Шашылыш кабар:

Мародёрчулук маселеси козголду, Сарпашев сыноодо…

Апрель 2, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
84

A woman walks by the burnt offices of the General prosecutor in Bishkek on April 8, 2010. UN chief Ban Ki-moon said today he will send a special envoy to Kyrgyzstan, where opposition forces have taken control of the government after bloody riots. Meanwhile, the European security body OSCE also announced it would dispatch a high level envoy, Zhanybek Karibzhanov, deputy speaker of the Kazakh lower house of parliament, who was to arrive in neighbouring Kyrgyzstan shortly.

Узап бараткан аптада экс депутат Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы талап-тоноочулукка айыпталып Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынды. «Ата Мекен» партиясы апрель ыңкылабындагы мародёрчулук маселесинин кайра козголушун айыптап, муну саясатка байланыштырышууда. Мамлекеттик каттоо кызматынан убактылуу четтетилген Тайырбек Сарпашевге иш козголуп, ал «кызмат абалынан ашыкча пайдаланган» деп айыпталууда. Акыйкатчы Кубат Оторбаев бийликтин айрым ММКларды сотко берүүсүн айыптап, президент менен Башкы прокурорду койгон доолордон баш тартууга чакырды.


Экс-депутат Төлөгөнов камакка алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Ата Мекен» партиясы менен Жогорку Кеңешке шайланып келген экс-депутат Райкан Төлөгөновду 28-мартта камакка алды. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап Төлөгөновду тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирип, камакка алынган мурдагы эл өкүлү 2010-жылдагы мародёрлукка айыпталып жатканын тастыктады:

«Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн жигердүү тергөө ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак-жайларды анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындары менен үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо «Ата Мекен» партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз жетекчилиги алдындагы топ тарабынан жасалгандыгы аныкталды. Тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган».

Сулаймановдун кабарлашынча V чакырылыштын депутаты Райкан Төлөгөнов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн 167-беренеси (талап-тоноону уюштуруу), 174-беренеси (өзүм билемдик менен мүлктү ээлеп алуу, атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыпталып жатат. Эми ал тергөө бүткүчө атайын кызматтын тергөө абагында кармалат.

Бийлик 2010-жылдын апрелиндеги талап-тоноочулукка «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүн айыптап келет. Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 2013-жылы мародёрчулукка «атамекенчилердин» күнөөсү бар экени аныкталганын бирок, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин таасиринен улам бул иш аягына чыкпай келгенин билдирүүдө:

«Ал кезде Текебаев кычырап турган кез. Прокуратурага өзүнүн айылдаш инилерин коюп алып, соттордун баары Текебаевдин көзүн карап турчу. Башкы прокурор, УКМК, ИИМдин жарымы Текебаевдин оозун карап, анын сөзүн сүйлөп туруп алышкан».

Башкы прокуратура 2017-жылдын 14-мартында 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишин УКМКга өткөрүп берип, атайын кызмат иликтөөнү баштаган.  Аталган кылмыш иши 2012-жылдын 22-августунда Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча козголгон.

Ар кыл инстанциядагы соттордо 2010-жылдагы апрель окуяларынын убагындагы талап-тоноочулукка шектелген Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморов, ИИМдин 9-бөлүмүнүн мурдагы башчысы Абдували Акжоловго карата кылмыш иштери дагы каралууда.

Рысалиев Төлөгөнов менен кошо эле «Ата Мекендин» башка дагы мүчөлөрүнө иш козголгонун божомолдоп, бул ишке тиешеси барлардын баардыгы жоопко тартылышы керектигин айтат:

«Мен айтып жүргөн мародёрлор Текебаев, Болот Шер, Турат Мадылбеков, Төлөгөнов баары камалат болушу керек. Ушул ишке көзөмөл кылган прокурорлор, турган материаларды жок деген ИИМдин ичиндеги тергөөчүлөр, соттор камалыш керек. Абдылда Юсуповдор 30 жылга камалды да. Алар «Биз мародёрлык кылдык. Бирок, башкалардын айтканы менен иш кылдык. Ушулар уюштуруучулар жана биз алганыбыздын баарын тең аларга бергенбиз» деп атышат».

Анткен менен «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү аларга коюлган күнөөлөрдү четке кагып, «бийлик мындай каралоолорду мындан алты жыл мурун баштап бирок, ал ишке ашпай калган» дешүүдө. Апрель революциясынын шары менен болгон талап-тоноочулукта аты аталган Болот Шер Нияз мародёрчулук боюнча буларга токтолду:

«Мародёрчулук болуп атканда Алмаз Шаршенович өзүңүз каякта элеңиз? Аны токтотууга кандай кол кабыш кылдыңыз эле? 7-8-апрелде үйдөн чыкпай койбодуңуз беле. Мародёрчулукту биз элдик кошуундардын жардамы менен 14 сааттын ичинде токтотконбуз. Мен ошол кезде жазуу түрүндө мародёрлор атылсын деген буйрук бергенге аргасыз болгом. Анткени 2005-жылдагы окуялар эсибизде эле. Мародёрлорду токтотууга УКМК эмне кол кабыш кылдыңар эле? Ал эми ошону токтоткон адамды азыр мародёр кылып атасыңар. Мен аларды токтотуу үчүн окту жибергенге аргасыз болгом».

Болот Шер Нияз буга чейин анын талап-тоноочулукка тиешеси бар экенин журналисттер аныктап чыкса аларга 5 млн сом сыйлык берүүгө убада кылганын эске салып, эгер ал мародёр болсо атынып өлүүгө дагы даяр экенин белгиледи.

Ошол кездеги Башкы прокурор, учурдагы депутат Аида Салянова 2010-жылдагы талап-тоноочулукка байланыштуу чууга 2013-жылы чогулган материалдарга прокуратура, УКМК сындуу күч органдары укуктук баасын бергинен айтат.

«Ата Мекен» фракциясынын лидеринин убактылуу милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов мурдагы министр Рысалиевдин айткандарын төгүнгө чыгарып, ага мародёрлукту ачыктоого жетиштүү убакыт берилгенин бирок, эч нерсе таба албай койгонун билдирди:

«ИИМде, УКМКда мародёрчулук боюнча ишти ачыкка чыгарабыз деген Зарылбек Рысалиев, Табылды Бүркүтович деген кызыктар адамдар болгон. Алар беш жыл иштеп эч нерсе тапкан эмес. Тескерисинче тергөө тобунун жетекчисине бурмалоо кылганы үчүн кылмыш иши козголду. Өмүрбек Чиркешовичтин Маевский боюнча актыгы дилилденгенден кийин, аны камактан эптеп чыгарбай туруу аракетин ушинтип көрүп жатышат».

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 31-август эгемендүүлүк күнүндө мародёрлор ачыкка чыгаарын айтып, аты аталбаган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган:

«Жаап-жашырган кыңыр иштериңер эртели кеч ачыкка чыгат. Качып кеткен Акаев, Бакиевдердей силер дагы качып кетпегиле. Кыргыздын байлыгын, жерин ким сатканы бардыгы ачылат, мародёрлук дагы ачылат, банк ячейкаларын ким тоногон ал дагы ачылат».

V чакырылышта апрель окуяларындагы талап тоноочулукка байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп иш алып барган. Бул чакырылышта дагы депкомиссия түзүлүп иштеп жатат, аны КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков жетектейт. 

1013690877

Тайырбек Сарпашевге иш козголду

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигенин убактылуу четтетилген Тайырбек Сарпашевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Алмамбет Абдыраманов билдирди. Сарпашевге козголгон кылмыш иши Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы өткөргөн тендерге байланыштуу болуп, анда мурдагы жетекчи мыйзамсыз протоколдук тапшырма бергени үчүн айыпталууда. Прокуратуранын маалымдаганы боюнча, Тайырбек Сарпашев тендерден утуп чыккан «Т.П» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору менен келишим түзбөй, башка  «У» аттуу ишканадан 40 миң даана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн сатып алууга мажбур кылган:

«Аныкталгандай, 2013-жылдын 23-мартында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жарандык абал тууралуу күбөлүктөрүн каттоо бланктарын сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анда 2 компания катышып, жоопкерчилиги чектелген коом утуп чыккан. Андан кийин Финансы министрилиги тарабынан мурдагы вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин наамына аталган тендер болуп өткөндүгү тууралуу кат жөнөтүлгөн. Бирок ошого карабастан Сарпашев туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланктарын тендерден утпаган экинчи фирмадан сатып алуу боюнча мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген».

Бирок Тайырбек Сарпашев өзүнө козголгон ишти туура эмес чечим деп эсептеп, ал учурдагы токтом ошондой болгон дейт. Тагыраагы, тендерге катышкан компаниянын бирөөсү мамлекетке таандык «Учкун» ишканасы экинчиси жеке менчик болгон. «Ошол кезде мыйзам боюнча маанилүү болгон документтик кагаздарды мамлекеттик ишкана чыгаруусу керек эле», — дейт.

«Анткени ал убактагы мыйзам боюнча маанилүү мамлекеттик документтерди басуу «Учкун» ишканасына берилген. Мен мамлекеттик ишканаларды колдоп келгем жана колдойм. Токтомдун негизинде, андай маанилүү документтер мамлекеттик ишканага берилиши керек болчу. Мен ошого ылайык, мыйзамдын чегинде иш алып баргам».

Өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, мыйзамдуу иш жасаганын далилдөө үчүн кынтыксыз далилдери бар экенин айтты.

Айтылып жаткан 40 миң бланктын микротекстинде  «Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү» деген жазуунун ордуна «Нике тууралуу күбөлүгү» деп жазылганы аныкталган. Андан улам Мамлекеттик каттоо кызматына калк арасынан 11 миң 690 арыз түшкөн.Учурда ЗАГС мекемелеринде 28 миң 310 даана күбөлүк сакталып турат. Ал эми 11 миң 690 даана күбөлүк алмаштырууга жатат.

Журналист, серепчи Жыргалбек Касаболотов каттоо кызматынын башчысына козголуп жаткан кылмыш ишинде саясат бар дейт. Бакиевдерге таандык делинген жер тилекелерин камактан чыгарууда «жогору жактагылар» менен макулдашпаганы себеп болгонун мисал келтирди:

«Ага болгон иштер Бакиевдердин жерин камактан чыгаргандан кийин башталды. Ошол жерди камактан чыгаруу боюнча жогорудагылар менен макулдашпаган көп нерсе бар деп ойлойм. Же макулдашпаган же бул иш чала аткарылган. Ошол үчүн ага иш козгоо оңой болуп жатат. Мен мындай ишти ал өз демилгеси менен жасады деп ойлобойм. Кимдин айынан мындай иштер ачыкка чыгып кетсе, ошол күнөөлүү болот. Адатта аны аяшпайт».

Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы Максим Бакиевге тиешелүү, сатууга тыюу салынган Скрябин 45-а дарегинде катталган 1,28 гектар жер сатылып кеткен. Бул маселе коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Бул иш боюнча Башкы прокуратура өкмөт башчыга Сарпашевди кызматтан алуу сунушун берген эле.

arsenij-mamashev-marsh-svobody

Сөз эркиндиги талкууда

Бишкекте Акыйкатчы институту уюштурган «тынчтык акцияларга чогулуу жана сөз эркиндиги» темасында талкуу болду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары менен укук коргоочулар жана журналисттер чакырылган.  Бирок, бийлик өкүлдөрү тегерек стөлгө келишкен жок.

Жыйында өлкөнүн акыйкатчысы Кубат Оторбаев Кыргызстандын демократиядан башка мактанаар эч нерсеси жок экенин белгилеп, бийлик менен Массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы соттошууларга токтолду. Ал өз сөзүндө президент менен Башкы прокуратурага ЖМКларга койгон доолордон баш тартууга чакырды:

«Биздин өлкөдө демократия менен сөз эркиндигинен башка жетишкендиктерибиз жок. Бизде «Toyota» же «Mercedes» чыгарчу завод жок. Жада калса бизде «Hollywood» же болбосо Астанадай шаарыбыз жок. Бирок, эркиндикти сүйгөн, чыдамкай элибиз бар. Мен сөз эркидиги жана эркин ой жүгүртүүнү колдойм. «Азаттык», «Zanoza», «24.kg» жана «Клооп» басылмаларынын журналисттерин жоопкерчиликке тарткыбыз келсе, башка буйрутма, каралоо материалдарын жайылтып жаткан негизги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн дагы  жоопкерчиликке тартылышын карашыбыз керек».

Оторбаев ММКларга карата бийликтин миллиондогон доолору сөз эркиндигине кайсы бир деңгээлде кесепетин тийгизиши мүмкүн экенин, белгилеп сотторду «Азаттык» радиосу менен «Zanoza» маалымат агенттигинин камакка алынган банктык эсептерин камактан чыгарууга үндөдү:

«Сот тутумун жана бийликти «Zanoza» интернет басылмасы менен «Азаттык» радиосунун банктык эсептерин камактан чыгарууга чакырам. Анткени, бул аталган ММКлардын ишине таасирин тийгизет. Мен андыктан президентке жана Башкы прокуратурага акчалай коюлган доолорду кайрадан карап чыгууну сунуштайм».   

Акыйкатчы банктык эсептердин камактан чыгарылышы менен аты аталган басылмалардын кызматкерлеринин Конституция менен кепилденген жумуш иштөөгө жана ага акы алууга болгон укугун коргогон болобуз деп эсептейт.

Жыйынга катышкан экс-депутат Чолпон Жакупова ММКларга коюлган доолор боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин 24-марттагы билдирүүсүнө токтолду. Анда өлкө башчы ЖМКларга карата берилген арыздан баш тартпай турганын айткан. Жакупова мамлекет башчынын сөзү боюнча төнмөнкүлөрдү айтты:

«Тилекке каршы президент өзүнүн сөзүндө «мен эч качан ММКларды кечирбейм, доолорду артка албайм, соттон утуп алган акчаларды онкологиялык оорулар менен ооруган балдарга берем», — деп соттордун ордуна өзү чечим чыгарып, акчаны бөлүштүрүп койду. Урматтуу Башкы прокуратура прокурордук чара кайда? Силер «президент сиз алдын ала соттордун ордуна чечим чыгара албайсыз» дебейсиңерби. Бул сотторго болгон түздөн-түз басым».

Биз бул боюнча өлкө башчынын аппаратынан комментарий алуу үчүн байланышканыбызда, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов президент 24-мартта ток этээр жерин айтканын билдирип, башка жооп кайтарган жок.

Тегерек стөлгө «Көз карандысыз журналисттер» жана «Журналисттер» союзунун жетекчилери дагы катышты. Алар бийлик азырынча басма сөз өкүлдөрү менен бир стөлгө отуруп сүйлөшүүгө даяр эмес экенин белгилешти.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева баарынан мурун журналисттердин ишине болгон жоопкерчилигине көңүл бурууга чакырды. Ал бул жаатта тастыкталбаган жана жалган маалыматтарды тараткан журналисттерге катуу чаралар колдонулушу керек деп эсептейт:

«Сөз эркиндиги жоопкерчилик, адам укуктарын сактоо менен шайкеш болушу керек. Анын кандай деңгээлде жана кандай статуста экени маанилүү эмес. Мыйзам жөнөкөй адамга дагы, президентке дагы бирдей. Мыйзамды бардыгыбыз сакташыбыз керек».

2017-жылдын 9-мартында Башкы прокурор Индира Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин ар намысын жана беделин коргоо иретинде «Азаттык» менен «Zanoza» агенттигинен бир нече миллион сом өндүрүп берүү боюнча сотко кайрылган.

22-мартта «Zanoza.kg» сайты Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева «ПроМедиа» (сайт Zanoza.kg) жана «Азаттык медиа» (сайт azattyk.org) мекемелеринин банк эсептерин камакка алууга аныктама чыгарганын билдирген.

Сөз эркиндигин коргоо боюнча буга чейин дагы жыйындар болуп анда журналисттердин дагы кесиптик ишмердиги сынга алынган. Медиа адистер басма сөз өкүлдөрү айрым кырдаалдарда журналисттик этикадан аша чапкан учурлар бар экенин айтып келишет.

DEB49856-17EA-4ADC-B408-D6BB01663692_mw800_s

Апрель революциясы эскерилди

Улуттук филармониядагы 7-апрель элдик революциясын эскерүү иш чарасына Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, парламент депутаттары жана апрель баатырлары катышты. Анда революциянын келип чыгышы жана андан кийин келген бийликтин аткарып жаткан иштерин чагылдырган документалдуу фильм көрсөтүлдү. Жалпысынан президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясаты колдоого алынып, Кыргызстандын экономикалык, дипломатиялык жана саясий мамилелери чагылдырылган. Өнөрпоздор сахнада 2010-жылдагы ыңкылапты эске салган спектакль ойношуп, апрель окуясында курман болгондор эскерилди.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков сүйлөп, ал Бакиевдердин бийлиги тушунда Ишкерлер союзун жетектеп турганын айтып, ошондогу бийликтин ишкерлерге көрсөткөн кордугун эстеди. «Карапайым эл буга окшогон мыйзамсыз иштерге 2010-жылдын 7-апрелинде бөгөт коюп, аны менен кошо Кыргызстанга демократияны алып келди», — дейт. Анын аркасы менен таза шайлоо системасы орноп, ага башка өлкөлөр дагы оң баасын берип жатканын айтат:

«Санкт-Петербургда Евросоюздун парламенттик ассамблеясынын президенти Педро Агармунт менен жолуктум. Ал айтты «Кыргызстан Борбордук Азиядагы жакшы, жарык жол менен бара жаткан бирден-бир өлкө» деп. Мен кайра Кыргызстанга кетип жатканда ал жактагы орус достордун бири «ачык айтып койоюн өткөн жылы Бишкекте болгон эл аралык КМШ парламенттик ассамблеясын чакырып өткөргөн шайлоо боюнча конференциядан кийин, биз дагы Москвада ушул боюнча жыйын кылдык. Анда биздин жогорку жетекчилердин бири «биз уялбай эле шайлоо өткөрүүдө кичинекей Кыргызстандан үлгү алышыбыз керек» деди. Мунун баары биз үчүн сыймык. Ошол сыймыкка алып келүүгө апрель баатырларынын салымы зор».

Спикер муну менен Кыргызстандын эл аралык коомчулукта даражасы өсүп, Европа өлкөлөрүнүн лидерлери кызматташууга кызыктар болуп жатат деп эсептейт.

Иш чарада премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирүү жасады. Ал революциядан кийин өлкө парламенттик-президенттик башкаруу жолун тандап, ыңкылаптын алгачкы жылдары революцияны ишке ашырган саясий күчтөр парламенттик шайлоодо жеңилип калганына токтолду. Анда КСДП партиясы 26 эле мандатка, «Ата Мекен» партиясы 17 мандатка, ал эми «Ак шумкар» сындуу партиялар такыр эле парламентке өтпөй калганын белгиледи. «Ушундан пайдаланып кайрадан бийликке келебиз деген күчтөр өз аракетин токтоткон жок», — деди өкмөт башчы. Ал эми элге ок аткан Бакиевдерге козголгон иш эскирбей турганын айтып, алар жазасын алаарына ишендирди:

«Элине ок атып, элди өлтүрүп качкан Бакиевдер кутулдук деп ойлобосун. Бул кылмыштын мөөнөтү эч качан эскирбейт. Эң негизги тарых алдында, элдин алдында эртели кеч жооп берет. Эгерде мен окуган китептер чын болсо адам өлтүрүп, канын төгүү Кудайдын алдында кечирилгис күнөө».

Жээнбеков экономикалык жетишкендиктерге токтолуп, Кыргызстанда стратегиялык маанидеги жолдор салынып жатканын, өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болуп Камбар-Ата-2 ГЭСи оңдоп-түзөөдөн өтүп, Датка-Кемин электр берүү линиясынын ишке берилишин мисал келтирди.

Өкмөт башчы Бакиевдер жоопко тартылат демекчи бул карапайым элдин жүрөгүн өйүгөн маселе экенин «Апрель баатырлары» айтып беришти. Ыңкылаптан кийин түзүлгөн «Каркыра» коомдук бирикмесинин жетекчиси, апрель баатыры Эмил Кыштобаев Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүүгө бийликтин саясий эрки жетпей жатабы деген оюн билдирди:

«Бакиевдердин жоопко тартылбай жатышы менин, ошондо баласы каза болгон энелердин жана карапайым элдин жүрөгүн түпөйүл кылып келет. Себеби кырчындай болгон балдардын өмүрүнүн кыйылышына ал жооп бериши керек. Мага бул маселе азыркыга чейин түшүнүксүз. Бийлик алсыздык кылып жатабы же саясий эрк жетпей жатабы?».

Апрель революциясынан жабыркагандардан түзүлгөн «Айкөл-Ала Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн сынга алды. Ал «ыңкылап учуранда өз чөнтөгү үчүн иштегендер азыр түрмөдө отурат», — дейт:

«Эски түшүнүк менен жашаган мурдагы бийликтин куйруктары калып, жаңы саясий жолго бет алган Кыргызстанды колдобогон күчтөр менен күрөш болуп турат. Алар бүгүн башаламандык уюштуруп, эски системанын орношун каалашат. Керек болсо убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү элдин кызыкчылыгынан өзүлөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, 7-апрелдин баалулуктарынан кече салгандан тайманбай турганы белгилүү болуп калды. Эл үчүн деп коюшуп элдин ырыскысын сол чөнтөкө салгандардын кылыктары ачылып, айрымдары бүгүн түрмөдө отурат».

Апрель баатыры, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мындан жети жыл мурун болгон революциянын келип чыгыш себептерине токтолуп, 2005-жылдагы март ыңкылабында бийликтен кеткен үй-бүлөнү кийин Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү алмаштырды деп белгиледи:

«Айрымдар «революция энергетикалык тарифтерден улам болгон» деп айтышат. Жок туугандар. Мындан башка Баш мыйзамда, башкаруу системасында башаламандык болгон. Биз бир үй-бүлөнү кетирип, экинчи үй-бүлөгө алмаштырганбыз. Бийликтин көйнөгү алмашканы менен карапайым элдин көйгөйү алмашкан эмес». 

2010-жылдын апрель айындагы элдик толкундоолордон улам президент Курманбек Бакиев бийликтен кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтына чогулган жана өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылган элге ок атылып, 88 киши окко учкан. Андан тышкары 1500 миңден ашык киши жарадар болгону айтылып келет. Маалыматка ылайык андан бери революцияда жаракат алган 40 адам көз жумган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *