлкө аймагындагы табигый кырсыктардын кесепетин жоюу жана алдын алуу иш аракеттери боюнча маалыматы угулду.

Биринчи-вице-премьер министр Жеңиш Разаков быйыл Кыргызстанда табигый кырсыктар көп катталып жатканын айтып аларды, сандар менен тастыктады. Парламентте берген маалыматы боюнча 2016-жылы өлкөдө 35 жаратылыш кырсыгы болсо, 2017-жылдын төрт айында эле айттырбай келген апааттардын саны 2225ге жеткен. Өзгөчө кырдаалдардан 100 адам курман болуп, 266 млн сом чыгым алып келген. Ал эми 1990-жылдан 2016-жылга чейин 518 жер көчкү катталса, быйыл эле 134 көчкү жүргөн.

Разаков Жогорку Кеңештеги билдирүүсүндө жер көчкү коркунучу бар аймактар жана андагы жарандарды коопсуз жайга көчүрүү машакатына токтолду:

«Республика боюнча 4595 жер көчкү коркунучу бар аймактар такталган. Ал жерлерден жарандарды көчүрүү боюнча тийиштүү иш-аракеттер каралган. Мониторинг департаменитинин чыгарган корутундусунун негизинде 2943 үй-бүлөгө мамлекеттик жардам жана жер тилкеси берилген. Бирок, алар бүгүнкү күнгө чейин көчкөн эмес. 702 түтүнгө кооптуу аймакта жашайт деген корутунду чыгарылып, аларга жер тилкеси, ссуда бериле элек».

Өзгөн районунун Аюу айылындагы 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн кийин депутаттар жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана анын кесепеттери менен күрөшүү тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну чечкен.

Жыйында Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аткаруу бийлигинин коопту аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү иштерине нааразы болду. Ал өкмөт жарандарга эскертүү берүү менен гана чектелип, жарандарды көчүрүүдө чечкиндүү иш алып барбай жатканын сындады:

«Силердин жообуңар «кол койдурдук эле, айттык эле, көчкүлө дедик эле, ссуда бердик эле, жер бердик эле» деген сөздөр. Бирок, жылдан-жылга бир да өзгөрүү жок, кырсык эле болуп атат. Аюу айылына барып, ал жердеги элдер менен жолуктук. Көчкү болгон аймакты эч кандай техникасыз эле жөн эле көз менен карасаң көчкү болоору көрүнүп турат».  

Өкмөттүн жообу

Анткен менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «өкмөт жарандар менен тыгыз иш алып барбай, кырсыктарды алдын алуу иштерин жүргүзбөй жатат» деген сөздөргө кошулбайт. Тескерисинче жарандарга кооптуу аймактан көчүү тууралуу эскертүүлөр берилип, мамлекет тарабынан каражат, жер бөлүнгөнү менен кооптуу аймактан кетпей, алар өз өмүрүн тобокелге салып жашап жатканын айтышат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов буга Аюу айылынын жашоочуларын мисал келтирип, аталган айылдын тургундарына министрлик тарабынан эскертүүлөр берилгенин айтат:

«Аюуда жарандарга 2003-жылдан баштап эле, айыл өкмөтүнө түздөн-түз үч жолу эскертүү берилген. Жазуу, кат түрүндө бизде далилдер турат. Алар «бир күндүн ичинде көчүп кетебиз» деп дагы убада кылышкан. Айылда жашагандар жер тилкени дагы, ссуданы дагы алган».

Депутат Төрөбай Зулпукаров кооптуу делген аймактардан элди мажбурлап көчүрүүгө жол берген мыйзам долбоорун тез аранын ичинде иштеп чыгууну өкмөттөн талап кылды. Айрым эл өкүлдөрү ансыз деле учурда Жарандык коргонуу жөнүндө мыйзам, элди кооптуу жагдайдан убактылуу жайга көчүрүүгө ӨКМнин укугу бар экенин белгилешти.

SAB_9770

Атка минерлерди кызматтан алуу сунушталды

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Зиядин Жамалдинов Аюу айылынадагы кырсыкка байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министри менен анын орун басарын кызматтан алууну сунуштады:

«24 киши каза таап, абдан чоң жоготуу болду. Бирок, бирөө дагы жоопкерчиликке тартылган жок. ӨКМ министри бардык орун басарлары менен жумуштан кетиши керек. Иштей турган адамдар келсин. 2003-жылы жасалган мониторингди аягына чыгара албай канча киши курман болду».

Калыс Ахматовдун жообу «Биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок болсо биз кандай кыла алабыз айтсаңыз. Мен айтып жатпаймынбы бардык иштер жергиликтүү бийликке бөлүнүп берилген. Ссуданы да биз бөлүп бере албайбыз, аны дагы алып салышкан».

Чукул кырдаалдар министрилиги кооптуу аймакта күн кечирген элди мажбурлап көчүрүүгө аларга мыйзам жол бербесин, болгону эскертүү менен гана чектелээрин айтып алакан жаят. Министрдин орун басары Ахматов «жарандарды көчүрүү ишин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги ишке ашырышы керек эле», — дейт.

Ушундан улам эл өкүлү Таабалды Тиллаев Аюу айылындагы кырсыкка жол бергени үчүн өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен район акимин кызматтан алууну демилгеледи:

«Губернатор менен акимдер эмне кылып отурушат? Алардын мындан башка жумушу жок да. Чоңдорду тосуп, саясат менен эле алектенгенден башка кызмат кылбайт. Ош облусунун губернаторунун жана Өзгөн районунун акиминин жоопкерчилигин карайсыңарбы?».

Разаковдун жообу: «10 күндүн ичинде ким кандай иш алып барган текшерилип, сөзсүз жоопкерчилиги каралат» 

Парламентте ошондой эле Өзгөндө көчкү алдында калгандарды издөө иштерине байланыштуу маселе козголду. Депутаттар заманбап техника өнүгүп, жердин жети катмарынан алтынды таап чыга турган учурда көчкү баскандардын сөөгү табылбай жатканын сындашты.

«Дагы канча киши өлүшү керек?»

«Республика-Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Мирлан Жеенчороев «табигый кырсыктардан адам курмандыктары болуп жатканы өкмөттүн кайдыгерлигинен», — дейт.

«Эң жаман, эң оор кылмыш бул кайдыгерлик. Кайдыгерликтин кесепетинен элдер өлүп атат. 1993-жылы 50 киши өлдү, 2003-жылы ошол эле айыл өкмөттө 28 киши өлдү. Дагы канча киши өлүш керек?»

КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев парламентарийлер менен өкмөттү бири-бирин айыптоону токтотуп, андан көрө жапа тырмак иштешүүгө чакырды.

Андан сырткары кырсыктардын кесепети менен эмес аны алдын алып, жер көчкү коркунучу бар аймактарда изилдөө жүргүзүп, бак тигүү сунушталды.

29-апрелдин таңында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында болгон жер көчкү 7 турак жайды басып калып, көчкүнүн астында 24 адам калган. Учурда алардын сегизинин сөөгү табылды.

Ал ортодо бүгүн, 4-майда көчкү алдында калган 16 кишинин сөөгүн издөө иши токтотулганы кабарланды.

Маалыматка ылайык издөө иштери каза болгондордун жакындарынын уруксаты менен токтоду. Буга чейин Уламалар кеңеши көчкү баскан аймакты мазар кылуу боюнча фатфа чыгарган.

SAB_8242

Эл менен өкмөттү түйшөлткөн табигый кырсык

Өлкөдө табигый кырсыктар биринин артынан бири катталып, эл менен өкмөттүн шаштысын кетирди. Айрым учурларда бир күн ичинде 5 жолудан жер титирөө болууда. Анын кесепетинен Ош облусунун Кара- Мык, Жекенди айылдарында турак жайлар жабыркап, жүздөгөн адамдар жер титирөөдөн кийин чатырларда жошоого өтүштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын алып келген чыгашаларын эсептеп жатышат. Бирок айыл тургандарынын арасында өкмөттөн жакшы көңүл бурулбай жатат деп нааразы болгондор чыгууда.

Соңку күндөн бери жер титирөө уламдан улам кайталанып жатат. 3-май күнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Кыргызстан Тажикстан чек арасынын жанындагы Жекенди айыл өкмөтүнүн аймагында чыкты.  Бир топ айылдардагы турай үйлөр, короо сарайлар кулап тушкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Авазбек Айтиевдин берген маалыматы боюнча, жер титирөөдөн 60тан ашуун үй жай жараксыз абалга келген:

«Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө ишин жүргүзүп, Жекенди айыл аймагында 281 турак жай иликтенип анын 66сы авариялык абалга келгенин аныктаган. Мындан сырткары 215 турак үйдө майда жаракалар пайда болгон. Алта социалдык объект иликтенип анын төртөө авариялык абалга келген».

Министрликтен кошумчалагандай, учурда турак жайы урап калган тургундарга толугу менен убактылуу баш калкалоочу чатырлар берилди. Алардан сырткары үй имараттарынан жарака кеткендерге да чатырлар таратылды.

Жарандык коргонуу комиссиясы учурда ураган турак үйлөрдү ар кандай котегорияга бөлүп, кырсыктын кесепеттеринин чыгашаларын аныктап жатат. Айрым тургундар турак үйлөрдү абалына жараша котегорияга бөлгөн адистердин ишине канаатанбай жатышат. Жекенди айыл өкмөтүнүн тургуну Ажар Матраимованын үйүн 4-топко кошкон. Бирок ал  үй жашоого жараксыз абалда дейт. Эреже боюнча өкмөт 1-2 топтогу турак үйлөрдү гана өз эсебинен куруп берет. Айылда мындай тургундары көп экенин Матраимова белгилейт:

«Эки күндөн бери жер аябай катуу термалип жатат. Биз сыртта унааларда, боз үйлөрдө жана туугандарыбыздыкында жашап жатабыз. Менин абышкам 87 ге чыкты мен 77 жаштамын. Бүгүн да катуу титиреп, коңшулар баары сыртта жүрүшөт».

Жер силкинүү Чоң-Алай районунун эң алыс Жекенди айыл өкмөтүнүн аймагында болгондуктан бул айыл өкмөттөгү турак жай, короо сарайлар жабыркады. Табигый кырсык күндүзү болгондуктан бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Тажикстан менен чектеш Карамык айылынын тургуну Жалалидин Бурканов жергиликтүү бийликтер элге келип кабар алышканы менен тамак аш азык түлүк жана башка жардамдар азырынча боло элек дейт:

«Айыл өкмөт башчысы колунан келген жардамын берип жатат. Аким келип өкмөттүн абалын көрүп жатасыңар деп айтып кетти. Алардын колунда элге берчү эч нерсеси жок да».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сейсмологиялык мекемеси маалымат тараткандай соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 4 жолу жер титиреп, очогунда күчү 6,5 балга жеткен кайрадан чоң-Алай раойнунун Карамык, кара тейит шибер айылдарында болгон. Жарандык коргонуу комиссиясы учурда чыгашаларды аныктап жатат.

Өкмөт жаратылыш кырсыктарынан жап чеккендерге байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын которуу үчүн атайын эсеп ачты.

121551491314964_big

«Таза коомго» бут тоскондор бар

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков ЖИА Бизнес Ассоциясынын мүчөлөрү менен жолугуп «Таза коом» улуттук долбоору боюнча талкуу болду. Анда Исаков аталган долбоорду ишке ашырууга бийликтин саясий эрки жетет деп ишендирди.

«Таза коом» жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана бизнеске жакшы шарт түзгөн жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор экени айтылды. Бул долбоорду ишке ашыруу менен мамлекеттик башкаруунун ачыктыгына жетишип, коррупцияны алдын алууну күчөтүүгө мүмкүн экени белгиленди. Ал жарандардын социалдык-укуктук чөйрөсүн камтып, алардын жашоо сапатын жана коопсуздугун арттыраары дагы убадаланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков ишкерлер менен жолугушууда маалымдап, аталган долбоор мамлекеттик органдардагы бюрократияны да жоёт деп ишендирди:

«Биз Кыргызстанды алдыга алып чыгып, келечегин түптөй турган «Таза коом» долбоорун иштеп чыктык. Бул долбоор бир ай мурун президент тарабынан демилгеленген. Биз бюрократияга чөгүп кеттик. Эми «Таза коом» долбоору бизди бюрократиядан алып чыгат. Бул өлкөнүн келечегин түп тамыры менен өзгөртөт».

Исаков «Таза коом» долбоору Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү программасынын эң негизги бөлүгүнүн бири экенин айтат. Аталган долбоор «Акылдуу шаар», «Санариптик өкмөт» сындуу долбоорлорду өзүнө камтыйт. «Эгер ал ийгиликтүү ишке аша турган болсо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баары электрондоштурулуп, жарандар ар кандай документ тапшырууда убара тартпай калат», — дейт өлкө башчынын аппарат жетекчиси.

Бирок, ал бул долбоорго мамлекеттик кызматкерлер катуу каршылык көрсөтөөрүн жашырбайт. Ага карабастан бийликтин саясий эрки бар жана долбоорду аягына чыгарат деп ишенимдүү айтууда:

«Кыргызстанда 60 миң мамлекеттик кызматкер бар деп айтып жатабыз. Чындыгында бул долбоорго каршы чыккандар көп болот. Көбүнчө Салык кызматы сындуу акча көп мекемелердин жетекчилери каршы чыгып, саботаж кылышат. Бирок, мен силерге бир нерсе айтам. Мамлекеттин президентинин, премьер-министринин саясий эрки болмоюнча бул долбоор ишке ашпайт. Мен силерге расмий түрдө айтып атам, бүгүнкү күндө президентте да өкмөт башчыда да саясий эрк бар».

Президенттин аппарат жетекчиси «Таза коом» долбоорунун үстүндө учурда атайын түзүлгөн жумушчу топ иштеп, бул долбоорго өзү да жумуш убактысынын 4-5 саатын бөлүп жатканын ачыктады. Ошондой эле «Таза коом» долбоорунун алкагында атайын кеңешме топ түзүлүп аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектээри белгилүү болду. Аталган кеңешменин биринчи жыйыны 3-майда болот жана ага президенттик аппараттан, парламент өкүлдөрүнөн, бир катар мамлекеттик органдардан кызматкерлер тартылат.

Ишкерлердин сунушу…

«Таза коомдун» дагы бир максаты Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүү экени белгиленди. Ишкерлик боюнча эксперт Умбриел Темиралиев өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуштарын берип, атайын фонд түзүүнү демилгеледи:

«Долбоорду ишке ашырыш үчүн инфраструктураны өзгөртүш керек экен. Аны аткарыш үчүн мамлекет карыз алышы зарыл. Бирок, азыр биз карыз ала албайбыз анткени Кыргызстандын карызы ИДПга салыштырганда 60 пайыздан өтүп баштады. Андыктан өзүбүз инфраструктураны өнүктүрүү боюнча фонд түзсөк. Себеби 50 млн доллар болсо анын үстүнө дагы 250 млн доллар инвестиция тартса болот. 300 млн далларга 400 млн карызды тапканга мүмкүн. Бул каражат менен көп ишти жасоого жол ачылат».   

Сапар Исаков «Таза коом» долбоору боюнча буга чейин дагы ишкерлер менен жолугуп, бизнес өкүлдөрүн долбоорду жүзөгө ашырууга салым кошууга чакырган. Ошондой эле 25-апрелде  Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен кезигип, Европа тарап «Таза коом» долбооруна көмөк көрсөтүүгө даяр экени белгилүү болгон. Кыргызстан Японияга да долбоорду иштеп чыгууда жапондук алдыӊкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирген.

«UBS Transit» ишканасынын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу аталган долбоорду ишке ашырууда шаарлардан тышкары айылдарды дагы өнүктүрүү эске алынышы керек деген пикирде:

«Кыргызстандын басымдуу калкы айыл жергесинде жашагандыктан кандай гана проект иш болбосун айыл аймактарына көңүл бурулушу зарыл. «Таза коом» деп аты дагы жакшы коюлуптур андыктан, бул долбоордо кыргыз тилине дагы басым жасалса».

Долбоорду иштеп чыккан топ «Таза коом» программасынын ичинде «Акылдуу айыл» деген айылда жашаган жарандарга багытталган бөлүм бар экенин айтышты.

Исаков бул долбоордун алгачкы жыйынтыктары быйыл октябрдан тарта көрүнө баштарын жана жарандар мамлекеттик органдардан алуучу аныктамалардын 20 түрү электрондук негизде берилерин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *