Шашылыш кабар:

Жер көчкү алган өмүрлөр, өкмөттүн жыл жыйынтыгы…

Апрель 30, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
59

18198220_308959662866239_208985817909969061_n

Узап бараткан аптада Өзгөн районунда жер көчүп 24 адамды басып калды. Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2016-жылдагы отчету каралып, ал депутаттардын колдоосуна ээ болду. Президенттик шайлоонун мөөнөтүн октябрь айына белгилөө сунушталды.


Жер көчкү 24 адамдын өмүрүн алды…

Өзгөн районунда 24 адам жер көчкү алдында калды. Жаратылыш кырсыгы 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында болгон. Буга байланыштуу президент атайын билдирүү жасап, 30-апрель Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

29-апрелдин таңында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында болгон жер көчкү 7 турак жайды басып калып, көчкүнүн астында 24 адам калган. Көчкү түшкөн үйлөрдүн бирөөндө эч ким жашаган эмес, ал эми калган алты үйдө алты үй-бүлө болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тараткан маалыматы боюнча көчкүнүн көлөмү 1 млн м3 деп болжолдонууда.

Кырсыкка байланыштуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев видео кайрылуу жасады. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан видео кайрылууда өлкө башчы көчкү баскан аймактагы тургундарга буга чейин ал жерден көчүү тууралуу эскертүү берилгени менен жарандар ал талапты аткарбаганына токтолгон:

«Бүгүн Кыргызстанда, тилекке каршы, кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районунда кичинекей айылды, он чакты үйдү басып калды. Жетөөсүндө киши жашап жаткан дейт. Бирок, баарынан кейиштүүсү, эки-үч күн мурун барып, көчкүлө десе укпай, «көчпөйбүз» деп, ошол жакта жашаган биздин мекендештерибиз такыр болбой коюптур.

Мен деле айылда өскөм. Көчкүсү келбегендерди да түшүнөм. Жазында даяр жайыт турат, көчкүсү келбейт. Бирок, макул сен үйдүн кожоюну көчкүң келбесе, балдардын эмне убалы бар? Малдын башы балдардын башынан артыкпы? Малдын жаны баланын жанынан артыкпы? Ошол балдар аман калса, малын да сатып берет. Ишкер болот. Мүмкүн президент болмок ошол балдар».

Кырсык болгон аймакка президенттин тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Мамлекет башчысы ошондой эле жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана жабыр тарткандарга жардам берүүнү тапшырды.

Ал эми жер көчкү жүргөн Аюу айылындагы жарандарга буга чейин ал жер коопту экени айтылып, көчүп кетүү тууралуу эскертүүлөр берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова дагы тастыктады.

Министрликтин кабарлашынча көчкүдө калган турак үй ээлерине 2017-жылдын 28-март күнү ӨКМнин мониторинг департаменти тарабынан жана айыл аймак тарабынан  коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча жеке эскертүүлөр берилген.

Шерипова жаратылыш кырсыгы тууралуу «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөргө токтолду:

«Жер көчкүлөр кардын, жаандын көп жаашынан жана жердин катмары дагы жакшы тоңбой борпоң болушунан улам көп жүрүп жатат. Кээ бир аймактарда жер титирөө дагы таасирин тийгизүүдө. Жаздын келиши менен да жер көчүү коркунучу күч алды. Жыл башынан 21-апрелге чейин эле түштүк аймакта 106 жер көчкү катталган. Алардын 50дөн ашыгы адамдын өмүрүн алып кеткен же инфраструктурага зыян алып келген жер көчкүлөр болуп саналат. Кыргызстанда 8 жылдын ичинде жер көчкү дээрлик 8 эсе өскөн».

ӨКМнин алдын ала маалыматы боюнча 2003-жылы көчкү жүргөн айылдагы 3 үй-бүлө мамлекет тарабынан ссуда алган, бирок жарандар ошол эле аймакка кайра 4 үй куруп алышкан.

Кырсыкка байланыштуу Кыргызстанда 30-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койгонун  мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Ал эми көчкүдө калган кишилерди куткаруу иштерине 400 адам тартылды. Ошондой эле оор техникалар дагы иштеп жатат.

Учурда коопсуз аймакка 40ка жакын үй-бүлөнү көчүрүү иш-чаралары уюштурулуп жатат, көчкү катталган жерде 5 орундуу 30 даана  чатыр,  30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары жеткирилген.

Кырсык болгон Аюу айылына Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, парламент депутаттары барып жабыр тарткандар менен жолугушту. Анда Турсунбеков жер көчкүдөн жапа чеккендерге төраганын фондунан каражат бөлүнөөрүн убада кылды.

Ошондой эле Аюу айылынын тургундарынын жалпы тизмеси түзүлүп,  ыкчам түрдө жергиликтүү тургундарды коопсуз жерге көчүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзгөн районундагы жер көчкү болгон айылга барган учурда белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жер көчкүнүн алдында калган жарандардын болжолдуу тизмесин жарыялады:

1.К.И. (эркек киши) (аялы, 2 уулу, 2 кызы болгон)-6 жан.

2.К.М. (эркек киши) (1кызы).-2 жан.

3.Р.Х. (эркек киши) (аялы, 1 кызы, 2 небереси)-5жан.

4.Р.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу,1 кызы)-4 жан.

5.Р.И.дин (эркек киши)1 уулу болгон.-1 жан.

6.К.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу, 1 небереси, 1 келини, 1 уулу)-6 жан.

Жалпы: 6 үйдө 24 жаран.

SAB_6571

Парламент өкмөттүн жыл жыйынтыгын жактырды

27-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 2016-жылда аткарган иштери туурасында отчет берди.  Анда былтыркы жылдын бюджети 93 пайызга аткарылганы айтылды.  Ошондой эле депутаттар коопсуз шаар,   электр энергияга болгон баа саясаты жана мектептерди интернет менен камсыз кылуу боюнча маселелерди көтөрүштү. 98 депутат  Жээнбеков баштаган министрлер кабинетинин ишин «канааттандыраарлык» деп баалап, аткаруу бийлигинин ишин жактырды.

Өкмөттүн маалыматы боюнча былтыркы жылдын  бюджети 93 пайызга аткарылган. Сооронбай Жээнбековдун ишендиришинче өткөн жылы экономикалык өсүш 3,8% түзүп,  ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40% инвестиция тартылып, экспорттун көлөмү 5,1% өскөн:

«Бюджет боюнча өкмөт корголгон беренелерди жүз пайыз аткарды. Ошол эле мезгилде7,5млрд сомго көбөйттүк. Экинчи экспорт боюнча 5,1 пайызга көбөйдү. Кайра иштетүү ишканалары боюнча 2016-жылы 73 орто ишканалар ишке кирди. Андан сырткары союздан бери келе жаткан ишканаларды ишке киргизүү боюнча каражаттар табылды».

Ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга келчү чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4% төмөндөгөн.

Депутаттар  жол кырсыктары боюнча дагы маселени көтөрүштү. «Республика-Ата Журт» фракциясынан  депутат  Бактыбек  Райымкулов былтыркы жылга салыштырмалуу үч айлык статистиканы алганда жол кырсыктары 13 пайызга көбөйгөнүн айтып, 2016-жылдагы көрсөткүчтү өкмөттөн сурады.

2017-жылы үч айдын ичинде 1169 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 148 адам каза болуп, 1686 киши ар кандай жаракаттарды алганын билдирди. Негизги себептер катуу ылдамдык, каршы тилкеге чыгуу, туура эмес манёврларды жасоо жана автоунаалардын санынын көбөйгөндүгү болууда.

Мындай көйгөйлөрдү  чечүүнүн бир гана жолу коопсуз шаар доолбоору экенин  депутаттар белгилешет. Беш жылда беш министр алмашса дагы бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай келгение токтолуп, качан ишке кирет деген гана суроо узатылды. Буга Сооронбай Жээнбеков  «Коопсуз шаар» «Таза коом» долбоорунун алкагында ишке аша турганын билдирди.  Ал үчүн каражат булагы такталууда:

«Азыр иштеп жатабыз. «Таза коом» долбоору боюнча Коопсуз шаар дагы ишке кирет. Азыр тапшырмалар берилди. Каражаттар табылып жатат. Эми бул проекти өзүнчө жумушчу топ дагы түзүлдү. Андыктан бул долбоорду тез арада ишке ашырууга  аракет кылабыз».

Жаңы салынган жолдордун чекесинен жарактан чыгышы боюнча дагы маселе козголду. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов июнь айында  Орусиядан жолдордун сапатын текшере турган лаборатория алынып келинет дейт:

«Жолдун сапатын көзөмөлгө алабыз. Лабораториядан баардык жолдорду текшеребиз. Июнь айында Орусиядан эки лаборатория алынып келинет. Бул 20 жылдан бери келбей жүргөн. Андан башка техкомитет түзүлдү».

Өнүгүү-Прогресс  фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов электр энергиясына болгон тарифтер  боюнча элдин нааразычылыктарына токтолду. Эл өкүлү электр энергиянын 1кВт сааты  2сом 16 тыйындан качан түшөөрүнө кызыкты:

«Тарифтер боюнча атайын программа иштелип чыкты. Ошонун негизинде тарифтер боюнча иш алынып барылат. Азырынча кандай кылабыз белгисиз».

Электр энергиясына тарифтер боюнча атайын программа иштелип  жатат. Анда муктаж адамдарга жеңилдетүү жагы гана каралат. Ал эми колунда барларга арзандатуу эске алынган жок.  Белгилей кетүүчү жагдай, калктын 80% 700 кВт/саат электр энергиясын керектешет. Калган 20% – камсыздандырылгандар, алар электр энергиясына 2,16 сомдон төлөй алышат.

Ошондой эле, өкмөттүн отчетунда 1-ноябрга чейин Кыргызстандагы баардык мектептер интернет менен камсыздалаары белгилүү болду. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 2017-жылда жалпы 775 мектепке интернет кире турганын, анын 80 пайызын  1-сентябрга чейин бүткөрүү каралганын кошумчалады.  Ал үчүн учурда IT адистерди Минск шаарынан окутуу каралып жатат, дейт ал.

«Мектептерди интернет менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Буюрса 1-ноябрга чейин  Кыргызстандагы баардык мектептер интернет менен камсыздалып бүтөт . Учурда каражат жагы чечилип жатат. Анын ичинде биздин адистерди окутуу дагы камтылыган».

Ал эми туризм боюнча мамлекеттик компанияны түзүү демилгеси көтөрүлдү. Эгер түзүлсө, анын карамагына туристтик 60 объект өткөрүлүп берилээри айтылды. Премьер-министрдин маалыматка ылайык, мамлекеттик компания түзүлүп калса, анын башкаруусуна өлкө аймагындагы Арстанбап, Таш-Рабат сындуу туристтик объектилер берилет.

Жыйынтыгында 98 депутат өкмөттүн отчету «канааттандыраарлык» десе, 9 депутат «начар» деген баасын берди.

AD9A3087-8748-451E-A79C-EA0F1E1117B7_cx0_cy4_cw0_mw1024_mh1024_s

Президенттик шайлоону октябрда өткөрүү сунушталды

Президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу маселени Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Ата Мекен» фракциясы көтөрүп чыккан. Алар Конституцияга таянып Кыргызстанда президенттик шайлоону 27-августта өткөрүүнү сунуштаган. Бул маселе коомчулукта кызуу талкууга алынып, президенттин аппаратына чейин жетти. Шайлоонун мөөнөтүнө байланышкан талаш-тартыш парламентте каралып, айрым депутаттар шайлоону 1-октябрда же 15-октябрда өткөрүүнү демилгелеп чыгышты. Өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев октябрь айы шайлоону өткөрүүгө ыңгайлуу дата экенин айтып, Жогорку Кеңештин ишин сынга алды:

«Эгерде шайлоону октябрь айында кыла турган болсок бул убакытка төрт ай калганда Жогорку Кеңеш шайлоону аталган айда өткөрүү боюнча чечим чыгарыш керек. Негизинен бул ай оппозицияны дагы бийликти дагы нааразы кылбай турган жакшы убакыт. Ал эми бул чырдын чыгышына Жогорку Кеңештин шалаакылыгы, тажрыйбасыздыгы себеп болду. Парламент, президент алты жыл иштеп кете турганын билип туруп шайлоо кодексиндеги мүчүлүштүктөрдү оңдоп койбогону өкүндүрөт».

«Ата Мекен» фракциясы президенттик шайлоо октябрь айында өтсө деле маселе чечилбесин билдиришүүдө. Алар шайлоону август айында өткөрүү керектигин айтып келишет. Фракциянын катчылыгынын орун басары Канатбек Азиз октябрь айында шайлоо болуп, эгер ал экинчи турга өтүп кете турган болсо убакыт жетишсиз болуп калат деп кооптонууда:

«1-октябрь болобу же 15-октябрь болобу шайланган президенттин 1-декабрда иштеп кетишине бул мөөнөт жетишпейт. Ошол эле учурда шайлоонун экинчи турун дагы эске алышыбыз керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны карасак кээ бир өлкөлөрдө президент алдын ала шайланып, ишке киришүү мөөнөтүн күтүп турат».    

«Атамекенчилер» Баш мыйзамга ылайык, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аякташы керек. Эгер шайлоо ноябрь айында өтө турган болсо жаңы шайланган президент Конституциядагы көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, мыйзамдардын бузулушуна алып келиши мүмкүн дешүүдө.

БШКнын мүчөлөрү дагы шайлоонун мөөнөтү боюнча кайчы пикирде. Айрымдар «Ата Мекен» фракциясынын демилгесин коомду адаштыруу аракети десе, айрымдар шайлоо кодексинде мүчүлүштүктөр бар экенин моюнга алышууда.  БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов Боршайком мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча иш алып барат дейт:

«БШК аракеттеги мыйзамды аткарышыбыз керек. Колубузда шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтүшү керек деп турат, ошого жараша иш кылабыз. 74-беренеде ЖК «президенттик шайлоону жана референдум дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алат» деп жазылып турат. Андыктан, шайлоону дайындоо боюнча парламенттин гана укугу бар».

Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев депутаттарга «Президентти жана Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамды мисал келтирип, президенттик шайлоону ашкере саясатташтырбоого чакырган. Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов атайын билдирүү жасап, ал 2011-жылы кабыл алынган Конституциялык мыйзамда президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтөөр жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисине дайындалат деп жазылганын айткан эле.

Деген менен «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары мыйзамда мүчүлүштүктөр бар экенин, аны шайлоого чейин оңдоо керектигин айтышууда. Саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков Атамбаев Роза Отунбаевадан президенттик кызматты убагында алганын эми өз убагында өткөрүп берүү керек деген пикирде:

«Аракеттеги Конституция боюнча өткөөл кездеги президент Роза Отунбаевадан Алмазбек Атамбаев президенттикти өткөрүп алган. Эми анын мөөнөтү 1-декабрда бүтөт жана ал дагы президенттик кызматты ошол күнү өткөрүп бериши керек».

Конституция боюнча президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтөөр жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисине белгиленет. Башкача айтканда быйыл Кыргызстанда өлкө башчыны шайлоо 19-ноябрга туш келет. Бирок, бул шайлоо күнү белгиленди дегенди билдирбейт. Анткени, шайлоону дайындоо боюнча акыркы чечимди Жогорку Кеңеш чыгарып, токтом кабыл алышы зарыл. Парламент ал токтомду иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтөөрүнө төрт ай калганда кабыл алат.

Ал ортодо Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «Президентти шайлоо боюнча» Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизип, президенттик шайлоону октябрь айынын  үчүнчү жекшембисине же башкача айтканда 15-октябрга жылдырууну демилгеледи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *