Шашылыш кабар:

Жапаров жаңжалы, президенттин билдирүүсү…

Март 26, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
71

2017-03-25_14-49-00_891593_w

Узап бараткан жумада 2005-жылдагы март ыңкылабына 12 жыл болуп, президент революциянын курмандыктарын эскерүү күнүндө бир нече талылуу суроолорго жооп берди. Парламенттеги Социал демократтар фракциясы депутат Жанар Акаевди катарынан чыгарып, эми Акаев эркин депутат болуп калды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин блокада боюнча айтканына так кесе жооп кайтарды. Бир нече жылдан бери четте жүргөн Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып, аны УКМК камакка алды.


Эл менен милиция тирешти…

Экс-депутат Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекити менен өлкөгө кирди. Аны дароо эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети алып кетип камакка алды.

Жапаров буга чейин атайын кызматка сурак берээри тууралуу билдирип «Мен сөзсүз суракка барам. Менде жашыра турган эч нерсе жок. Ал эми күзүндө өтчү президенттик шайлоого катышам» деген.

УКМКнын тараткан билдирүүсүнө таянсак Садыр Жапаров, Кылмыш жаза кодексинин «барымтага алуу» беренеси боюнча кармалып, УКМКга жеткирилген. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында болгон митингде, ошол кездеги облус башчысы Эмилбек Каптагаев барымтага алынган.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, аталган митингдин уюштуруучусу Садыр Жапаров болгон, жана ал телефон аркылуу Капатагаевди бошотпоо буйругун берген. Митингди каржылаган да Садыр Жапаров экени аныкталганы айтылат.

Каптагаев күчкө салып отургузулган автоунаа Жапаровдун тууганына тишелүү болуп, ал Казакстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган. «Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат» деп айтылат билдирүүдө.

25-март күнү  Бишкектин Горький паркында Жапаровдун тарапташтары чогулуп митинг өткөрүштү. Ал нааразычылык акциясы атайын кызматтын алдында уланып, Жапаровдун тарапташтары күч органдарына аны кое берүү талабын коюшту. Жапаров Кыргызстанга келип жер-жерлерди кыдырып, аймактагылар менен да сүйлөшө турганы кабарланган.

1ED0FB27-4278-408A-90BC-017D909A834A_cx0_cy5_cw0_w1080_h608

Ортодо милиция менен эл кагылышып, асманга эскертүү иретинде ок атылды. Ички иштер министрлиги экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган жарандар боюнча маалымат берди. Министрдин орун басары Алмаз Орозалиевдин журналисттерге берген маалыматы боюнча Жапаровдун тарапташтары 14:30 да УКМКнын алдына тынчтык митингине чогулушкан. Орозалиевдин айтымында саат 16:30дарда митингке чыккандар провокация кыла баштаган:

«Митингдин катышуучулары милиция тарапка суулары менен бөтөлкөлөрдү, таякчаларды жана таштарды ыргыта башташты. Андан соң гана аларга мыйзамдын чегинде чара колдонулду», — деди  Орозалиев.

ИИМдин маалыматы боюнча тынчтык митингине 500гө чукул жаран чыккан. Милиция менен нааразычылык акциясына чыккандардын ортосундагы башаламандыкта 68 адам кармалган. Анын ичинде аял кишилер, карыган адамдар бар. Садыр Жапаровдун бир туугандары менен баласы дагы камакка алынганы айтылууда

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун кабарлашынча кармалгандарга 234-бейбаштык, 341-милиция кызматкерине кол көтөрүү, 134- бирөөнүн мүлкүн бүлдүрүү боюнча кылмыш иштери козголду.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 3-чакырылышында депутат болуп шайланган. 2010-жылы «Ата Журт» партиясы менен кайра парламентке келген.

2012-жылдын 3-октябрында Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен «Ала-Тоо» аянтында митинг болгон. Анда башаламандык болуп «Ата Журт» партиясынан депутаттары Камчыбек ТашиевТалант Мамытов жана Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга соттолушкан.

17499358_1351280861585253_5107646208914179264_n

Президент «Азаттык» менен эл аралык сотто соттошууга даяр

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президенттик мөөнөтү бүткөн соң саясаттан кетпей турганын дагы бир жолу тастыктады.

«Жоогазын революциясы» деген аталыш менен тарыхта калган 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапка арналып ачылган гүлбакчага президентти анын мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов менен Бишкек мэри Албек Ибраимов коштоп жүрдү. Өлкө башчы көчөт отургузуп, дароо эле журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө өттү. Президент Башкы прокуратуранын айрым ММКларга койгон чоң суммадагы доолору тууралуу түшүндүрмө берип, керек болсо бул боюнча эл аралык сотто соттошууга даяр экенин ачыктады:

«Бул журналисттерге болгон доо эмес, бул ушакчыларга карата берилген доо. Бул экөө эки башка нерсе. Массалык маалымат каражаттары төртүнчү бийлик, алар дагы өз жоопкерчилигин сезиши керек. Мен бир гана нерсени айткым келет, ар ким өз сөзүнө жооп бериши зарыл. Мисалы «Радио/Свобода» (Азаттык радиосу) боюнча мен эл аралык сотко чейин барууга даярмын жана ал жакшы сабак болот. Мен ден соолугумду чыңдап алдым, Кудай буюрча сентябрь айында Америкада болуп Трамп менен дагы сүйлөшөм. Анткени, мындайларды токтотушубуз керек».

Президент аны менен катар «Zanoza» маалымат агенттигин чет элдик гранттардын эсебинен жашайт» деп айыптады.

Ал эми күзүндө өтчү президенттик шайлоо тууралуу суроого жооп берип жатып шайлоо убагында өлкөдөгү туруктуу абалды бузууга аракет кылгандар катуу жазаланаарын эскертип, таза шайлоо болоорун убадалады:

«Мен силерге президент катары айтам эч ким тартипти буза албайт. Тартипти бузгандар болсо алар жоопко тартылат жана аябайбыз. Оюн баштагандарды аябайбыз. Анткени, шайлоо жакшынакай болот. Эгерде ишенишпесе Мадумаровго ачып бергендей өзүнүн айлынан урналарды ачып беребиз. Унутпагыла электрондук урналарды ачып, бюллетендерди кайрадан бирден санап чыкса болот».

Мамлекетте үчүнчү революция болбой турганын дагы бир ирет айткан Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан учурда таптакыр башка өлкөгө айланды деп эсептейт. Эске салсак президент 28-февралда Орусиянын президенти менен болгон жолугушууда буга чейинки эки революциянын башында турганын, «бул ирет революция кылууга жол бербейм», — деп айткан.

«Социал демократтар президенттикке кимди талапкер кылып чыгарат?» деген суроого президент мындайча жооп берди:

«КСДПда талапкерлер көп. Алгач алар таразаланат жана коомдун берген баасы дагы каралат. Андан соң бир нече айдын ичинде алардын кимиси элдин колдоосуна ээ болот аныкталат. Ошону менен эле азыр жүрүп жаткан компроматтар күрөшүн дагы унутпашыбыз керек. Алар бири-бирине жана КСДПнын талапкерлерине дагы чабуул кылып жатат. Бул артында кыңыр иши жок адамдардын суурулуп чыгышына шарт түзөт. Андыктан президенттик партиянын жоопкерчилиги чоң. КСДП болсо ким туш келсе аны талапкер катары чыгара бербейт».

Парламентти мөөнөтүнөн мурун таркатуу маселеси көтөрүлдү. Атамбаев бул боюнча ага миңдеген жарандар арыз менен кайрылганын, бирок VI  чакырылыш аягына чейин иш алып барышы керек деген ойду карманууда. «Алдыдагы президенттик шайлоону жана парламентти таркатуу жолдорун эске алганда депутаттар бул ишке барбайт болушу керек» деген өлкө башчы мыйзам чыгаруу бийлигин чыңдоого болгон сунуштарын берди:

«Парламент өзү эле тарап кетет дегенге ишене албайм. Ал эми коалиция эмнеге туруктуу болбой жатканын айтып берейин. Эгер келген шайлоочулардын 7 пайызынын добушун алса парламентке өтүүгө мүмкүн боло берсе парламентте мындан ары дагы 6-7 партия болот. Натыйжада эч качан туруктуу коалиция дагы өкмөт дагы болбойт. Парламентте бакылдап аткан эргулдар мамлекет үчүн күйсө, босого пайызды 9-10 пайыз кылып, тизмени катуу тизме кылыш керек».

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылы 24-мартта болгон революция тууралуу билдирүүсүн дагы таратты. Анда мындан 12 жыл мурун Кыргызстан эли Акаевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна каршы жапырт көтөрүлүп, революция жеңгени айтылат.

Бирок, орто жолдон бийликти дагы башка, мурдагыдан да ач көз жана мыкаачы үй-бүлө басып алып, ал эми революциянын идеалдары тебеленип-тепселип калганы белгиленген. «Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башкаруусу саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктоолор, аларды өлтүрүү, элдик байлыкты мурдагыдан да ашынган талап-тоноолор менен коштолду», деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Иса Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүлбактын жалпы аянты 0,5701 гектарды түзөт. Аны куруу демилгесин президент өзү көтөрүп, курулуш иштери 2016-жылдын июнь айында башталган. Ага прзиденттин фондунан 7 млн сом жана Бишкек шаардык мэриясынан 1,3 млн сом жумшалган.

IMG_1391-590x393

КСДП Акаевди катарынан чыгарды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев КСДП фракциясынын катарынан чыгарылды. Мындай чечимди Социал демократтар партиясынын саясий кеңеши кабыл алып аны фракция колдоду. Акаев депутаттардын бул чечимине таарынычы жок экенин айтып, алар буйрукту гана аткарышканын билдирди. Фракция лидери Иса Өмүркулов “мындай чечимге фракция менен депутаттын көз караштары келишпей калганы себеп болду”, — дейт. Эми Жанар Акаев эркин депутат катары парламенттеги ишин уланта турган болду:

«Карандай калп менен кошоматчылык өкүм сүргөн жерде чындыкты айткан адамды экстремист катары баалашат. Бирок, мен парламенттик ишмердигимди улантам. Менин калың шайлоочуларым бар. Менин тагдырымды бир ууч адам чече албайт. Биз миңдеген, керек болсо он миңдеген шайлоочулар менен кеңешебиз».

«Эми оппозицияга өтөсүзбү?» деген журналисттердин суроосуна «жок» деп жооп берип, мурдагы позицияда болоорун айтты.

«Мындай чечим депутаттын өзүнө да жакшы болду. Анткени фракция менен Жанар Акаевдин пикири келишпей калды. Бул бүгүн эле көтөрүлгөн жок» деген фракция лидери Иса Өмүркулов бул маселе буга чейин да талкууланып келгенин билдирди. Анын айтымында, Акаев КСДПдан чыгарылганы менен ага эч кандай кысым болбойт:

«Фракциянын көз карашы менен депутат Жанар Акаевдин көз карашы, позициясынын айырмасы ушундай чечимге алып келди. Фракция менен көз карашы келишпесе, анын чыгып кеткени өзүнө эле жакшы болду деп ойлойм. Саясий кеңештин жана фракциянын чечими менен аны чакыртып алдык».

Жанар Акаевдин мандат маселеси тууралуу президент Алмазбек Атамбаев да март ыңкылабына арналган гүлбакта пикирин айтты. Депутат мандатынан ажырайт экен деген сөзгө калп деген мүнөздөмө берип, мындай маалыматтарды таратпоого чакырды. Ошондой эле «Жанар Акаевди эл шайладыбы же КСДПнын арты менен креслого отурдубу кийинки шайлоодо билинет», — дейт:

«Ал мандатын өзү гана өткөрүп бере алат. Экинчиден, Жанар Акаевди эл шайладыбы же КСДПнын арты менен өттүбү, муну эмки парламенттик шайлоодон көрөлүчү. Депутаттыкка өтө алабы, же жокпу? Ага чейин мындай ушактарды токтото туралы».

СДПК Жанар Акаевдин маселесин 22-мартта эле карашмай болуп, бирок партиянын саясий кеңешеи чогула албай кийинкиге калтырылган.  «Депутат өзүнүн макулдугун берип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылмайын, анын мандатын эч ким ала албайт». Мындай пикирин саясий илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков айтат:

«Кийинки оңдолгон Конституцияга ылайык кандай болоорун майда-чүйдөсүнө чейин билбейм. Бирок, мурдагы Баш мыйзамдын жоболоруна ылайык фракция депутаттан мандатын тартып алып коёт деген жоболор жок. Себеби мындай көрүнүштөр мурда дагы болгон. Эгер Жанар Акаев «мен мандатымды бербейм» десе көптөп туру паны мандаттан ажыратып коюуга болбойт».

Эске сала кетсек, Жанар Акаев Жогорку Кеңештеги айткан сөздөрү үчүн президенттин сынына кабылган учурлары да болгон. Жанар Акаев VI чакырылышка КСДП партиясынын тизмесинде 4-болуп келген.

1017373651

Назарбаев блокада боюнча жооп берди

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин  2010-жылы Казакстан кылган блокада боюнча айткандарына жооп берди. Назарбаев анда Кыргызстанда болгон башаламан окуяларга байланыштуу Казакстан чек араны жабууга аргасыз болгонун белгилейт.

Эске салсак Алмазбек  Атамбаев Брюсселге расмий сапар менен барып, Европа Биримдигинин курамындагы башкы уюмдардын жетекчилери менен жолугуп келген. Сапардын алкагында Атамбаев Евроньюс телеканалына маек берип, өлкөдөгү саясий-экономикалык, диний кырдаал, коррупцияга каршы күрөш жана башка бир катар маселелер тууралуу ой бөлүшкөн. Анда өлкө башчы журналисттин Евразия биримдиги тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып эгер бул уюмга кошулбасак, Кыргызстанды блокада күтүп тургандыгын, 2010-жылы Казакстан бир жарым айга чек арасын жапканда, анын кесепетинен адам курмандыктары дагы болгонун билдирген.

«Биз кимдер бирөө менен соода-сатык кылып, коңшулар менен иштешишибиз керек. Эгер биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирбесек бизди блокада коркунучу күтүп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай блокада кылганда бизде адам курмандыктары дагы болгон. Блокада бул жаман нерсе. Альтернативалуу жолду сунушташса, биз кайда кошулабыз?Эмне Афганистанга кошулалыбы? Эгер Евробиримдикке кирүүнү сунушташса биз ага бүгүн дагы даярбыз. Мен муну айтып да көргөм. Бирок мага биздин жалпы чектеш чек арабыз жок экенин ачык айтышты. Анда силер бизге эмнени сунуштайсыңар? Биздин 6 миллион жараныбыз бар. Эмне жабык мамлекет болуп жашашыбыз керекпи? Биз өнүгүшүбүз керек, бизге рынок керек».  

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Казакстан тууралуу бул айткандарына казак тарап дароо реакция кылып, бийлик жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан. Ал тургай Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчилигине нааразычылык нотасын тапшырган. Нотада казак ТИМ Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү менен макул эместиги жазылган.

Андан соң, 21-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алып, Атамбаевдин Европадагы сөздөрү боюнча түшүндүрмө берген. Анда Кемелова 2010-жылы Казакстан чек арага киргизген чектөөдөн улам өлкө жарандарына олуттуу көйгөйлөр жаралгандыгын, «Чу» каналын кечип өтүүгө аракет кылган кишилердин колундагы ооруп жаткан ымыркайы каза болгонун билдирген. Ошону менен эки тарап бири-бирин түшүнгөндөй болуп, тынчып калган эле.

Эми бир айга жакын убакыттан кийин бул маселе кайрадан козголуп отурат. Алмазбек Атамбаевдин айткандары бөйрөктөн шыйрак чыгаруубу? деген казак журналистинин суроосуна Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак илгертен бир тууган эл экендигин айтып, бул жагдайга анча көңүл бурбай эле коюуну белгиледи. Ошол эле учурда, 2010-жылы эмне себептен чек араларды жапкандыгына түшүндүрмө берди.

«Биз кошуна элбиз. Президенттер менен мамлекет башчылары кетет, биздин эл калат. Андыктан, буга дагы көп көңүл бурбай эле коюу керек. 2010-жылы Кыргызстан мамлекеттин мыйзамдуу президентин кулатып, элден кууп чыккан учурда түрмөдө отурган бир топ адамдар бошотулган. Алардын бардыгы бизге карай бет ала баштаганда биз чек араны жаптык. Болочокто ушундай жагдайлар кайталанса, биз дагы чек араны жаап салабыз. Мындай болуп жатса, кайсы мамлекет чек арасын жаппайт? Түркия дагы жапты. Кошуна Өзбекстан, Тажикстан дагы жапты. Ошондуктан, бул жерде эч кимдин күнөөсү жок. Болгону ошол кездеги Кыргызстандагы абалга байланыштуу болгон».

Сөзүн улай Назарбаев кыргыз элинде согуш чыгып кетпеш үчүн ошол кезде мамлекет башына келген Отунбаеванын кол каты менен атайын аскерлерди жиберип, Бакиевди өлкөдөн чыгарып кеткендигин айтты. Кыргызстанда азыр дагы саясий окуяларга байланыштуу кырдаал жакшы эмес. Андыктан, коңшу катары дайыма колдойбуз деген мамлекет башчысы, Казакстандын берип жаткан жардамдарын тизмектеп өттү.

«Албетте мамлекет башчы болгондон кийин ар бир айткан сөздү ойлонуп сүйлөө керек. Бул жалпы эки элдин ортосундагы карым-катнашка таасирин тийгизет деп ойлобойм. Жардам берип жатабыз, дагы жардамдашабыз. ЕАЭБ алкагында биз жакында 40 млн доллар акча бердик. Баары кыйрап калган кезде Ош шаарында эки мектеп салдырдым. Анда-санда гуманитардык жардамдарды берип турабыз. Ошондуктан, баарыдан мурда достукту, биримдикти сактоо керек. Мындан артык бизге байлык жок».

Ал арада Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы Казакстан президентинин сөздөрү бизди абдан иренжитти деп билдирүү таратты. Аталган фракциянын депутаттарынан бул боюнча комментарий алалган жокпуз. КСДПнын билдирүүсүндө президент Назарбаевдин айткандарына тактоо киргизип, 7-апрелде Бакиевдин режими мыйзамсыз камаган оппозиция лидерлери, саясий камактагылар гана абактан бошотулгандыгы, бир дагы кылмышкер түрмөдөн чыккан эместиги айтылат:

«Нурсултан Назарбаевдин эл тарабынан кулатылган Бакиевдин режиминин “мыйзамдуулугуна” басым жасаганы да адам катары бизди кабатырлантты. 7-апрелдеги революциядан кийин расмий түрдө эл аралык издөөдө жүрүшкөн Бакиевдин бир туугандары, жакын туугандары жана анын айлана-тегерегинде жүргөндөр Казакстандын аймагында тойлорду өткөрүп жүрүшкөнүн билебиз. Эмнегедир аларды эч ким кармап, биздин өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүп берген жок. Ушул да союздаштык мамилеби? Бул бизге түшүнүксүз

Албетте, эми өткөн таарынычтарды унутуп, илгери үмүт менен алга басышыбыз керек. Бирок «Керек болсо, — чек араны дагы жабам» дегени союздаштарга карата айтыла турган сөз эмес, биздин оюбузча, бул досчулукка да, бир тууганчылыкка да жатпайт».

Казак президентинин сөзүнө карата  дипломатиялык мамилелерге жооп бере турган мамлекеттик мекемелерден озунуп КСДП фракциясынын жооп бергендиги дагы өз учурунда коомчулукта сынга кабылды.

«Казак-кыргыз ортосундагы акыркы учурдагы мамиле тууралуу кандай айтпайлы, эки элдин миңдеген жылдык достугуна эч ким доо кетире албайт» дешет эл аралык мамилелер боюнча адистер. Маселен, Дипломатиялык академиянын профессору Зайнидин Курманов Назарбаев эл аралык укуктарга туура келээрин айтат:

«Назарбаевдин айткандары эл аралык укукка жатат. Анткени ал бүткүн Казакстан, казак эли үчүн жооп берет. Ошондуктан, ар бир президент өз максатын, өз функциясын жакшы аткарса, эки мамлекеттин ортосунда дайыма жакшы мамиле болмок. Албетте, бир тууган элбиз. Бирок, биз эч качан кошуна мамлекет экенибизди унутпашыбыз керек».

2010-жылы Казакстан 1,5 айга чек арасын жапканда Кыргызстандын экономикасы миллиарддаган доллар чыгымга учурагандыгын ишкерлер эсептеп чыгышкан.  Ал эми жардам боюнча айтсак, ЕАЭБ шарттарына Кыргызстандын адаптация болушу үчүн Казакстан убада кылган 100 млн доллардын азырынча  40 млн доллары келген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *