Шашылыш кабар:

Апрель ыңкылабына жети жыл, кылмыш дүйнөсү «кыймылдады»…

Апрель 9, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
79

27187

Узап бараткан аптада 2010-жылдагы апрель элдик революциясына жети жыл болуп, ыңкылапта курман болгондор эскерилди. Жогорку Кеңеште күч органдары менен кылмыш дүйнөсү аралашып кеткени айтылып, эл өкүлдөрү прокуратураны буга чара көрүүгө чакырышты. Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев Орусияга барып Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда миллиондогон келишимдерге кол коюлду.


Апрель окуясы эскерилди

Апрель ыңкылабында курман болгондордун элесине Куран окулуп, революцияда окко учкан жарандардын сөөгү коюлган «Ата-Бейит» эстеликтер комплексине гүлчамбар коюлду.

Эскерүү иш чарасына президент Алмазбек Атамбаев баштаган Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана парламент депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү келишти. Өлкө башчы апрель революциясында жабыркагандар жана каза тапкандардын жакындары менен жолугуп, айрымдар президентке арыз-муңдарын билдирип, кат берүүгө үлгүрүштү. «Ата-Бейитте» расмийлер билдирүү жасашкан жок. Буга байланыштуу  президентин аппараты Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын 7 жылдыгына карата билдирүүсүн тараткан эле. Анда төмөнкүлөр айтылат:

«Туура жети жыл мурда, 7-апрелде Кыргызстандын тагдыры чечилген. Ал күнү элибиздин алдында бир үй-бүлөнүн хандыгы орноп, калганыбыз кул болуп калабызбы, же эркин жарандар өлкөсү болобузбу деген суроо турган. Ал күнү көк жал жигиттерибиз эркиндик үчүн бүгүн, азыр башты сайып күрөшпөсөк, кийин кеч болуп калат деп чыгышкан. Дал ошол күнү намыскөй элибиз кайрадан эркиндикке, адилеттикке, келечекке жол ачкан».

Президент 7-апрелде кырчындай өмүрлөр кыйылып бирок, ал баатырлардын улуу тилектери ишке ашып Кыргызстан өнүгүп жатканын белгилеген.  Революциядан кийин өлкөгө тынчтык, туруктуулук келип, мамлекеттүүлүк бекемделгени камтылган. Атамбаев «Ата-Бейиттеги» эскерүү иш чарасынан соң 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып, Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жайгашкан эстелик монументке гүл койду.

ЖКнын маалымат кызматы апрель окуясына байланыштуу парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүн таратты. Төрага анда 7-апрель кыргыз тарыхында орду маанилүү экенин жана ал унутулбай турганын билдирген. Турсунбеков 31-мартта Улуттук филармонияда апрель революциясы боюнча сүйлөп жатып, ыңкылаптын жетишкендиктери тууралуу буларга токтолгон:

«Санкт-Петербургда Евросоюздун парламенттик ассамблеясынын президенти Педро Агармунт менен жолуктум. Ал айтты «Кыргызстан Борбордук Азиядагы жакшы, жарык жол менен бара жаткан бирден-бир өлкө» деп. Мен кайра Кыргызстанга кетип жатканда ал жактагы орус достордун бири «ачык айтып коеюн өткөн жылы Бишкекте болгон эл аралык КМШ парламенттик ассамблеясын чакырып өткөргөн шайлоо боюнча конференциядан кийин, биз дагы Москвада ушул боюнча жыйын кылдык. Анда биздин жогорку жетекчилердин бири «биз уялбай эле шайлоо өткөрүүдө кичинекей Кыргызстандан үлгү алышыбыз керек» деди. Мунун баары биз үчүн сыймык».

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын 7 жылдыгын эскерип өкмөт мүчөлөрү дагы Ала-Тоо аянтындагы Аксы окуясына жана апрель курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков апрель революциясында курман болгондордун туугандары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугуп өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ал 2009-жылы  Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин көлөмү 48 млрд сом болгон болсо, алты жыл аралыгында бул көрсөткүч 125 млрд сомго жеткенин билдирди.

Анткен менен убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров буга чейинки эки бийликтин тушунда болуп келген туура эмес иштер азыр дагы болуп жатканын сынга алды:

«Кыргызстан эли эки ирет революция кылып, буга чейин Кыргызстанды сазга батыргандар ушулар деп эки бийликке өз баасын, атын берип койду. Бирок, алардын схемасы дагы деле иштеп атат. Мисалы Кумтөрдү Темир Сариевдин комиссиясы, парламент туура эмес жол менен иштеп жатат деп атат. Кумтөр болсо өлкөнүн негизги экономикасын түзөт. Мен бул боюнча 2012-жылы президентке кайрылып, бирок жооп болгон жок».

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Конституция өзгөрүп, Кыргызстан парламенттик башкаруу жолун тандаган. Бирок, өлкөдө таза парламенттик эмес президенттик-парламенттик башкаруу болуп жатканын бийлик дагы мойнуна алат. Парламенттик система көчө оппозициясын Жогорку Кеңешке киргизип, саясий атаандаштык дал ушул мыйзам чыгаруу бийлигинде болуп жатканын бийлик бетке кармап келет. Деген менен парламентке бийликке ийкемдүү партиялар келип, жогору жактын көрсөтмөсү менен иш алып барат деген да саясатчылар бар. «Ата Мекен» оппозициялык фракциясынын депутаты Садык Шер Нияз парламентте бийлик оппозицияны каралоого өтүп алганын билдирди:

«Көчөдөгу митинг, революциялар кайра кайталанбаш үчүн ачуу сөздөр, сын-пикирлер кайсы бир жактан берилип турушу керек. Парламентте ошол сөздөр айтылганда гана коомчулуктун дагы көксөөсү сууп калат. Тилекке каршы кээ бир учурда бийлик парламенттеги оппозицияны каралап, жалаа жапкан учурлар бар. Бийлик, эми мындай сындар керек экенин түшүнгөн учур келээр деп үмүт кылабыз».

7-апрель эс алуу күнү деп жарыяланган. Бул күндү эс алуу – майрам күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2016-жылы 6-апрелде үч окууда тең көпчүлүк добуш менен кабыл алып, президент кол койгон.

Ошондой эле Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142 метр бийиктиктеги аты жок чокуга жакында эле «Апрель революциясынын баатырлары чокусу» деген географиялык аталыш ыйгаруу боюнча мыйзам кабыл алынды.

30478.f302019822ab282ebe75ea16e31096ac

Үмүттөр акталдыбы?

2010-жылдагы элдик ыңкылапты ишке ашырган калың эл өлкөдөгү экономикалык өсүштү, коомдогу тартипти жана акыйкатуулукту, бийликтеги корруциянын жоюлушун талап кылган. Эртеңки жаркын келечек үчүн жанын кыйган эр азаматтардын каны менен бийлик алмашкан. «Бул тарыхый окуядан кандай сабак алдык жана ошол кездеги элдин негизги талаптары канчалык деңгээлде ишке ашты?» деген суроолор бүгүн ар бир кыргыз жаранын ойлонтпой койбосо керек:

«7-апрелде Бишкекте адамдар өлүп жаткандыгын угуп, ишенбей келсем, чын эле ошондой болуп жатыптыр. Ок атылып, жерге кан төгүлүп, жаракат алып, аларды ташып жаткандарды көрдүм. Элдин арасында жүрүп мага дагы ок тийди. Ак үй жакка бараткан БТРге отуруп алгам. Жанына барганда анын үстүнөн ок жамгырдай жаады».

Ошол кездеги 19 жаштагы кырчындай жигит Азамат 2010-жылдын жазын мына ушундай окуялар менен эскерет. Элдин толуп турган көйгөйүнө анын жашоосундагы кыйынчылыктар дагы кошул-ташыл болуп, борбордук аянттагы калың топко кошкон:

 «Ал жерге жөн эле окуяга кызыгып барган жокмун. Ошол учурда чындыгында бардыгы кымбат болуп кеткен. Айына жалгыз башым үчүн электр жарыгына 2 миң сомго чейин акча төлөчүмүн. Албетте, нааразы болгом».

Каарманыбыз 2010-жылдан кийин өз жашоосун жакшы нукка буруп, жашап кетүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр болгондугун жашырбайт.

Азамат сыяктуу эле көтөрүлүшкө чыккан миңдеген карапайым жарандардын дагы негизги талаптары мына ушундай болгон. Бирок, бүгүн элдин мүдөөлөрү 7 жыл ичинде канчалык деңгээлде аткарылды? деген чоң суроо турат. Буга жогорудагыдай талаптар менен апрель окуясына катышкан Амантур Жамгырчиев төмөнкүдөй жооп кайтарды:

«Азыркы оппозиция өкүлдөрү электр энергия кымбаттап жатат деген шылтоону айтып жатышпайбы. Ал кезде кымбаттаткан акча бир үй-бүлөнүн же Максим Бакиевдин жеке чөнтөгүнө түшүп турган. Азыр мамлекетке түшүп жатат. Ал аз келгенсип, көп өчүрүүлөр болчу.  Ошол биз койгон талаптардын көпчүлүгү аткарылды десек жаңылышпайбыз. Эн негизгиси болгон мородерлук боюнча чындыкты ачыкка чыгарып бергиле дегенбиз. Ал иштер жүрүп жатат. Башкаруу системасына жаштарды алып келүү талаптары ишке ашууда. 7-апрель боюнча дагы сот иштери жыйынтыкталып калды».

Жети жыл мурдагы ыңкылапта Кишимжан апа 27 жаштагы уулу Эмилбек Айылчиевден айрылган. Анын аркасында эки баласы атасыз калды. Эне үчүн мындан ашкан чоң жоготуу болбосо керек. Анткен менен кайраттуу эне неберелеринин кең келечегин тилеп жашап келет. Канчалаган өмүрлөрдү алган окуя азыркы жана кийинки бийлик, деги эле  жалпы эл үчүн чоң сабак болот деген үмүттө:

«Бул күн жөн эле каза болгондорду эскерүү эмес, балдарды мекенчилдикке тарбиялоо үчүн, же бийликке келгендер артын карап, ушул күндү эскерүү менен жаман иштерге барбайт деп ойлойм. Менимче бардык нерсени жашырбай айтып, бардык маселени чогуу-чаран чечсек болот. Чечилбеген эмне бар? Чечилбеген бир нерсе — жакыныңды жоготуу».

Ошондой эле, Кишимжан Таштакеева өлкөнүн өнүгүүсү үчүн тынчтык жана туруктуулук маанилүү экендигин белгилейт.

581D87E6-8774-4BDD-BB29-9D1D64F101D2_cx0_cy9_cw0_w1023_r1_s

Кылмыштуу топтор көйгөйү көтөрүлдү

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда  учурда 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Аларга мүчө болгондордун саны 400гө жакын. Бирок, аларга соңку он жылда 14 гана кылмыш иши козголуп, 11 иш сотко өткөн. Анын ичинен үчөө гана кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул жылдар аралыгында адам өмүрүнө коркунуч алып келген 80ден ашык факт катталган.

Адистер мындай  уюшкан кылмыштуу топтор кайрадан баш көтөргөнүн айтып коңгуроо кагышууда. Эл өкүлү 2012-2013-жылдарга салыштырмалуу ачыкка түздөн-түз чыкканын депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңеште  айтты. Бирок алар менен күрөшүү көрүнүп тургандай дээрлик жок. Натыйжада мындай топтордон жапа чеккендер тараптан арыздар жазылбай калган. Мунун себебин эл өкүлү райондун жана шаардын прокурорлордун уюшкан кылмыштуу топтор менен үстөл үстүндө чай ичкенинен көрөт.

— Мен сиздин көңүлүңүздү акыркы убакта акырындык менен башын көтөрө баштаган уюшкан кылмыштуу топторго бургум келет. Себеби алардан жапа чеккендердин басымдуу бөлүгү арыз жазуудан баш тартып жатышат. Анткени алардын айтымдарында райондун прокурорлору мындай топтор менен дайыма чай ичишет.  Анан  кантип арыз жазабыз дешет…

Бирок бул көрүнүштү башкы прокурор Индира Жолдубаева кылмыштуу топтордун башын көтөрдү дегенге кошулбайт.   Анткен менен мындай топтор менен күрөшүүгө мыйзамды көзөмөлгө алган прокурорлодундун саны аз деди, ал.  Ошондуктан  алардын санын көбөйтүү боюнча сунуш бир канча жолу бергенин айтты.

— Мен бул жерде бир нерсени белгилеп өтүү керек. Бүгүнкү күнү мыйзамды көзөмөлгө алган прокурорлордун саны аз болуп турат.  Мындай прокурорлордун санын көбөйтүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү канчадан бери демилгелеп келе жатабыз. Урматтуу Дастан Далабаевич, сизде конкреттүү факты болсо, бизге бериңиз  толук карап чыгалы. Эгер сиз район прокурору тууралуу айтып жаткан болсоңуз, андан жогорку облус прокурорлору бар.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча 2013-жылы кабыл алынган мыйзамдагы айрым пункттар башка мыйзамдарга карама-каршы келет.

Маселен кайсы бир кишини уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоо үчүн соттун чечими керек, ал эми соттун чечими болуш үчүн ага карата кылмыш иши козголгон болусу зарыл. Учурда болсо, уюшкан кылмыштуу топтор жаңы методдорго өттү деген вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков алар менен күрөшүүдө максаттуу методдорду иштеп чыгуу зарылчылыгын айтат. Анткени кылмыш топтору өздөрүнүн максатына жетүү үчүн калктын социалдык абалын, саясий кырдаалды колдонуп жатат. Ошондуктан, бул толуктоолор жана өзгөртүүлөр кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан кызматтарга ыңгайлуу шарт түзүп бериши керек дейт вице-премьер-министр.

Мурдагы мыйзам долбоордо административдик кодекстеги жоболор да жазылып калган. Мисалы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жарандардын уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар болсо Кыргызстандын аймагынан чыгарылсын деп жазылган.  Ошондой эле, топтун мүчөсүн каттоого коюу үчүн расмий түрдө соттун чечими болуш керек. Бирок сот системасында аларды каттоого алуу боюнча методикасы жок. Мен билгенден 17 киши боюнча карап чыгуу иши берилген. Бирок методиканын жоктугунан алардын бирөө эле соттолуп, каттоого алынып, калгандары кайтарылган.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.

VVP-i-SHM1

Орусия Өзбекстан алакасы

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Москвага болгон эки күндүк визити 5-апрелде жыйынтыкталып, Өзбекстан лидери өзүнүн бул сапарын орус-өзбек алакасынын жаңы ачылган барагы деп атады. Орусия президенти Путин да бул жолугушууну жогору баалап, Мирзиёевди жылуу тосуп алды. Ал эми көпчүлүк эксперттер да Мирзиёевдин Кремль сапарын  жогорку даражадагы визиттердин катарына кошту. Анткени бул жолугушууда Орусия менен Өзбекстан жалпы көлөмү 16 млрд долларга жакын келишимдерди түзүштү.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын жаңы президенти катары алгач ирет Орусияга мамлекеттик сапар менен барды. Аны жылуу жана жогорку деңгээлде тосуп алган Путин, бул жолугушуулар эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы дем берет,-деп билдирди.

 «Биздин өлкөгө куш келипсиз Шавкат Миромонович. Бүгүнкү сиздин визит биз биргелешип жасап жаткан иштердин алдыга жылуусуна, маанилүү жана эки тараптуу байланыштардын бекемделишине шарт түзөрүнө ишенем. Мына сиз бийликке келгенден бери эле эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануу 260%га өстү. Мындан сырткары Өзбекстандын региондо Ооганстан тууралуу позициясы да биз үчүн маанилүү болуп саналат. Коргонуу жана аскердик, ошондой эле региондогу курч маселелерди чечүүнү мындан ары да улантабыз демекчимин».

 Мирзиёев болсо алгач эле Санкт-Петербургдагы каргаша курмандыктарын эскерип, алардын жакындарына көңүл айтты. Терроризмдин улуту жана мекени болбойт,-деген өзбек президенти Путиндин чакыруусу менен Москвага келгенин белгилеп өттү:

 «Урматтуу президент мен сөз баштардан мурда Петербург терактында курман болгондордун жакындарына көңүл айтамын. Бул окуя терроризм менен олуттуу күрөшүү керектигин дагы бир ирет далилдеди. Анан албетте, сиздин чакырууңүз менен мен мамлекеттик сапар менен Москвага келдим. Мына кыска аралыкта эле эки өлкөнүн соода айлануусу 4 млрд долларга чыкты. Ушул жылы аны 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Ошол эле убакта Ооганстандагы абал жана башка региондогу маселелер боюнча да кызматташтыкты улантабыз деген үмүттөмүн. Сиздин меймандостугуңуз үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем».

 Ошондой эле Мирзиёев Путинге маркум Ислам Каримовдун атына ачылган Москвадагы гүлбак үчүн өзгөчө ыраачылык билдирди жана визит алкагында жетишилген келишимдер менен үйгө көңүлү ток кайтарын кошумчалады:

Анткени Орусия менен Өзбекстан лидерлери Кремлдеги сүйлөшүүлөр жыйынытыгында баш аягы 16 млрд долларга жакын инвестициялык жана соода келишимдерине жетишти. Анын алкагында эки тарап автоунаа, жарандык авиация жана фармацевтика сыяктуу бир катар тармактарда кызматташууну макулдашты. Мындан тышкары Орусия Өзбекстандан 5 миллиард куб метрден ашык жаратылыш газын алмай болду.

Бирок, Орусияда эмгектенген өзбекстандык мигранттар күткөн патент маселеси талкууланган жок. Миграция жаатында кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлганы менен, өзбекстандык эмгек мигранттардын багын ача турган убадалар боюнча Путин да, Мирзиёев да үн каткан жок.

Ал эми терроризм маселесине эки өлкө тең олуттуу карап баштагандай. Буга Путин Өзбекстандын башкы чекисти Рустам Иноятов жана атайын кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушканы мисал боло алат,-дейт РАН чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери Станислав Притчин:

«Мирзиёевдин бул сапар өз кезегинде жогорку деңгээлде деп саналат. Ал алгачкы чет эл сапарын Түркмөнстандан баштаганы менен, ал бейформал маанайда коштолгон. Бул кадам Мирзиёев жакын кошуналар менен алакасын жакшыртуу максаты бар экенин ишаара кылды. Ал эми Орусия Өзбекстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Ошон үчүн Москва визитинин мааниси да маңызы да чоң болду. Эми Кытайга баруусу күтүлүп жатат. Бул Өзбекстан бардык сырткы күчтөр менен нейтралдуу мамилени карманат дегенди түшүндүрөт жана бул Өзбекстандын башынан бери карманып келе жаткан тышкы саясатына эч карама-каршы келбейт».

Путин менен Мирзиёевдин жолугуушуусунда соодага багытталган миллиарддаган келишимдер түзүлгөнү менен, бирок Өзбекстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу кеп да козголгон жок.

Жыйынтыктап айтканда, Өзбекстандын жаңы президенти тышкы саясатта бир гана Евразия өлкөлөрү менен эмес, Батыш менен да мамилени жаңылап жаткан кези. жакында эле Каримовдун доорунда каржылоону дээрлик токтотуп койгон Европа реконструкциялык банкы да Өзбекстанга кайрадан жаңы кредиттерди берүүгө даяр экенин  билдирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *