Шашылыш кабар:

Мавлиддин максаты Пайгамбарыбыз (С.А.В)ды таанытуу

Апрель 26, 2015 | жарыялаган maraluser
114

“Ыйман жан дүйнө азыгы" программасынын бул чыгарылышында "Адеп-башаты" коомдук фонду жана КМДБ тарабынан уюштурулган “Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган Куттуу жумалык” туурасында болду. Конокто: Адеп-башаты коомдук фондунун жетекчиси Жумадыл Маматжанов жана КМДБнын азирети муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев.

“Адеп-Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жана “Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы” менен биргеликте 25-26-апрель күндөрү, Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) туулган айына карат “Мавлид” кечесин өткөрдү. Аталган кечеге диний ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана сыйлуу коноктор катышты.

Бул жылы Мавлиддин темасы "Тынчтык" деп аталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ислам дини тынчтыктын дини экендиги, Пайгамбарыбыздын ар дайым тынчтыкты жайган пайгамбар экендиги жалпы көрүүчүлөргө сунушталды. Программаны коштоп белгилүү акындар, ырчы жана аткаруучулар да келишти.

Пайгамбарыбызды таанытуу максатында уюштурулган мавлид программасы жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өттү.

Мавлид уюштуруунун маани-маңызы жана максаты:

Мусулман коомчулугунда жыл сайын өнүгүп бараткан иш-аракет катары мавлиддин максаты тууралуу омоктуу ойлор бар.Жалпы ишеним боюнча,мавлид ибаадат жана бир топ жакшылыктарды өз ичине камтыган коомдук жөрөлгө болуп саналат. Мына ошондуктан көптөгөн хадисчи, тафсирчи,фыкыхчы,Куран каарылары жана тарыхчылар бул маарекелерди жакшы жөрөлгө катары кабыл алып,ага үндөп келишкен.

Ушул мааниде алгачкылардан болуп оң маанидеги оюн билдирген аалымдардын бири Абу Шаама Ал-Макдиси мындай дейт: “Бүгүнкү күнүбүздөгү жакшы жөрөлгөлөрдүн бири –ар жылы Арбилде пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) туулган күнүнө арналган уюштурулган иш-аракеттер,берилген садакалар кедейлерге жардамдар болуп саналат. Бул,пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) карата сүйүү жана урмат-сыйдын белгиси” – деп белгилеген.
 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *