Шашылыш кабар:

ЖОЖдордо “Кыргызстан географиясы” предмети окутулушу зарыл

Март 7, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
143

DSC_1003К.Осмоналиев жана Р.Токторованын маеги: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЛИМ

Каныбек Осмоналиев: Саламатсыздарбы урматтуу “Марал” радиосунун угармандары. Мен, профессор Каныбек Осмоналиев  адаттагыдай эле сиздер менен “Илим жана турмуш” радио берүүбүздүн алкагында ангеме курууга келдик, бүгүнкү биздин коногубуз Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин География, экология жана туризм факультетинин деканы, география илимдеринин кандидаты, доцент Токторова Рыскүл Алманбаевна. Рыскүл эжеке, алтындай убактыңызды бөлүп, түйшүгүңүздөр көп экени түшүнөм, ошого карабастан келип “Марал” радиосу аркылуу өзүңүздүн факультет, география илими жөнүндө, жалпы эле илим абалы кандай болуп жатат? Азыркы биздин жаштарды кызыктырган суроо, кантип география илимине келип калдыңыз? Ушулар жөнүндө азын-оолак сөз кылсак. Мен алгач суроо берээрдин алдында акыркы үч күндө болгон илимий ачылыш менен тааныштырып кетейин. Мисалы, Түштүк Кореянын фундаменталдык изилдөө институтунун окумуштуулары ДНКнын бир нуклеоиддик тактыкка чейин мутациянын болоорун тажрыйба жүзүндө далилдешкен. Азыр абдан чоң илимий ачылыш катары илимий чөйрөдө жаңылык болуп жатат. Жалгыз нуклеоидди алууга мүмкүнчүлүк болгон технологияны ойлоп табышкан. Андан көп ооруларды сакайтууга болот экен. Гендик деңгээлге чейин кийлигишүүлөр өтө тездик абалда жүрө тургандыгын айтып жатышат. Мисалы, ушулардын жардамы менен зыяндуу мутацияларды жок кылууга шарттар түзүлүп, азыркы кездеги абдан актуалдуу болгон бир топ ооруларды, укумдан-тукумга берилүүчү ооруларды токтотуу, аны акырындатуу, керек болсо аларды айыктыруу мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги жөнүндө айтылып жатат. Эми Рыскүл эжеке, мындай жаңылыктар чындыгында физикада, химияда, математикада, географияда, экологияда болуп жатат. Биринчиден, илимге кантип келип калдыңыз? Ушул жөнүндө радиоугармандарга айтып берсеңиз. 20170302_094307

 Рыскүл Токторова: Мен Кыргыз улуттук университетинин география факультетин бүтүргөм. Алгач айылга барып мугалим болуп 1,5 жылдай иштеп, кайра өзүмдүн бүтүргөн факультетиме келип иштегем. Жогорку окуу жайында иштегенден кийин илим менен алектениш керек экенин түшүнүп, физикалык география багытында иштей баштадым. Ландшафттар боюнча, туризмди өнүктүрүү багытында иштедим, илимий жетекчим, профессор Мажит Кадыркулович Кадыркулов болду. Негизинен Кыргызстандын аймагындагы Талас өрөөнүндөгү ландшафттарын терең изилденген аймактардын бири болгон. Физикалык география илиминде бардык изилдөөлөр ландшафттык негизде жүрүш керек. Себеби, ландшафтты түзгөн компоненттер бардыгы бири-бири менен байланыштуу, алардын бирөөсү өзгөрсө акырындап калган бардык компоненттери да өзгөрөт. Биз билгендей Кыргызстандын Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад областарында гана өнүгүп, Талас өрөөнүндө Нарын, Баткен областтарында туризм өнүгүү деңгээли төмөн. Географтар үчүн изилдене турган объектилер көп, азыр биздин Өкмөт дагы туризмди өнүктүрүүгө абдан чоң көңүл буруп келет. Биз негизинен табигый гидратациялык ресурстарды изилдейбиз.

Каныбек Осмоналиев: Сиз айтып отурсаңыз менин бала кезим эсиме түшүп кетти. Бала кезимде географияга абдан кызыкчумун. Ал турсун, өлкөлөрдүн борбор шаарлардын атын айтып, бири бирибиз менен жарышып, ребустар менен окучу элек. Сиз менен аңгемелешүүнүн алдында, интернет баракчаларын карап отуруп, бир нерсеге таң калдым.  Биз, мектепте окуп жүргөндө жана кийин дагы угуп жүргөн Тынч океанындагы эң төмөнкү чуңкур “Мариан” чуңкуру деп укчу элек. Анын тереңдиги 11 км, ошол чуңкурду дагы да изилдеп жатышыптыр. Жакында Америкалык жана Кытай окумуштуулары биригишип 10 994 м тереңдикте чуңкурга 88 сейсмометрди жайгаштырып, океандын түбүндө болуп жаткан тектоникалык изилдөөлөрдү, жердин титирөө себептерин изилдешүүдө. Ушул деңгээлге жетпесек дагы биздин Кыргызстанда география илиминин өнүгүшү жөнүндө маалымат берип койсоңуз.

Рыскүл Токторова: Азыркы учурда география илими өнүгүп жатат. Бирок, биринчи кезекте каражат жагынан колдоо жок болгондугуна байланыштуу, комплекстүү түрдө изилдөө иштери жүргүзүлбөй келет. Кыргыз улуттук университетинде деле, республикада дагы аз көңүл бурулуп жатат. Бир эле нерсени айтып кетким келет, коңшу мамлекеттер Россия, Казакстан ж.б. мамлекеттерде абдан чоң көңүл бурулат. Географиялык институттар, коом уюштурулган. Анын натыйжасында ал жакта комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлөт. Азыр биз да куру эмеспиз, географиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. бирок, комплекстүү түрдө бардык Кыргызстандын аймактарын камтыган изилдөөлөр болбой, айрым аймактарга гана изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

20170302_094208 Каныбек Осмоналиев: Мына өзүңүз айтып калдыңыз “Географиялык Коом” деп, биздин Кыргызстанда дагы Географиялык Коом түзүлгөн да. Интернеттеги маалыматтарга кайрылсам 1947-жылы башталган экен, 1991-жылдан баштап өз алдынча “Кыргыз мамлекетинин географиялык коому” деп аталыптыр. Россиянын Географиялык Коому (РГО) жөнүндө кабарым бар.  Коргоо министри Сергей Шойгу акыркы 5-6 жылдан бери президент болуп иштеп жатат, алардын иштери жолго коюлган. Азыр биздин Географиялык Коом иштеп жатабы?

Рыскүл Токторова: Биздин Географиялык Коом иштеп жатат. Анын президенти Аламанов Саламат агай. Агай көрүнүктүү географ, көп иш жасаганга аракет жасап жатат. Өзү суу ресурстары менен алектенип жүрөт. Биз бир жыл мурун бардык областагы географтар чогулуп Кыргызстандын атласын чыгаруу жөнүндө ой бөлүшкөнбүз. Эмне себептен дегенде Кыргызстандын атласы акыркы жолу 1987-жылы чыккан. Анан экономикалык географиялык бөлүгүн чыгараарда Союз тарап кетип ошол боюнча чыкпай калган. Атластын чыгышына биздин көрүнүктүү географтардын бири болгон Өмүрзаковдун эмгеги чоң эле. Ал учурда агай Географиялык Коомдун президенти болчу.

Азыркы учурда биздин коом менен Россиянын Географиялык Коомунун ортосунда келишим түзүлгөн. Мисалы, бир жыл мурун биздин студенттерди экспедицияга жибердик. Россияда Географиялык Коомдун ири жыйыны болуп биздин коомдун президенти Саламат агай барып катышып келди. Мындан тышкары долбоорлорду жазып, иштегенге аракет жазып жатабыз.

Каныбек Осмоналиев: Менде мындай түшүнүк бар, Мен өзүм физикмин. Математиктерди, физиктерди, ал турсун химия, биологияны анык фундаменталдык илимдер деп билемин. Мисалы, буларды Россиядабы, Англиядабы жазылган китептер, закон ченемдүүлүктөр аныкталган боюнча кала берет. География-бул ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүгүн эске алган, өзгөчө аяр мамиле жасай турган илим катары сезем. Бир мезгилде мындай талаш болуп калды. География боюнча окуу китебин Кыргызстандын өзүнүн географтары жазыш керек деген. Мисалы, Ньютондун закону бардык жерде бирдей кабыл алынат. Бекеринен Пржевальский сыяктуу окумуштуулар Кыргызстанга келгенде жерине, жаратылышына өзгөчө көңүл буруп кызыкпаса керек. Азыр мектепте окутулуп жаткан китептердин абалы, Сиз декан катары, сиздердин факультетте окуу куралдары, окуу китептери кандай абалда?

20170302_100640 Рыскүл Токторова: География боюнча окуу китептери азыр кыргыз тилинде жазылып, басылып чыгып жатат. Биздин А. Осмонов, Кадыркулов, Кулматов  агайлар география боюнча окуу китептердин авторлору. Баары бир деле Өкмөттүн география илимине өзгөчө мамилеси керек. География илими Сиз айткандай фундаменталдык илим, бирок ошол эле учурда география илими-физикадан, биологиядан, химиядан айырмасы бул комплекстүү илим. Мисалы, физика, химия, биология жаратылыштын кандайдыр бир бөлүгүн окуп үйрөтсө, география анын бардыгын комплекстүү окуп үйрөтөт. Эгерде биз физиканы, химияны, биологияны билбесек, анда бизден жакшы географ чыкпайт. Ошон үчүн менин оюмча, география илими башка табигый илимдерге караганда изилдөө объектиси кенен. Жаратылышта болуп жаткан кубулуштарды аягына чейин изилдеп, эмне себептен болуп жаткандыгын айта алат. Мындан тышкары экономикалык география тармагы да бар, географиялык абал өнөр жайга кандайча таасирин тийгизет. Тилекке каршы, азыркы учурда географтардан өнөр жайды жайгаштырабы, же айыл чарбага ылайыктуубу, же башка тармакты өнүктүрүп жатабы, кеңеш сураган киши жок. Азыр да “Кыргызстандын экономикалык географиясы”, “Кыргызстандын физикалык географиясы” деген предметтер бар. 1990-жылдары биздин улуттук университетте бардык факультеттерге Кыргызстандыгн географиясын окутууга киргизишкен. Менин оюмча бул туура болгон. Эмне себептен дегенде 4 илим болбосо улут улут эмес, бул географиясы, тарыхы, тили, адабияты. Ушунун ичинен менин оюмча географияга азыраак көңүл бурулуп жатат. Экологиялык проблемалардын келип чыгышы деле, биздин адистердин географияны билбегенинен дагы болот.

Каныбек Осмоналиев: Эң туура, абдан жакшы айттыңыз. Мен чындыгында географиянын өзгөчө орду жөнүндө айтканда Сиз айткан ойду баштайын дедим эле, чынында эле географиянын өзгөчөлүгүн эске алышыбыз керек. Мисалы, Кыргызстандын географиясы менен Африка өлкөсүнүн кайсы бир мамлекетинин географиясы менен салыштырып болбойт, айырмасы такыр башка да. Биздин жалпы жаратылышыбыз, өсүмдүктөр, тоолор алардын географиялык өзгөчөлүктөрү эске алынып, бүгүнкү күндүн талабына туура келе тургандай жазып жаш муундарга жеткире алсак, географиянын чоң бактысыбы дейм. Экология боюнча өзүңүз айтып калдыңыз, эми ошол боюнча оюңузду айтып кетсеңиз. Былтыр, Россиянын президенти Путин өзүнүн эң жакын адамы, президенттик аппараттын бир топ жылдардан бери башчы болуп жүргөн Сергей Ивановду экология боюнча өзүнүн өкүлү кылып дайындады. Путинге суроо бергенде анын жообу мени кызыктырды. Ал: “Экология боюнча мен ишенген адамымды коюп жатам. Себеби, экологияны биз азыр таштап салдык, аны биринчи орунга койбосок, биз кийинки муунга эмнени калтырабыз” деген жообу жакты. Эми биздин Кыргызстандын экологиясы жөнүндө айтып берсеңиз?

20170302_094528 Рыскүл Токторова: Биз дайыма эле угуп жүрөбүз. Кыргызстандын жаратылышы кооз, чет мамлекеттер абдан кызыгышат, жери, суусу, топурагы, абасы таза. Чынында бизде экологоиялык көйгөйлөр абдан көп. Мисалы, алыс барбай эле Кумтөрдү алып карайлы. Кумтөрдө эң чоң экологиялык көйгөй бар, кен казып алууда жаратылышта баары бир деле өзгөрүүлөр болот, сөзсүз түрдө рекультивация иштерин жүргүзүп туруш керек. Кумтөрдөгү проблема кийинчерээк Орто Азиядагы проблема болуп калышы мүмкүн. Кыргызстандагы тоолуу аймактарда ландшафттар жаш деп эсептелет. Анда алар адам баласынын таасирине туруксуз болот жана калыбына келиши өтө жай жүрөт. Жаратылышы канчалык катаал болсо ошончолук жай жүрөт. Мисалы, карьерлер, хвостохранилищелер пайда болуп жатат. Мөңгүлөрдү бир жерден экинчи жерге жылдырабыз дешет. Уу заттарды колдонуп жатышат. Ушулардын бардыгы бизге кийинчерээк жаратылышка белгилүү өлчөмдө зыян тийгизет. Ошон үчүн эң биринчи кен казып алаардан мурда, экологдор, географтар экспертиза жүргүзүп кандай шартта, айлана-чөйрөгө, жаратылышка таасирин азыраак тийгизет дегендей проблемаларды ачып көрсөтсө болмок, андан кийин гана барып казуу иштерин жүргүзсө болмок. Азыр деле түндүк менен түштүктү бириктирген автомобилдик жолду жана темир жол курабыз деп жатышат. Ошол жол курган учурда жаратылышта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, ошону экологдор жана географтар гана айта алат. Жаратылышты комплекстүү түрдө толук караган илим география болуп саналат.

Каныбек Осмоналиев: Эми Сиздер тарабынан окумуштууларды рекомендация, сунуш берип, илимий эксперттик ишиңиздерди Өкмөт тарабынан талап кылган учурлар болуп жатабы?

Рыскүл Токторова: Негизи андай иш аз. Кумтөр боюнча проблема келип чыкканда, депутаттар чакырып, географтардын көз карашын укту, андан кийин мен билгенден андай деле жок. Азыр Кыргызстанда чоң проблема бул жер ресурстарын туура пайдалануу. СССР учурунда жерлер колхоз, совхоздорго тийиштүү болгон. Агрономдор жердин топурактарынын абалын, кандай органикалык, минералдык затттарды себиш керек бардыгына көз салып, карап турушчу. Азыр ал маселелер, тилекке каршы, каралбай калды. Себеби, 1 адамга 40 сотых жер же 1 га туура келип үлүшүн бөлдүрүп алгандан кийин өзү билгендей иштетип колдонуп жатат. Топурак бул негизги байлык, себеби, биз азык-түлүктүн баарын ушул топурактан алып жатабыз да.  Топурактан өскөн өсүмдүктөрдөн, анда жашаган жаныбарлардын бардыгы бири-бири менен байланыштуу. Азыркы учурдагы эң чоң көйгөй бул жер ресурстарын туура эсеп пайдаланып жатканыбыз. Мисалы, жайыт проблемасы бекеринен келип чыккан жок, арендатор иштеткен жерине жооптуу дейт. Чын-чынына келгенде ал арендатор жогорку билимдүу адис эмес да. Ага кандайдыр бир инструкция берип, жерди которуштуруп пайдалануу, мелоративдик иш чараларды жүргүзүү керек дегендей сунуш берген адис болуш керек.

Каныбек Осмоналиев: Арендатор үчүн биринчи кезекте эле жогорку өлчөмдө түшүм алуу, пайда көрүү да. Тилекке каршы, бүгүнкү күндөгү актуалдуу проблема болуп жатат. Экология маселесин кеңири карай турган болсок, өзүңүз деле жакшы билсеңиз керек, 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында Япониянын Киото шаарынын келишими болгон экен. Биздин Кыргызстан да кабыл алып 2000-жылдан бери жаратылышты сактоо боюнча атайын мамлекеттин алдында “Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы” агенттиги түзүлгөн. Ушул жагынан алып караганда география, экология илимдерин өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик программа барбы?

20170302_093838 Рыскүл Токторова: Негизи географияны өнүктүрүү боюнча атайын программа жок. Ал эми экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биздин Өкмөт кабыл алган программалар бар. Бирок, ал кандай иштеп жатат, мен жакшы билбейт экенмин. Биз география факультети негизинен Сиз атап өткөн агенттик менен тыгыз байланыштабыз. Биз экологдорду даярдайбыз, аларды практикага жөнөтөбүз, алар биздин госаттестацияга келип катышышат, байланышыбыз бар, бирок абдан тыгыз байланыштабыз деп айта албайм. Айта кете турган нерсе ошол агенстводогу иштеп жаткан кадрлардын көпчүлүгү биздин бүтүрүүчүлөр.

Каныбек Осмоналиев: Биздин окуп жүргөн мезгилде мектепте география сабагы жумасуна 2 жолудан өтчү. Азыркы учурда мектептеги абал кандай болуп жатат?

Рыскүл Токторова: Азыр география сабагын абдан кыскартып коюшту. Бул туура эмес, балдарга географияны терең беришибиз керек. Эгерде жаш муундар географияны жакшы билсе, алар жаратылышка аяр мамиле жасашат, жаратылыштын закон ченемдүүлүктөрүн окуп үйрөнүү менен жаратылыш ресурстарын туура пайлананууну үйрөнөт деп ойлойм. Бир учурда Н.Ишекеев минисрдин орун басары болуп иштеп жатканда айткан эле: “Бардык жогорку окуу жайына Кыргызстандын географиясын окутууну киргизебиз. Кыргызстандын тарыхындай эле географиясынан да экзамен тапшырыш керек”   деп. Менин оюм боюнча бул туура маселе. Бирок, ага эч ким кызыккан да жок!

Каныбек Осмоналиев: Менимче, географиялык, экологиялык маселелерди тынбай Жогорку Кеңештин отурумуна алып чыгып, ал эми Сиздердей болгон окумуштуулардан рекомендация, сунуштарды алып, маселе көтөрүп чечишибиз керек. “Марал” радиосунун жардамы менен күздө белгилүү геолог, профессор Кубат Осмонбетов агай менен маек курдук. Ошондо Кубат агай керек болсо жүрөгү ооруп экологиялык көйгөйлөр жөнүндө айтып жатты. Кыргызстандын жери кен байлыкка бай экендигин, бирок аны керек болсо жырткычтык жол менен талкалап, аягында өзүбүз аянычтуу абалда экенин көрүп жатабыз дейт. Эми ушул маселени эске алып факультетте студенттерди окутуп жатасыздар. Факультетиңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

20170302_094257 Рыскүл Токторова: Биздин факультет Кыргыз улуттук университетинде 80 жылдык тарыхы бар факультеттин бири. Жогорку окуу жайы уюшулганда эле ачылып бизден экономикалык факультет, геология бөлүнүп чыкты. Булардын бардыгы 1930-40-жылдары биздин факультеттин составында болгон. Факультеттин өсүп-өнүгүшүнө көптөгөн окумуштуулар Акылай Исаевич, Насипбек Бакирович, Абдрай Осмонович ж.б., ал эми Акылай Исаевич туризм багытына да чоң салым кошту. Абдрай Осмонович экология багытында иштеп, көп жылдар бою декан болуп да иштеди. Бир учурда биологдор менен географтардын ортосунда дайым талаш жүрүп келген да, экология биологиялык илим деп биологдор айтса, географтар экология географиялык илим деп. Негизи биз билебиз жаратылышка адам баласынын тийгизген таасири чоң, ал өзүнчө эле геологиялык күч болуп, антропогендик таасири каралат. Жаңы илим катары геоэкология илими өнүгүп келе жатат. Геоэкология илими жаратылышка адам баласы кандай таасир тийгизип жатат, кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, кенткенде биз аны өзгөртө алабыз деген сыяктуу  проблемаларды карайт, бул илимдин келечеги чоң. Келечекте Кыргызстанда окуучулар, студенттер билимдүү, илимдүү болсун десе табигый илимдерди окутууну көбөйтүш керек деп ойлойм.

Каныбек Осмоналиев: Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары дагы бир илимий жаңылыкты окуп коюуну туура көрүп жатам. Жакында АКШнын НАСА агенттиги Антарктидадан муздан жазылыгы 100 км болгон чоң жараканы табышыптыр. Анын узундугу 112 км. Бул муз массиви абдан чоң айсбергди пайда кылат. Эгер ал океан аркылуу жылып жүрө турган болсо, анда биздин географиялык, экологиялык абалды кескин түрдө өзгөртүп жибериши мүмкүн дешет. Демек, илим изилдөө иштери абдан катуу темп менен жүрүп жаткандыгын айтышат. Ушундай максатта биздин Илимдер Академиясында атайын багытта иштеген окумуштууларыбыз барбы?

20170302_094444 Рыскүл Токторова: Азыркы учурда Геология институтунун алдында География деген бөлүм бар. Аны Аламанов Саламат агай жетектейт, анын өсүп-өнүгүшүнө абдан чоң салымын кошуп жатат. Кытайлар менен чоң проект утуп алып, ал жерге ири лаборатория уюштурду. Ал лабораторияны бир гана институт эмес Кыргызстандагы көптөгөн илим менен алектенген адистер пайдаланса болот. Мурунку учурда экспедицияга студенттер барчу, азыр барып эле каражатка такалат. Бирок, ошого карабастан студенттердин билим деңгээлин жогорулаталы деп, “Институт водных проблем” деген бар, андан башка чет өлкөдөн келген студенттер менен кошо биздин студенттерди дайыма практикага чыгарып турабыз. Буюрса быйыл да Швейцариялык, Германиялык студенттер менен биздин студенттер чогуу экспедицияларды уюштурабыз.

Каныбек Осмоналиев: Бала кезде улуу географтар жөнүндө окуп, угуп жүрчүбүз. Колумбдан баштап Магеллан ж.б. окуп чоңойдук. Мисалы, мен Гумбольд жөнүндө көп окудум. Кыргызстанды изилдеген Семенов Тянь-Шаньский, Пржевальский экспедициялары айтылат. Азыркы учурда экспедицияга кандай көңүл бурулат? Эл аралык байланыш барбы?

Рыскүл Токторова: Эл аралык байланыш бар. мисалы, Германия, Швейцария менен тыгыз иштешип жатабыз. Азыр жакында жаңы келишим түзүп жатабыз. Келишимдин багыты, илим-изилдөө иштери жүргүзүү, магистрант, аспиранттарды, мугалимдерди дайындайт. Азыркы учурда Германиядан жактап келген 3 докторантыбыз бар, андан тышкары Санкт-Петербургда География факультетинде 3 аспирант окуп жатат. Японияда, Кытайда биздин 2 бүтүрүүчү окуп жатат. Булардын бардыгы илимий иштерин ийгиликтүү бүтүп келишсе факультетке чоң салымын кошот деп ойлойм.

Каныбек Осмоналиев: Жогоруда Сиз айткан алдыңкы мамлекеттердин окумуштуулары биздин Кыргызстанга келип илимий иштерин жүргүзүүгө далалат кылган учурлар барбы?

Рыскүл Токторова: Ооба абдан эле көп, мисалы, былтыр эле Берлин эркин университети менен түзүлгөн 5 жылдык проект жыйынтыкталды. Ошол учурда Германиядан окумуштуулар, бакалаврлар, магистранттар, аспиранттар келип, Кочкор өрөөнүндө “сууну, жер ресурстарын, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу” аттуу илимий иштерин жүргүзүп кайтышты. Ошонун натыйжасында 2 аспирант диссертациясын жактап кетишти. Негизи 1970-80 жылдарга чейин геогафия илими комплекстүү жүргүзүлчү. Азыр болсо локалдык түрдө гана жүргүзүлүп калды. Ушул жагын колго алсак жакшы болот эле. Айланып келип эле каражатка барып такалат. Себеби, географтар көзү менен көрүп, колу менен кармамайынча эч кандай жыйынтык чыгара албайт. Бир жерди бир эле жолу изилдеп эле тим болбостон, ал жерге бир нече жылы системалуу түрдө изилдөө жүргүзүү керек, каражаттын жетишпегендигинен бир аз солгундап турат.

Каныбек Осмоналиев: Өткөн берүүбүздө физика-математикалык илимдеринин доктору, А.Чекеев мырза менен сүйлөшүп отуруп, физика-математикалык илимдерде эксперименталдык жагы, установкаларды алуу кыйын болуп калды,-деди. Өкмөттүн атайын токтому менен Өкмөттүк деңгээлде иш чара болмоюнча биз ал ишти мурдагыдай деңгээлге коё албайбыз. Баятан бери Сиз менен сүйлөшүп отуруп, ушул багытта географиялык, экологиялык маселени да коюш керек го дейм. Ушул багытта география маселесин көтөрүүгө убакыт жетти деп ойлойсузбу?   20170302_100706

Рыскүл Токторова: Туура айтасыз, маселени чечиш керек. Анткен себеби, Кыргызстандын экологиялык абалына көңүл бурбасак, 15-20 жылдардан кийин абдан чоң көйгөйлөр келип чыгат. Сиздер билесиздер, Кыргызстан айыл-чарба тармагы өнүккөн мамлекет. Ал эмне менен байланыштуу? Бул жер, суу ресурстарын пайдалануу менен байланыштуу. Мына ушул радиоберүүдөн кайрылып кетким келет. Биз гидро-метрология, сууну изилдөө боюнча адистерди даярдай баштадык. Бирок, тилекке каршы, Өкмөт бир жылы бюджеттик орун бөлүп, экинчи жылы бөлүп бербейт, мындан проблема болуп жатат. Чын-чынына келгенде 10-15 жылда эң биринчи байлагабаз суу ресурстары болот. Дүйнө жүзүндө таза суунун запасы барган сайын азайып бара жатат. Кыргызда жакшы макал бар “Эл башында болгончо, суунун башында бол” деген. Орто Азияда агып жаткан Сыр дарыя, Амур дарыясынын башаты Кыргызстандан башталат. Суу ресурстарын пайдалана турган эмес, изилдей турган адистерди даярдашыбыз керек.

Каныбек Осмоналиев: Мен бир мезгилде Түштүк Кореяга барганда физик окумуштуулар, коллегаларым айтышкан эле: “Биз таза сууну Австралиядан алып келе жатабыз” деп. Эми карап көрүңүз Түштүк Корея кайда, Австралия кай жакта.

Рыскүл Токторова: Мен дагы бир нерсе айткым келет, биз суунун башында турсак деле жай мезгилинде суу жетишпей жатпайбы. Сууну биз туура эмес, сарамжалсыз пайдаланып жатабыз. Эгерде туура пайдалансак, мындай проблемалар болмок эмес. Муну да түшүнсө болот. Мурда союз учурда Кыргызстанда мал чарбачылыгы, дыйкан чарбачылыгы өнүгүп, суу сактагычтарынын баары республикаларды суу менен камсыз кылынчу. Эми бөлүнүп кеткенден кийин биздин өзүбүздүн дыйканчылык үчүн суу сактагычтар курулган эмес. Биздин факультетте даярдалып жаткан адистер, кайсы убакта суу тартылат, өзгөрүүлөрдүн болушун изилдейт. Мындай изилдөөлөр масштабдуу түрдө Кыргызстан үчүн жалпы жүргүзүлбөй жатат. Андан башка илим менен өндүрүштүн байланышы жок болуп жатат. биз өзүбүзчө изилдеп жатабыз. Биз изилдеген нерсени өндүрүштө пайдаланбай жатат.

Каныбек Осмоналиев: Кийинки учурларда мөңгүлөр жөнүндө сөз болуп жатат. Эми биз көбүнчө билип да, билбей да айтып жатабыз. Мөңгүлөрдүн абалы жөнүндө айтып берсеңиз.

Рыскүл Токторова: Мөңгүлөрдүн абалына токтоло кетсек, бул негизинен глобалдык масштабда климаттын өзгөрүшү болуп, температура биз аз жогорулап жатат. 4-50С жогорулап кетти деген маалымат туура эмес. Негизи 1-1,50 өзгөрдү деп айтсак болот. Кыргызстандын бардык жеринде эмес, мисалы, Фергана өрөөнүндө, ал эми кээ бир аймактарда тескерисинче мөңгүлөрдүн аймактары жогорулап жатат. Биздин Германиядан илимий ишин коргоп келген жаш окумуштуубуз Муратаалы деген жигит Кыргызстандын мөңгүлөрүн магистранттар, аспиранттар менен бирдикте комплекстүү изилдөө жүргүзүп жатат. Бизде бир мөңгүлөрдүн атласын түзсөк деген жакшы идея бар эле, андай атлас азыр Кыргызстанда жок. Мөңгүлөрдүн атласын түзүүгө адистер бар, бирок дагы эле каражат жагы маселе боюнча турат. Биз эгемендүү мамлекет болгондон бери бир да атлас жок.

Каныбек Осмоналиев: Сиз бул маселени акырын жымсалдап, айтып жатасыз. Чындыгында бул кыйкырып айта турган абалга келип калыптырбыз. Менин түшүнүгүм боюнча бул стратегиялык маселе. Керек болсо мамлекеттин коопсуздук маселеси. 20170221_123518

Рыскүл Токторова: Мисалы, кошуна мамлекет Казакстанда 2012-жылдан баштап 5 томдуу атлас түзүлгөн. А бизде болсо, интеллектуалдык ресурс, мүмкүнчүлүк бар, каражат жок.

Каныбек Осмоналиев: “Марал” радиосу аркылуу айтылып жаткан көйгөй, ойлордун жыйынтыгы менен түрткү болоор деген максатта айтып жатабыз. Эми эркин микрофон алдында дагы кандай ойлоруңуз бар. Студенттерге, жаштарга география илими боюнча каалоо-тилектериңизди айтып кетсеңиз.

Рыскүл Токторова: Менин оюмча география илиминин келечеги чоң. Адам баласынын жашоо тиричилиги жашообуз менен тыгыз байланышта. Адам баласы жаратылыштын ресурстарын пайдаланып жатпайбызбы, эгер жаратылыштын өрчүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн билбей турган болсок, анда ал терс таасирин тийгизет. Айрыкча окуучулардын, студенттердин экологиялык кругозорун кеңейтиш керек. Ошондуктан география сабагына, мектептердин география предметине көп көңүл бурушу зарыл.  ЖОЖдорго да Кыргызстандын география предметин кизгизүү зарыл. Ошондо гана жаратылышы, экономикасы менен окуучуларды, студенттерди Мекенди сүйүүгө тарбиялай алабыз. Мекенди сүйүүнүн ар кандай түрлөрү бар, эң негизгиси жароатылышты сүйүү, ага аяр мамиле жасоо ж.у.с.  20170302_100744

Каныбек Осмоналиев: Рахмат эже! Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары бүгүнкү биздин коногубуз  география илимдеринин кандидаты, доцент, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин География, экология жана туризм факультетинин деканы, абдан активдүү, окуу-тарбия, илимий-изилдөө иштерине өз салымын кошуп жаткан эжекебиз Токторова Рыскүл Алманбаевна болду. Рахмат эже,  убактыңызды бөлүп, “Марал” радиосу аркылуу Кыргызстанга бүгүнкү  география, экология боюнча көйгөй маселелерди көтөрүп бердиңиз. Кийинчерээк туризм боюнча да маегибизди улантарбыз.  Сизге чоң рахмат айтабыз. Урматтуу “Марал” радиосунун угармандары, бүгүнкү “Илим жана турмуш”  алкагындагы радиоберүүбүздүн соңуна чыктык.  Радио берүүнү, мен профессор Каныбек Осмоналиев алып бардым. Эмки жолугушканча чейин саламатта болуңуздар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *