Шашылыш кабар:

Химиялык технологиялар

Апрель 3, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
88

Каныбек Осмоналиев жана Минира Баткибекованын маеги: Без названия (10)ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Каныбек Осмоналиев: Саламатсыздарбы урматтуу “Марал” радиосунун угармандары. Бүгүн 22-март, күнгө шаршемби, адаттагыдай эле “Илим жана турмуш” радио берүүбүздүн кезектеги санында отурабыз. Биз сиздер менен эфирден жолугушканыбызга абдан кубанычтабыз. Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары, бүгүн биз химия илими боюнча сүйлөшөбүз. Бүгүнкү биздин коногубуз Кыргыз техникалык университетинин профессору, химия илимдеринин доктору, Кыргыз техникалык университетинин алдындагы Химия технологиялык институттун түзүүчүсү жана аны 20 жылдан ашык башкарып келген директору Минира Баткибековна Баткибекова. Саламатсызбы эжеке, биздин студияга келип, жаштарга, илим ышкыбоздоруна, жалпы эле илимий иштериңизди, билим берүү жааты боюнча ой бөлүшүп макул болуп келгениңиз үчүн биз чоң кубанычтабыз. Биз аңгемебизди баштаардан мурда, урматтуу “Марал” радиосунун угармандарына билдирип койсок, азыркы берүүбүз түз эфирде өтүп жатат. Ошондуктан, сиздер радиоберүүгө суроолоруңуздар болсо мүмкүнчүлүгүңүздөр бар, түз эфирде төмөнкү телефон менен байланышсаңыздар болот 0 312 68-06-06. Урматтуу илим ышкыбоздору, мен, Каныбек Осмоналиев берүүнү алып барып жатканда дайыма бир нерсени айтып келем, биздин Кыргызстан канчалык саясатка малынбасын, канчалык экономикалык көйгөйлөрдү айтпайлы, бирок дүйнөлүк илим, анын ичинде табигый илимдер абдан чоң темп менен өнүгүп жатат.

Минира Баткибековна, мен Сиздин өмүр баяныңызды окуп көрдүм, Сиз менен да учурунда баарлашып жүргөм. Сиздин илимге кирген учуруңуз абдан динамикалуу болгон экен. Мектепти бүткөн мезгилден баштап эле Болгариянын алдыңкы институттарында окуган экенсиз. Ошол учурдан баштап, радиоугармандарга кыскача айтып берсеңиз. 13

Минира Баткибекова: Рахмат. Мен да радиоугармандарды өтүп кеткен “Нооруз” майрамы менен куттуктап кетейин. “Нооруз” майрамы менен келген иштери ийгиликтүү болсун. Эми эң биринчиден биздин институтта көңүл бурган нерсебиз “тамак-аш”, ушуга эле улай угармандардын тамак-ашы таттуу болсун. Эми мен кантип келдим? Химия-технология институтунда эмне иш алып барып жатабыз? Кыскача токтолуп кетейин. Эң биринчиден, биздин илимий изилдөө институтунда ар кандай бөлүмдөр бар, ошолордун ичинен эң чоң бөлүмү “тамак-аш” менен алектенет. “Тамак-ашка” көңүл буруш үчүн эмне негиз болгонун айта кетейин. Илгертеден эле тарыхты окуп кызыккан учур болгон, 2500 жыл мурда жашаган атактуу грек дарыгери  Парраций  мындай деген: “Человек ест то, что он есть” . Кыргызчага которгондо “Адам баласы өзүнүн жеген тамагына татыктуу” десек болот.

Каныбек Осмоналиев: Абдан сонун, мааниси так которулган.

Минира Баткибекова: Рахмат. Менин “тамак-ашка” көнүл бурганым ошол себептен. Экинчиден, “тамак-аш” менен алектенген, теориясын жана практикасын өнүктүргөн кишилер ар дайым минтип айтышат: “Адам баласы тамак-ашты ата-энеси эмне жесе, ошону жеш керек. Өзү туулган жерде эмне өссө, ошону менен тамактаныш керек ” деп. Ошол үчүн биздин жерде эмне өсөт, эмне бар? Алардан жасалган тамактын аты эмне? Жасалган тамактарды кантип өнүктүрөбүз? Кантип элге жакшы ден соолук алып келген тамак-аш жасаш керек? Ушул жерде орус тилинде жана башка тилдерде да “Здоровая пища” деген сөз бар. “Здоровая пища” дегенди “Кереги бар тамак-аш” деп которсо болот. Ошол кереги бар тамак ашты эмне кылат? деп талдап отуруп, окумуштуулар минтип жазышат. Биринчиден, тамак-аш таза, экинчиден, тамак-аш функционалдуу, үчүнчүдөн тамак-аш сапаттуу, саламаттыкка зыян келтирбеген тамак-аш болуш керек. Эми ушул үч нерсе зарыл болгон суроолор. Ушуларды чечиш үчүн 2003-жылы биздин республикабыздын Өкмөтүнө кайрылып, чечимин алганбыз. Ал чечимде атайын токтом (Токчулук) “Концепция здорового питания” деп кабыл алынган. “Кереги бар тамак-ашты даярдоонун концепциясы” деген токтом менен ишке ашты. Ошол жылдан бери биз өзүбүздүн институтта болгон Кыргызстанда эмне өсүп жатат? Жаратылышта тамак-ашка керектүү эмне бар? жолунда илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп келет, анын натыйжасы да бар. Мисалы, 2006-жылы ошондой тамактарды ойлоп чыгарып, алардын компоненттери канча жана кандай болуш керек деген тамактардын бардыгына патент алынган. Ошонун бирөө мисалы, “Токчулук” тамак-ашы, биздин өндүрүшкө киргизилген. Менин айтайын дегеним, бул элдин ден соолугу чыңалышы, сапаттуу болушу үчүн Өкмөт мындай иштерди өзүнүн колуна алыш керек. бул өлкөнүн алдына турган максаты, эгерде бул өлкөнүн эли ооруп, ооруканадан чыкпаса анда өлкөгө мындай элдин эмне кереги бар дегендей. Элдин ден соолугу чың болсо, эл жакшы иштейт, эл өлкөсүнүн өнүгүшүнө салымын ар дайым кошот.

images (4)Каныбек Осмоналиев: Демек, менин түшүнгөнүм боюнча, Өкмөт өзүнүн максатын милдеттүү түрдө аткарыш керек экен. Мындан бир 4 жыл мурда КТРК аркылуу Сиздердин институтка барып, илимий лабораторияларды көрүп, студенттер-аспиранттар менен чогуу болуп, 2 сериядан турган телесюжет тартып көрсөткөнбүз. Ошондо абдан чоң суроолор болгон эле. Демек, сиздер 1997-жылы максаттуу түрдө бул бөлүмдү ачкан экенсиздер да.

Минира Баткибекова: Окуп жаткан биздин балдар тамак-аш багытында окушат. Мисалы, этти, сүттү, нанды кантип иштетиш керек, алардан кандай тамаш-аштын түрүн жасоого болот. Булардын бардыгы бар болгондон кийин биз өзүбүз бул тармакта студенттерди илимий иштерге тартуу үчүн жана алардын алдына иштей турган максаттарды кантип чечиш керек деп, ушул багытты өнүктүрүүгө карата ачканбыз.

Каныбек Осмоналиев: Минира Баткибековна Институт жөнүндө дагы кийинчерээк кайрылаарбыз, өзүңүздүн окумуштуу катары калыптанышыңыз жөнүндө токтолсоңуз. Илимге кантип тартылдыңыз, кандидаттык, докторлук иштериңиз жөнүндө айтып берсеңиз. Урматтуу радиоугармандар биздин телефон: 68-06-06. Анда сөз Сизде.

Минира Баткибекова: Мен борборубуз Бишкекте, мурдагы Фрунзе шаарында 1957-жылы № 33 орто мектебин бүтүрүп, Политехникалык институтка өткөм. Институтка өткөн мезгилде Советтер Союзунун чек арасы ачылып, чет өлкөгө студенттерди жибере башташты. Ошондо Мен Кыргызстан боюнча Болгарияга туш келип калдым. Ал жердин институтунда “Витаминдердин технологиясы” деген адистиги бар экен. “Витаминдердин технологиясы” деген бөлүмгө өттүм, аны бүтүрдүм. Аны бүтүрүп келгенден кийин Москванын “Пищевой” институтунда “Технология витаминов” деген кафедрасы бар болчу. Ошол жерге аспирантурага өттүм. Диссертациялык ишимди “Витамин А” деген боюнча коргодум. Витаминдердин бардыгы химиялык заттар болгон үчүн,  ВАКтын наамын алдым. Анан Кыргызстанга кайтып келип, Политехникалык институттун Химиялык кафедрасында иштеп калдым. Ал кафедрада иштеп жаткан учурда мага дагы бир жолу жакшы жөрөлгө болду. Өзүм Германиянын Гумбольдт университетине кат жаздым да алардан оң жооп алып, ошол кат менен биздин Министрликке бардым. Ал учурда чет өлкөгө барууга биздин Министрлик эмес, Советтер Союзунун Министрлиги чечишчү. Алар менен байланышып Советтик Министрлик чечип берип, 1 жыл Гумбольдт университетинде илимий стажировкада иштеп келдим. Келерим менен докторлук ишимди жаза баштадым. Ошонтип, химия илиминде мага жаккан каалаган нерсемди жасап, иштеп жыйынтыгында өзүңүздөр күбө болгон даражага жеттим. images (3)

Каныбек Осмоналиев: Минира Баткибековна мен бир нерсени окуп таң калып отурам. Мына сиз бир жерде гана атактуу ФПИде иштептирсиз. Азыркы Раззаков атындагы университетинде бир топ жылдары декан болдуңуз. Ошол эле жерден институт ачтыңыз. Менин таң калганым барыңыздар демократиялык эреже менен эле аралашып жүрөсүздөр, мисалы, студенттериңиздер, аспиранттар, чет мамлекеттен келип окугандар да жүрүшөт. Азыр да барбы чет мамлекеттен келип окугандар? Менин билишимче чарбалар менен да байланышыңыздар бар болуш керек. Ошол боюнча да айтып берсеңиз. Кандай илимий мектепти түздүңүздөр?

Минира Баткибекова: Ошол институтту ачканда эле мен декандыкты таштап, институтка кеттим. Аныктап айтканда, химияда татаал болгон нерсенин баары ачылды, фундаменталдык болгон проблемалардын бардыгы чечилди. Фундаменталдык зарыл болгон нерсе жок, азыр бардыгы прикладдык, колдонмо деген жагына өтүп кетти. Ошондуктан, биздин жасаган ишибизде “Эгерде тамакка бул нерсени кошсо эмне болот? Анын касиеттери кандай болот?” деген жакка өттү. Биздин институтта техникалык илимдеринин доктору Мусулманова, химия илимдеринин доктору Жунушалиева окумуштуулары бар, ушулардын баары менин окуучуларым, мен ушуга мактанып кетейин. Андан бөлөк Технология факультетинде иштеген кандидаттардын көбү менин окуучуларым. Эми алардын алдында турган маселе эмне? Мисалы, этти бышырып жатабыз, а этти бышырбасак эмне болот? Же буга тузду көп салып бышырсак эмне болот? Ага кандай касиеттер же дагы ага кандай кошулмаларды кошсо касиети жогорулайт? деген максатта иштеп жатабыз. Сүт азыгынан чыккан “Токчулук” деген патентибиз бар. Ошол тамак-аш эмне касиеттерди камтыйт? Сүткө дагы эмнени кошсок, сүттүн касиети жогорулайт, аны кантип жакшыртыш керек? деген багытта иштеген жумуштар бар. булардын бардыгы прикладдык изилдөө иштерине кирет.

Каныбек Осмоналиев: Жаштар илимге келип, тартылып жатабы? Сизге окшоп окумуштуу болом дегендер барбы? Ушул маселе абдан актуалдуу.

Минира Баткибекова: Бар, жаштар келип жатышат. Мисалы, 100 киши отурса, бирөө сүйлөсө ошонун 25%ы гана сүйлөгөнүн угат жана түшүнөт, 50%ы сүйлөгөнүн укпайт жана түшүнбөйт. Бул аудиториянын өзүнүн табияты. Ошондуктан 100 студентти алсаңыз анан 10 чактысынан химик чыгат. Ошонун ичинен өзүнүн каалоосу менен келген балдар өтө татыктуу балдар.   images (7)

Каныбек Осмоналиев: Тилекке каршы, мындай тенденция бир гана химияда эмес, физикада, математикада, биологияда да бар. Өткөндө Кыргыз улуттук университетинин география факультетинин деканы менен маек курганыбызда, ал киши да айтып отурду. Тилекке каршы, өзү каалап келген балдар аз санда. Бирок, Сиздердин институтка келген балдар көп экен. Демек, бул илимдин актуалдуулугу жогору болгондуктанбы?

Минира Баткибекова: Бул илимдин актуалдуулугу эч качан төмөндөбөйт. Биринчиден, бул тамак-аш менен байланыштуу, тамактанбасан, кинтип иш жасайсың? Бул тууралуу мисалы, чет өлкөлөрдө көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Адам баласы эмнени билиш керек? Америкада Вольш деген врачтын таап жазганы бар: “Эмне үчүн кишинин чачы ак? Ага эмне жетишпейт?” Кишинин чачынын актыгы, анын ичкен тамагында “жездин” жетишпегени. Мисалы, өтө көп таз баш адамдар бар. Эки адам жолугуп сүйлөшүп калат дейт бири таз, бири чачтуу. Чачы бары таз кишиден сурайт дейт. Эмне кудай сага чач бербей койдубу деп. Таз киши карап туруп айтат: Мен кудайдан сураган жокмун, мен ошон үчүн чачым жок дептир. Бирок сураганы да, жооп берген киши да туура эмес. Ал эми таз болгон адамдын организминде “калай” элементинин жетпегендиги. Мына ушул нерселер ушу убакка чейин изилденип, көбү такталды. Элге ушул аныкталгандар тууралуу маалымдаш керек. Радио, телевидение аркылуу элди үйрөтүш, элге жеткириш керек. Бул эң чоң зарыл жумуш.

Каныбек Осмоналиев: Ушул учурдан пайдаланып, “Марал” радиосунун жетекчилигине дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдиргим келип отурат. Себеби илимди популяризациялоо, элге жөнөкөй тил менен жеткирүү маселеси менен 10 жылдан бери алектенип жүрөм. Тилекке каршы, кийинки жылдарда анын ичинде КТРК да биздин оюбузду жакшы түшүнө албай коюшту. Илимди популизациялоо абдан чоң маселе. Бул боюнча оюңуз кандай?

Минира Баткибекова: Сиз туура айтасыз, Мен Сизди колдойм. Кай жерде болбосун мен айтып чыгам. Эмне үчүн дегенде элди тарбиялаш, элге жеткириш, окутуш керек.

images (10)Каныбек Осмоналиев: Жолугушуунун алдында Мен даярданып отуруп, Сиздин жана коллегаңыздын: “Функционалдуу тамактануу – элдин ден соолугунун булагы” деген илимий макалаңыздарды окуп чыктым. Бул жерде 2003-жылы “Актуалдуу багыттын жана жактырылган концепциянын” жазылган тамак-аш технологиялары бөлүмүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөр аткарылды жана аткарылып жатат. Модифирлештирилген курамдагы тамак-аш азык технологияларынын илимий негиздерин иштеп чыгуу максаты коюлган экен. Биологиялык чийки заттарды кайра иштетүүнүн жана технологияларын түзүү, өркүндөтүү, дарылоочулук, диетикалык касиеттери бар биологиялык толук кандуу жана экологиялык жактан коопсуз тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу максатында жаңы технологияларды өндүрүшкө киргизүүгө даярдоо болуп саналат. Ошол модификацияланган “сырлар”, “быштактар”, мени абдан кызыктырганы сүттүн сары суусунун негизинде алынган “даамай” суусундугу. Биздин радиоугармандарга абдан кызык болсо керек. “Чалап С” суусундугу айрандан алынган сүзмөгө суу кошуп жасалганы. Ушулардын бардыгынын илимий жактан негизделген экен да, ушулар боюнча кыскача жөнөкөй тил менен угармандарга айтып берсеңиз.

Минира Баткибекова: Чоң  рахмат! Мисалы, сүттүн эң баалуу касиеттери бар, андан ала турган эң баалуусу “каймак”. Каймакты алгандан кийин сүттүн калдыгы калды. Каймактан калган сүттөн эмне чыгат? Андан быштак чыгарабыз, андан да сары суу калат. Көпчүлүк пайдалангандар сары сууну эч нерсе кылбай эле төгөт. Аны төкпөш керек, себеби, биздин уйлардан саап алган сүттөн калган сары сууда эмне бар деп, анын составынын баарын изилдеп чыктык. Анда “казеин”, адам баласына керектүү металлдар, бардыгы бар. Демек, аны даяр оокат жасай турган нерсе. Аны кантип сактасак болот? Мисалы, алган чийки тамак-аштан эч нерсени жоготпой, эч нерсени калтырбай бүт баарын колдонуп тамак-аш жасаганга биз өзүбүз умтулуп жатабыз. Ошол нерселердин бардыгы иштелип чыкты, бирок, ошол нерселерди иштеп жатканда ишке ашырууга оңой болуш үчүн ишканасындагы аппаратура, процесстерди жүргүзө турган куралдары менен колдонуп иштеш керек. Эгерде биз жаңы тамак ойлоп чыгара турган болсок, ага мындай аппарат сатып келиш керек деген максат жок. Биздин ишканалардын көбүнүн колунда аны иштеткен аппараттар жок. Колунда болгон нерсени иштетип, алган тамак сапаттуу, ал тамак элге жагымдуу, тоюмдуу болсун деген биздин алдыбызда турган максат. Технологиялык рецептин баарын илимий негизде аныкталган, патенттелген. Мисалы, “Токчулукту” ишкерлер колдонуп жатышат, Мен элге кайрыларым ууртап, даамын татып көрүп, бааңыздарды бериңиздер, анын пайдасынан башка эч нерсеси жок, б.а. сүт — калдыксыз продукция.images (13)

Каныбек Осмоналиев: Иштеген ишиңиздерди жакшынакай айтып отурасыз. Ушул ишиңиздерди Өкмөт колдоп жатабы? Биз Евроазиялык экономикалык кошунга кирдик. Азыр бизде кошуна мамлекет Казакстан продукциябызды өткөрбөй жатат деп жатабыз. Сиздерде 2003-2013-жылдарда болгон концепцияны уланткан, андан бери Өкмөттүн деңгээлинде чечилген маселелер барбы?

Минира Баткибекова: Эми тилекке каршы Өкмөт алмашып эле жатат.

Каныбек Осмоналиев: Угармандын суроосу бар экен.

1-угарман: Саламатсыздарбы, өтүп кеткен майрамыңыздар менен. Минира эжеге суроо берейин дедим эле. Көптөгөн окумуштуулар, мисалы, “беш бармак” деген тамакты камыр менен этти аралаштырып жегенде ден соолукка зыян дегенди айтып жатышат, бул биринчи суроом. Экинчиден, малды союп, бышыргандан кийин ысык сорполорун “зыян” деп төгүп салып жатышат. Ушул туурабы? Чоң рахмат.

Минира Баткибекова: Ал таптакыр туура эмес. Эмне үчүн дегенде, эттин составындагы заттар бөлөк, камырдын составындагы заттар бөлөк. Алар бири-бирине кошулганда бири-бирин толуктап, даамдуу тамакты берет. Сорпону төкпөш керек, эгерде көп болсо, аны муздакка сактап коюп, башка тамакка кошуп жасай берсе болот.

Каныбек Осмоналиев: Рахмат, абдан жакшы суроо болуп жатат. Чындыгында Минира Баткибековна кыргыздар, илгертеден, кылымдар бою жаратылыш менен жуурулушуп жашап келген да. Дагы бир угармандын суроосу бар экен.

2-угарман: Саламатсыздарбы, Эжекеден сураарым жана айтып кеткен “жез” менен “калай” элементтерин кайсы тамактардан алса болот?

Минира Баткибекова: Эми ал тамак-аштагы витаминдерден ала албайбыз, аны ошол элементтерди кошуп жасаган кошумчалардан аласыз. Аны өзүнчө ала турган ыкмасы бар, эгерде сиз үйүңүздө пайдаланып жаткан идиш-аягыңыз “калайдан” же “жезден” болсо, анда ошол деле жетет. Жезден жасалган чөйчөктөн суу ичсеңиз болот.

Каныбек Осмоналиев: Бул жигиттин берген суроосуна мен мындайча түшүндүм. Демек, организмге “жезди”, “калайды” алуу үчүн аны кошумча пайдаланыш керек экен.

Минира Баткибекова: Ооба, бул такталган нерсе. images (11)

Каныбек Осмоналиев: Эгерде Өкмөтүбүз кичине нерсеге көңүл бура албаса, сиздерде да көйгөйлөр бар экен да. Бизде дыйкандар картошка, пияз, сабиз өндүрөт. Ушул лабораторияларды жасай албаганы боюнча кандай ой-пикирлериңиз бар? Барып эле акча маселесине такалып жатабы же бул маселени чечүүгө окумуштуулар тартылбай жатабы? Дагы бир угармандын суроосун угалы.

3-угарман: Саламатсызбы Эжеке! Сизге бере турган суроом төмөндөгүчө. Институтта “Тамак-аш” бөлүмүн ачыптырсыздар. Ошол институтта кыска мөөнөттөгү курстар барбы, б.а. үйдө отурган кожейкелерге жардам боло турган, же болбосо кулинарияга кызыккан тамакты дагы-дагы даамдуу жасоону өркүндөтүп, пайдалуу тамакты берүү максатында, мисалы, витаминдер кайсы тамакта кандай витаминдер пайдалуу болот дегендей окута турган курстар барбы? Кыска мөөнөттүү курска катышып, сертификат алууга мүмкүнчүлүк барбы?  Маалымат алсак болобу? Рахмат.

Минира Баткибекова: Рахмат Сизге, биздин планыбыз бар, түзөбүз буюрса. Эмне дегенде, биз алгач лабораториябызды сертификациялашыбыз керек. Ошол жумуш биздин алдыбызда турат. Кыска мөөнөттөгү курстарды ачабыз деген оюбуз бар. Курс ачылгандан кийин жарыяга беребиз.

Каныбек Осмоналиев: Абдан жакшы суроо берип жатат. Кыргыз техникалык университети эң атактуу университеттердин бири, анын адресин оңой эле тапсаңыздар болот. Дагы бир жолу айта кетейин, биздин бүгүнкү коногубуз химия илимдеринин доктору, профессор Минира Баткибековна Баткибекова. Дагы бир угармандын суроосу бар экен.

4-угарман: Саламатсыздарбы, менин Эжеге суроом бар эле. Бизде кыргызда кечки тамакты жакшы тамактанат эмеспизби. Кечкисин ысык тамак ичкенди жакшы көрөбүз, ал эми башка элдер түшкүсүн ысык тамак ичишет. Ушунун кайсынысы пайдалуулаак, туура болот? Рахмат.

Минира Баткибекова: Мен дагы бир грек дарыгеринин айткан сөзүн айтып коёюн. “Эртең мененки тамагыңызды өзүңүз жеңиз, түшкү тамагыңызды досуңуз менен бөлүшүңүз, кечки тамакты өзүңүздүн душманыңызга бериңиз” деп айткан экен.Без названия (7)

Каныбек Осмоналиев: Минира Баткибековнанын жооп бергени түшүнүктүү болду го. Кыргыздар айрыкча түнкү тамакты токтотушубуз керек. Менимче ушул суроолордун биринин артынан бири берилип жатканынан, теманын абдан актуалдуу экендигинен кабар берет. Себеби, өткөн жылдын октябрь айынан бери алып барып келем. Эми дагы бир, маселе, биринчи кезекте университеттин профессору, педагогсуз. Бүгүнкү күндөгү химия предметинин окулушу, мектептерден баштасак. Сиздин өмүр баяныңыздын олуттуу жерин байкадым. Сиз бир топ жылдар бою Кыргызстандын химияга кызыккан окуучуларынын башчысы болуп Эл аралык олимпиадаларга алып барып жүрүпсүз. Ушул маселе боюнча оюңузду айтып берсеңиз.

Минира Баткибекова: Эми олимпиаданы мурдатан бери эле Политехникалык институт жетектеп келген. Физика, математика, химия предметтери боюнча олимпиадалар биздин институтта өтүп келген. Көп жылдан бери иштегенге бизде тажрыйба да топтолду, калыптанып да калдык. Ошонун негизинде мектептерде кантип олимпиаданы өткөрүш керектиги жөнүндө китеп жазып чыгардым. Ал китепти биздин Министрлик ар бир регионго тараткан.

Каныбек Осмоналиев: Химия боюнча окуу китептеринин абалы кандай?

Минира Баткибекова: Чынын айтканда окуу китептеринин абалы начар. XXI кылымда окуп жаткан балдардын китептери мындай болбошу керек, китептерди конкурстук негизде жазыш керек. Биздин мугалимдердин тажрыйбасы чоң, биз ар бир жылы Менделеевдик олимпиадага кандай суроолорго көңүл бурат, Эл аралык олимпиада 60тан 70ке чейинки өлкө катышат, ал жерде кандай маселелерди карашат. Аны балдар кантип чыгарыш керек. Ушул сыяктууларды берчү. Биз ошонун негизинде өзүбүздүн республикалык олимпиадаларды түзүшүбүз керек эле. Биз олимпиаданы Бишкекте гана эмес, ар бир областтарда өткөрүшүбүз керек, мындай нерсе ошол жердеги мугалимдерди лабораторияларын камсыздоого, иштерин жакшыртууга умтултат, жоопкерчиликтерин күчөтөт. Олимпиаданы уюштуруу Министрликтин иши. Балдарды үйрөтүү керек, мунун коомго дагы жардамы бар. Мисалы, Ысык-Көлдү көрбөгөн балдар ал жакка олипиадага барып жер көрүшөт, жаңы досторду табышат о.э. башка региондорго да олимпиада уюштурса болот. Мисалы, менин оюмда Таласка да баргым келип жатат. Ч.Айтматовдун туулган жерин барып балдарга көргөзсө, алардын эсине көп нерсе калат, эл-жер менен таанышат.

Каныбек Осмоналиев: Сиз абдан актуалдуу маселени көтөрүп койдуңуз. Чынында эле баланын калыптанган мезгили, мектеп окуучусу. Физика, химия, математика боюнча олимпиаданы эстафета менен Таласка, Нарынга, Ысык-Көлгө, Ошко, Баткенге уюштурууга эмнеге болбосун. Мен, өзүңүз айтып калдыңыз, Министр болуп иштеп турганда Италияга конференцияга чакырып калышты. Конференциянын экинчи күнү Италиянын Министри менен сүйлөшүп калдым. Ал Неаполго тез барышым керек, ал жерде физика боюнча олимпиада жүрөт эле деп, бизден кечирим сурап анан кетти. Былтыр Флоренцияда болгон, быйыл Неаполдо болот дейт. Мен бир аз түшүнбөй калып анан барып түшүндүм. Көрсө, Сиз айткандай эле эстафера катары ар бир жылда башка шаарда өткөрүшөт экен. ошол жердин университеттери менен таанышышат. Мисалы, бир жылы Пиза шаарында болуптур, Пиза шаары атактуу Галилейдин иштеген жери. Ошол жерде экскурсияларды уюштурушуп, балдар-кыздардын кругозору, дүйнөтаанымдары кеңейди деп айткан жери бар. Кийинки учурларда бир проблема да пайда болуп жатат. Минира Баткибековна окумуштуу катары Сиздин пикириңизди уккум келет. Химия сабагы боюнча кандай экенин билбейм, мектептерде физика боюнча жумалык сааттар кыскарып кетти. Мисалы, мурда 10-класстын физикасы жумасына 5 саат өтүлсө, азыр 3,5 саат туура келет. Табигый билимдерди кыскарта башташты, ушул көз караш туурабы?

Минира Баткибекова: Мен өзүм химия илимдеринин доктору болгондон кийин мен табигый илимдер үчүн күйөм. Табигый илимдердин сааттары кыскартылбаш керек. Коомдун өнүгүшү, элдин өсүшү ал тамак-ашка химиянын негизи, айлана-чөйрөдө болгон нерсе физиканын негизи ж.б. Кайсы нерсени карабасаңыз, кайсы нерсеге умтулбасаңыз бардык жерде химиянын негизи турат.

Каныбек Осмоналиев: Дагы бир телефон чалуу бар экен. Саламатсызбы, сурооңузду айта бериңиз.

5-угарман: Саламатсыздарбы, Эжеге суроом бар эле. Окумуштуу адис катары Эжеден тактап алгым келип отурат. Өндүрүлгөн буудайга өрүк, мейиз кошуп жейбиз, витаминге бай деп. “Сүмөлөк” деген тамак түнү менен кайнайт. Аны түнү менен кайнатканда витаминдери “өлүп” калбайбы? Анан экинчи суроом, биздин аймакта “йод” жетишпейт дейт. Анан тамакка кошкон тузга кошуп коюшат. Бул организмге жардам береби?

Минира Баткибекова: “Сүмөлөктү” түнү менен кайнатыштын кереги жок, витаминдери “өлүп” калат. Тузга кошулган “йод” организмге жардам берет. “Йод” элементи Менделеевдин мезгилдик системасында галлогендерге кирет. Бирок бөлөк галлогендерден айырмасы чоң. Эмне үчүн дегенде ал металлга окшош, ал жалтырайт, кристаллдаштырылган элемент. Йод мындай караганда металлдардын касиеттерине ээ.

Каныбек Осмоналиев: Теманы дагы улантабыз, азыр дагы бир телефон чалуу болуп калды. Кулак сизде.

6-угарман: Саламатсыздарбы, Каныбек агай, Минира эже Мен сиздердин окуучуңуздар болгом, убагында Политехникалык институтта окугам. Бир чоң маселе бар, окуучулар жөнүндө Министрликке каалоом бар эле. Радиодо, же теледе айтып, көрсөтүп жатышат, Кыргызстаныбызда медреселер ж.б. диний окуу жайлар көбөйүп бара жатат. Учурунда Чубак ажыга да суроо бердим эле. Ушул медреселерде балдарды динге эле окута бербей, математикабы, физикабы ж.б. сабактарды окутса, көбүрөөк көңүл бурса дейм.

Каныбек Осмоналиев: Рахмат. Бул суроо мага тиешелүү экен. Мен кийинчерээк жооп берээрмин. Минира Баткибековна чынында йоддун касиети жөнүндө. Мен өзүм щелочтуу галлоиддин кристаллдары менен алектендим. Чынында, калий-йод кристаллы уникалдуу кристалл.

Минира Баткибекова: Эми калий-йод деген бөлөкчө зат. Йод өзү сууда эрибейт, бирок, калий-йоддун эритмесинде эрийт. Кызыбыз ошол организмде йод жетишпегенде “богок” оорусун алып келери жөнүндө сурап жатса керек. Ал нерсенин өзүнүн технологиялык ыкмасы бар. Биздин азыркы жаңы жумушубузда йодду тамак-ашка кантип киргизишибиз керек деген маселеде иштеп жатабыз.

Каныбек Осмоналиев: Эми кийинки жигиттин суроосуна жооп берип кетейин. Чынында эле, акыркы 20 жылда Кыргызстанда медреселер эбегейсиз көбөйүп кетти. Азыр эми 100гө жакын деп жатат. Биринчи кезекте менимче медресе менен мектепти бири-бирине карама-каршы койбош керек, экөөнүн эки башка функциясы бар. Бирок, ошол медреселер сандан сапатка өтсө жакшы болот эле. Жигит суроону абдан жакшы коюп жатат. Ага толугу менен кошулам, себеби медреседе куранды окутуп, хадистерди жаттатып эле чектелбестен балага баштапкы билим берүү маселесин көтөрүп жатат окшойт. Бул боюнча Европанын, анын ичинде жакын болгон Туркиянын модели мага абдан жагат. Анда Имам хатиб лицейлерин ачышкан. 9-10-11-класстын балдары куранды окушат, аны менен катар, физиканы, химияны окушуп кадимкидей аттестат алышат. Келечекте дин дагы болсун, бирок биздин балдар келечегинде, жашоосунда тамак-ашын таап, жанын баккандай болуш керек. Бул суроо боюнча Сиздин оюңуз кандай?

Минира Баткибекова:  Менин оюмча, угармандун берген суроосу накта, так, заманбап суроо. Туура айтып жатат, эмне үчүн дегенде медреседе куранды гана окутуп, башкага көңүл бурулбаса эч жакшылыкка алып келбейт. Теология деген нерсени эсине алышпайт, ал нерсени түшүнүш үчүн табигый илимдерди билиш керек. Медреседе математика, физика, химияны да окутуш керек. Сизге толугу менен кошулам.

images (1)Каныбек Осмоналиев: Европанын өнүккөн өлкөлөрү эмне үчүн теологиялык факультеттерди биринчи коюшат. Эки жыл мурда Гумбольдт университетинде болдум. Теология факультетинде 1000ге жакын бала окуйт экен. Ал илимий негизде дүйнөлүк диндердин тарыхты, дүйнөлүк диндердин философиясы жана курандан баштап, библияга чейин бардык дүйнөнүн маданияты камтылган. Тилекке каршы, биз ислам интеллегенциясын Кыргызстанда түзө алган жокпуз. Эми бул өзүнчө тема болоор. Билинбей эле тез эле бизге бөлүнгөн убакыт аяктап калды. “Марал” радиоугармандарга да айта турган ойлоруңуз , каалоо-тилектепиңиз болсо, анда сөз Сизде.

Минира Баткибекова: Эми угармандарга айтаарым билим алууга умтулуш керек. Китеппи, газета окуйсузбу, ошону окуганыңызды ойлоп, эмнеге колдонуш керек, мунун пайдасы барбы, жокпу деген суроону койсо, адам баласы бүт баарына өзү умтулат, өзү негизги суроолорун чечип алат.

Каныбек Осмоналиев: химия илими болуп көрбөгөндөй Ренесанс доорунда турат деп айтсак болот. Химия илими дайыма актуалдуу болуп келген. Менимче, Минира Баткибековна сиздердин муун, сиздерден кийинки муун химиянын өзгөчө мааниге ээ экендигин так, даана түшүнүп көңүл бурса деген ой, тилек. Менделеевдин мезгилдик системасында дээрлик бардык элементтер Кыргызстанда бар. Демек, биздин сүйүктүү Кыргызстаныбыз өзүңчө бир химиялык лаборатория экен да. “Марал” радиосу аркылуу айрыкча жаштарга илимди сүйгүлө, химияны окугула, түшүнгүлө, аракеттенгиле демекчибиз. Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары бүгүн Кыргыз Техникалык Университетинин профессору, химия илимдеринин доктору, атактуу окумуштуу педагог Минира Баткибековна Баткибекова менен маектештик. Рахмат Сизге, өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың болсун, жаштарга, окумуштууларга сиздин жардамыңыз тийип турган, дагы да жардамыңыз тийе берсин. Ушуну менен урматтуу “Марал” радиосунун угармандары уктуруубуздун соңуна чыктык. Эфирден жолугушканча чейин саламатта болуңуздар.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *