Шашылыш кабар:

Кыргыз терминдеринин жаралышы

Март 28, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
66

К.Осмоналиев менен М.Тагаевдин маеги: КЫРГЫЗ ТЕРМИНДЕРИНИН ЖАРАЛЫШЫ

Без названия (3)

Каныбек Осмоналиев: Саламатсыздарбы урматтуу “Марал” радиосунун угармандары. Бүгүн адаттагыдай эле, шаршемби күнү “Илим жана турмуш” радио берүүбүздүн кезектеги санын сиздерге тартуулап отурабыз. Бүгүнкү биздин коногубуз филология илимдеринин доктору, белгилүү профессор Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, жалпы эле мен абдан сыйлаган окумуштуу Тагаев Мамед Жакыпович отурат. Сизге ыраазычылыгымды билдирем, убактыңыздын тардыгына карабай келгениңизге абдан кубанычтабыз. “Марал” радиосунун илим-билимге ышкыбоз күйөрмандарынын атынан Сизге чоң ыраазылык билдирүү менен бүгүнкү аңгемебизди баштасак. Сиз тажрыйбалуу профессор катары илимий багыттарыңыз, көйгөй маселелер боюнча кеңири сүйлөшсөк. Өзүңүз абдан активдүү иштейсиз, менин колумда “Вечерний Бишкек” газетасына чыккан “Зачем такая реформа” деген макалаңыз турат. Айрыкча мени көп кызыктырганы улут менталынын архетиптери жана инсандын жүрүм-турумуна кылган таасири сыяктуу чоң маселелер көтөрүлгөн. Берүүнү даярдап жаткан учурда кыргыздын илимий терминдеринин берилиши тууралуу айттыңыз. Орус же башка бөтөн тилдер бизге керекпи? Кыргыз жана орус тилдеринин мамилеси, кош тилдүүлүк проблемасы, айрыкча мени кызыктырганы кыргыз тилинин графикасын реформалоо зарылчылыгы барбы? Мен өзүм физикмин. Физикадан бир кыргызча сүйлөм жазганда дагы бара-бара калыптанып келе жатам. Ошон үчүн мен бул проблеманы сезип, билип турам. Адис катары өзүңүз ушул маселелердин кайсынысын маанилүү десеңиз, ошондон баштасаңыз. Кыргыз тилиндеги илимий терминдердин калыптанышы жөнүндө айтып берсеңиз? Айрыкча химиктер, физиктер, математиктер кыргызча жазганда, сөзгө бай эмес дегендей бир стеоретип бар, мен жакында эле “Альфред Нобель жана физика” деген илимий-популярдуу китеп жаздым. 3 жылдан бери “Илим жана турмуш” берүүсүн алып барып жүрөм. Илимдин потенциалы терминдин бай экендигине менин көзүм жетип жатат.

Без названия (2)Мамед Тагаев: Бул маселелер боюнча ойлор чар жайыт. Кээ бирлери айтат, бардыгын кыргызча жазыш керек деп. Эми эмгектерди кыргыз тилинде жазыш керек, бул талашсыз. Экинчи маселе, бул терминдер жана түшүнүктөр, бул жерде өтө татаал маселе. Кээ бир сөздүктөрдү карап жатабыз. Терминдер-сөздүктөрдү чыгарып жатышат. Мисалы, кээ бир терминдер кыргызча да, орусча дагы окшош болуп калат, кээ бирлери которуп жатышат. Мен бир топ сөздүктөрдү карап чыктым. Мисалы, бир илимдин багыты боюнча авторлор бир эле терминди ар башка өзү каалагандай которуп жатышат. Эми анын ичинен кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес болуп жатат, менимче, мындай жол менен баруу туура эмес. Менин оюмча биринчи  терминди эмес, илимдин мазмунун, концепциясын түзүп статья, окуу курал, ж.б. методикалык окуу колдонмо жазып чыксак, анан окумуштуулар, адистер ошону кабыл алса андан ошол адистиктердеги адамдардын мээсине терминдер сиңип калса, андан жалпы элдин аң сезимине сиңгенден кийин анан терминдерди жазса деймин. Ошондо ал терминдер иштеп калат эле.

Каныбек Осмоналиев: Кээде биз күлкү келээрлик деңгээлге чейин жетебиз. Мисалы, атомдун ядросу дегенди бир азаматтар “өзөк” деп которуп берип жүрүшөт. Сиз азыр абдан жакшы айттыңыз да “өзөк” деген терминге көнүш үчүн кеминде 20-30 жыл керек да. Анда  “ядро” деген сөздүн өзүн эмне үчүн колдонсок болбойт? Анда “атом”, “электрон” дегенди деле которуп салалы да. Мен 20 жыл мурда илимий ишимди баштаганда которуп көрүп, күлкүм келип өзүмө-өзүм нааразы болуп, физикалык терминдерди барактап көрдүм. Ошол учурда бир эле термин ар кандай авторлордо ар башкача берилген. Мисалы, “электрондун спини” деген түшүнүк бар, ошону “спина” деп которуп салышкан, бул кванттык сан да. Эми ушулар боюнча жалпы эле филологдор кандай позицияда турасыздар?

imagesМамед Тагаев: Эми терминдерди жасап чыгыш өтө кыйын. Орус академиясынын башында турган Михаил Ломоносов 4-5 термин чыгарыптыр. Калган терминдердин бардыгы эле латын, грек тилинен терминдер болгон. Булардын баарын которуунун эч бир зарылчылыгы жок. Мисалы, илимде эки көз караш бар, эмоционалдык жана логикалык көз караш. Эмоционалдык коз караштагы кээ бир азаматтар бардык сөздү кыргызчалатыш керек дешет. Махмут Кашкари окумуштуубуз XII кылымда эле Европа жасай элек ойлордун бардыгын түрк тилинде жазып койгон экен. Бирок, эл таанышпай 700 жыл ошол жерде жаткан. XX кылымдын башында Стамбул шаарында кокусунан табылган. Эгер ошол учурда башка тилдерге которулуп, башка элдерге таанымал болсо, анда Махмуд Кашкаринин тил илиминдеги орду таптакыр башка болот эле.

Каныбек Осмоналиев: Менин түшүнүгүм боюнча жөнөкөй эле бир атамдын сөзү дайыма кулагыма жаңырып турат: “Балам, сен канча тил билсен, ошончо сен баалуусуң” деген. Атам өзү билимдүү деле эмес болчу, фронтко катышкан, турмуштук тажрыйбасы бар киши эле. Анда балалык кылып орус тилин окуйт элек. Эми минтип 60ка чыкканда бул сөздүн мааниси терең жана өтө керек экенин байкап отурам. Кээде орус тилин кыргыз тилине каршы коюп жатабыз. Ал турсун депутаттык деңгээлге чейин кыргызча сүйлөп орусча бир-эки терминди кошуп койсоң анча-мынча азамат депутаттар кыйкырып чыккан учурлар болгон. Кыргыз тилин башка тилдердин эсебинен байышы эмнеге болбосун. Ушул мааниде кандай ой пикирлерди айтасыз?Без названия (1)

Мамед Тагаев: Менин оюм мындай, Сиз физиксиз. Мен илгери физиканы окуганда “принцип сообщающих сосудов” деген бар эле, бири-бири менен катышы. Тил дагы ошо сыяктуу бири-бири менен байыйт. Мисалы, кыргыз тили үчүн карап көрсөк, кыргыз тилинде канчалаган сөздөр бар. Кээ бир монгол, араб, фарс тилдеринен сөздөр кыргызчалашып таанылбай калды, өзүбүздүн төл сөзүбүз болуп калды. Ошону менен бирге биз XX кылымдын 20-30 жылдарына чейин эле орто кылымдын денгээлинде туруп калганбыз. Октябрь революциясы кыргыз элин цивилизацияга кошту жана Лениндин пайдасы көп болду. Биздин турмуш толугу менен өзгөрүлүп, турмуш өзгөргөндө тилге да канча жаңы сөздөр келди. Сөздүктү карап чыксам, кыргыз тилинде жок “ф” тамгасынан башталган 800 сөз бар экен. Мисалы, “фартук”, “филармония”, “фотон”, “ферма”, “фабрика” ж.б. Бул жөнүндө башка тилге жолтоо кылбаш керек. Анан бизде кош стандарт деген бар. Балдар кайсы тилде окуп жатат, кайсы тилде сүйлөп жатат. Азыркы балдарды бакап көрсөңүз орусча, англисче сүйлөйт. Окуган жерлери Москва, Лондон, Европа ж.б. Эгер алар патриот болсо, анда Талас, Нарын ж.б. университеттерине окушат эле.

Каныбек Осмоналиев: Мисалы, физика, химия, математика илимдеринин 80% терминдери эл аралык терминдер. Кийинки учурларда, көшөкөрлөнүшүп кээ бир сөздөрдү которгонго аракет жасашат. Өткөндө аксакал бир киши “лазерди” деле которуп койбойлубу дейт. Ал киши “оптикадан” алыс экен. Ага айтып жатам да: “Агай бул сөз эмес, ал аббревиатура-бир нече сөздүн баш тамгаларынан турган”- деп. Бул “лазер” деген сөздү бардык тилдеги адамдар “лазер” деп эле айтышат. Ч.Айтматов да убагында билингвизм саясатын көп айтып жүрдү. Менин оюмча орус тилин экинчи же болбосо расмий тил деп калтырып койгонубуз биз үчүн абдан эле жакшы болгон окшойт. Андай дейин десең кыргыз тилин таптакыр унутуп калган кыргыздар дагы бар да.

Мамед Тагаев: Туура, чынын айтсам мен өзүнчө изилдөө жүргүздүм. Жалаң кыргызча сүйлөгөн накта кыргыздар жана “киргиздер” деп да бөлүштү. Бул бизде чоң социалдык проблема. Мисалы, биздин калкыбыздын 70% айылда, 30% шаарда жашайт. Шаардык балдар көбүнчө орус мектепте окуйт. Шаарда кыргыз мектептери аз. Бишкектин орус мектептеринде 95% ы кыргыздын балдары, 5% ы башка улуттун балдары окушат. Чынын айтканда булар эне тилин билбей калды. Туура, моюнга алыш керек. Тил-бул биздин менталдуулук. Алардын ой жүгүртүүлөрү башка. Кыргыздар менен “киргиздердин” ортосунда ушул нерсе бар. Бирок, баарын кыргызчалатабыз, же орусчалатабыз деген бул туура эмес. Менимче, кандайдыр бир салмактуулукту, ортолукту таап, кош тилдүүлүктү өнүктүрүшүбүз керек.

Каныбек Осмоналиев: Дагы бир эсибизге салып кетүүчү нерсе, кээ бирлерибиз шылтоо кылып жатабыз, кыргыз тилин жакшы эле үйрөнөйүн дедим эле, бирок эч кандай шарт, сапаттуу окуу куралдары жок. Канчалык деңгээлде ошол айткан шылтоолор реалдуу деп ойлойсуз? Эгерде адам бир эле кыргыз тилин эмес бардык тилдерди үйрөнгүсү келсе, бүгүнкү күндө бардык шарт бар да.

Мамед Тагаев: Менимче, бир аз туура эмес. Азыркы учурда шарт бар. бирок, бир нерсени айтып кетишим керек, бул жерде эмоционалдык, объективдүү факторлор жатат. Кыргыз тили кылым карыткан тил, кыргыз тилин үйрөнгүлө ж.б. дейбиз. Мунун бардыгы эмоционалдуу жак. Маркс айткан экен: “Саясат менен алектеништен мурун курсак тойгузуп алышыбыз керек” деген. Азыр биздин миллиондогон кыргыздарыбыз Россияда жүрөт. Кыргыздардын кээ бирлери ошол жакта жакшы кызматтарды ээлеп жатышат. Буларга орус тилди билиш биринчи шарт. Ал эми көчөдө жүргөн балдар менен сүйлөшүп көрүңүзчү. Кыргызча сүйлөп жатып эле орусча сөздөрдү кошуп сүйлөшөт. Бул жерден таза эле кыргызча же, таза эле орусча болгула дебейм. Кыргызча сүйлөсө кыргызча так, орусча сүйлөсө орусча так сүйлөп эки тилди тең алып кетсе жакшы болот эле. Жакшы жашагың келсе жалаң эле орус тилин эмес башка тилди да үйрөнүш керек.

Каныбек Осмоналиев: Менин бир оюм бар, эгер баланын өсүшү нормалдуу болсо, адам өзүнүн акыл-эс потенциалы боюнча кыйналбай эле 3-4 тилди өздөштүрүп кете алат.

Мамед Тагаев: Ал үчүн муктаждык же мотив болуш керек. Мисалы, жогоруда айтып кеттик го тил үйрөнүүдө окуу каражаты жетишпейт деп. Ал эми Прибалтикада ошондой пособие, окуу-методикалык курал таптакыр чыгарбайт. Мисалы, Эстонияда жашаган башка улуттун адамдары эстон тилин эне тилинен жакшы билишет. Эмне үчүн? Себеби, муктаждык бар, болбосо ал жерде жашаш кыйын. Бирок бул муктаждык күч менен эмес, объективдүү муктаждык керек. Эми биз кыргыз болгондон кийин жерибиз, тообуз сонун, абасы таза, Орто Азиянын борборундабыз.

imagesКаныбек Осмоналиев: Менин байкашымча, ошол эле Жогорку Кеңеште башка улуттун өкүлү кыргыз, орус тилин жакшы сапаттуу сүйлөсө анын келечегинин, жолун ачылганын, кадыр-барктуу болгонун да көрдүм. Азыр айрыкча орус тилдүү кыргыз граждандары балдарын кыргыз тилин окутканга көңүл буруп жатышат. Ушул жерден бир чоң маселени айтсак. Азыркы учурда мектептерде кыргыз, орус тилдери боюнча окуу китептеринин акыбалдары кандай?

Мамед Тагаев: Жакында эле биздин Республика боюнча мектептерди кыдырып келдим. Биринчиден, китептердин саны боюнча жетишпейт, кээ бир класстарга кирип көрсөңүз 3-4 китеп, ашып кетсе 5 китеп бар. Экинчиден, кыргыз тили боюнча жакшы эле. Филологдор өздөрүнүн функциясын аткарып жатышат. Өзгөчө айыл жергесинде орус тили жагынан китептер жетишпейт. Орус тилинде окуган класстагы балдардын саны 40-50 жетет.

Каныбек Осмоналиев: Ооба, менин кызым 10-класста окуйт, классында 43 бала бар.   

Мамед Тагаев: Ошого эле жарыш жанында кыргыз класста 20-25 бала. Мындан мен көп тилди өнүктүрүш керек деген ойго келдим.

Каныбек Осмоналиев: Мен Жогорку Кеңеште Комитеттин башчысы болуп турганда бир маселени көтөрүп, тилекке каршы аягына чыга албай калдым эле. Эмне үчүн Бишкектин, Оштун классикалык мүнөздө болуп калган орус тилдүү мектептерине кыргыз класстарын кошо ачпайбыз деген маселе көтөрдүк эле. Мисалы, № 6, 13, 24, 70 ж.б. мектептер. Ушул маселеге коз карашыңыз кандай?

Мамед Тагаев: Мен бул маселени төмөнкүдөй карайт элем. Биздин орус тилдүү мектептерде 95%ы кыргыздар. Эмне үчүн биз кыргыз тилдер башка кээ бир сабактарды, тарыхты, физиканы кыргызча өтсөк болбойбу. Менимче кыргызча өткөндө мурдагы китептер эмес, башка китептерди чыгарып, аларды жөнөкөйлөтүп, кызыктуураак чыгарып кыргызча айтып берсе, балдар жанданат эле.

Каныбек Осмоналиев: Саламатсыздарбы урматтуу “Марал” радиосунун угармандары. Бүгүн адаттагыдай эле, шаршемби күнү “Илим жана турмуш” радио берүүбүздүн кезектеги санын сиздерге тартуулап отурабыз. Бүгүнкү биздин коногубуз филология илимдеринин доктору, белгилүү профессор Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, жалпы эле мен абдан сыйлаган окумуштуу Тагаев Мамед Жакыпович отурат. Сизге ыраазычылыгымды билдирем, убактыңыздын тардыгына карабай келгениңизге абдан кубанычтабыз. “Марал” радиосунун илим-билимге ышкыбоз күйөрмандарынын атынан Сизге чоң ыраазылык билдирүү менен бүгүнкү аңгемебизди баштасак. Сиз тажрыйбалуу профессор катары илимий багыттарыңыз, көйгөй маселелер боюнча кеңири сүйлөшсөк. Өзүңүз абдан активдүү иштейсиз, менин колумда “Вечерний Бишкек” газетасына чыккан “Зачем такая реформа” деген макалаңыз турат. Айрыкча мени көп кызыктырганы улут менталынын архетиптери жана инсандын жүрүм-турумуна кылган таасири сыяктуу чоң маселелер көтөрүлгөн. Берүүнү даярдап жаткан учурда кыргыздын илимий терминдеринин берилиши тууралуу айттыңыз. Орус же башка бөтөн тилдер бизге керекпи? Кыргыз жана орус тилдеринин мамилеси, кош тилдүүлүк проблемасы, айрыкча мени кызыктырганы кыргыз тилинин графикасын реформалоо зарылчылыгы барбы? Мен өзүм физикмин. Физикадан бир кыргызча сүйлөм жазганда дагы бара-бара калыптанып келе жатам. Ошон үчүн мен бул проблеманы сезип, билип турам. Адис катары өзүңүз ушул маселелердин кайсынысын маанилүү десеңиз, ошондон баштасаңыз. Кыргыз тилиндеги илимий терминдердин калыптанышы жөнүндө айтып берсеңиз? Айрыкча химиктер, физиктер, математиктер кыргызча жазганда, сөзгө бай эмес дегендей бир стеоретип бар, мен жакында эле “Альфред Нобель жана физика” деген илимий-популярдуу китеп жаздым. 3 жылдан бери “Илим жана турмуш” берүүсүн алып барып жүрөм. Илимдин потенциалы терминдин бай экендигине менин көзүм жетип жатат.

Мамед Тагаев: Бул маселелер боюнча ойлор чар жайыт. Кээ бирлери айтат, бардыгын кыргызча жазыш керек деп. Эми эмгектерди кыргыз тилинде жазыш керек, бул талашсыз. Экинчи маселе, бул терминдер жана түшүнүктөр, бул жерде өтө татаал маселе. Кээ бир сөздүктөрдү карап жатабыз. Терминдер-сөздүктөрдү чыгарып жатышат. Мисалы, кээ бир терминдер кыргызча да, орусча дагы окшош болуп калат, кээ бирлери которуп жатышат. Мен бир топ сөздүктөрдү карап чыктым. Мисалы, бир илимдин багыты боюнча авторлор бир эле терминди ар башка өзү каалагандай которуп жатышат. Эми анын ичинен кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес болуп жатат, менимче, мындай жол менен баруу туура эмес. Менин оюмча биринчи  терминди эмес, илимдин мазмунун, концепциясын түзүп статья, окуу курал, ж.б. методикалык окуу колдонмо жазып чыксак, анан окумуштуулар, адистер ошону кабыл алса андан ошол адистиктердеги адамдардын мээсине терминдер сиңип калса, андан жалпы элдин аң сезимине сиңгенден кийин анан терминдерди жазса деймин. Ошондо ал терминдер иштеп калат эле.

Каныбек Осмоналиев: Кээде биз күлкү келээрлик деңгээлге чейин жетебиз. Мисалы, атомдун ядросу дегенди бир азаматтар “өзөк” деп которуп берип жүрүшөт. Сиз азыр абдан жакшы айттыңыз да “өзөк” деген терминге көнүш үчүн кеминде 20-30 жыл керек да. Анда  “ядро” деген сөздүн өзүн эмне үчүн колдонсок болбойт? Анда “атом”, “электрон” дегенди деле которуп салалы да. Мен 20 жыл мурда илимий ишимди баштаганда которуп көрүп, күлкүм келип өзүмө-өзүм нааразы болуп, физикалык терминдерди барактап көрдүм. Ошол учурда бир эле термин ар кандай авторлордо ар башкача берилген. Мисалы, “электрондун спини” деген түшүнүк бар, ошону “спина” деп которуп салышкан, бул кванттык сан да. Эми ушулар боюнча жалпы эле филологдор кандай позицияда турасыздар?

Мамед Тагаев: Эми терминдерди жасап чыгыш өтө кыйын. Орус академиясынын башында турган Михаил Ломоносов 4-5 термин чыгарыптыр. Калган терминдердин бардыгы эле латын, грек тилинен терминдер болгон. Булардын баарын которуунун эч бир зарылчылыгы жок. Мисалы, илимде эки көз караш бар, эмоционалдык жана логикалык көз караш. Эмоционалдык коз караштагы кээ бир азаматтар бардык сөздү кыргызчалатыш керек дешет. Махмут Кашкари окумуштуубуз XII кылымда эле Европа жасай элек ойлордун бардыгын түрк тилинде жазып койгон экен. Бирок, эл таанышпай 700 жыл ошол жерде жаткан. XX кылымдын башында Стамбул шаарында кокусунан табылган. Эгер ошол учурда башка тилдерге которулуп, башка элдерге таанымал болсо, анда Махмуд Кашкаринин тил илиминдеги орду таптакыр башка болот эле.

Каныбек Осмоналиев: Менин түшүнүгүм боюнча жөнөкөй эле бир атамдын сөзү дайыма кулагыма жаңырып турат: “Балам, сен канча тил билсен, ошончо сен баалуусуң” деген. Атам өзү билимдүү деле эмес болчу, фронтко катышкан, турмуштук тажрыйбасы бар киши эле. Анда балалык кылып орус тилин окуйт элек. Эми минтип 60ка чыкканда бул сөздүн мааниси терең жана өтө керек экенин байкап отурам. Кээде орус тилин кыргыз тилине каршы коюп жатабыз. Ал турсун депутаттык деңгээлге чейин кыргызча сүйлөп орусча бир-эки терминди кошуп койсоң анча-мынча азамат депутаттар кыйкырып чыккан учурлар болгон. Кыргыз тилин башка тилдердин эсебинен байышы эмнеге болбосун. Ушул мааниде кандай ой пикирлерди айтасыз?

Мамед Тагаев: Менин оюм мындай, Сиз физиксиз. Мен илгери физиканы окуганда “принцип сообщающих сосудов” деген бар эле, бири-бири менен катышы. Тил дагы ошо сыяктуу бири-бири менен байыйт. Мисалы, кыргыз тили үчүн карап көрсөк, кыргыз тилинде канчалаган сөздөр бар. Кээ бир монгол, араб, фарс тилдеринен сөздөр кыргызчалашып таанылбай калды, өзүбүздүн төл сөзүбүз болуп калды. Ошону менен бирге биз XX кылымдын 20-30 жылдарына чейин эле орто кылымдын денгээлинде туруп калганбыз. Октябрь революциясы кыргыз элин цивилизацияга кошту жана Лениндин пайдасы көп болду. Биздин турмуш толугу менен өзгөрүлүп, турмуш өзгөргөндө тилге да канча жаңы сөздөр келди. Сөздүктү карап чыксам, кыргыз тилинде жок “ф” тамгасынан башталган 800 сөз бар экен. Мисалы, “фартук”, “филармония”, “фотон”, “ферма”, “фабрика” ж.б. Бул жөнүндө башка тилге жолтоо кылбаш керек. Анан бизде кош стандарт деген бар. Балдар кайсы тилде окуп жатат, кайсы тилде сүйлөп жатат. Азыркы балдарды бакап көрсөңүз орусча, англисче сүйлөйт. Окуган жерлери Москва, Лондон, Европа ж.б. Эгер алар патриот болсо, анда Талас, Нарын ж.б. университеттерине окушат эле. Без названия (5)

Каныбек Осмоналиев: Мисалы, физика, химия, математика илимдеринин 80% терминдери эл аралык терминдер. Кийинки учурларда, көшөкөрлөнүшүп кээ бир сөздөрдү которгонго аракет жасашат. Өткөндө аксакал бир киши “лазерди” деле которуп койбойлубу дейт. Ал киши “оптикадан” алыс экен. Ага айтып жатам да: “Агай бул сөз эмес, ал аббревиатура-бир нече сөздүн баш тамгаларынан турган”- деп. Бул “лазер” деген сөздү бардык тилдеги адамдар “лазер” деп эле айтышат. Ч.Айтматов да убагында билингвизм саясатын көп айтып жүрдү. Менин оюмча орус тилин экинчи же болбосо расмий тил деп калтырып койгонубуз биз үчүн абдан эле жакшы болгон окшойт. Андай дейин десең кыргыз тилин таптакыр унутуп калган кыргыздар дагы бар да.

Мамед Тагаев: Туура, чынын айтсам мен өзүнчө изилдөө жүргүздүм. Жалаң кыргызча сүйлөгөн накта кыргыздар жана “киргиздер” деп да бөлүштү. Бул бизде чоң социалдык проблема. Мисалы, биздин калкыбыздын 70% айылда, 30% шаарда жашайт. Шаардык балдар көбүнчө орус мектепте окуйт. Шаарда кыргыз мектептери аз. Бишкектин орус мектептеринде 95% ы кыргыздын балдары, 5% ы башка улуттун балдары окушат. Чынын айтканда булар эне тилин билбей калды. Туура, моюнга алыш керек. Тил-бул биздин менталдуулук. Алардын ой жүгүртүүлөрү башка. Кыргыздар менен “киргиздердин” ортосунда ушул нерсе бар. Бирок, баарын кыргызчалатабыз, же орусчалатабыз деген бул туура эмес. Менимче, кандайдыр бир салмактуулукту, ортолукту таап, кош тилдүүлүктү өнүктүрүшүбүз керек.

Каныбек Осмоналиев: Дагы бир эсибизге салып кетүүчү нерсе, кээ бирлерибиз шылтоо кылып жатабыз, кыргыз тилин жакшы эле үйрөнөйүн дедим эле, бирок эч кандай шарт, сапаттуу окуу куралдары жок. Канчалык деңгээлде ошол айткан шылтоолор реалдуу деп ойлойсуз? Эгерде адам бир эле кыргыз тилин эмес бардык тилдерди үйрөнгүсү келсе, бүгүнкү күндө бардык шарт бар да.

Мамед Тагаев: Менимче, бир аз туура эмес. Азыркы учурда шарт бар. бирок, бир нерсени айтып кетишим керек, бул жерде эмоционалдык, объективдүү факторлор жатат. Кыргыз тили кылым карыткан тил, кыргыз тилин үйрөнгүлө ж.б. дейбиз. Мунун бардыгы эмоционалдуу жак. Маркс айткан экен: “Саясат менен алектеништен мурун курсак тойгузуп алышыбыз керек” деген. Азыр биздин миллиондогон кыргыздарыбыз Россияда жүрөт. Кыргыздардын кээ бирлери ошол жакта жакшы кызматтарды ээлеп жатышат. Буларга орус тилди билиш биринчи шарт. Ал эми көчөдө жүргөн балдар менен сүйлөшүп көрүңүзчү. Кыргызча сүйлөп жатып эле орусча сөздөрдү кошуп сүйлөшөт. Бул жерден таза эле кыргызча же, таза эле орусча болгула дебейм. Кыргызча сүйлөсө кыргызча так, орусча сүйлөсө орусча так сүйлөп эки тилди тең алып кетсе жакшы болот эле. Жакшы жашагың келсе жалаң эле орус тилин эмес башка тилди да үйрөнүш керек.

Каныбек Осмоналиев: Менин бир оюм бар, эгер баланын өсүшү нормалдуу болсо, адам өзүнүн акыл-эс потенциалы боюнча кыйналбай эле 3-4 тилди өздөштүрүп кете алат.

Мамед Тагаев: Ал үчүн муктаждык же мотив болуш керек. Мисалы, жогоруда айтып кеттик го тил үйрөнүүдө окуу каражаты жетишпейт деп. Ал эми Прибалтикада ошондой пособие, окуу-методикалык курал таптакыр чыгарбайт. Мисалы, Эстонияда жашаган башка улуттун адамдары эстон тилин эне тилинен жакшы билишет. Эмне үчүн? Себеби, муктаждык бар, болбосо ал жерде жашаш кыйын. Бирок бул муктаждык күч менен эмес, объективдүү муктаждык керек. Эми биз кыргыз болгондон кийин жерибиз, тообуз сонун, абасы таза, Орто Азиянын борборундабыз.

Каныбек Осмоналиев: Менин байкашымча, ошол эле Жогорку Кеңеште башка улуттун өкүлү кыргыз, орус тилин жакшы сапаттуу сүйлөсө анын келечегинин, жолун ачылганын, кадыр-барктуу болгонун да көрдүм. Азыр айрыкча орус тилдүү кыргыз граждандары балдарын кыргыз тилин окутканга көңүл буруп жатышат. Ушул жерден бир чоң маселени айтсак. Азыркы учурда мектептерде кыргыз, орус тилдери боюнча окуу китептеринин акыбалдары кандай?

Мамед Тагаев: Жакында эле биздин Республика боюнча мектептерди кыдырып келдим. Биринчиден, китептердин саны боюнча жетишпейт, кээ бир класстарга кирип көрсөңүз 3-4 китеп, ашып кетсе 5 китеп бар. Экинчиден, кыргыз тили боюнча жакшы эле. Филологдор өздөрүнүн функциясын аткарып жатышат. Өзгөчө айыл жергесинде орус тили жагынан китептер жетишпейт. Орус тилинде окуган класстагы балдардын саны 40-50 жетет.

Каныбек Осмоналиев: Ооба, менин кызым 10-класста окуйт, классында 43 бала бар.   

Мамед Тагаев: Ошого эле жарыш жанында кыргыз класста 20-25 бала. Мындан мен көп тилди өнүктүрүш керек деген ойго келдим.

Каныбек Осмоналиев: Мен Жогорку Кеңеште Комитеттин башчысы болуп турганда бир маселени көтөрүп, тилекке каршы аягына чыга албай калдым эле. Эмне үчүн Бишкектин, Оштун классикалык мүнөздө болуп калган орус тилдүү мектептерине кыргыз класстарын кошо ачпайбыз деген маселе көтөрдүк эле. Мисалы, № 6, 13, 24, 70 ж.б. мектептер. Ушул маселеге коз карашыңыз кандай?

Мамед Тагаев: Мен бул маселени төмөнкүдөй карайт элем. Биздин орус тилдүү мектептерде 95%ы кыргыздар. Эмне үчүн биз кыргыз тилдер башка кээ бир сабактарды, тарыхты, физиканы кыргызча өтсөк болбойбу. Менимче кыргызча өткөндө мурдагы китептер эмес, башка китептерди чыгарып, аларды жөнөкөйлөтүп, кызыктуураак чыгарып кыргызча айтып берсе, балдар жанданат эле.

Каныбек Осмоналиев: Менин өзүмдүн уулум “Себат” мектебин 11-классын бүтүрүп жатат. Баламды 7-класстан баштап кыргыз, орус, англис тилинде окутушту. Ата-энелердин каалоолору боюнча 9-классында физиканы англис тилинде окута башташты. Балам башында кыйналды, бирок азыр көнүп калышты. Эмне үчүн биз алдыга инновациялык окутууну жасабайбыз. Биздин жалпыбыздын алдында чоң маселе бар экен да. Мисалы, физика, химия, табигый илимдер боюнча кыргызча китептерди жазып жатабыз. Бизде дагы бир маселе бар. Физиканы айтып жатышпайбы, Ньютондун закону кайсы тилде болбосун ал Ньютондун закону да. Россиянын 50-60 жылдык сапаттуу китебин которуп эле окутпайсыңарбы деп.

Мамед Тагаев: Бул туура эле деп ойлойм. Мурда биз математикадан Ларичевди, физикадан Перышкинди ж.б. окуу китептери менен окуп чоңойдук. Бул китептер классикалык китептер. Биздин балдар бул жерди окуп бүтүп алып, чет элде окуп жатышат да. Көп жылдан бери эффективдүү болуп калыптанып калган китептерди которуп эле, иштетсе деле болот да. Мисалы, мен автор катары айтайын. Бул мектептин окуу куралы эксперименттен өтүш керек, көп жолу иштетүү, кайрадан оңдолуу керек.

Каныбек Осмоналиев: Бүгүнкү күндө ЖОЖдордо кыргыз тилин окутуу маселеси актуалдуу бойдон экен. мисалы, мен иштеп жаткан физика жана электроника факультетин алып карай турган болсок, баары аралашып калган. Балким бул туурадыр. Бир предметти кыргызча окуйбуз дагы, ошол эле предметти орусча окуйбуз.

Мамед Тагаев: Туура эле, мисалы, эки нерсе адамдын аң сезимине кирип, мисалы кыргыз тили жана орус тили. Ошо жерден кайнап, бири-бири менен жуурулушуп тил байыйт.

Тилекке каршы, ушул жерден радиостудияда электр энергиясы “өчүп” калды! Профессор Мамед Тагаев менен болгон маегибиз дагы болсо уланат деген үмүтүбүз бар (К.Осмоналиев).

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *