Шашылыш кабар:

Кыргыз дүйнө таанымы чети оюла элек кең аалам

Апрель 14, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
67

20150929_141532К.Осмоналиев менен Б.Жумабаевдин маеги: КЫРГЫЗ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫ

Осмоналиев Каныбек: Саламатсыздарбы урматтуу “Марал” радиосунун угармандары. Бүгүнкү биздин ардактуу коногубуз оригиналдуу ой жүгүрткөн, мен абдан сыйлаган Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Бердибек Абдраимович Жумабаев агайыбыз келип отурат. Урматтуу угармандар “Марал” радиосунун кең пейил түзүп берген шартынын натыйжасында, Сиздер менен Кыргыз дүйнөтаанымы боюнча оригиналдуу ойлору бар, өзүнүн бир топ эмгектерин жараткан Бердибек Жумабаев агай менен пикир алмашканы отурабыз. Биздин студияга кош келиңиз. Чынында жайкы семестр жакындап, сабактар абдан көп, Сиз экөөбүз бир факультетте иштейбиз, ошого карабай убакыт таап келгениңизге “Марал” радиосунун угармандарынын атынан Сизге чоң рахмат айтып коюуга уруксат этиңиз. Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары биздин берүүбүз адаттагыдай эле түз эфирде болуп жатат. Каалаган сурооңуздарды берсеңиздер болот, байланыш телефону: 0 312 68-06-06. Бердибек Абдраимович! Мен биринчиден, Сизди физик катары билем, бирок Сиз ошол эле учурда көптөгөн жылдар бою Кыргыздын философиясы, дүйнөтаанымын изилдеп келе жатасыз. Акырында китеп да жаздыңыз, анын аталышы “Кыргыз дүйнөтаанымы” деп аталат. 2011-жылы белек кылып беген китебиңизди, бир нече жолу кайталап окудум. Кийинки учурларда, чынында философиялык ой жүгүртүүлөр абдан дискуссиялуу болуп,  жөнөкөй адамдардын башы айланып калды. Мен өзүм да ошондой абалда турам. Бирок, ушул китепти окугандан кийин, кандайдыр бир системалык ой жүгүртүү пайда болду. Биринчи кезекте, ушул китепти эмне себептен жазып калдыңыз, кандай себептер болду? Анан акырындап барып башка сөзүбүздү уласак.

Бердибек Жумабаев: Рахмат, эми өзүбүз эгемендик алгандан кийин, чындыгында, “сом” киргизилип, мамлекетибиз тартипке келгенче көбүбүз отуруп калдык да. Жумушсуздук көбөйдү, мугалимдердин айлыгы абдан төмөндөдү. Коммунисттик идеология жоголду, сабак бергенден тышкары убактын көп. Анан биздин эмне байлыгыбыз бар, ата-бабабыздан эмне калды, эмне баалуулуктар бар, эмнелерге таянсак болот деген ой келди. Биз эми момундай жашка келип калгандан кийин, жаштарга бир нерсе жазуу керек деп ойлоп, мен адегенде тарыхты каздым, тарых боюнча абдан көп китептерди окуп чыктым. Андан кийин тарыхтан башка биздин эмнебиз бар, бизге даанышмандык керек эмеспи. Миңдеген жыл жашап келиш үчүн, даанышмандыкка гана алып келет. Мамлекетти сактап келген бул даанышмандык. Ушундай болуш керек экен деп изденип жүрсөм, 2007-жылы Мени Хакасияга чакырып калышты. Аларда “тулпайрам” деп коёт экен чоң майрамын. Россияга киргенине 300 жылдыгына чакырган экен. Россия өздөрү гана өткөрүшүп,  мамлекетке чакырык бербегендиктен, мамлекеттин өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Ошол жерде “Ериктердин” уюму бар эле ошолор чакырып калды, барасызбы деп.  Буга чейин газеталарга 2-3 макала чыгардым эле. Менин акчам деле жок, бирок дароо эле оозума келиптир “барам” деп, кантип бараарым жөнүндө оюмда жок. Ошентип, ал жакка барып келдик. Келгенден кийин кандайдыр бир касиет алып келдим десем болот, абдан таасирленген нерселер көп болду, чоң майрам болду, алар менен тааныштык. Окумуштуулар менен жолугуштук, жерлерин кыдырдык, музейлерге алып барышты, доклад жасадык.

Осмоналиев Каныбек: Сиз байкадыңызбы, хакастар тили, дили боюнча кыргыздарга окшош болушат бекен?images (24)

Бердибек Жумабаев: Алар керек болсо, кыргыздар үчүн жанын бере турган эл экен да. Жалгыз мен калпак кийип баргам да, калган менин жанымдагылар, кыздар, айымдар барышкан. Бүткүл Советтер Союзу боюнча барышыптыр. Владивостоктон Латвияга чейин чакырышыптыр. Абдан чоң форум болду, ошолордун ичинен, калпакчандарга чоң урмат-сый көрсөтүлдү, жолубуз ачылды.

Осмоналиев Каныбек: Кечиресиз, Бердибек байке, калпактын бир таасири бар да. Мен дагы Эстонияда 10 жыл жүрдүм, калпак кийсем элдери карап, ээрчип алчу эле.

Бердибек Жумабаев: Туура айтасыз, көрсө бул калпакка ата-бабаыз жөн гана форма эмес идея киргизген. Өздөрүнүн көз карашы боюнча дүйнөнүн түзүлүшүн берген,  калпактын төрт тарабы чийилип турат. Ошон үчүн калпакты ылдый жерге койбойт, жогору бийик жерге, жүгүнүн үстүнө коёт. Хакасиядан бир жакшы доклад жасадым. Делегация менен чогуу чай ичишип отуруп, баарлашып, пикир алышып, анан айтып калдым кыргыздын философиясын жазсамбы дедим эле деп. Алар кандайча Сиз өзүңүз физик болсоңуз, аны тарыхчылар жазат да дешет. Жок мен бардыгын ойлоп бардыгына түшүндүм, жазган колумдан келет десем, анда биринчи китебиңизди бизге тапшырасыз деп калышты. Ошентип, “Кыргыз дүйнөтаанымы” китебимдин идеясы ошол жактан келген.

Осмоналиев Каныбек: Анда мен суроону, урматтуу коллега мындайча берейин. Сиз экөөбүз СССРдин учурунда төрөлүп, окуп, калыптанып, дүйнөтаанымыбыз деле бардыгы СССРдин идеалогиясы менен келгенбиз. Ал кезде университетте окуганда тарыхый материализм, диалектикалык материализм деп окучубуз. Мисалы, мен үчүн физика, математика оңой эле нерсе эле да, мен ошондон кыйналчумун, бир жасалмадай сезиле берчү. Эми Сиздин китебиңиздин алгачкы беринде жазылып турат. Бердибек Жумабаевдин эмгеги кыргыз тарыхындагы кыргыз дүйнөтаанымын аңдап, ырааттап системага салып чыккан биринчи эмгек. Эмгекте кыргыз дүйнөтаанымынын 9 философиялык түзүүчүсү, кыргыздардын нарктык жана диндик көз караштарынын концепциясы, кыргыз дүйнөтаанымынын колдонулушу жана ордунун аныкталышы чагылдырылган. Менимче, абдан чоң амбициялык нерселер болгондой болуп жатат, эми ушул ойлор жөнүндө айтсаңыз. Хакасиядан келип, жаза баштадыңыз, бирок, Сизге болгон пикир келишпөөчүлүк, көз карашы туура келбеген философтор толтура да, азыр деле бар.

images (16)Бердибек Жумабаев: Ооба, азыр деле күлгөндөр бар, ошол кезде мен айтып жүрдүм да, кыргыздын философиясын жазып жатам десем, ой жарыктык кыргыздын философиясы да барбы дегендер болду. Көрсө, булар өтө эле алыс, өзүнүн баалуулуктарын кызыктырган эмес, ал кездеги саясат ошондой болгон. Ошентип, орто муун өтө алыстап кетиптирбиз, жогорку муундарда, өзүбүз кичине кездеги аксакалдардан угуп, жанында жүрчүбүз. Ал кезде аксакалдар чогулуп алып, нарктуу сөздөрдү сүйлөшчү. Мен өзүм абдан өкүнөм, ошолорду жазып калсак болмок экен да. Ал кезде шарт да жок, магнитофон деген жок, азыр телефон болсо эле жетиштүү. Мисалы, чабыт ай абдан кенен экен деп жатпайбызбы, ошондой чабытка түшүш үчүн, чынын айтайын. Мен кээде жинди болуп кетемби деп коркчумун. Ал өзү оор илим да, мен өзүмө ошондой оор жүктү моймума илип алгандан кийин, 2007-жылдан 2010-жылга чейин сабак гана берем, калган убактым баары ушул болуп жатты. Дачам бар эле, дачага барып алып, тыптынч, эч ким менен ишиң жок, болгону натуралдык сок алып алам. Көрсө, туура экен кийин окудум, ой жүгүрткөнгө “кант” абдан керек экен. Ошентип, бул китепти үч жерден жаздым, дачадан үчтөн бирин, үчтөн бирин Ысык-Көлдүн жээгинен. Барсбек көлдүн жээгине коюлган да, ошол “чабыттар” жөнүндөгү бөлүгү көлдөн жазылды, аягында туугандарым келип Бишкекте үч комната үйгө киргизишти, ошол жерден калганын жападан- жалгыз отуруп бүтүрдүм. Ар кандай китептерди көп окудум, тарыхты “казып” чыктым, аксакалдардан уккандарымды чогултуп жаздым, аракеттендим, издендим.

Осмоналиев Каныбек: Көрдүңүзбү, социализм, коммунизм идеялогиясын жоготуп калган учурда, Сиздин идеялогияңыз жазылып отурат. Мен бул китепти бир окудум, андан кийин окудум жана дагы окуйм. Эми, Сиз биринчи эле “бапта” Жеңижоктон мисал келтирипсиз. Менин атам да 18 000 аалам деп айта берчү эле. Мен ошону кыскача “Марал” радиосунун угармандарына окуп берейин. Жеңижоктун:

“Асман, Ай, жылдызы бүткөндө

Улангансың дүнүйө,

Жер титиреп бүткөндө

Куралгансың дүнүйө.

Он сегиз миң ааламды,

Бир жараттың дүнүйө.

Кемтиги жок эч жерде

Куп жараттың дүнүйө.

Аял менен эркекти,

Жуп жараттың, дүнүйө

Адамзаттын ичинде,

Куп жараттың дүнүйө” – деп жазылганы генийлик. А чындыгында, бизде философтор да, философиябыз да болгон эмес деп эле келгенбиз да. Көрсө ушунун бардыгы ата-бабадан келген турбайбы. Эми ушулардын ичинен конкреттүү мисалдарга өтсөк, 9 философиялык өзгөчөлүктөрү  деп жазып жатасыз. Биз абдан барктаган, сыйлаган философия илимдеринин доктору, профессор Хусеин Исаевич ушул китебиңизге абдан кеңири пикирин жазып бериптир. Аны өзүнүз да айтып берерсиз. Ошондо кыргыз философиясынын 9 өзгөчөлүгүн: бир кем дүйнө, жалган дүйнө- чын дүйнө философиясы, туюнтуу, тутунуу, төгөрөктүн төрт бурчу, обо, теңирчилик, жеткилеңдик, үчилтик философиясы деп жазыптырсыз. Эми ушулар жөнүндө ирээти менен айтып берсеңиз.images (14)

Бердибек Жумабаев: Сиздер деле угуп жүрсөңүздөр керек, мен өзүм ушунун баарысы ата-бабабыздын ооздорунан угуп жүргөн сөздөр да. Бирок, муну түшүндүрүш, материал жыйнаш тозок болду да. Баалуулуктар, даанышмандыктар болгон экен деп угуп жүрдүм, кээ бирлерин жазганга жеңилирээк, кээ бирлерине өтө кыйын болду. Мисалы, “Бири кем дүйнө философиясы” деген эң улуу философиялардын бири экен да. Мисалы, бир жумушту уюштурсаң дайыма бир нерсеси жетпейт, алымсынбайсың. Ошонун артынан түшөсүң, изденесиң, бул жашоодо бир нерсе жетишпейт, аны изденүүгө, жашоого кызыкчылык алып келет, эң чоң философия ушул экен. Бир жолу кызык болду “ЭлТРге” Бейшенбек Бекешов мен-мен деген 4-5 аксакалды чогултуп, алып барып түз эфирге кызуу талкууга салып койду. Бейшенбекке китебимди бергем ал окуп чыгып, ага да жагып калыптыр. Ошол жерден Дастан Сарыгуловго мындай суроо берди: “Дастан Сарыгулович, мен бул китепти окуп отурсам бири кем дүйнө деген чыгыптыр. Мурда теңирчилик дечү элек, чын эле бири кем дүйнө экен бул дүйнө, кайсынысы жакшы. Жалпы дүйнөдө да ошондой улам бири келет, бири кетет, ал толукталат. Ошентип жүрүп отуруп, улана берет турбайбы. А теңирчилик болсо теңдеп койгон, баарысы тен, теңбиз, баары эки тараптан турат” деп айтты. Менимче бул теңирчилик философиясынан, бири кем дүйнө философиясы биринчи турат турбайбы – десе, Д. Сарыгулов ага макул болбодубу. Кийин күлүп айтты, ошол жерден “Теңирчилик”улуу деп жүргөн Дастан Сарыгулов “Бири кем дүйнөгө” өтүп кетти – деп.

Осмоналиев Каныбек: Илимдин динамикасы ошондой талаш- тартыш менен жүрөт эмеспи. Менин дагы бир көңүлүмдү бурган жери “Шумерлер” менен кыргыздын байланышын укмуш жазыптырсыз. Биз “Шумерлер” дегенде эле Египетке тең тайлаш элдер деп билебиз. Ушул жөнүндө кеңири кеп салсаңыз, себеби 21 окшоштугун тааптырсыз.

Бердибек Жумабаев: Ооба, бул өзү таң каларлык. Ойлонуп отуруп, бул эмнеден келип чыкты, биздин философиябыздын түбү каякта деген суроо пайда болду да. Мага да суроо беришет да философиябыздын түбү каякта деп, ошону ойлойсун да. Мен ойлоп отуруп  философиябыздын түбү байыркы ата-бабабызда да, деп ойлоп, анан байыркы ата-бабабыз ким болгон, ошого кирип кетүүгө туура келди. Байыркы ата-бабабыз жөнүндө тигил, бул китептерден окуп жүрүп, биздин өзүбүздүн китептер калып калды. Анда аз эле маалыматтар экен да. Ошентип, шумерлерге чейин кирип кеттим. Биздин Орто Азиядан Италияга, Индияга, Кара Деңизге чейин кеткендер бар экен, аны окудук. Ошентип, окуп жүрүп отурсам, биз өзүбүз “Гуз” деген элдерден экенбиз. “Гуз” деген кадимки эле Өзбекстандын территориясында “Даваньда” жашаган экен, ал менен “Шумерлер” жакын деп ойлоп “Шумерлерди” каза баштадым. Алардын тилинде, азыркы убакта 72 сөзү биздин кыргыз сөздөрү.

Осмоналиев Каныбек: Анда “шумерлердин” тилин түрк тилдери менен байланыштырсак болот экен да.

Бердибек Жумабаев: Менин оюмча, азыр негизги талашып жаткандар орустар менен түрктөрдүн тилине жакын экен., башка улуттардын тили жакындабайт. Көрсө, барып эле бул “арийлер” экен. Эмне үчүн орустардын, кыргыздардын сөздөрүнө жакын болсо, орустарда да, кыргыздар да “арийлер” да. Биздин энебиз “турчанка” болуп калган, ошол үчүн өңүбүз өзгөрүп калды.

Осмоналиев Каныбек: Бул жерде Сиз жазып жатасыз, шумерлер да, кыргыздар да “теңирчиликти” тутунушкан. Башкы кудайларды “шумерлер” диңгир, хакастар – “тигир”, кыргыздар “теңир” дешкен. Дагы бир кызык жери “шумерлерде” киши өлгөндө өкүрүшкөн. Аялдар күйөөлөрү өлгөндө беттерин тытып, кошок кошушкан. Ушулардын документалдык негиздери барбы?

images (19)Бердибек Жумабаев: Чындыгында, жогорудагыдай айтылган архивдик материалдар бар. Биздин философиябыздын “бири кем дүйнө” дегенден кийин “теңирчиликти” жаздым. Көрсө ошолордо болгон экен, “теңир” дегенди “диңгир” деп уңгусу бир болуп жатат. Анан кадимкидей окуунун ошолордон башталганын мен түшүндүм. Чындыгында эң терең нерсе бул, эмне үчүн батыш, чыгыш болуп эки башка идеяга таянып калганбыз жана биздин философиябыз күчтүү болгон экен. Аларда эки тарап болот жана ошол эки тарап бири-бири менен күрөшүп, толуктап отурат.

Осмоналиев Каныбек: Мен “Марал” радиосунун угармандарына дагы бир жолу телефонубузду кайталап коёюн: 0 312 68-06-06. Суроолоруңуздар болсо берсеңиздер болот. Эми агай экинчи маселе, “жалган дүйнө, чын дүйнө философиясы” боюнча айтсаңыз.

Бердибек Жумабаев: Эми бул укмуштуудай чагылдырылган. Енисей жазмаларында да бар. Ошол жакта жалаң  “жалган дүйнө, чын дүйнөнүн философиясы” да, ошого баш ийип кайткандардын барысы жазылган Орхон Енисей жазуулары. Орхон Енисей жазуулары деп түрк жазууларын негизин айтабыз, ал жерде кыргыздардын жазуусунун алфавиттери кичине айырмаланат. Ал жерде эчак эле кыргыздар баштаган, жазмасы Орхон Енисейден мурда болгон.

Осмоналиев Каныбек: Ошондо кайсы кылымдарга туура келип калат?

Бердибек Жумабаев: Биздин так жазмалар биздин замандын V-VI кылымдарына туура келет. Мен бир кызык нерсе таап алдым, ушул жерде туура эмес которушуптур, бир котормодо. Мындай деп жазган: “Биз алты кылымдык тарыхыбызда “умайбектер” менен жашадык” деп турат, ошол кездеги жазгандары. “Умайбек” деген “Барсбектин” башкача аталышы, мурда ошондой аташкан. Демек, ошол кезде Барсбектер VIII кылымда болгон, андан VI кылымды алганда, анда II кылым болуп жатпайбы. II кылымдан баштап матриархаттан патриархатка өткөн кези ошол экен. Бул китепте ошол котормо бар, бул жерде өзүнчө чоң ачылыш болуп жатат.

Осмоналиев Каныбек: Биз аны XX кылымда такыр башкача айтып жүрөбүз да. Агай эми бир суроо пайда болуп жатат. Канчадан бери изденип жүрөсүз, дагы бир топ агайлардын, коллегалардын китептерин окуп жүрөбүз. Биздин Кыргыз Илимдер Академиясы кандай позицияны ээлеп турат? Ачык эле айтып берсеңиз, угармандар уксун себеби, бул илим да.

Бердибек Жумабаев: Эгерде тарыхчы, тилчи жазганда баасы мындай чыкмак эмес экен деп, мен жазган китепти окугандардын көпчүлүгү айтышты. Мен өзүм физикмин,  илимий материалдар менен келтирип жаздым, башкача буруп, көркөмдөп жаза албайм.

Осмоналиев Каныбек: Омор Сооронов деген адистер кандай баалашты?

Бердибек Жумабаев: Ал киши менен да жолуккам, ал тарыхчы да. Бул өзү даанышмандык, чындыгында. Муну окугандар түшүнө албай жатабыз, кыйналып жатабыз дегендерге айттым: “Бул деген адабий китеп эмес, бул өзү даанышмандык”. Конференция өткөрүп жатышканда доклад окуп бериңиз деп университеттен чакырышкан. Философия институтунун директору  Осмон Тогузаков дагы келген, ал да китебимди окуп жактырган. Мени көргөндө эле атыман атабай эле “Кыргыз дүйнөтаанымы” келе жатат дейт. “Кыргыз дүйнөтаанымы” деген ат кайсы убакта башыңызга келди деп суроо беришкен.

Осмоналиев Каныбек: Китептин аталышы боюнча айтып бериңизчи?Без названия (17)

Бердибек Жумабаев: Дүйнөтааным деген термин ойго келе элек болчу, кийин келди. Материалдардын бардыгы чогултулуп келгенден кийин эле, даанышмандык деген туура келбей калды. Даанышмандык башкачараак болуп калат, анткени дүйнөнү таануучу илим да, ишеним да бар, ушулардын баарын бириктирген ат керек болуп калды. Ар кандай атты ойлонуп жатып, бир күнү Юдахиндин сөздүгүн казып чыктым. Ушул “тааным” деген сөз ошондо бар экен. Тааным деген сөздү окуп анан “Дүйнөтааным” деп, дүйнө кантип тааныган, дүйнө таанылды, дүйнө кабылдоо деген сөздөрдөн улам, ушунча чоң материалды чагылдырган сөз ушу гана экен деп атадым.

Осмоналиев Каныбек: Эң туура ойго келгенсиз. Кийинки учурларда туура келсе, келбесе деле кыргызчага бардык “терминдерди” которуу менен алек болуп калдык да, кээ  бирлери жугуп жатат, кээлери жукпайт. Мен да “Альфред Нобель” деген эки томдук китеп жаздым. Мисалы, физикалык терминдер боюнча, “спин” дегенди “ийин” деп которуп коюшкан. Бирок “дүйнөтааным” деп атаганыңыз бардыгына туура келип жатат. Эми, “туюнтуу” жана “тутунуу” философиясы деп жатасыз. Бул жөнүндө эмнени айтасыз?

Бердибек Жумабаев: “Туюнтуу” дан “тутунуу” философиясы жогору турган да. Тутунуу деген мисалы, чоң окууларда тутунуу, туттуңбу, кабыл алдыңбы, жасалмалуулук жокпу, чындыкпы деген сөз. Нике кыйганда да туттуңбу деп суроо беришет, туттум деп жооп беришет. Туттум дегенден кийин, ал өмүр бою толук баарын кабыл алдым дегени. Тутунуу дегенга мен ар кандай философияларды, философиянын бөлүкчөлөрүн, элементтерин, тармактарын, тараптарын киргиздим. Ал эми “туюнтуу” философиясы дегенде кыргыздар ташка жазган символдор.

Осмоналиев Каныбек: Айтмакчы “шумерлер”да карапаларга жазгандар да.

Бердибек Жумабаев: Ооба, ал да таш бул жерде жазмалар окшоштугу бар. Бул мындайча айтканда, жазмасынын түбөлүктүүлүгүн тапкам. Ташка жазганда да абдан чоң ташты түзөтүү кыйын да, анан кээ бир тыбыштарды таштап кеткен. Анткени таштын бети жетпейт, аянтча аз. Бардык жагынан ойлонуштурган философия. Аны жазганда ар бир туюнтуучунун белгиси, формасы, көлөмү аз аянтчаны ээлей тургандай ойлоп табышкан. “Ак” деген ошо кезде абдан ыйык болгон экен, анын “А” сын жазган эмес. Ошон үчүн Радловдор кыйналышкан, философиясын билген эмес да. Ошентип биздин философияны эптеп өздөштүрүп алган мен алардын каталарын таптым.

Осмоналиев Каныбек: Физикалык билимдин да өзгөчө касиети бар окшойт. Алгоритм түзүп, андан ары улантып жазганыңыз. Андан кийинки “төгөрөктүн төрт бурчу” философиясы. Мени ушул абдан кызыктырып турат.

Без названия (20)Бердибек Жумабаев: Бул жердин кээ бир нерселерин мен дагы таба алган жокмунбу деп ойлойм. Бирок негизи “төгөрөк” бул дүйнөнү билдирет. Төрт бурч бул, мисалы, “өлгөн адамды” төрт бурч казып туруп анан коюшкан. Демек, рухий дүйнө төрт бурчтуктун ичинде. Ал эми дүйнөнүн белгиси, тегеректин ичинде да, болгону сенин гана дүйнөң. Ошентип, төрт бурчтуктун ичине тегеректи жайгаштырып койгон. Хакасияга барганда алардын желегинде “төгөрөктүн төрт бурчу” белгиси турат. Алар бул белгини “солярный знак” деп коюшат. Анан төрт бурч дегенде көп нерсе жатат, анда төгөрөктүн төрт багытын көрсөтөт, маалыматтын бөлүнөрүн көрсөтөт.

Осмоналиев Каныбек: Демек, биздин кыргыз элинин философиясы канчалык, байыркы болсо, андан ары да философиясы бар турбайбы. Эми ушул боюнча, биздин Кыргызстанда, Улуттук Илимдер Академиясында, Кыргыз улуттук университетте Сиздердин идеялар боюнча илимий темалар сунушталып, жаш окумуштууларга диссертациялык темалар коюлуп, багыттуу, максаттуу иштер алып барылып жатабы?

Бердибек Жумабаев: Мен чынын айтканда, изилдеп көргөн жокмун. Жанагы “бир кем дүйнө” деген эң чоң жаңылык да. Ошону Жамгырбек Бөкөшов деген бар, ошол атайын газетага жазыптыр: “бири кем дүйнө” жөнүндө Бердибек Жумабаев өзүнүн китебинде жазган деп “ссылка” жасаган. Анан “Кыргыз философиясы” деген китеп жазыптыр. Анан Хусеин Исаевич айтат: “Сен ушул темаңды жактап койбойсунбу, качан жактайсың”.

Осмоналиев Каныбек: Кечиресиз, радиоугармандын суроосу бар экен.

1-угарман: Саламатсыздарбы? Сиздердин берүүңүздөрдү угуп жатабыз, чоң рахмат. Илим жагынан айтсак, азыр кичине баладан баштап эле саясатка аралашып, саясатты сүйлөп калды. Ушундай берүүлөрдү көп берсе, балдарыбыз да угат эле. Сиздер менен замандаш болгонума абдан ыраазымын. Менин эки суроом бар, “Кыргыз дүйнөтаанымы” деген китепти кайдан алсак болот? Анан китепте “Ислам” дини жөнүндө эмне деген маалыматтар бар? Агай Хакасияга барганда философияга болгон ынтызарлыгым ачылды деп айтты го. Ошол жерде кайсы динди кармайт экен? Кыргыздардан эмнеси менен өзгөчөлүнүп турат экен? Рахмат, аман болуңуздар.

Бердибек Жумабаев: Рахмат, бул китептин тиражы 600 гана болгон. Убагында таратылып, белекке берилип, сатылып, азыр калбай калды. Эми кайрадан “Кыргыз таанымы” деген ат менен чыгарсамбы деп жатам. 2010-жылда жаздым эле, андан бери дагы өнүктүм, толуктап кайрадан басмадан чыгарайын деп жатам. Хакасияда конференцияда доклад жасадым дебедимби. Ошол докладымдан кийин бир окумуштуусу келип биздин белгилер менен өздөрүнүн белгилерин салыштырып, маалымат алмаштык. Биздеги кыргыз белгилери менен окшоштук жактары бар экен. Албетте, хакастыктар биз дагы түпкү тегибиз кыргызбыз, бизди таштап кеткенсиңер деп таарынышат экен.

Осмоналиев Каныбек: Агай, эми ушул жерден жазып жатасыз: “Шумерлер” да эпос жараткан деп, “Гилгамеш” эпосунда алар “Теңир тоодо” (Чыгыштагы асман мелжиген бийик тоодо) жашашкан деп жазылган.

Бердибек Жумабаев: Ооба, алар: “Биз Түндүк Чыгыштан”келгенбиз деп өздөрүнүн эпосунда жазып жатышат.

images (54)Осмоналиев Каныбек: Кечиресиз дагы бир телефон чалуу бар экен.

2-угарман: Саламатсыздарбы, Мен Кант шаарынан чалып жатам, атым Каныбек. Менин суроом төмөнкүчө: тува, хакастыктар Сиздин маалыматтарыңызга абдан кызыгуу менен мамиле жасаганын мен да түшүнүп турам. Бирок, азыр биздин бул жактагы “Ислам” дин жагындагы аалымдар кандай мамиле жасап жатышат? Китебиңиз кайра да басылып чыкса деп ойлойм. Сиздерге чоң рахмат.

Бердибек Жумабаев: Рахмат, Каныбек мырза. Чындыгында, аларда “Тигир” деп аташат, алар да түбүбүз бир экендигин, философиябыз, даанышмандыгыбыз да бир экендигин жакшы билишет экен. Бизди барганда абдан сыйлап, коргоп, биз үчүн күрөшүп жатышты. Ошол жерде жүргөн мезгилде автобустан бир орус аял мага орой мамиле жасап койду эле, хакастар мага болушуп анын айласын кетирбедиби. Анткени мен калпакчан жүрдүм эле да, ошол себептен мени жакын көрүштү го. Эми “Ислам” дини боюнча, бизде абдан кармашуулар болгон. Менде эчен жолу теледе, радиодо да “ажылар” менен айтышуулар болду. “Ажыларда” өз оюн бербегендер көп, аларга мен негиздер менен илимий фактыларды айттым. Бул эки ишенимди бири-бирине каршы койбойлу. Бири ата-бабабыздын байыркы ишеними, ал дүйнөгө тараган. Бардык дүйнөлүк диндердин негизи ошондо жатат, бардык нерселердин бардыгы экиге бөлөт: денеси жана жаны. Физикада квант деген бар ал дагы экиге бөлүнөт, ДНК да экиге бөлүнөт. Толуп жатат, дүйнө экилик, коштук менен жаралат, ал коштуктун түбүн “Теңирчилик” философиясы айтып келген. Ошондон бардык илимдер, бардык ишенимдер тараган. Дүйнө жуурулуп, өзгөрүлүп, башка түргө өтө берген нерсе экен, ошондон илимдердин башка түрү жаралды. Кийин “Ислам” да келди, аны дагы сыйлайлык. Адамдын өзүнүн кабыл алуусуна жараша болот.

Осмоналиев Каныбек: Эми Каныбек байке абдан жакшы суроо берди, менимче, эки баалуулукту бири-бирине карама-каршы койбош керек. Бул жерде “Обо” философиясы турат. Бул да мени абдан кызыктырган суроо.

Бердибек Жумабаев: “Обо” философиясы да биздин ата-бабабыздын оозуна келген сөзү да. Ободо деп айтышат, анын түбү биздин ата-бабабыз аалмады да үчкө бөлгөн экен. Биз азыр мега-, макро- жана микродүйнө деп жатпайбызбы. Көрсө ал биздин ата-бабабыз илгери эле айтып койгон. Баш обо, тулку обо, түп обо.

Осмоналиев Каныбек: Дагы бир угармандын суроосу бар экен.

3-угарман: Саламатсыздарбы? Жанагы биздин “молдокелер”, “теңирчилер” менен кармашканча “бахависттер” менен кармашса жакшы болмок. Анан мусулманчылыкка өткөндө анын эрежеси, милдети бар да, беш маал намаз окуп, ажылыкка барып ж.б. парздары. Ал эми “теңирчиликтин” кандай милдети бар, анан анын негизги өзөгү, мааниси эмнеде? Мусулманчылыкка кирген кыргыз менен теңирчиликке кирген кыргызда эмне айырмасы, окшоштугу бар?20150929_140718

Бердибек Жумабаев: Рахмат. Албетте абдан чоң айырма бар. Теңирчиликте аталып тургандай, байыркы, ошол кезде нарктуу болгон, барысын тең караган эл. Ошон үчүн кыргыздар коногун кудайындай көргөн. Бул эч качан конфликтке алып келбөөчү, толеранттуу илим. Менимче, биз кайра кайрылуубуз керек, келечектики ушул. Кайталануучулук, мезгилдүүлүк деген бар, ошол негизгиси. Биздин Козубеков Төлөгөн деген аксакалыбыздын “Көк теңир” деген китебин алып окусаңыздар, абдан кызыктуу жазылган.

Осмоналиев Каныбек: Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары бир саатыбыз билинбей эле өтүп кетти. Чынында “Ислам” менен “Теңирчиликтин” ортосундагы мамиле жөнүндө көп айтса болот.  “Марал” радиосу “Илим жана турмуш” берүүбүздүн алкагында “Ислам” мударистерин да алып келебиз, бул чоң тема. Бүгүн Бердибек агай сиздин идеяңыздын, китепте жазгандарыңыз, мен үчүн энциклопедия, анын 10%ын эле сүйлөштүк. Биздин бүгүнкү эрдигибиз “Кыргыз дүйнөтаанымын” баштадык. Илими, боз үйү, мамлекеттүүлүгү жөнүндө айта элекпиз. Дагы окумуштууларды, Кусеин Исаевичти чакырабыз буюрса, илим менен диндин ортосундагы мамиле чынында абдан актуалдуу маселе. Урматтуу “Марал”радиосунун угармандары убакыттын тардыгына байланыштуу берүүбүздү аяктоого аргасыз болуп жатабыз. Урматтуу  “Марал” радиосунун угармандары ушуну менен “Илим жана турмуш” берүүбүздүн кезектеги санын аягына чыгып отурабыз.  Радиоберүүнү мен, профессор Каныбек Осмоналиев алып бардым. Эфирден жолугушканча саламатта болуңуздар.

Бердибек Жумабаев: Рахмат. Жакшы калыңыздар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *