Шашылыш кабар:

Өнөктөштөрдүн жолугушуусу, байлар алган насыянын чуусу…

Апрель 16, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
77

27291

Узап бараткан аптада Бишкекте Евразиялык Экономикалык биримидикке  жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары чогулуп, бул жыйынга Кыргызстан төрагалык кылды. Жогорку Кеңеште 2010-жылдагы талап-тоноочулукту иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматы угулуп, ал эл өкүлдөрүнүн талаш-тартышы менен коштолду. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жакындары 17 млн доллар жеңилдетилген насыя алганы ачыкталып, ал коомчулуктун сынына кабылды.


Союздаштардын сунуштары…

14-апрелде Бишкекте Жогорку Евразиялык кеңештин жыйыны болуп өттү.  Ага ЕАЭБге  мүчө беш мамлекеттин президенттери жана Молдованын өлкө башчысы Игорь Додон катышты.  Күн тартибинде негизги делген он маселе каралып, алардын бешөөнө кол коюлду.   Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бизнести жүргүзүү үчүн   ЕАЭБ мыкты шарт түзүп берүү керектигин айтты.  Андыктан 2017-жылды бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуштады:

«2017-жыл Евразиялык экономикалык биримдикте бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзүүгө арналышы керек. Анткени, экономиканы ишкерлердин бизнеси алга жылдырат. Ошол себептүү биримдиктин ылайыктуу 4 принцибин иштеп чыгууга ылайыктуу шарттарды түзүү үчун чогуу иш алып барууну улантышыбыз зарыл. Алар товар айландыруу эркиндиги, кызмат көрсөтүүнүн эркиндигин камсыздоо. Каржы жана эмгек ресурстарын жүгүртүүнүн эркиндиги».

Орусиянын президенди Владимир Путин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы тышкы чакырыктарга туруштук бергенине токтолду. Анын айтымында сооданы көтөрүү үчүн электрондук форматка өтүү зарылчылыгы турат.  Ошондуктан мамлекеттик органдар арасында, өзгөчө бажы кызматтарынын маалымат алмашуусун камсыздоо керек. Бул ыкма биримдик ичиндеги гана эмес,  үчүнчү өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмүн так аныктаарын белгиледи».

«Биримдиктин мамилесин бекемдөөнүн дагы бир жолу бул  мамлекеттик кызматтардын  маалыматтык  системасын бекемдөө болуп саналат.  Бул  Евразиялык биримдиктеги товар алмашууну мониторинг кылып турууну камсыз кылат.  Бул бир гана биримдикке мүчөлүк кылбаган өлкөлөр менен эмес,  үчунчү өлкөлөр, анын ичинде Украина менен болгон транзиттик көйгөйлөрдү  чечүүгө жардам берет. Андыктан товарларга болгон электрондук көзөмөлдү киргизүүнү сунуштайм».

Беларус президенти Александр Лукашенко ЕАЭБдин географиялык аянты кеңейип баратканына токтолуп, айтылган идеяларды документке бекитүү керек деди. Себеби, биримдик алкагында чечилбеген маселелердин катары калың.  Мисалы 2016-жылы  биримдик өлкөлөр арасында товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн түшүүсүн токтотуп, себептери аныкталган эмес.  Анын негизинде алды менен ички тоскоолдуктарды жоюп, биримдикте өнөктөштөргө басым кыла турган документтерге мораторий киргизүүнү сунуштады».

«2017-жылы Евразиялык биримдикти калыбына келтиришибиз керек деп эсептейм. Бул үчүн Биримдикке мүчө болгондордун арасында дискриминациялоого жол берген мыйзам актыларына карата мораторий киргизүүнү сунуштайм. Муну байкоого алган Евразиялык экономикалык комиссия болушу керек».

Казакстан болсо биримдик алкагында өсүштөрдүн бар экенине токтолду. 2017-жылдын эки айына карата Казакстанда максималдуу өсүштөр бар. Анткени, Казакстандын ЕАЭБдеги тышкы соодасы 37пайызга өскөн.  Орусия, Беларус өлкөлөрүнө  50 пайызга, Кыргызстан менен 41 ал эми Армения ортосунда 3 жарым эсеге жогорулаганын Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев айтты. Анын негизинде жагымсыз көрүнүштөр менен биргелешип күрөшүүнү ушул нукта улантып,  колдоо иштерине басым жасоо керек:

«Кемчилик кемчилиги менен. Бирок биз бул ишти ушул нукта улантышыбыз керек.  Биримдиктин иш алып баруусуна жолтоо болгон тоскоолдуктарды  жоюуга бирдиктүү аракетти көрүүбүз зарыл. Бири—бирибизге жардам беришибиз керек».

Жыйын соңунда  ЕАЭБ президенттери  Молдовага  Евразиялык экономикалык биримдиктин алдында ага байкоочу мамлекет макамын берүү чечимин кабыл алды. Биримдиктин бул чечими Молдова менен ЕАЭБ мамлекетиринин мамилелерин дагы бекемдей турганын Молдова президенти Игорь Додон белгиледи.

28521_w750_h_r

Депкомиссиянын жыйынтыгы эл өкүлдөрүн кызыл чеке кылып айтыштырды

13-апрелде Жогорку Кеӊеште 2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, Бакиевдерге таандык болгон объектилердин сатылышын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыктары  угулду. Аталган депкомиссиянын маалыматтары депутаттарды кызыл чеке кылып айтыштырып, жандуу талкуу менен коштолду.

2010-жылдагы мародерлук, улутташтырылган мүлктөрдү сатуу боюнча маселелерди иликтеген депутаттык комиссия парламенттеги КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынын сунушу менен түзүлгөн. Комиссия аталган иштер боюнча дээрлик 4 ай иш алып барды. Анын чечими менен тааныштырып жатып комиссиянын төрагасы Анвар Артыков текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көптөгөн тоскоолдуктар болгонун, ошого карабастан, мурда белгисиз болгон айрым жагдайлар ачыкка чыкканын айтты:

«Бир топ тоскоолдуктар болду. Ошол эле мародерлук боюнча ИИМден 3 айга чейин материалдарды алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал жерде Уметалиев деген тергөө башкармалыгынын жетекчиси бар экен, ал киши бир топ тоскоолдуктарды көрсөттү. Ошондой эле, Башкы прокуратура тараптан тоскоолдуктар жаралган. Биз 2012-жылы башталган иш эмне үчүн аягына чыкпай калды? «Эмнеге 5 жыл өткөндөн кийин бул маселе көтөрүлүп, биз карап атабыз?» деген суроолорго жооп издедик. Көп кишилер менен сүйлөштүк, мурунку материалдарды көтөрдүк. Биздин анализдин негизинде бул жерде түздөн түз ИИМдин ошол кездеги Тергөө башкармалыгынын башчысы Ноорузбаев деген киши кийлигишкендиги аныкталды. Ал мыйзамды тебелеп-тепсөө менен ошол иштерди жаап коюуга аракет кылган».

Ошондой эле, Артыков комиссия өз максатына жеткенин, анткени көтөрүлгөн маселелер боюнча конкреттүү жумуш жүрүп, кылмыш иши козголгондугун кошумчалады:

«Кыргызстандын бардык эли 2010-жылы мародерлук болгонун билет. Ага адамдын эки башы керек эмес. Мунун бардыгы тергөө органдары тарабынан жакшылап каралышы керек. Негизинен биз койгон маселе 3-4 айдын ичинде чечилди. Бүгүнкү күндө бул иш кайра жандандырылды. ИИМ менен Башкы прокуратура тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга берген. Кармалгандар бар. Тергөө иши кандай жүрүп жатат, биз ага кийлигишкен жокпуз».

Депутаттык комиссиянын чечимине анын мүчөлөрү «Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов жана «Өнүгүү-Прогресстен» Алмаз Жутанов макул болгон эмес.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев комиссия кандай жаңы фактыларды аныктагандыгына кызыкты эле, жетиштүү жооп болгон жок:

«Жаңы фактыларды караганга деле көп токтолгон жокпуз. Белиз жана башкалар боюнча карадык, бирок, баа берилген жок. Ал эми УКМК жана «Ата Мекендин» берген документтерин тиешелүү органдарга бердик, ошолор карап, аягына чыксын».

Комиссиянын чечиминде бир дагы далилдүү фактылар жок экендигин айткан депутаттар четтен чыкты. Маселен, эл өкүлү Эмил Токтошев мындан бир гана саясатты көрүп жаткандыгын билдирди:

«Комиссиянын чечимин окудук. Банктык ячейкалар жана мародерлук боюнча эч кандай жаңы жагдайларды уккан жокпуз. Баягы эле биз угуп, көргөн нерселерди эле «көрүптүр, айтыптыр» деп  толуктап коюптурсуңар. Силер чыгып алып, саясатка айлантып атасыңар. Буга укук коргоо органдары чекит коюш керек».

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев мародердук боюнча иштер бир комиссиянын иши менен бүтпөй тургандыгын эскертип, 10 жылдан кийин дагы бул маселе козголушу мүмкүн дейт:

«Менимче бул бүгүнкү күн менен бүтпөй турган иш. 5-10 жылдан кийин дагы эмне болгондугуна кызыгып, маселе козголушу мүмкүн. Эгер тергөө органдары чындыгында анык фактылар менен далилдеп берсе, ошондо, бардык бүдөмүк суроолор чечилет».

Бекешовдун пикирин колдогон көпчүлүк депутаттар Чубактын кунундай чубалган мародерлук боюнча иштерге бир гана укук коргоо органдары тарабынан укуктук баа берилсин деген ойлорун айтышты. Ошондой  эле, буга  байланыштуу иштерди билип туруп токтоткон ошол кездеги күч органдарынын кызматкерлеринин дагы жоопкерчилиги каралышы керектиги белгиленди.

Жыйынтыгында, аталган убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин чечими боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу келерки жумадагы жыйынга калтырылды.

SAG_1030

Сарпашевдин иши: Өкмөттүк комиссия мөөнөтүн 2-ирет узартты

Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндөгү 45-45 «А» дарегинде жайгашкан Максим Бакиев менен анын өнөктөштөрүнө тиешелүү жалпы аянты 1,28 гектар болгон жер тилкесинин жана Бакиевдерге таандык болгон башка объектилердин сатылышын иликтеген депутаттык комиссия бир жума аралыгында ишин жыйынтыктайт. Бул тууралуу «Марал» радиосуна аталган депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов кабарлады.

Ал Максим Бакиевге таандык 1 гектардан ашык жердин айланасындагы чырды иликтөөдө депутаттык комиссияга тоскоолдуктар болгонун айтып, Мамлекеттик каттоо кызматынан убактылуу четтетилген Тайырбек Сарпашев менен кошо бул ишке тиешеси бар соттор менен күч кызматкерлери дагы жоопко тартылышы керек деп эсептейт:

«Депутаттык комиссияга буга чейин тоскоолдуктар болуп, Мамлекеттик каттоо кызматы бизге документтерди бербей жатышкан. Алар «кагаздарды соттун чечими менен же мүлктүн ээсине гана беребиз» деп билдиришкен. Ушундан улам депкомиссия бул маселени палатага алып чыгып, ал жерде документтер комиссияга берилсин деген чечим кабыл алынды. Андан сырткары Жогорку сот тарабынан ички иликтөө иши дагы дайындалып, Бишкек шаардык сотунун үч сотуна чара көрүү боюнча сотторду тандоо кеңешине кагаздар жөнөтүлдү. Сарпашевдин ишине байланыштуу бир топ адамдарга дагы иш козголот болуш керек».

Бакиевдерге таандык жер камакта болгонуна карабастан анын жеке жактарга сатылып кетишине жол бергендиги үчүн Башкы прокуратура премьер-министрге Тайырбек Сарпашевди кызматтан алууну сунуштаган. Сарпашевдин кызмат ордуна ылайыктуулугун иликтеп чыгуу үчүн өкмөт башчы 13-февралда атайын мекемелер аралык комиссия түзүү тууралуу буйрукка кол койгон. Аталган каомиссиянын иштөө мөөнөтү бир ай деп белгиленип, бирок андан бери ал жумушчу топ эки ирет иштөө мөөнөтүн узартты. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган ал комиссия ушуга чейин премьер-министрге Сарпашевди кызматтан алуу же кызматта калтыруу тууралуу сунуш бере элек. Бул боюнча өкмөттөн маалымат алууга дагы мүмкүн болгон жок.

Эл өкүлү Акылбек Жамангулов Тайырбек Сарпашевдин ишин прокуратура, милиция жана депутаттык комиссия териштирип жаткандан кийин өкмөттө комиссия түзүүнүн зарылчылыгы жок болчу деген ойдо:

«Укук коргоо органдары, прокуратура жана депутаттар иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Андыктан өкмөттө комиссия түзүүнүн кажети жок болчу. Анткени депкомиссия жалгыз бул эле иш эмес мындан башка иштер боюнча дагы иликтөө жүргүзүүдө. Ал эми мекемелер аралык комиссия болгону прокуратуранын берген доо арызы боюнча эле ишти карап жатат».

Сарпашев кызматын убактылуу тапшырып туруу боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго өзү арыз жазып, премьер-министр ага 13-февралда кол койгон. Тайырбек Сарпашев Башкы прокуратуранын ага шаардык сот токтотуп койгонуна карабастан район аралык соттун аресттеги жерди камактан чыгаруу чечимин аркарууга буйрук берген деген айыптоосун четке кагып келет. Ал 2016-жылы Бакиевдерге таандык делген жер прокуратуранын бардык камактардан бошотулганы тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына документтер келгенин айткан. Бирок, кийин шаардык соттон Бакиевдердин мүлкүн камакта калтыруу тууралуу чечими 56 күн кечигип келгенин жүйө келтирген. Ал бул иш боюнча өкмөттө түзүлгөн комиссия менен иштешип, болгон документтерди бергенин, Мамкаттоонун аракети мыйзамдуу болгон деген пикирди карманууда:

«Мен комиссия менен кызматташам дегем жана мендеги болгон маалыматтардын баарын бердим. Алар өз ишин жыйынтыктагыча маалымат жыйын дагы кылган жокмун. Бул жерде Мамлекеттик каттоо кызматында күнөө жок. Мамкаттоо мыйзамдын чегинде гана иш жасады.

Башкы прокуратура бул иш боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык будамайлоо), 326 (далилдерди бурмалоо) жана 350 (жасалма документ чыгаруу) беренелеринин негизинде иш козгогон. Ал эми тергөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат жүргүзүп жатат.

Буга чейин парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы прокуратуранын жылдык жыйынтыгын угуу учурунда депутат Алтынбек Жунус уулу Башкы көзөмөл органын кош стандарттуу иш алып барбай, Сарпашевке карата чара көрүүнү талап кылган:

«Тайырбек Сарпашевдин ишине көңүл буруш керек. Азыр убактылуу өкмөттүн жетекчилери (ред: Өмүрбек Текебаев) сөз үчүн гана камалып атат. Сарпашевдин ишинде болсо шаардык Мамкаттоого ал кат жүзүндө көрсөтмө берип атат. Бул иштин аягына чыгышын коомчулук дагы күтүп атат. Мыйзам бир адамга катуу, башка бирөөнө жумшак болбой баарына бирдей иштеш керек».    

Тайырбек Сарпашев ага тагылган айыптар саясий кызыкчалыктарды көздөйт деп, президенттик шайлоонун таза өтүшүн каалабаган саясий күчтөр аны кызматтан алып түшүүнү максат кылып жатат деп билдирген. Ал эми депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Бакиевдердин жеринин сатылышы боюнча Сарпашевдин күнөөсү бар экени ачыкталганын айтып келишет. Сарпашев керек болсо саясий кармашка дагы даяр экенин, «актыгымды далилдеш үчүн аягына чейин турам» деген эле.

Коомдук ишмер Нурлан Шакиев жогорудагы чуулуу иштерде саясий боёк дагы болушу мүмкүн экенин айтып, Сарпашевдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт деген пикирде:

«Бул саясатка дагы айланып кетиши мүмкүн. Бирок, коррупция менен күрөшүү тандалма жүрбөшү керек. Сарпашевдин иши ушуга окшогон сөздөргө чекит коюшу керек. Эгер күнөөлүү болсо мыйзам чегинде жоопко тартылат. Эгер күнөөсү жок болсо акталат».

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Скрябин 45-45 «А» дарегиндеги Максим Бакиев жана анын өнөктөштөрү Алексей Елисеев менен Алексей Ширшовдорго таандык делген 1 га ашык жер  2,5 млн сомго сатылып кеткени 2016-жылдын аягында белгилүү болгон. Ал эми учурда ал жердин базар баасы 3 млн доллар деп бааланган.

Марттын аягында Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча дагы бир кылмыш ишин козгон. Анда Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы өткөргөн тендерге байланыштуу болуп, анда мурдагы жетекчи мыйзамсыз протоколдук тапшырма бергени үчүн айыпталып жатканы айтылган.

620969.2.1441792064

Бабановдун жакындары алган насыянын чуусу

Бир топ Массалык маалымат каражаттары Өмүрбек Бабановдун жакындары «Азия Молл» соода борборун курууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 17млн доллар жеңилдетилген насыя алганын жазып чыгышкан. Муну Өмүрбек Бабанов журналисттерге берген маалымат жыйынында бышыктап 37млн долларлык мүлк күрөөгө коюп анын тууганы насыя алганын тастыктаган. Бабановдун жакындары алган насыя канчалык мыйзамдуу? Бул суроо баарын кызыктырып жатса керек.

Бишкектеги Манас проспектисинде жайгашкан «Азия Молл» соода борборунун курулуш иши токтоп турган. Жакынкы күндөрү бул жерде курулуш иши жанданды. Ага утурлай эле бир канча басылмалар бул соода борбору Өмүрбек Бабановдун жакындарына таандык экенин жазып, курулуш иши үчүн  Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 17млн доллар  жеңилдетилген насыя алганын жарыялашкан.  Коомчулуктагы мындай кептерге байланыштуу Өмүрбек Бабанов журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Анда фонд тарабынан насыя алынганын ырастап, жеңилдетилген насыяны бардык жарандар сыяктуу эле алууга укугу бар экенин айтты. Ошондуктан фонддун баардык талаптарына жооп бергендиги үчүн берилгенин кошумчалап, 17млн доллар насыя алуу үчүн 37млн доллар күрөөгө коюлганын билдирди:

«Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Бабанов болобу же башкасы болобу жөн эле жерден чоң насыя бербейт. Бул жерде бардык жагдайларын тактап туруп, мыйзамга ылайык насыялоону жүргүзгөн. Бул жерде эч кандай моралдык-этикалык маселе жок. Анткени ал мамлекеттик фонддон жеңилдетилген насыя алган жери жок. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду эл аралык мекеме. Ал биздин парламенттен көз каранды эмес каржылык институт. Насыяны өзү алса бир жөн. Бул жерде Бабановдун туугандары алып жатпайбы. Демек бул кадыресе эле көрүнүш».

Эми Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өзүнүн негизги ишине токтолсок. Биринчиден фонддун эң негизги максаты Кыргызстандын экономикасына жардам берүү болуп саналат. Келишим боюнча Орусия 1 млн доллар берүүгө тийиш. Учурда анын 500 млн доллары келген. Бул каражат айыл-чарба, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармактарына жумшалышы керек. Ошондуктан Өмүрбек Бабановго карата саясий каралоо деген кептерди эсепке албаган күндө деле соода борборду куруу үчүн каражат берилбеши керек деп эсептейт, экономист Жумакадыр Акенеев:

«Өмүрбек Бабановдун тууганына Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя берилгени туура эмес болгон. Себеби логистикалык борбор болсо бир жөн… А мындай базарлар Кыргызстанда абдан көп. Экинчиден Өмүрбек Токтогуловичтин жетиштүү деңгээлде акчасы бар. Ошон үчүн фонд мындай акчаны дүкөнгө бербеш керек эле».

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү Эркин Асрандиев фонддун ички нормативдик документтерине ылайык, насыя мамлекеттик кызматкерлерге жана саясатчыларга берилбейт дейт. Бирок эгер саясатчынын тууганы боло турган болсо, алар бири-бирине жооптуу болбогондуктан  насыяны алууга болот. Ал эми Орусия менен Кыргызстан ортосундагы келишимге ылайык, экономиканын классификация  бекитилген. Анын ичинде соода тармагынын инфраструктурасы дагы кирген.

«Бул соода инфраструктурасында төмөнкү объектилер каржыланат. Жалпы тегерегиндеги инфраструктуранын өнүгүшүнө салымы болушу керек. Жаңы жумуш орундарды камсыздаш керек. Соода тармагына тиешелүү объектиде  сөзсүз Кыргызстандан же Орусиядан өндүрүлгөн продукция сатылышы керек. Ошол объектинин жалпы аянты 5000 чарчы метрден кем эмес болушу зарыл. Ушул критерийлерге туура келсе, соода тармагын инфраструктурасына тиешелүү объект биз тараптан каражат алууга мүмкүнчүлүгү бар».

Эми бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгат. Бул  боюнча  «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна айтты:

«Биз жакында парламентке Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилигин чакырып жатабыз. Ошондо бардык суроолорду берип, бардык маселелерди тактайбыз. Андыктан алдын ала алынган насыя мыйзамсыз деп айтуу кыйын».

Кошумчалай кетсек, 11-апрелде Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын өткөргөн. Анда акыркы кездеги айтылып жаткан өзү тууралуу каралоорду четке кагып, Анын мүлктөрү үй-бүлөсүнө гана таандык экенин, маңдай тер менен табылганын ырастаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *