Шашылыш кабар:

Аутизм оору эмес, алар өзгөчө адамдар!

Апрель 4, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
71

Апрель айы аутизм боюнча маалыматты жайылтуу айы катары белгиленген. Азырынча бул өзгөчө адамдардын оору себебин медицина так аныктай элек. Адистердин айтымында көпчүлүк ата-энелер балдарынын аутизмге кабылганын биле бербегендиктен, маалыматы жок болгондуктан, балдарга жардам бере албай калууда дешет. Ошондуктан бул психикалык абал боюнча ата-эне, педагог Замира Мирзамидинова менен маек курдук.


unnamed

2-апрель-өзгөчө аң сезимге ээ, дүйнө таанымы башкача, физикалык абалынан башкалардан айырмаланбаганы менен, өзүн алып жүрүүсү башкача болгон аутисттердин күнү. Ал эми апрель айы аутизм боюнча маалыматты жайылтуу айы болуп эсептелет. Анткени бул оору боюнча ата-энелердин коомчулуктун маалыматы жок болгондуктан, бул абалды алдын ала албай келишет. Адистердин айтымында азырынча бул дарттын себебин медицина аныктай элек. Өзгөч ө ата-энелерден сабыр жана туура мамилени талап кылган бул психикалык абалдагы балдар боюнча кененирээк педагог, 17 жаштагы аутист баланын энеси Замира Мирзамидинова менен болгон маекти сунуштайбыз.

Баланы төрөлгөндө эле аутист экендигин байкоо кыйын

Замира айым, баласы Оморбек төрөлгөндө аутист экендигин билбегендигин айтат. Анткени баласы, бардык балдар сыяктуу төрөлгөн. Ата-эне аутизм боюнча маалыматы жок болгондуктан убагында балага жардам бере алган эмес.

Балам төрөлгөндө аутист экендигин билген эмеспиз. Анткени балам кадимки балдардай 1 жашында басып, отуруп калган. Физикалык мүмкүнчүлүгү толук болчу. Анын үстүнө кош бойлуу кезде аутизмди аныктоого мүмкүнчүлүк жок. Биз анын аутист экендигин 2 жашында байкай баштадык. Бирок анда да бул дарт боюнча маалыматыбыз жок болгондуктан, невропотологго, психологго кайрылып эле жүргөнбүз. Анын аутист экендигин билгенден кийин биз бул оору жөнүндө маалымат алгыча 2 жыл өттү. Ошентип 7 жашында ошого жараша мамиле жасай баштадык.

Аутизм боюнча медицина азырынча алсыз

Азырынча бул дартты аныктоодо медицина алсыз болуп турат. Бирок АКШда баланы 18 айында аныктап, баланы жашоосун программалаштырып алууга мүмкүн болгондугун Замира айым айтат.

-Аутизмдин медицинада себеби так аныктала элек. Чоң акчалар бөлүнүп, изилдөөлөр жүрүп жатса да, азырынча жыйынтык жок. 

Ата-энелерден сабырдуулук талап кылынат

Өзгөчө балдар өзгөчө мамилени талап кылышат. Ошондуктан өзгөчө ата-энелерден сабырдуулук талап кылынат.

-Мен өзүм педагог болгондуктан, мен аны менен кандай мамиле жасоо керек экендигин билдим. Жада калса, бир оюнчук алса да ага аны кантип ойноону үйрөтүү керек. Алардын ар бир кыймылын көзөмөлдөп үйрөтүп туруш керек.

Аларга жардам берүүгө эч качан кеч эмес…

Бул Балдар физикалык жактан башка балдардан айырмаланбайт. Алар өзгөчө бир гана кыймылдарды кайталап, башкалардан айырмаланган кыймылдарды жасашат. Ошондуктан аларга жардам берүү эч качан кеч эмес.

-20 жашында да ал киши менен иштөөгө кеч эмес. Бирок жаш бала кезинде баштагандагыдай жыйынтык бербейт. Ошондуктан алардын белгилери байкалса, алдын алуу керек. Биринчиден алар бир кыймылды кайра-кайра аткара беришет. Коомго аралаша бербейт, жаңы төрөлгөндө да көп эле ыйлай бербейт. Көбүнчө бир бөлмөнүн ичинде биринчи дубалдан экинчи дубалга карап чуркай берет.

Маалыматка ылайык, 2008-жылдан бери БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2-апрель аутизм  боюнча маалымат жайылтуу күнү катары белгиленет. Бул демилге аутизм менен жабыркагандарга жардамдын маанилүүлүгүн көрсөтүү максатында көтөрүлгөн. Мунун негизинде апрель айы аутизм боюнча маалымат берүү айы болуп эсептелет.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *