Шашылыш кабар:

Камакта калган саясатчылар, Түлеевдин талашка түшкөн мүлкү…

Апрель 23, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
53

20170421_140750

Узап бараткан аптада Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды. Буга саясатчылардын тарапташтары нааразы болуп чыгышты. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин дагы бир мүлкү мамлекетке өтүп, бирок ал муну мыйзамсыз деп баалоодо. Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Аттокуров ага коюлган дооматтар боюнча жооп кайтарды. 


Саясатчылардын камактагы мөөнөтү узарды

«Ата Мекен» фракциясынын камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов дагы бир айга абакта калтырылды. Мындай чечимди 21-апрелде Биринчи Май райондук соту чыгарды. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова райондук соттун өкүмү жана соттук отуруму тууралуу журналисттерге буларды айтып берди:

«25-майга чейин бөгөт чарасы калып калды. Соттон Текебаевди дагы бир айга камакта калтырууну сурашып, сот аны канааттандырды. Мен сот отурумуна депутаттар кирсин деген өтүнүч келтирдим. Бирок, судья иштин купуялуулугуна таяп депутаттарды сот жараянына катыштыруудан баш тартты».

Жакупбекова райондук соттун чечимине макул эмес экенин билдирип, эми жогорку инстанцияга кайрылаарын кошумчалады.

Сот алгач Биринчи Май райондук сотунун имаратында болоору айтылып, Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары райондук соттун алдына митингке чогулган. Бирок, кийин алардын иши Аскер сотунун мурунку имаратында каралаары белгилүү болуп саясатчылардын тарапташтары менен партиялаштары митингди ал жакта улантышты.

Чотоновдун жактоочусу Бакытбек Жумашев дагы сотко депуттарды катыштырууну суранган бирок анын да өтүнүчү канааттандырылган эмес:

«Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып, 25-майга чейин камакта калды. Сот процесси жабык өткөндүктөн эмне болгону тууралуу ачык айта албайм. Мен сотко ЖКнын депутаттары жана анын жубайы сот залына киргизилсин деген өтүнүч келтирдим. Бирок, судья Термечиков бул өтүнүчтү канаттандыруудан баш тартты».

Саясатчылардын жактоочулары берген түшүндүрмөгө ылайык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Текебаев менен Чотоновдун ишин иликтөөнү дагы бир ай узартып берүүнү Башкы прокуратурадан суранып, Башкы көзөмөл органы аны колдогон. Андан соң сот камактагы саясатчылардын баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу мөөнөтүн узартып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде «Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын» даярдоо тууралуу чоң жыйында Текебаевге козголгон иш боюнча 10 күбө бар экенин айткан:

«Козголгон иштерди ачык териштирүү боюнча айтсам. Мен УКМКнын төрагасын (Абдил Сегизбаев) чакырып күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүн ачыкка чыгаруу тууралуу сүйлөштүм. Ошол эле Текебаевдин иши боюнча 10 күбө бар. Шыкмаматов жана башкалар боюнча дагы. Бирок, тергөөнүн кызыкчылыгы деген түшүнүк бар экен. Эгер азыр ал (Абдил Сегизбаев) фото, видео жазылууларды берип салса эртең ал күнөөлү болуп калат. Ошондуктан сотту күтүш керек. Анткени, апрелдин аягына чейин Текебаевдин иши сотко жөнөтүлөт».

Ал эми Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары Текебаевге козголгон кылмыш иш саясий максатты көздөйт деп келишет.

«Ата Мекен» фракциясынын лидеринин убактылуу милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин иши сотко өтсө, ал акталып чыгаарына ишенүүдө:

«Тергөөнү узартуу маселесин карап атышат. Буюрса бир айдан кийин болобу Өмүрбек Чиркешевочтин ишине күбө болобуз. Булар тергөөнү улам эле узарта бербейт да. Эртели-кечпи иш сотко өтөт, ал ачык болот. Ошондо баарыбыз кирип күбөлөрдү угабыз, далилдерди көрөбүз. Ошондо элдин баары түңүлүп, бул иш саясий буйрук жана Текебаевди президенттик шайлоого жолотпоо экенин түшүнөт».

Текебаевдин жактоочусу анын ден соолугу жакшы жана УКМКнын абагында иштегендерге дооматы жок экенин айтканын билдирди. Ошондой эле сотто ага коюлган күнөөлөрдү фальсификация деп атаган. Адвокат Жакупбекова ошондой эле сотто Текебаев Маевскийден акчаны кандай жол менен алганы боюнча тергөөдө алымча-кошумчалар болгонун кабарлады.

Ал эми камактагы саясатчылардын ишин тергөө убактысы узарганы боюнча дагы талаш-тартыштар жаралууда. Юридика илимдеринин доктору Турдукан Жумабекова тергөөчүлөр ишти эртерээк сотко өткөрүүгө кызыктар экенин, бирок айрым оор иштерди иликтөөдө кошумча убакыт талап кылынат дейт:

«Иликтөөнү улам-улам создуктура берген бир дагы тергөөчүгө оброй алып келбейт. Ишти узарта берүү ал үчүн кызык эмес. Берилген биринчи эле эки ай мөөнөт ичинде ишти иликтеп, сотко ашырып жибериш ар бир тергөөчүнүн тилеги. Бирок, ага эркиндик жана убакыт дагы бериш керек».

21-апрель күнү эле УКМК Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча акыркы айыбын угузду. Атайын кызмат Текебаевдин күнөөлүү экенине айныгыс далилдер табылганын айтып ишендирүүдө.

Башкы прокуратура 25-февралда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен алынган материалдардын негизинде «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Текебаев 2010-жылы Орусиянын жараны Леонид Маевскийден 1 млн доллар акча алган деп шектелүүдө.

Ал 26-февралда Венедан учуп келген учурда «Манас» аба майданынан күч кызматкерлери тарабынан кармалган. Козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов дагы камалган.

28-февраль күнү Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Кийин Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот Текебаев менен Чотоновду эки айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

1025186254

Түлеевке тишелеүү «SapatCom» мамлекетке өттү

Бишкектеги  «SapatCom» бизнес борборунун имараты 21-апрелдин таңында күч кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Күбөлөрдүн айтымында  таңкы саат бештен  тарта имаратка ал жерде иштеген кызматкерлер киргизилген эмес. Буга наарызы болгон 200гө чукул жаран

«SapatCom»дун астына чыкты. Имарат Бишкек шаарынын экс-мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге  таандык болгон. Эми ал 21-апрелден тарта толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Нариман Түлеев бийликтин бул аракетин мындайча сыпаттады:

«Ушул жана башка мүлктөр боюнча чыккан өкүмдө конфескация деген жок. Мүлккө эч кандай тиешеси жок. Ошону бүгүнкү күнгө чейин далилдеп келе жаткам. Булар болсо, Сарпашев соттук департаменттин жетекчиси конфескацияга барышты. Кече келишкен. Мен айттым соттун чечимин көркөткүлө чыгып кетем деп. Бирок түндөп келип мени кууп чыгышканы басып алууга барабар».  

Деген менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы башка негиздемени берип жатат. Кызматтын өкүлү Нурлан Мамытов  баары мыйзамдын негизинде, Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен имаратты өкмөткө өткөрүү иши жүргөнүн ырастады:

«Бизде мамлекеттик мүлк фондунун буйругу бар. Мамлекеттик мүлк фонду «SapatCom» бизнес борборунун имараты боюнча ишти  экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын ыкчам бөлүмүнө өткөрүп берген. Ал мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан каттоого алган мүлктөргө кирген. Ошонун негизинде бош бөлмөлөрдү кабыл алып жатабыз».

Нариман Түлеев баштаган эки жүздөй  адам аларга нааразылык билдирүүдө. Басымдуу бөлүгү ижарачылар. Алардын арасында атын атоодон баш тарткан жубайлар 402 номурдагы кеңсени төрт жылдан бери ижарага алып колдонуп келишет. Буга чейин аларга эскертүү ирээтинде бир документтин көчүрмөсүн белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. Анда имаратты бир жумада бошотуу талабы коюлган. Бирок имарттын жетекчилиги маселе чечилээрин айтышкан:

«Биздин жумуш күн сайын саат 9:00 дө башталат. Эртең менен келсек киргизбей жатышат. Түшүнүксүз бир документтин көчүрмөсүн көргөзүштү. Бир жума мурун кеңсебизге бир документ келген. Анда бир жума ичинде кеңсени бошотуу жазылган. Бирок, ал келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аягына чыга элек болчу. Имараттын жетекчилигине кайрылганыбызыда камсанабай туруубузду өтүнүп, өкмөттүк деңгээлде чечилээрин айтышкан».

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев үй-бүлөсү жана туугандары менен ачкачылык жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу ал «SapatCom»  бизнес-борборунун жанында журналисттерге интервью берип жатып билдирди.

Эскертек кетсек, аталган имарат Нариман Түлеевге жана анын жакындарына таандык экени аныкталып камалган мүлкүн мамлекетке өткөнүн быйыл февралда расмий кабарланган.

2012-жылдын августунда Түлеевге мамлекеттик каражатты өзүнө өөнөп алган алган деген айып тагылган. Кийин 2016-жылдын 7-майында бошотулган болчу.

NazarNews_dc61e4b23723779dd124e0f6939e1d52

КСДПдан депутат Аттокуров ага коюлган айыптарга жооп берди

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов былтыр ноябрь айында Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуровдун бир тууган инисине таандык «Фаворит Транс» ишканасы Кара-Кече көмүр кениндеги коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин айтып чыккан. Самудинов буга байланыштуу документтерди текшерүү үчүн Парламентке, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине жана Коррупцияга каршы кызматка кайрылган.

Бирок, жарым жылга чукул убакыт өтсө дагы жыйынтык болбой жатканына нааразы. Ушундан улам ал документтердин текшерилип, юридикалык баа берилбей жатышына эл өкүлү Аттокуровдун тиешеси бар деп эсептейт. Андыктан күч органдарына басым кылбаш үчүн Аттокуровдон мандатын тапшырууну талап кылып келет:

«Финансы полициясы мени күбө катары бир жолу чакырышкан. Андан бери эч бир органдан кабар жок. Аттокуров мандатын убактылуу эмес, биротоло эле тапшырып кетсе жакшы болмок. Анткени, ал бул иштердин баарын жаптырып жататго деп ойлоп атам. Себеби ал жерде 209 млн. сом болуп жатат. Бул аябай чоң сумма. Бизде буга окшогон коррупциялык иштерди жаап койгон учурлар биринчи жолу эмес да. Дайыма эле кайталынып келет. Тоок урдагандарды камашат дагы, миллиондорду уурдагандарга ушундай мамиле жасалат».

Маалыматка ылайык 2016-жылдын башында Кара-Кечеден көмүр ташып келүү боюнча тендерди «Жандос» аттуу фирма утуп алган. Бирок, ал кийин келишимдеги милдетин толук аткара албай «Фаворит Транс» менен чогуу иштешкен. Жалпы 209 миллион сомдун айланасында сөз болуп жатканын белгилеген Самудинов «эгер «Жандос» фирмасы тендердеги келишимди аткара албай калса, ал жокко чыгарылып, кайра башынан тендер жарыяланышы керек эле», — дейт. Ал эми эки ишкана өз ара келишим түзүп алганы мыйзамсыз деп эсептейт.

Депутат Данияр Аттокуров «Фаворит Транс» компаниясы инисине таандык экенин «Марал» радиосуна тастыктады. Аталган ишкана Кара-Кечеден көмүр ташуу эмес, көмүр казуу иштерине катышканын айтып, күч органдарына басым кылып жатат деген дооматтарды четке какты:

«Ооба, Самудинов бул маселени көтөрүп чыккан. Бирок, бизде мындай иштерди иликтеген Прокуратура, Финполиция, Коррупцияга каршы кызматтар бар. Аларга арыз жазып, текшерип чыгышсын. Ал эми айтылып жаткан ишкана менин инимдин компаниясы. Кара-Кечедеги иштерди болсо сот дагы карады. Эми бир компания тендерди утуп алып жетишпей жатса башкаларды жардамга чакырат да. Көп болсо ал жакта үч техника иштеди. Алар көмүрдү ташып эмес, көмүргө жетиш үчүн анын үстүндөгү топурактарды алыш керек ошол жумушту аткарышкан. Көмүрдү казууда менин инимдин компаниясынан башка 3-4 ишкана иштеген. Алар казылган көмүрдүн 300 тоннага жакынын райондогу муктаж адамдарга таратып беришкен».

Юстиция министрлигинин биздин радиого билдиришинче «Фаворит Транс» жоопкерчилиги чектелген коом 2012-жылы каттоодон өткөн. Анын ээси Аттокуров Сардарбек Бексултанович аттуу жаран. Эл өкүлү Аттокуров инисинин компаниясы оор техникалар менен кызмат көрсөтөөрүн, анда 50гө чукул киши эмгектенээрин айтып, мындан эки жыл мурун эң мыкты салык төлөөчү ишкана деген наам алганын кошумчалады.

Данияр Аттокуровдун дарегине партиялашы Ренат Самудиновдон тышкары мурунку эл өкүлү Эркингүл Иманкожоева дагы бир топ сындарды айтып келет. Экс-депутаттын бизге билдиришинче Аттокуров 2010-жылдан кийин эле байып кеткен. Хан сарайларды салдырып, оор техникаларды алып жатканын мисал кылган Иманкожоева мамлекеттик кызматта иштеген адамда мынчалык каражат кайдан деген суроону коет:

«Мен факты менен сүйлөгөн кишимин. Ошондуктан бардыгын далилдер менен айтып берейин. Данияр Аттокуров 2010-жылдан кийин аябай байып кетти. Ал апрель революциясынан кийин КСДП партиясынын штабын жетектеп турду, азыр болсо ЖКда депутат болуп отурат. Партиянын штабында иштеп жатканда ал 2 чоң хан сарай салды. Ал үйлөрдүн курулушу дээрлик 80 пайызга бүтүп калган. Бирок, кийин салынган үйдү бузуп кайрадан жаңы салды. Буга абдан көп акча керек. Андан кийин дагы үй алды, автоунаа алды. Буга эч кандай деле доомат жок. Бирок ал каражатты кандай жол менен тапты? Кийин депутат болду дагы «Фаворит Трансты» «Кумтөргө» киргизди. Булар ушинтип ал жактагы кээ бир компанияларды сүрүп чыгарышты».

Иманкожоева депутат Данияр Аттокуров Социал-демократтар партиясынын штабында иштеп жүргөндө, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов менен жакын мамиледе болгонун айтат. Аттокуровдун инисинин «Фаворит Транс» ишканасы «Кумтөрдө» дагы иштээрин, ал жерге дал ошол Сарпашевдерге таандык «Градиент» ишканасынын жардамы менен кирген деп божомолдоодо. Данияр Аттокуров «Фаворит Транс» компаниясы «Кумтөрдө» иштеген жүздөгөн компаниялардын бири экенин айтып, «бул жерде мыйзамга каршы келген иштер жок», — дейт.

Ал эми айылына салынган үй ата-энесинин каражаты менен турганын белгилеп, атасы жеке ишкерлик менен алектенип келгенин кошумчалады:

«Биз мамлекеттик ишмерлер, депутаттар декларация тапшырабыз. Айтылып жаткан үй ал ата-энемдики. Атам мамлекеттик кызматта иштеген, чакан бизнеси бар болчу. Бирок, ата-энемдин үйүн меники катары көрсөтүп койгон туура эмес да. Үйдүн бүтүшүнө биз дагы колдон келишинче жардам бердик. Керек болсо ал жерде иним жашайт. «Салынган 2 үй жакпай калып, кайра түрттүрүп салып жаңы салды» деген бул жөн эле сөз».

Аттокуровго байланышкан сөздөр муну менен эле токтоп калбайт. Аны Ысык-Көл облусундагы кадрдык саясатка түздөн-түз кийилигишип, өз кишилерин аким кылган учурлар бар экенин Самудинов бизге курган маегинде айтып өттү.

Анткен менен Данияр Аттокуров айтылган сындарды төгүнгө чыгарып, «Жети-Өгүз районуна таанышын аким кылды» деген маалыматтарды тастыктаган жок. Ошол эле учурда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо КСДП партиясы утуп жатканын, ал эми мыйзам боюнча акимдерди жергиликтүү депутаттар шайлай турганына токтолду.

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп үч жыл иштеген Эмилбек Каптагаев ал губернатор болуп турганда облустагы кадрдык дайындоолорго Аттокуровдун аралашканын укпаганын айтууда:

«Ысык-Көл облусунда 2 жылдан ашык үч жылга чукул иштедим. Ошол убакта Данияр Аттокуров менен кадр маселеси боюнча сүйлөшүп же ушул боюнча жолубуз кесилишкен жок. Ал убакта кадрдык дайындоолорго тикелей киришип, маселелерди чечкенин деле уккан эмесмин. Муну эл деле билет».

Деген менен Ренат Самудинов Аттокуровдун кандай иштерди кылып жатканын анын айылдаштары жакшы билээрин, КСДП партиясы  коррупциянерлер менен күрөшүүнү партиянын ичинен баштаарын айтканы менен ал ишке ашпай жатканына нааразы.

37 жаштагы Данияр Аттокуров Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 2008-жылы  «Медиа форумда» иштөөдөн баштаган. 2010-жылы президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болуп турганда жардамчысы болуп иштеген.

2011-2013 жылдары «Кыргызалтын» компаниясынын текшерүү комиссиясынын мүчөсү, 2013-2015-жылдары Социал-демократтар партиясынын борбордук штабынын координатору болгон. 2015-жылы аталган партиянын тизмеси менен  Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

ipoteka281015

Ипотекалык насыядан эки миң киши баш тартты

Кыргызстандагы жарандардын турак-жай маселесин чечүү максатында өкмөт тарабынан «Арзан турак жай – 2015-2020» программасы иштелип чыгып, кабыл алынган. Аталган программаны аткаруу үчүн атайын Ипотекалык компания түзүлүп, алгачкы насыялар 2015-жылдын март айынан тарта бериле баштаган. Бүгүнкү күнгө карата 1 миң 24 жаран, 1 млрд 250 млн сомдон ашык суммада насыя алган. Турак-жай үчүн насыя 3 млн сомго чейин, 15 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөм 14 пайыз болсо, андан кийин калган сумма жылдык 12 пайыз үстөгү менен берилет.

Аталган программа өзгөчө социалдык тармактардагы мамлекеттик кызматкерлерге багытталган. Бирок алардын тапкан кирешесинин төмөндүгүнө байланыштуу жогорудагыдай шарттарга коомдо нааразычылыктар айтылып келет. Алсак, бүгүнкү күнгө карата 7 миңдей жарандан ипотекалык насыя алууга арыз түшсө, алардын 2 миңи кайра баш тарткан.  Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев билдирди:

«Бүгүнкү күнгө чейин 7 миң жарандан арыз түшсө, анын 2 миңи баш тарткан. Алар айлыгы жетпегендер, экинчи жагынан, айылда үйлөрү бар болуп чыккандар. Кээ бирөөлөр каттоосу аймактарда болуп, Бишкектен үй алууну каалашкан. Биз мындайга чектөө койгонбуз. Ушул сыяктуу себептер менен жарандар баш тартышты. Анын 40 пайызы мугалимдер, 60 пайызы медицина тармагында иштегендер, 30 пайызга жакыны аскер жана башка кызматкерлер болсо, 3 пайызы маданият, 3 пайызы социалдык тармактардан».

Мындай маалыматтан улам, баш тарткандардын көпчүлүгү айлык акылары төмөн болгон мамлекеттик кызматкерлер экендигин баамдоого болот. Ошондуктан, насыянын шарттарын жеңилдетүү зарылчылыгы пайда болууда. Экинчи жагынан ипотекалык насыялоону мыйзам менен бекемдөө керек. Бул максатта Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, азыркы учурда президенттин кароосунда турат. Анда турак-жайга муктаж жарандар үчүн бир топ жеңилдиктер каралган, —  дейт эл өкүлү Жыргалбек Турускулов:

«Ипотекалык насыялоону мыйзамдаштырып коелу дедик. Анткени, программанын негизинде өкмөт милдеттүү түрдө турак-жайды салып бериши керек. Жогорку Кеңеште 3 окууда кабыл алынды. Президентибиз колдоп берет деп ишенем. Бул мыйзам ишке кирсе бир топ жеңилдиктер болот. Жакшы кадам болуп атат. Анткени, мөөнөтүн 30 жылга чейин көбөйтүп, пайызын төмөндөтсөк, бардык жарандарыбыз турак-жай менен камсыз болмок. Бул жерде эң эле көйгөйлүү 3 маселе болуп атат. Ошондуктан, мыйзамда биринчи төлөмүн 10 пайыз менен, мөөнөтүн 15 жылга узартып жана үстөк пайызы 10дөн ашпаш керек деп белгиленген».

Ипотекалык насыялоонун негизги максаты учурунда социалдык чыңалуунун алдын алуу болгон. Бирок, ал үмүт акталдыбы? деген маселе дагы талкууда көтөрүлдү. Эгер өкмөт  каржылоонун суммасын көбөйтүп, баштапкы жана үстөк пайыздарын төмөндөтсө, бул программа сөзсүз максатына жетээрин депутат Таалайбек Масабиров белгилейт.

«Эгер мугалим, медиктердин айлыгы көп болсо, анда анын пайызын ошол бойдон калтырса болот. Андыктан, пайызын төмөндөтсө, бул программа максатына жетмек. Канчалык пайызы төмөн болсо, мүмкүнчүлүк көбүрөөк болмок. Мындан сырткары мамлекеттик каржылоону 2017-жылга карата көбөйтүү керек».

Ипотекалык компаниянын маалыматы боюнча насыялоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында немец банкынан жана башка инвестицияларды тартуу аркети көрүлүп жатыптыр.

Кошумчалай кетсек, расмий эмес маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда турак-жайга муктаж 60 миңден ашык жаран бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *