Шашылыш кабар:

Гүлдөргө кам көрүү жолдору жана мааниси

Февраль 28, 2017 | жарыялаган Акылай Бакешева
150

 im_1204 (1)е       

Конок: Абдрахманова Гүлмира Мурзабековна

Бөлмөдө өскөн гүлдөр өзүнүн кооздугу менен көңүлдү буруп, абаны тазартып, терс энергиялардан арылта турган касиетке ээ. Мындан сырткары, бөлмөдө өстүрүлгөн ар түрдүү гүлдөр үй бүлө очогунун отун өчүрбөй, ынтымактуулукту, сүйүүнү бекемдеп турат. Андыктан ажайып көңүлдү көтөргөн  гүлгө болгон мамиле туурасында билип алыңыз.

Гүлдү кантип багуу керек?flowers-home
Бөлмө гүлдөрү үйдөгү жаман энергияны, чаңды өзүнө сиңирип алып, таза нерсени сыртка чыгарып турат. Ал бөлмөгө кооздук гана бербестен, акыл-эстин өсүшүнө да өз салымын кошот. Анткени, жашыл өң адамды эс алдырып, жаман нерседен алаксытат. Үйдө өсүүчү гүлдөр ар бирине өзүнчө кам көрүүнү, жылуу мамилени талап кылат. Аларды өтө ысык да, муздак да жерге койбош керек, болбосо жалбырактары саргайып, өсүүсү начарлап кетет. Негизинен гүлдөрдү гүлдөөчү анан жалбырактуу деп экиге бөлүшөт. Мүмкүн болсо гүлдү чоң терезеге, ачык, жарык жерге койгон оң. Өтө ачуу тийген Күндүн нуру да гүлдүн жалбырактарын күйгүзүп, өсүүсүнө тоскоолдук кылат.
Отургузуу, көчүрүү
Гүлдөрдү негизинен жаз айында көчүрүү керек. Себеби, жай, күз айларында тамыры бекемделип, суукка чыдамдуу болуп калат. Алар да жай өсүүчү жана ылдам өсүүчү деп экиге бөлүнөт. Аларды өсүүсүнө жараша 2-3 жылда бир отургузуп туруш керек, болбосо тамыры челекке батпай, өсүүсү жайлап калат. Циркуляция болгонго ылайыктап идиш алабыз, бир сөөмөйдөй кылып таш же пенопласт салып койсо болот. Анын устуно бир кокуч топурак салынат, атайын пенопласт жабылгандай кылып. Дренажы туура болгондо, суугарганда таза суу агат.  Гүл которууда кургак болушу керек, которуп жатканда толук топурагы менен көчүрөбүз.фикус-уход-в-домашних-условиях

Бөлмө гүлдөрдөн  эң биринчи жакшы энергия аласын, андан тышкары гул бөлмөгө пайдалуу ферменттерди бөлүп тазартып турат. Биздин көзүбүзгө көрүнбөгөн ар кандай бактерия,  микробдорду өзүнө сиңирип алат.  Ар бир ишти өзүнүн шарты менен, убактысы менен кылыш керек деген сыңаары, гүлгө да өз шартында өтө кылдаттык менен мамиле кароо абзел. Гүлдөрдүн канча миңдеген түрлөрү бар, аны багууда анын түпкү мекенин, тарыхын билсе жакшы болот, себеби кээ бир гүлдөр ыссык тропиктен келип күндү сүйөт, көлөкөдө ооруп же өлүп калат. Кээ бири тескеринче күндөн качып көлөкөнү жакшы көрөт, күндөн өлүп калышы мүмкүн.

Гүлдөрдү суугаруу:

Гүлдөрдү суугарууда кадимки адамдай эле гүлдүн да жаны бар, ошондуктан күндүн биринчи жарымында ваннага алып барып чачыратып суугаруу керек, кадимки жуунгандай эле. Андан соң бирдке тыныктырып андан соң ордуна алып барабыз. Бирок жогоруда айтылгандай ар бир гүлдү суугарууда да алдын ала билүү керек, кээ бири абдан сууну жакшы көрөт ал эми арасында сууну көп талап кылбагандарын да кезиктирүүгө болот.

Гүлдүн түрлөрү маанилери:

Гүлдүн түрлөрү өтө көп, 25 жылдан бери гүл өстүрүп журуп чыныгы гүлдүн маанисин түшүндүм. Көп учурда гүлдөрдү аялзат бактысы, мырза бактысы же ушакчы жана башка мааниде гүлдөрдү бөлүштүрүшөт. Гүл ооруп калса ий бакыт жок деген сыяктуу. Бирок тескерисинче гүлдүн эч кандай таасири жок адам баласына, атмосфераны, бөлмөнү тазалоодон тышкары.anturium

Мисалы: “Кайнэненин тили” гүлү өзүнүн көлөмүнөн да көбүрөөк кычкылтек бөлүп чыгарууга жөндөмдүү, синтетикалык материалдардан жана пластика, линолиумдан чыккан жыттарды нейтралдаштырат, дагы бир жакшы касиети иммунитетти көтөрөт. Каалаган бөлмөнүзгө жайгаштырса болот.

Герань –нерф орууларына жардам берет, жыты стрестен арылууга жардамчы, газ оттон чыккан жыттарды жок кылат.

Фикус гүлү-уулу заттарды өзүнө сиңип, абаны нымдаштырат. Жаңыдан башталган бактерияларды жок кылып сасык тумоону алдын алат. Чоң жалбырактары чаңды өзүнө сиңип алат.

Спатифиллум (аялзатынын бактысы) Бул гүл аты айтып тургандай эле аялзатынын бактылуу болушуна себепчи болот. Жалгыз бой айымдар бул гүлдү бөлмөсүнө өстүрсө сөзсүз түрдө түгөйүн табат деген ишеним бар. Ал эми, наристе күткөн түгөйлөргө да спатифиллум кыялардын орундатууга көмөкчү болот.

Фиалка өскөн үйдө уруш- талаштар аз болот. Себеби бул гүл түбөлүк сүүйүнүн белгиси деп аталат.

Хойяны жубайлар уктаган бөлмөдө өстүргөн жакшы. Анткени үй бүлөлүк бакыттын бекемделишине жакшы таасирин тийгизет.

Мирт- Түйгөйлөрдүн никесинин бекем болушуна таасирин берет. Үйүңүздө тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрөт. Кээ бир өлкөлөрдө бул гүлдү жаш үйлөнгөн жубайларга белекке беришет.

Калатея Үй бүлөдөгү бардык мүчөлөрдүн бактылуулугу үчүн жакшы таасирин тийгизет. Razlichnye-vidy-kalatei-doma

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *