Шашылыш кабар:

Кыргыз этнопедагогикасындагы изилдөөлөр, абалы жана көйгөйлөрү

Май 4, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
149

0414К.Осмоналиев жана А.Алымбековдун маеги: КЫРГЫЗ ЭТНОПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН

АБАЛЫ ЖАНА ПРОБЛЕМАЛАРЫ

Каныбек Осмоналиев:  Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары, бүгүнкү илимий темабыз абдан кызыктуу деп ойлойм, анткени маектешүүгө арналган темабыз “Кыргыз этнопедагогикалык изилдөөлөрдүн абалы жана актуалдуу проблемалары”, же, кыскача айтканда Этнопедагогика. Менин бүгүнкү маектешим Кыргызстандагы белгилүү окумуштуулардын бири, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, урматтуу мырза Алымбеков Акматалы Алымбекович.

Акматалы мырза. Мына бүгүн урматуу радиоугармандар, адаттагыдай эле түз эфирде иштеп жатабыз. Сиздер бүгүнкү коногубузга этнопедагогика, жалпы эле педагогиканын абалдары боюнча суроолоруңуздар болсо берсеңиздер болот. Телефон адаттагыдай эле (0312) 68-06-06. Анда Акматалы мырза  Сизди “Марал” радиосуна макул болуп келгениңизге чоң рахмат айтабыз. Анткени ишиңиздер абдан көп.  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттер  абдан катуу график менен окутулуусу боюнча кабарым бар. Сабакты окутуу, сапаттуу билим берүү боюнча Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайдын бири болуп эсептелесиздер. Ошонун бир кадырлуу, барктуу болгон “Педагогика” кафедрасынын көп түйшүктүү иштериңизге карабастан келип отурасыз. Эми биринчи суроону берсем, урматтуу Акматалы мырза. Мен өзүм деле пединституттун бүтүрүүчүсүмүн. Педагогиканын тарыхынан баштап, илимий педагогика дегенге чейин  түшүнүгүбүз бар эле, ал эми этнопедагогиканын башаты кандай, кайдан келип чыкты?  Ушул боюнча маалымат берип кетсеңиз.

Акматалы Алымбеков: Эми, бул табигый мыйзам ченемдүү нерсе экен, эң биринчи   Этнопегогика илими элдин турмуштук тажрыйбасынан жаралган. Ал  табигый илимдердин  жана гуманитардык илимдердин башаттары  болуп эсептелет. Табият жагынан келгенде, андан дагы актуалдуу маселе, анткени эч бир улут, эч бир тарыхта да, азыр да бир мезгилде болгон эмес. Кийинки урпагын же баласын өзүнөн да жакшы элдин алдыңкы бир нарктуу адам болсун деп тилек кылбаган, ой максат кылбаган адам жок. Мына ошондуктан, бул эң биринчи педагогика илимди жараткан адамдар, анын башатында турган адамдар булакты кайдан алмак эле. Анын булагы дале болсо, элдин таалим-тарбия тажрыйбалары болгон. Педагогика илимин – чех элинин улуу агартуучусу ХVII кылымда Ян  Коменский негиздеген. Бул улуу инсан өзү билим алып жогорку окуу жайды бүтүп, ушундай ойго келет. Эмне үчүн жанаша жашап,  жери шарты, чөйрөсү деле окшош болуп немец улутундагылар жогорку бийиктикке жеткен деген ой менен чех элинде ушундай потенциал, мүмкүнчүлүк барбы деп изилдеп, чех элинин акылман ойлорун табият, география, физика, математика жөнүндө бардыгын топтой баштайт экен. Ошонун бардыгын топтоп, “Чех элинин акылмандыгы” деген жакшы китеп чыгарган. Тарыхта эң биринчи элдик педагогика боюнча китеп десек да, изилдөө десек да болот. Менин эсимде, Москвада аспирантурада окуп жүргөн мезгилде менин жетекчим  советтик этнопедагогика илимине негиз салган Г.К. Волков ушул Я. Коменскийдин “Чех элинин акылмандыгы” жана “Энелер мектеби” деген китептерин жакшы котормочу таап, орусчага котортуп жүргөн. Кийин айрым изилдөөлөрү которулду, анын которгон кол жазмаларын да көрүп калдым. Ян Коменскийдин бул эле эмгеги эмес, бардык эмгектери балдарды окутуу, тарбиялоо мыйзамдарын аныктоодо, элдик педагогиканын тарбия-тажрыйбаларына таянган. Анын “Улуу дидактика” деген эмгеги дүйнөдөгү эң биринчи классикалык эмгек болуп эсептелет. Окутуунун алтын эржелери деген принциптерди иштеп чыккан. Андан бери 4 кылым өттү, канча жаңылык жаратты, азыркыга чейин ошол фундаменталдуу түшүнүктөр, актуалдуу бойдон калууда. Анткени мында элдин турмуштук практиксаында сыналган принциптер бар.

images (64)Каныбек Осмоналиев: Демек, этнопедагогика бул илимий педагогика менен катар эле педагогика өзүнүн өзгөчөлүгү менен айрыкча элдик тарбиянын тарыхын, маданиятын камтыган өзүнчө бир энциклопедиялык түшүнүк экен да. Бул жерден мындай суроо келип жатат Акматалы мырза. Мен сизди жаш кезиңизден бери билем. Өзүңүз Москвага кантип барып калдыңыз, себеби биздин жаш окурмандарга муну билүү кызык болот.

Акматалы Алымбеков: Мен мурунку суроонун аягына чыгайын. Ян Коменскийден кийин прогрессивдүү чыгаан педагогдордун чыгармачылык ишмердүүлүгүндө элдик педагогикага кайрылыш салт болуп калган. Константин Ушинский да дүйнөдө сейрек кездешүүчү орус классик педагогдоруннун  бири. Коменский эмгектерин жыйнап, системага салса, К.Ушинский “Коомдук тарбиядагы элдүүлүк” деген макалаларды жазды.  XVIII кылымдын аягы XIX кылымдын башында орустарда да француз, немец маданиятына ашкере берилип кетүү болгон да. Орус тарбиясы эчен муундагы, генийлерди, баатырларды тарбиялаган. Ал эми Совет мезгилинде Сухомлинский абдан катаал мезгилде иштеген. Ал дагы ушуларга көңүл бурган. “Улуу педагогдор элдик болушкан – Элдик педагогдор улуу болушкан” деген Г. Волковдун сөзүн ураан катары алсак болот. Эгерде нарктуу, элге сиңимдүү педагог болгусу келген адам эч убакта элдик педагогикага үстүртөн, кайдыгер карабайт.

Каныбек Осмоналиев: Туура, абдан жакшы айттыңыз. Эми өзүңүздүн алгачкы илимий кадамдарыңыз жөнүндө кеп салсаңыз.

Акматалы Алымбеков: Мен жакшы бир шарттарга туш келдим деп ойлойм, анткени Ош пединститутунда окуп жүргөндө бизге Талип Ормонов деген агай сабак берип калды. Анын сабагы башка мугалимдердин сабагынан кескин айырмаланчу. Ал бардык нерсени даяр билим катары айтпайт эле. Аргументи менен, бул теория кайдан келип чыккан, бул түшүнүк кантип келип чыкканы менен түшүндүрчү. Ошол мезгилде “Педагогика” сабагын жандуу турмуш менен байланыштырып, элдик педагогикага, акылмандыкка кайрылат эле. Окутуунун методикалык көрсөтмөлүүлүгү “миң уккандан, бир көргөндө” жатпайбы деп айтчу. Ошондо педагогикага кызыгып калдым, Мен ага чейин педучилищаны бүтүп келгем. Окуп жүргөндө тапшырма берип калды, тапшырманы кааласаңар өзүңөр тандап алгыла деп калды. Мен болсо “Кыргыз эл жомокторундагы” педагогикалык көз караштар деген теманы жазайын дедим. Аны 10-12 беттей жазып алып келсем, бул сенин дипломдук ишиңдин темасы болот, бул кийин кандидаттык ишиндин темасы болушу мүмкүн деди. Андан татаал тапшырмаларды, ар кандай аспектилерден, теориялык жактан кароону берди. Көптөгөн адабияттардан карап чыгууга туура келди, андан кийин дипломдук ишимди жактадым. Агай мага этнопедагогикага кызыгуумду арттырып, артка чегинбей тургандай багыт берип, илимге бекем орнотту. Кийин тагдыр экен, өзү ооруп калып, Г.Волковго телефон чалып, мени ага байланыштырып өзү жөнөттү. Москвада Г.Волковдун жетекчилиги менен кандидаттык илимий ишимди жазып калдым. Кийин башка долбоорлордун үстүндө да иштедик, андан кийин докторлук диссертациямдын жетекчиси да ошол киши болду. Азыр көптөгөн теориялар педагогикада унутулуп калды. Илимдеги бат эскире турган нерселер бул педагогикада анткени, окутуу, тарбиялоо процессиндеги көз караштар, динамикалуу коомдун өзгөрүшү менен сөзсүз түрдө түзөтүү, корректировка кирип турат. Баалуулуктар өзгөргөн сайын педагогикада адамды тарбиялоо, окутуу да өзгөрөт. Мына ошол көптөгөн белгилүү педагогикада бир мезгилде аты дүңгүрөгөн педагог-классиктерибиздин теориялары унутулгандан кийин, аты калып, ал тарыхка айланып калат экен. Г.Волковдун ушул этнопедагогика боюнча негиздеген илим тармагы, абдан актуалдуулукка ээ болуп жатат. Анткени улуттар өзүн-өзү иденттүүлүгүн издөө процесси абдан динамикалуу болуп жатат. Ал элдик педагогикасыз мүмкүн эмес.

images (2)Каныбек Осмоналиев: Менин билишимче, андан кийин Сиз кандидаттык диссертацияны коргоп тим болуп калбастан, аны жогорку деңгээлде уланта алдыңыз, азыр илимдин докторусуз. Мен өзүм физикмин, физик катары, илимдин сырттан түшүнгөн адам катары баскан-турганыбыздын бардыгы педагогика деп билебиз. Убагында азыр айтсаңыз, эсиме түшүп жатат “Советтик педагогика” деп да окуганбыз. Элдик педагогика менен этнопедагогиканы катар эле колдонобуз. Анын айырмасы барбы?

Акматалы Алымбеков: Туура суроо бердиңиз, анткени биз дагы гезит-журналдарга, айрым учурда ушул терминдерди чаташтырып калган учурлар бар, мунун айырмачылыгын китепке жаздык. Эми элдик педагогика деген эмне? Бул элдин фольклердо, каада-салт формасында жашаган, балдар оюндары, майрамдар, жөн гана турмуш формасында жашаган элдик тарбия, б.а. турмуш практикасы. Ал эми ошону изилдеген илим бул этнопедагогика, б.а. элдик педагогика боюнча теориясы бул этнопедагогика. Муну элестүү айтсак бир эки китепти алалы. Экөө тең Манас эпосундагы педагогикалык ойлор деген китеп болсун. Биринчисинде, Манастан алынган эң учкул таасирдүү тарбиялык саптар болсун. Экинчисинде, ошолорду анализ кылган аналитикалык материалдар болсун. Анын биринчисинде элдик педагогика болот, анткени жөн гана фольклердо чагылдырылган элдик тажрыйбанын өзү. Ал эми ошого анализ жүргүзгөн, илимий корутундуларды жасап, жаңы билим жараткан тармак этнопедагогика болот.

Каныбек Осмоналиев: Этнопедагогика бул фундаменталдык илим экен да. Физикада, математикада, химияда, биологияда табигый илимдерде фундаменталдык анан барып прикладдык деп каралат. Эми “Марал” радиосунун угармандар сиздерге дагы бир жолу эсекртип кетейин, биздин телефон 0312 68-06-06 номерине кызыктырган сурооңуздар болсо жооп берүүгө даярбыз.

Дүйнөлүк этнопедагогиканын контекстинде, балким Орусиянын этнопедагогиканын контекстинде, биздин кыргыз элинин педагогикасынын абалы кандай? Ушул жөнүндө айтып берсеңиз, Кыргызстанда бул илим кандай өнүгүп жатат?

Акматалы Алымбеков: Кыргызстанда жетишкендиктер жакшы деп айтсак да болот, азыркы процессти алсак өксүк жактары да бар деп айтсак да болот. Жакшы жактары кайсылар? Биринчи жолу бизде Манас эпостун этнопедагогикасы. Манас эпосунун материалында биринчи жолу 1972-жылы Т.Ормонов тарабынан диссертациялык иш жакталган. Абдан жогорку сапаттык деңгээлдеги аткарылган  диссертациялык иш болгон. Анда жөн гана эпосту педагогикалык булак катары изилдөөнүн методологиясы, методу да эмгекте жакшы жолго коюлган. Аны үлгү тутуп башка республикаларда диссертациялар жакталды. Экинчи бир кыргыз этнопедагогикасындагы жетишкендиктер биринчи жолу кыргыз этнопедагогикасын мугалимдерди даярдоодо колдонуунун концепциясын иштеп чыктык. Белгилүү өлчөмдө менин докторлук жумушум да ошол болду. Анткени азыркы учурда элдик педагогикалык баалуулуктарды муундан-муунга өткөрө ала турган ата-энелер тилекке каршы, азайып бара жатат. Ошол баалуулуктардын маани-маңызын жеткилең түшүнбөгөн ата-энелер бар, аларда күнөө жок. Ошонун ордун мугалим аткарыш керек, мугалим элдин маданиятынын баалуулуктарын өткөн замандын, азыркынын жана келечектин ортосунда көпүрө болуш керек. Мугалимдин эң биринчи компетенттүүлүгү элдик педагогикалык маданиятты, элдин адеп-наркты алып жүрүүчүсү, ташуучусу, өткөргүчү болуш керек. Ошол боюнча кандай чен өлчөмдө жооп бериш керек, кандай мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү стандарттары эске алынып, критерийлерди иштеп чыктык. Убагында Мен Ош мамлектеттик университетте иштеп жүргөндө, 1990-жылдардын башында “Кыргыз этнопедагогикасы” деген окуу дисциплинасын киргизгенбиз. Андан башка жогорку окуу жайларга таркады. Эң кызыгы этнопедагогикалык практика дегенди киргиздик. Ошол убакта жетекчилерибиз айкөлдүк кылып, бардык сунуштарыбызды, демилгелерибизди колдошкон. Без названия (22)

Каныбек Осмоналиев: Ушул жерден мен кечирим сурайм, менимче Ош педагогикалык институту, андан кийин Ош мамлекеттик университети, Кыргыз билим берүү академиясында, азыр Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеп жатасыз. Улуу педагогдорубузду, агай-эжелерибиздин аттарын “Марал” радиосу аркылуу айтышыбыз керек го.

Акматалы Алымбеков: Ооба, Талип Ормонов, Жолчубек Бешимов, Нурлибаева, Измайлов академик окумуштуу, Бекенбай Апышов агайыбыз жакында көзү өтүп кетти. Булардагы өзгөчөлүк ошол улуу муун башкаларга убактысын бөлгөн, башкаларды өстүрүүгө өзүнүн парзы катары көрүшкөн.

Каныбек Осмоналиев: Кечиресиз, түз эфирден суроо болуп жатат. Сурооңузду угалы, саламатсызбы?

1-угарман: Саламатсыздарбы, атым Каныбек.  Акматалы агайга мындай суроом бар эле. Жанатан бери кунт коюп угуп отурдум эле. Этнопедагогиканы иштеп чыктык, жаздык, программасын түздүк деп айтып жатасыз. Ошолордун баары окутулуп жатабы? Бул биринчи суроом. Экинчиден, бизде Кыргызстанда мамлекеттик мектептердин саны азайып, жеке менчик мектептерге өтүп калдык. Ал жерде кандайдыр бир чет тилде окутабыз. Ошолордун программасы менен иштеп стандарттары менен өтүп калды. Мисал катары, жакында билесиздер “Себат” системасын токтоткула деп Турциядан буйрук бере башташты. Ушулардын баары акыры келип-келип отуруп, сиздерге окшогон педагогдор бир жыйынтыкка келесиздерби, кайрадан кыргыздыкына кайрылабызбы? Себеби дегенде акча берет экен деп эле чет элдин программасында окута берсек, анда эмне болобуз. Алар да акчаны бекер бербейт экен да. Орустар айткандай “Кто платит, тот заказывает музыку” деп, билим системасында ушундай болуп жаткан жокпу? Рахмат.

Каныбек Осмоналиев: Кызык суроо болду, кулак Сизде.

Акматалы Алымбеков: Эң туура суроо болду, эми менчик мектептер бир жагынан демилге, экинчи жагынан булардын окуу программалары мамлекет тарабынан бекитилет. Ошондой болсо дагы өтө кылдат карашыбыз керек.

Каныбек Осмоналиев: Туура, Каныбек мырза ошого басым жасап жатат. Мисалы, Оксфорд мектеби, орустардын, кытайлардын, түрктөрдүн мектеби, керек болсо “Дастан” акционердик коомдун жанына еврейлердин мектеби ачылыптыр. Менин түшүнүгүм боюнча Каныбек мырза,  формалдуу түрдө стандартка тууралап бекиткени менен, биздин кыздар-балдарыбыз ошол элдердин үрп-адатын ээрчип кеткен жокпу деп, ошого басым жатап жатат го. Алар да өздөрүнүн этнопедагогикасын окутушат да.

Акматалы Алымбеков: Менчик мектеп айрыкча тынымсыз байкоого, монитринге муктаж. Ар кандай мамлекеттерден келип жаткан мектептер өтө тыкыр кыргыз элине, кыргыз мамлекетинин стратегиялык максаттарына шайкеш келген мазмун, максат менен иштеш керек, буга атайын тыкыр эксперттик анализ, текшерүү керек. Бул ойлондура турган маселе.

images (63)Каныбек Осмоналиев: Мен кечээ жакында эле угуп калдым, Жогорку Кеңеш чет элдиктер ачкан менчик мектептерге салык боюнча жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзам кабыл алышты. Мен мурда буга каршы болуп жүргөм. Эми сөзүбүздү андан ары уласак. Сиз Кыргызстандагы педагогиканын борбору болгон Билим берүү Академиясына келдиңиз. Ушул боюнча айтып берсеңиз. Атактуу окумуштуу педагог Исак Бекбоев менен иштеп калдыңыз да. Кечиресиз, дагы бир суроо бар экен. Угуп жатабыз, айта бериңиз.

2-угарман: Мен сиздерден кечирим сурайм. Сиз көптөгөн жеке менчик мектептерди айтып кеттиңиз, мен бирөөсүн гана Турция мамлекети жөнүндө айтып жатам. “Себатта” ушул система туура, кандай жакшы жыйынтыктарга жетип жатабыз деп биздин кыргыз мугалимдери айтып жатышат го. Башка европалык мектептерди айткан жокмун, алар андан беш бетер бизден жаап-жашырышып окутушат. Алар эмнени окутуп жатышканын биз билбейбиз, көрө элекпиз. Себеби дегенде Акматалы агайдын этнопедагогика, элдик деп айтканы мага жагып жатат. Эгерде бизде фундамент элдик болуп, суроо-талап азыркы замандын талабы боло турган болсо, анда биздин кыргыз мамлекетинде билим системасы ордуна келет деп ойлойм. Рахмат.

Каныбек Осмоналиев: Каныбек мырза өзүнүн суроолоруна өзү жооп берип койду окшойт.

Акматалы Алымбеков: Жанатан айтпадыкпы, кыргыз балдары билим алган жерде  билим берүүнүн, тарбиялоонун мазмуну кыргыз улутунун, мамлекетинин салтын, тарыхын, психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып окутуш керек. Кыргыз баласынан биз кимди көргүбүз келет? Ошол баалуулуктарды гана тарбиялай турган мекеме болуш керек. Башка жакка буруп кетүү деген бул опурталдуу нерсе. Билим берүү жакшы, адамды өнүктүрөт, бирок, адамды башка жолго жетелеп кетүүчү эң күчтүү каражат.

Каныбек Осмоналиев: Дагы бир суроо бар экен. Темабыз абдан кызыктуу болуп жатат, угуп жатабыз.

3-угарман: Саламатсыздарбы, ушул чет элден келген мектептик системага милдеттүү түрдө кыргызча окутуу, кыргыз тарыхын окутууну киргизип койсо кандай болот? Азыр башкалардын үрп-адатын эмес, биздин балдар кыргыздын үрп-адаттарын унутуп жатышпайбы.

Акматалы Алымбеков: Эң туура, мен ачыгын айтканда тикеден-тике тиешем болбогондон кийин окуу пландарын анализдеп, изилдеп көргөн эмесмин. Бирок, угармандын айтканы абдан туура, мен ага кошулам.

Каныбек Осмоналиев: Ооба абдан туура суроо коюп жатат, ошол эле ачылып жаткан түрк, кытай мектептери болобу, аларда биздин мамлекеттин улуттук бөлүгү болуш керек да.

Акматалы Алымбеков: Маселен, биздин университеттен үлгү алса болот. Биздин университеттин максаты, биринчи Кыргыз улутуна кызмат кыла турган, дүйнөлүк аренада кыргыздарды тааныта турган, дүйнөлүк деңгээлде иштей ала турган кадрларды чыгарабыз деген ой-тилек менен иштеп жатабыз. Бул жерде кыргыз элинин баалуулуктары биринчи планда турат. Андан башка сабактары жетиштүү көлөмдө окутулат.

Каныбек Осмоналиев: Акматалы мырза, өзү биз окумуштуулар пассивдүү болуп жатабызбы дегендей болуп жатат. Ушул жигиттин суроосу ошого ыңгайлаштырып берип жатат да. Мисалы, Билим берүү академиясы, бул Билим берүү министрлигинин алдында түздөн-түз байланышта болуп, ушулардын бардыгы кол алдында болуш керекпи дейм. Стандарттар, мектеп программалары, окуу пландары ж.б., себеби чар жайыт болгондой болуп жатат. Сырттан таңуулаган пландар келип жаткандай.  images (66)

Акматалы Алымбеков: Кыргыз билим берүү академиясы, мурда өзүңүз билгендей ушуга окшогон маселелердин бардыгын тейлешчү, анын статусу тынымсыз эле өзгөрүүгө муктаж болуп жатпайбы. Ал жерде да кызматкерлердин функциялары чектелип калган. Окуу китептеринин да экспертизадан өткөргөн укуктарын алып койгон эле. Бирок, ошондой болсо да кайрадан колго алышып, жаңы статусун да, функцияларын да толук билбейм. Эгер укук берилсе, менчик мектептерди барып монторинг жүргүзгөнгө, программаларын эксперттен өткөргөнгө Кыргыз билим берүү академиясында адистер бар.

Каныбек Осмоналиев: Дагы суроо бар экен, суроо угалы.

4-угарман: Саламатсыздарбы, менин атым Адыл, Бишкектен. Мектептеги программалар боюнча жакшы маселе көтөрүлүп жатат. Бизде орус класстарында 5-6-класстын орус тил китебинде эң биринчи темасы “Библия” да, ошол маселеге эч ким көңүл бурбайт. Башка чет элден түзүлүп жаткан мектептерден мурда өзүбүздүн Кыргызстандын орус тилдүү мектептеринин окуу пландарын карасак дейм. Рахмат.

Каныбек Осмоналиев: Адыл мырза абдан дискуссия боло турган суроону берип жатат. Чыныда эле “Библияны”, “Курандын” элементтерин окутуу, айрыкча Чүй областында, Бишкекте, Ошто болуп жатканы жашыруун эмес. Мен да канча азабын тарттым. Билим берүү министрлигине билгизбей эле окутуп жаткандары бар. Демек, Сиздерде идеологиянын чоң максаттары турат экен да. Дин менен педагогиканын байланышы боюнча, жалпы эле билим берүү системасында, ушул багытта иштеген окумуштуулар барбы?

Акматалы Алымбеков: Тикеден-тике функционалдык милдетине кирген адамдар тилекке каршы жок. Бул билим берүү мыйзамында жазылган. Тилекке каршы жанагы айткан фактылар бар экени анык. Аны дагы билим берүү мазмунуна, мектептерде окутуу практикасынын кайсы багытта жүргүзүлүп жатканын мониторингин Кыргыз билим берүү академиясына берип, сураса болот.

Каныбек Осмоналиев: Адыл мырза бул суроону бекеринен берген жок. Россиянын президенти В.Путин жаңы билим берүү министри Васильеваны дайындап жатканда мен өткөндө бир нерсени байкадым. В. Путин: “Ал киши диндин тарыхы боюнча күчтүү адис. Бул адисти Билим берүү министрлигине бекер койгон жокмун, орустардын баалуулуктары, этнопедагогикасы таланды болуп жатат” деп билдирген. Дагы бир суроо болуп жатат, суроону угалы.

5-угарман: Саламатсыздарбы, бүгүнкү теманын алкагында менде суроо бар эле. Педагогиканы биз жалпысынан тарбия деп тааныйбыз да. Тарбия бүгүнкү күндө коом, айрыкча жаш өспүрүмдөр үчүн маанилүү. Бирок жанатан бери радиону угуп отуруп, россиянын классик педагогдору, же болбосо элдик, этнопедагогикасы болобу баары мактоого татыктуу болуп жатат дагы, бизге жакын болуп келген тарыхтан, улуттук өзгөчөлүктөрү менен болгон элдердики чочулоо менен каралып жатат. Ошону түшүндүрүп бериңиздерчи.

Каныбек Осмоналиев: Ушул суроого макулсузбу, суроо менимче адилет коюлуп жатат. Биздин өзүбүздүн элдик педагогдор жөнүндө сөз кылсаңыз.

Акматалы Алымбеков: Биздин баалуулуктар абдан көп кырдуу, терең маанилүү. Ал боюнча суроого жете элек. Азыр илимдин тарыхы боюнча айтып келе жаттык эле. Алсак, кайсы гана биздин оозеки айтылып келген мурастарыбыз болбосун, эң биринчи планда, адам баалуулуктары, тарбиялоо маселеси, өзөктүү бир проблема катары алдыңкы каратга чыгат да. башканы коюп Манасты айт дегендей, мисал катары Манасты айтып көрөйүн. Манас – тарбия темасы менен башталып, тарбия темасы менен бүтөт. Тарбиянын биринчи предмети балалуу болуу баалуулугу менен башталат. Манастын балалык чагы деген бөлүм бар. Педагогикадагы эң өзөктүү маселеси ушул жерде каралат. Жакып байбичесине айтып жатат: “Карасаң, баламдын акылы аз, байлыкка мас. Андан көрө койчуга малай кылып берели. Сөз айтууга жатыксын, сөөгү бышып катыксын”. Карабайсызбы, Манасты кантип баатыр болду, кантип эл башчысы деген суроого эпос өзү жооп берет. Бул тарбиянын продуктусу, тарбиянын жемиши. Манас кичинесинде карапайым элдин арасында кой багып, карапайым балдар менен бирге уктап, эмгектин мээнеттин баркын түшүндү. Ошон үчүн кийин адамдарын баркына жетти. Кичинесинде теңтуштарынын лидери болду, кийин элдин лидери болду. Мында калыптанбаган, түптөлбөгөн нерсе болбойт деген түшүнүккө келебиз. Илимий педагогикагы акыйкат “Манас” эпосунда айтылган. Манас дүйнөдөн кайтып жатканда Каныкейге кайрылат экен: “Мен өлүп, менин артыман сен өлүп, Семетей жетим калып өрт өчкөндөй болбосун. Андан көрө хан өлгөндө, катынга кайын жакын болчу эле. Семетейди алып кайынга качып кет. Мына ошол жерде жетим деп аты аталбай, нарктуу жигит Ысмайылга бактыр. Ысмайылдын баатырдык тарбиясын алсын. Эгерде менин купулума толоорлук тарбияласаңар, 12 жашка чыкканда ошондо айтасың”-дейт. Мына карасаңыздар бул дүйнөдөн көз өтүп кетээр алдында бала тарбиясы жөнүндө ойлонуп жатат.

Каныбек Осмоналиев: Дагы бир суроону угалы.

6-угарман: Каныбек Осмоналиевич мен кайрадан чыгып жатам, кечирип коюңуздар. Акматалы агай таарынбасын, бирок “мен билбейт экенмин” деп кайра-кайра эле жооп берип жатат. Биз, бала түшүнбөгөн китеп чыгып жатат, бул китептин мазмуну мындай экен деп айтып жатабыз да. Билим берүү академиясында деле ушундай эле жооптор бар. Сурай келсең эле так жооп беришпейт, билмексен болушат. Мындай туура эмес да, кичине болсо да жоопкерчилик болсо, педагогдор ушундай айтып жатсаңыздар, чынында “бардак” болуп жатат да. Жеке менчик мектептерде “налог” жагын жеңилдетип койду, алар жыргап эле калышты. Жакында эле Жылдыз Муслимованын программасында ал деле айтып жатат. Эгерде Кыргызстанда бизде кыргыз мектептерин жамандабай, жеке менчик мектептерге миң-миңдеген акчаларды төлөп берип жатабыз. Ошентип, кыргыз мектептерине ошончо акча төлөп берсек, кыргыз мектептеринде укмуштуудай болмок. Биздин өзүбүздүн балдарды башка жакка түртүп жатабыз. Мисалы, Японияда башталгыч класста жалаң гана япон тилин, үрп-адатын этносун окутат. Кийин бала 7-8-класска барганда гана башка сабактарын окутушат экен. Бизде педагогика системасында чоң форум өткөрбөсө болбой калды. Рахмат.

images (62)Каныбек Осмоналиев: Менимче, Бул суроону мен депутат болуп жүргөндө “Парламент” радиосунан да көтөрүп жүргөнсүз. Чынында, бул маселе абдан жакшы, түз коюлуп жатат. Жалпы эле интеллегенциянын бүгүнкү абалы, азыркы учурга келип оуруп сиздердей окумуштуулардын сунуштары, билим берүү министрлигинде кабыл алынбай жатканын мойнубузга алышыбыз керек. Бирок, бул багытта тынымсыз иштей беришибиз керек. Элдик педагогиканы өткөн элдин энчиси катары кабыл алып жүрүшүбүз керекпи. Каныбек мырзанын айтканы ушул болуп жатат. Же болбосо бүгүнкү күндөгү заманбапка туура келген изилдөөлөрдү жүргүзүп жатасыздарбы?

Акматалы Алымбеков: Элдик педагогиканы актуалдаштырбай туруп, аны мектептерде колдонбой, кагаз, китеп бетинде кала берсе, анда кыргыз баласы, кыргыз болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн мезгилинде “Адеп” сабагы киргизилген эле. Ошол баалуулуктары кыргыз мектептеринде ата-бабаларынын адеп-наркынын алып жүрүүчүсү, кийинки муунга ташуучусу болсун деген ой менен ачылган. Белгилүү өлчөмдө ал өзүнүн парзын, милдетин деле аткарган жок. Аткарган жагы да бир, айылга барып калганда карапайым элдин пикири боюнча позитивдүү жоопторду алганбыз. Карапайым элдин атканы боюнча “Адеп” сабагы жакшы турбайбы, көчөдөн балдар алыстан чуркап келип салам берип калышты. Тилекке каршы бул башка сабактардын ичинде интегарцияланды деген мамиле менен “Адеп” сабагы кыскарып калды.

Каныбек Осмоналиев: Эми чынында Сиздин бүгүнкү “Марал” радиосуна келип көтөргөн маселеңиз абдан актуалдуу. Бүгүнкү күндөгү глобалдаштыруу, ааламдаштыруу процессинде биздин өзүбүздүн маданиятты, үрп-адатты, салтты кармай турган механизмдердин бири этнопедагогика. Менимче, Акматалы мырза сиз менен фундаменталдык түшүнүктөр боюнча сөз кылдык. Биздин окурмандар кызыгып, кээ бирлери нааразы болуп суроо берип жаткандарына биз туура түшүнүшүбүз керек. Себеби бул жерде педагогиканын саясаты, көйгөйлөр жөнүндө сөз болуп жатат. Мен да “Марал” радиосунун алып баруучусу катары “Илим жана турмуштун” алкагында буюрса, алдыда Министрликтин жооптуу кызматкерлерин чакырып, Сиздердей окумуштуулар менен баарлаштырып, форум, тегерек стол өткөрүп көйгойлордү чечпесек болбойт. Кийинки учурларда, чынында эле менчик мектептер, чар-жайыт программалары менен окулган мектептердин саны абдан көбөйүп кетип жатканы бизди тынчсыздандырат. Тилекке каршы убактыбыз аяктап калды.

Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары бүгүн сиздердин назарыңыздарда педагогика илимдердин доктору, профессор Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы Акматалы Алымбеков болду. “Марал” радиосуна келип, маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат, эфирде дагы жолугушарбыз. Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары бүгүн “Илим жана турмуш” берүүсүнүн алкагында Сиздер менен этнопедагогика маселесин карадык. Эфирден жолугушканга чейин саламатта болуңуздар!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *