Шашылыш кабар:

Кыргызстандагы Орусия тарыхынын окутулушу

Апрель 15, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
95

1К.Осмоналиев жана К.Алымкуловдун маеги: ОРУСИЯ ТАРЫХЫ

Каныбек Осмоналиев: Саламатсыздарбы, урматтуу “Марал” радиосунун угармандары, Бүгүнкү биздин коногубуз Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты белгилүү окумуштуу Карыбек Алымкулович Алымкулов.

Бүгүнкү биздин маек ТАРЫХ илимине арналат, анын ичинде Карыбек Алымкулович экөөбүз чоңойгон СССРдин тарыхы боюнча. Карыбек Алымкулович биринчи эле менде мындай суроо пайда болуп жатат. Сиз экөөбүз Ош мамлекеттик университетинде чогуу иштедик. Ошол учурдагы бир нерсе эсиме түшүп жатат. Мен билгенден Сиз, Сагыналиев Алайбек Жусупбекович болуп абдан жаш илимдин кандидаттары болуп келдиңиздер эле. Учурунда илимий иштерин Москвадан коргоп келди деп көп сөз болгон . Себеби, жаш  тарыхчылар ошол кезде аз эле да. Ыраматылык Султан Токтогонов деген агай баарыбызды окутту эле, бир топ жаштарга барып калган агайлар бар эле. Сиздер абдан жаш окумуштуулар болуп кандидаттык иштериңиздерди коргоп, амбициялуу келдиңиздер. Оштон келгенден бери И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде бир жерде талыкпай иштеп жатасыз. Анда тарыхка кантип келдиңиз, бул илимге кантип берилдиңиз, ушул жөнүндө айтып берсеңиз, биздин жаш угармандарга кызык болсо керек.

Карыбек Алымкулов: Жакшы болот. Саламатсыздарбы урматтуу радиоугуучулар! Мен Ош шаарындагы жападан жалгыз Гагарин атындагы кыргыз-өзбек орто мектебин бүтүргөм. Ошол мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болдум. Ал кезде мектепте өзүнүн кесибине мыкты берилген дилгир мугалимдер иштептир. Ошол мугалимдердин бири тарых сабагынан берген Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Калданов агай эле. Ал агайдын таасири менен мен тарыхка кызыгып калдым. Өзү да согушка катышкан адам катары белгилүү, танкист болгон экен. Тарыхты жандуу түшүндүрчү. Анын түшүндүргөнүн кызыгуу менен угуп, окуп жүрүп, кийин Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине келип тапшырдым. Ал жерден 5 жыл окуп, кайра Ошко келип иштеп калдым. Ал кезде Ошто тарых факультети жок болчу. КПССтин тарыхы деген кафедра бар эле, аны профессор, тарых илимдеринин жападан жалгыз доктору, Кыргызстандын агартуу системасына эмгек сиңирген кызматкер Токтогонов Султан Аманкулович жетекчим болду. Ал киши биринчи күндөн тартып, мага абдан жардам берип, илимге жол көрсөткөн. Ал өзү союз учурунда бир айлап командировкага кетип калган учурунда, сабактарын мага тапшырып кетчү. Ошентип, мугалимдик тажрыйбамдын башталышы ошол кишиден сабак алуу болду, үйрөндүм. Ал кезде аспирантурага өтүш өтө кыйын болчу. Эки жылдай иштегенден кийин, Ош педагогикалык институтуна Москванын Ломоносов атындагы университетинен стажировкага орун берип калды. Стажировкага 1980-жылы мени менен Сагыналиев Алайбек деген экөөбүз бардык. Бир жылдан кийин аспирантурага рекомендация берип, кирүү экзамендерин тапшырып, 1 курска тарых факультетине экөөбүз тең МГУнун аспирантурасына өттүк. Абдан катуу окутуп бир жылдан кийин кандидаттык минимумдарды тапшырганга даярдап туруп анан уруксат берчү. Азыр мурдагыга караганда жеңилирээк, мурдагыга салыштырып болбойт.

Каныбек Осмоналиев: Карыбек Алымкулович эми өзүңүздүн кандидаттык илимий темаңыз жөнүндө айтып берсеңиз.images (15)

Карыбек Алымкулов: Жакшы болот, бизде анда “История КПСС” деген кафедра бар эле. Аты айтып тургандай эле Советтер Союзундагы мезгилдин тырыхын изилдөөгө гана уруксат берилген. Башка тарыхтын тармактарын изилдөөгө уруксат берилген эмес. Ошол мезгилде каалайсынбы-каалабайсынбы календарлык планында каралган темадан бөлүп берчү. Менин темам: “1970-80-жылдардагы Кыргыз мезгилдүү басма сөзүнүн Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасын өнүктүрүүгө тийгизген таасири” деген болду, себеби, ал мезгилде эки илимдин кайчылашкан жеринен берилчү. Мүмкүн талап ошондой беле. Ошентип, мен журналистика менен тарыхты байланыштырып изилдедим. Ошол мезгилде Москва университетинде бир нече макалаларды жасадым. Ал кезде талап катуу эле, квартал сайын отчет жүрүп турчу, отчет бере албай калса андан аспирантурадан чыгарып жиберчү. Анан Кыргызстандан баргандар намыстуу болуп, тырышып калбай окудук. Ошол мезгилде Москва университетин бүтүп, бирок окуудан чыгып калгандар болду, себеби алар орус тили өз тилибиз деп өздөрүнө ишенип, көп маани бербей жүргөндөр. Биз болсо сырттан келдик деп абдан аракеттенип окудук. Менин оюмча, аракеттерин көп жумшаса эле кыргыз балдар бардык ийгиликтерге жете алышат. Анан илимий ишимдин жыйынтыгын МГУнун Тарых факультетинин Кеңешинде1984-жылы 12-декабрда ийгиликтүү түрдө жактадым. Анан Ош мамлекеттик пединститутуна келип иштей баштадым.

Каныбек Осмоналиев: Эмгек стажыңыз канча жыл болуп калды?

Карыбек Алымкулов: Быйыл буюрса 40 жыл болот.

Каныбек Осмоналиев: Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары Карыбек Алымкулович өзүнүн жаш кезин бир сыйра эстеп, кандай окумуштуу болгону жөнүндө айтып берди. Чынында, Кыргызстанда экономикалык жагдайлар, проблемалар болуп жатканы менен дүйнөдө илим катуу өнүгүүдө деп айтат элем. Дүйнөдө илимдин кайра жаралуу доору болгондой болуп жатат. Айрыкча, молекулярдык деңгээлде. Физиктер, химиктер, математиктер жалпы коомдук илимдер болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жатат. Дүйнөдөгү жаштардын илимге болгон тартылуусу абдан күчтүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул көрүнүш көп эле солгундап  турат. Менин оюмча Карыбек Алымкуловичке окшогон улуу кишилер өздөрүнүн басып өткөн жолдорун мисал келтиришип, жаштарды илимге тартууга үндөп келе жатышат.

Урматтуу илим ышкыбоздору! Үч күндөн бери интернет булактарында төмөнкүдөй маалымат жүрүп жатат. Улуу Британиянын Лестер университетинде 14 жашар Яша Лесли деген улуту “араб” баласы профессор болуп иштей баштаптыр! Бул вундеркинд, 8 жашында математиканын мектеп программасын өздөштүрүп, 8-классында “Жогорку математиканы” өздөштүргөн жалгыз өспүрүм болгон экен. Мындай жаңылыктарды эмне үчүн айтып жатам, азыр жаштарды илимге тартуу боюнча көптөгөн сөздөр козголуп жатат. Акыркы 3-4 күндө биздин Улуттук Илимдер Академиясынын Президенти Абдыганы Эркебаев да өзүнүн ордун бошотуп, жаштар келип иштесин, жаштар көтөрсүн дегендей маселени көтөрүп жатат. Ушунун алкагында Сиздер да көп эмгек сиңирип аракет жасап жатасыздар. Мен үчүн абдан жаңылык болду, мына менин колумда Сиз жана университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдрахманов экөөңүздөр жазган “Россия тарыхы” деген көлөмдүү китеп турат. Бул китепте Россиянын байыркы тарыхынан ушул күнгө чейинкиси камтылган. Баягы өзүңүздүн илимий ишиңиздин уландысы экен. Өзүңүз да айтып отурасыз, 25 басма табак менен чыгыптыр. Мага абдан жакканы кыргызча жазылыптыр, ушул китеп жөнүндө сөз козгосок.

images (16)Карыбек Алымкулов: Жакшы болот, бул китепти жазуу ойдо жүргөн. Анан И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов авторлош болдук. Себеби, мен эсептеп көрсөм, Кыргызстандын бардык дубанында, университеттеринде тарых факультеттери бар. Бишкекте эки университетте Кыргыз улуттук университет жана И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде тең тарых факультети бар. Факультеттерде “Россиянын тарыхы” предмети окулат. Ал эми предмет боюнча кыргыз тилинде китеп жок, сабактардын көбү кыргыз тилинде окутулат. Кыргыз тилинде окуган студенттер кыйналып эле жүрүшөт.

Каныбек Осмоналиев: Сөзүңүзгө аралжы, кечирим сурайм, урматтуу радиоугармандар биз түз эфирде отурабыз, байланыш телефонубуз: 68 – 06 – 06. Карыбек Алымкулович быйыл тарыхчылар үчүн өзгөчө жыл. Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгы, буржуазиялык февраль революциясынын 100 жылдыгы, сталиндик репрессиянын 80 жылдыгы болуп калды. Ушулардын контекстинде сөз кылсаңыз.

Карыбек Алымкулов: Жарайт! Бул китепте 1917-жылдагы февраль революциясы жана Октябрь революциясы жөнүндө кеңири, жаңыча көз караштар менен берилди. Себеби, Россияда, биздин Кыргызстанда белгилене баштады. 10-15 күн мурун И.Арабаев университетинин тарых факультетинде Февраль революциясынын 100 жылдыгына карата “тегерек стол” болуп өттү. Чыгыш таануу жана Эл аралык факультеттеринде ж.б. ЖОЖдордо февраль революциясын белгилөө башталды. Бул жаңыча көз караш боюнча Россиянын тарыхындагы экинчи  революция. Биринчи революция бул 1905-07 жылдардагы болгон революция, андан удаалаш эле, үчүнчү Улуу Октябрь революциясы болду. Көпчүлүгү Февраль менен Октябрь революциясынын максаттарын чаташтырып алышат. 300 жылдан ашык бийлеп келген падышачылык “Романовдордун” династиясы кулап, 27-февралдан 3-мартка чейин болгон. Ошон үчүн Февраль революциясы деп, бийликке буржуазия келгендегиси, анын өзгөчөлүгү “кош бийликти” орнотуп койгондугу. Кош бийлик узакка чейин созулбады, биринчи бийлик убактылуу Өкмөт, экинчиси жумушчу солдат-депутаттарынын совети.

Каныбек Осмоналиев: Кечиресиз, телефон чалуу болуп калды, сурооңузду бериңиз, угуп жатабыз.

1-угарман: Саламатсыздарбы, орус тарыхындагы революциясы боюнча суроо берейин дедим эле. Орустардын революциясындагы бизге келип, бай-манаптарды жок кылышы, бийликке коммунисттердин келиши жөнүндө маалыматтарды бардыгыбыз эле биле бербейбиз. Ушулар жөнүндө айтып берсеңиз.

Карыбек Алымкулов: Революция болгондон кийин бир тарапты кулатат да, аларга репрессия жүргүзөт, ансыз мүмкүн эмес. Мисалы, Октябрь революциясы жеңгенден кийин өлкөдө граждандык согуш башталды, граждандык согуш эки тараптын, эзүүчү тап менен эзилүүчү таптын согушу. Бийликтер алмашат, анан жөн эле бийлигин берип койбойт да. Россияда граждандык согуш абдан катуу болгон. Граждандык согуштун жүрүшүндө Ленин өзү жарадар болгон. Бул жерде “кызылдар” жана “актар” болуп бөлүнүшкөнү аз келгенсип “ак террор” жана “кызыл террорлор” чыгышкан. Мисалы, 1918-жылы 30-августта В.И.Ленин “Путилов” заводунун жумушчуларынын алдында сүйлөп, трибунадан түшүп келе жатканда Фанни Каплан деген аял артынан келип эки жолу далысына ок аткан. Аткан ок дагы ууланган экен.    В.И.Ленин өтө катуу абалда болуп, тирүү калабы же жокпу дешип, революциянын тагдыры күн тартибинде турган. Граждандык согуш өлкөгө чоң бурулуш алып келди. Россиянын составында азыркы Кыргызстандын территориясы толук кирген. Китепти окуп жаткан адам ойлоп калышы мүмкүн, орустарды жазды деп, бул дагы биздин тарых. Себеби, биз Россия империясынын составнында, кийин Советтер Союзунун составында жүрдүк. Мурдагы “тап” күрөшү Кыргызстанда, өлкөнүн борбордук райондорунда да катуу болгон. Себеби бул мезгилде I Дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан учур да. Ошол кезде Россия 15 млн. кишини армияга алган, 10 млн. тегерегиндеги киши мылтыгы менен кайра үйлөрүнө баса берген. Селдей эле каптап кеткен, буларды токтотуш кыйын болгон.  Айла жок ошол кырдаалды токтотуш үчүн “сепараттык” тынчтыкка барышты. “Сепараттык”  деген  сөз союздаштарын баарын сатып, душмандары менен жашыруун түрдө келишимге кол коюу. Анткени, айла жок тынчтык керек болуп калды да.  Тынчтыксыз Совет бийлиги бир күн да кармалып турмак эмес.

Каныбек Осмоналиев: Эми акырындап отуруп, ушул китептеги жазгандарыңыз жөнүндө улантып айтып берсеңиз.images (44)

Карыбек Алымкулов: Бул китепте Москвадан чыккан Россиянын өзүнүн материалдарына караганда, биз өзүбүздүн чыгармачылыгыбызды коштук. Көбүрөөк материал киргизгенге аракет жасадык. Себеби алар, четтеп, ыңгайсыз жерлерин, буйтап өтүп жазышат. Себеби, муну окурман билсин деп, объективдүү түрдө биз да чектен чыкпай киргизүүгө аракеттендик. Россиянын тарыхында мисалы, Советтик согуш негизинен жокко эсе. Аны биз студент болуп окуп жүргөндө билген да эмеспиз.

Каныбек Осмоналиев: Ушул жерден, менин башыман өткөн суроону берейин. Менин атам 1938-жылы аскерге чакырылып Совет-финн согушуна катышкан экен. Андан  1947-жылы II Дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин кайтып келген. Өзү аны айтчу деле эмес, айткысы деле келчү эмес, кийин өлөөрүнө жакын айткан эле. Демек, Совет — финн согушунун өзгөчө тарыхы жазылышы керек экен да?

Карыбек Алымкулов: Ооба, өзгөчө бул тарыхты китепке киргиздик. Москванын бүгүнкү күндө чыгып жаткан эмгектеринде да аз эле берилет. Ооба, бул жагымсыз согуш, Советтер Союзунун басып алуучулук согушу. Себеби, 1939-жылы 23- августта Советтер Союзу менен фашисттик Германия Риббентроп — Молотов пактысына кол койгон. Бул боюнча Батыш Европада Гитлер өзүнүн каалаганын жасаган. Чыгыш Европа Советтер Союзунун таасир берүүчү чөйрөсүнө айланып калган. Прибалтика дагы Советтер Союзунун чөйрөсүнө кирген. Гитлер союздашы болгон Финландияны да сатып жиберди. Финландия чек арада турат, Ленинград шаары менен финн чек арасы 32 км ди түзөт. Ленинград шаары үчүн, бул өтө коркунучтуу. Карелиядан 2 эсе көп территория берели, алмашалы деп, Советтер Союзу 1-2 жолу сунуш кылган. Финндердин делегациясы буга макул болбой койгондон кийин, кышында 1939-жылдын ноябрында айыгышкан катуу салгылашуулар жүрүп, согуш башталган. Жоготуу абдан көп болгон, ушул күнгө чейин Советтик маалыматтарда так сан жок. Советтер Союзу бул согуштан чоң сабак алды. Кызыл Армияны кайрадан түзүп чыкты, себеби, репрессия таасирин берди. 40 000ден ашык такшалган Советтик полководецтер, офицерлердин бардыгы репрессияга учурап калып, ошондон кийин аскерлерге репрессияны токтотуп, тескерисинче аскердик училищалардын санын көбөйткөн. Бул жерден репрессия жөнүндө айтып кетейин. Быйыл репрессиянын болгонуна 80 жыл толот, аны айтпаса болбойт.  Карап көрсөк Советтер Союзу, анын ичинде Кыргызстанда деле 1930-жылкы изилдөөлөр өтө аз, сейрек. Биз окуп жүргөндө, ушул темага келгенде биздин профессорлор минтип айтчу: “Ручкаңарды чөнтөгүңөргө салгыла, дептериңерди жапкыла!”- деп. Анан лекция окушчу. Анда чектелүү гана профессорлор  бизге сабак беришиптир,  убагында коркушкан окшойт. Биз анда жашпыз, көп деле маани бербептирбиз. Ошондо да үстүртөн, жымсалдап айтат, кокус дептер, ручкабызды кармап жазалы десек, сөзүн буруп кетет. Себеби, 1930-жылдардын архивине тыюу болчу, кайра куруу жылдарына чейин эч ким айта алган эмес, опурталдуу болгондуктан тарыхчылар буйтап качышкан. Биздин өксүгүбүз ошол, эми Кыргызстанда репрессиялар боюнча активдүү иштеп жатышат. Мисалы, Жумагул Байдилдеев деген  жигит, тарых илимдеринин кандидаты. Ар дайым Россиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларынын архивдерине барып материал жыйнап келет. Жакында эле Оренбургга барып келди. Оренбургдан кыргыздардан айдалган “кулактар” жөнүндө маалымат топтоп келди. “Кулактар” деле байлар эмес болчу, алар активдүү, оокаттуу эле дыйкандар болгон. Украинанын Херсон областында, Оренбургга, Сибирге деле айдалган. Бирок көпчүлүгү Кыргызстандан айдалгандар Украина менен Оренбургда болгон. В.И.Лениндин эмгектеринде: “Кулактарга аёсуз согуш жарыялаш керек” деген жазгандары бар. Репрессияны Сталин, Ворошилов, Молотов, Кагановичтер Кыргызстанда эмне болуп жатканын көрүп коюптурбу. Кийинки изилдөөлөр айтып жатат, репрессиялангандардын 80%ы бул көрө албастык, 20%ы мүмкүн борбордон келген тапшырманы аткаруу болгон. Биздин алгачкы интеллегенциянын каймактарынын баары эле аман калган эмес. Мисалы, Жусуп Абдырахмановду алалы, ал абдан билимдүү киши болгон. Кыргыздын чыгаан жигити, орусча так билген. Анын орусча жазганын бир белгилүү окумуштуу жазганын маалыматтан окудум: “XIX кылымдын классикалык орус тили” деп айтып жатат.  Комсомолдордун съездинде Ленинге жолуккан, аны менен маектешкен. Кыргызстан жөнүндө маалыматты ушул кишиден алган. Ушундай учкай жолуккан жери бар экен, анын күндөлүгүндө жазылып жүрөт. Күндөлүк бул тарыхый булак болуп эсептелет, аны эч ким төгүнгө чыгара албайт. Күндөлүк тарыхчылар үчүн баа жеткис документ болуп эсептелет.

images (24)Каныбек Осмоналиев: Андан кийин II Дүйнөлүк согуш башталды. Ошону да биз башкача окуп жүрдүк эле. Азыр башкача маалыматтар жазылып жатат. Мисалы, ошол эле Сталинград салгылаштары, Курск дугасы, Экинчи фронт ж.б.. Ушулардын баары сиздердин  китепте жазылганбы?

Карыбек Алымкулов: Ооба, бул китепке киргизилди. Согуш жөнүндө болгондон кийин совет элинин баатырдык, кажыбас кайрат эмгеги, катуу тартип менен жеңип чыктык. Мен да кээде ойлойм, биз тоталитардык режим болгон үчүн согушту уттук деп. Эгерде демократия болгондо андай болмок эмес. Мисалы, Францияны алалы, ал империя. “Франкофония” деген 30га жакын мамлекет бар. Алардын бардыгы Францияга баш ийип турган, аскерлерин берди, эбегейсиз ресурсун колдонду. Ошентсе да Парижди коргой албай калышпадыбы. Ошол Парижди алган Германиянын 6-армиясы Сталинграддын көчөлөрүндө курман болушту. Ушул армия талкаланганда Германиянын өзүндө 3 күн аза күтүү болгон, себеби ишенген армиясы эле. Бул армияга Гитлер ай сайын 250 миң киши жиберип турган. Бул жерде дагы айта кете турган нерсе шаар жөн эле жатып алган жок да. Багынып берген жок, өндүрүштүк, согуш техникасы, курал-жарак чыгарылып жаткан. Ушул жерде бир бөлүгүн айткым келет, Ленинградда күнүнө 5000ден 7000ге чейин адам өлүп турган, булардын көпчүлүгү эркектер болгон. Кыйынчылыкты эркектерге караганда аялдар көтөрөт жана иштей алат. Ошондо 1944-жылга чейин шаардыктардын эркектеринин саны жокко эсе болуп калган. Көрсө суукту, ачкачылыкты, ооруну, оордукту көтөрө албайт экен да. Анан АКШнын “ленд-лизи” жөнүндө айткым келет. Көп эле окурман биле бербейт. Ленд-лиз бул программа.  АКШ тарабынан келген. Себеби, АКШдан ССРГСР ге чоң жардам берилген, тамак-аш, ок-дары ж.б. Ирандын Перси булуңунун жээгине автомобилдерди кураштыруу боюнча бир нече завод курган. Ашхабад, Баку, Астрахань аркылуу үч жол менен жардам берип турган. 1943-жылы  он миңдеген автотранспорт, 7000ден ашык танк, 14 000 дөн ашык самолет Америкадан алып турган СССР. Булардын баарын эске алышыбыз керек. 2008-жылкы баа менен 600 млрд. ашык доллар бериптир! Ушулардын бардыгы китепке киргизилди.

Каныбек Осмоналиев: Мени физик катары кызыктырганы СССРдин жана Россиянын тарыхында  кийинки, “муздак” согушка чейинки акыбал,б.а. ядролук жана атом бомбаларынын жасалыштары боюнча айтып берсеңиз.images (51)

Карыбек Алымкулов: Жакшы болот. Кандуу согуш аяктаары менен эле, курч абал  Потсдам конференциясында билинип калды. Ф.Рузвельттин көзү өтүп кетти. У. Черчилль болсо Премьер-министрликтен утулуп калды. Союздаштардын биргелешип жолуккан жери, ага чейин Тегеранда, Ялтада болгон. Ал конференциялардын мааниси абдан чоң эле. Бул II дүйнөлүк согуштан кийинки дүйнөдөгү тартипти сактоо, чек аралардын бөлүнбөстүгү болчу. СССР таркаганга чейин ушул система турду. Батыш өлкөлөрү Ялта системасын сындап жүрдү, Ф.Рузвельт да, У. Черчилль да Сталинге уттуруп койду деп. Чын-чынында ошондой экен. Ошол мезгилде Сталин абдан катуу турган, андан беркилер кичине тайсалдашкан.

Каныбек Осмоналиев: Кечиресиз, телефон чалуу бар экен, саламатсызбы, сурооңузду айта бериңиз.

2-угарман: Саламатсыздарбы, агайга суроо берели дедик эле. Жазган китебин кайсыл жактан алсак болот, анан баасы канчадан.

Карыбек Алымкулов: Бул китеп сатыкка түшкөн жок, 300 даана экземпляр чыккан, окуу жайларга гана таркатылып берилди. И.Арабаев атындагы малекеттик университетинин китепканасынан алып окуса болот. Бул тендер менен университеттин акчасына гана чыккан, менин сатканга акым жок.

Каныбек Осмоналиев: Угармандын суроосу мени да кызыктырып жатат. Карыбек Алымкулович бул китепти ушул боюнча калтырбастан, дагы чыгарасыздар го.

Карыбек Алымкулов: Туура айтасыз, бул китеп чыкканда баарын камтый албайт. Орустун деле китептерин карасаңар деле 3-4-5 чыгарылышы деп жүрөт, 5-10 жылдан оңдолуп-оңдолуп кайрадан басмадан чыгарышат. Бул китеп биринчи жолу басылып чыкты, окурмандардын пикирлерин угуп, дагы көрөбүз. 1946-жылы У.Черчилль отставкага чыккандан кийин Америкага барат. Американын Фултон деген кичине шаарында студенттердин алдында чыгып сүйлөйт. Бул киши оратор болгон, докладды эч ким жазып берген эмес, өзү жазган. Мемуарлары дүйнөдө танкыс. Мында тубаса талант болгон, адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган.  Ошол Фултондогу Черчиллдин атактуу сөзүнөн кийин дүйнөдө Кансыз же муздак согушуна старт берилген!

images (17)Каныбек Осмоналиев:   Карыбек Алымкулович “Кансыз” согуштун жеңилүүчүсү СССР болду да. Ушул боюнча айтып берсеңиз.

Карыбек Алымкулов:  Кансыз согуш деген термин Орто кылымда Испаниянын документтеринде кездешет, кийин ошол ат менен эле калды. “Кансыз согуштун” жүрүшүндө Советтер Союзу алсырап, АКШ башында турган Батыш менен жарыша куралдандырууну атайын жасаган, Советтер Союзунун экономикасын алсыратып, жок кылуу максатында. Чынында ал максатына жетти. Ошонун натыйжасында Советтер Союзу кулап калып, кансыз согуш аяктады. Ошону менен жеңиш Батыштыкы болду.

Каныбек Осмоналиев: Чынында, биздин тарыхчылар бүгүн Кыргыз тарыхын жазып жатышат. Ал балким, илимдин өнүгүү мыйзамы окшойт. Бирок ошол жазылгандар дүйнөлүк контекстеги тактык, чындыкты жазыш керек деп ойлойм. Кыргыз тарыхы жөнүндө жазган окуу китептери жөнүндө кабарыңыз барбы?

Карыбек Алымкулов: Ооба, азыр Кыргыз тарыхы жөнүндө жакшы иштер алып барып жатышат. Көп окумуштуулар тартылып жатышат, академиялык, университеттик системада иштегендер дагы жазып жүрүшөт. Буюрса жакынкы аралыкта да чыгат, атайын Өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчага Кытайдын архивдеринен маалыматтарды алып келип жатышат. XIX кылымдан берки соңку тарых Россияда, Ташкентте, Алматыда. Россияда да материалдарды сатат экен, мейли сатсын, алып келип жатабыз. Жогоруда айтпадымбы Жумагул Байделдеев Оренбургдан материалдарды жыйнап келди.

Каныбек Осмоналиев: Рахмат,  Карыбек Алымкулович, билинбей убактыбыз өтүп кетти. “Марал” радиосуна келип, маек куруп бергениңиз үчүн ыраачылыгыбызды билдиребиз. Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары бүгүнкү биздин коногубуз тарых илимдеринин кандидаты, доцент, белгилүү окумуштуу Карыбек Алымкулов болду. Бүгүнкү берүүнү мен, профессор Каныбек Осмоналиев алып бардым. Эмки жолу эфирден жолугушканга чейин саламатта болуңуздар!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *