Шашылыш кабар:

Химиялык технология жана экология

Февраль 27, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
97

К.Осмоналиев менен С.Бообекованын маеги: ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ЭКОЛОГИЯ20170221_111257

Каныбек Осмоналиев: Химия илими дүркүрөп өнүгүп келген, бүгүнкү күндө дагы эле тынбай өнүгүп келе жатат. Кыргызстанда илим бир аз солгундап калгандай көрүнгөнү менен, дүйнөлүк тенденцияда химия илими авангарддык орунда өнүгүп келе жатат. Биз студент кездерде, окуучу мезгилдерде 104 химиялык элемент жөнүндө айтып, Курчатовдун элементи менен бүтүрүп окуган элек. Акыркы жылдарда 118 химиялык элементтердин аттарын идентификация жасашты. Мисалы, 113ү элементти жакында япониянын классикалык “Нихоний” аталыштагы, 114ү элементти атактуу физик Г. Флёровдун атынан  орус окумуштуулары синтездеп алышып “Флеровий”, 115и элементти орус химиктери “Московий” деп аташып, эл аралык атайын “Теориялык жана прикладдык химия союзунун” чечими менен аталып отурат. Ал эми 116- элемент америкалык атактуу Ливермор илимий-изилдөө лабораториясынын атынан  “Ливерморий” деп аташкан. 117-элементти американын штатынан “Теннесин”, ал эми 118-элементти “Оганессон” деп Россиядагы атактуу институттун жетекчиси Ю.Огенасяндын атынан аташкан. Химия илими башка мамлекеттерден калышпай Кыргызстанда дагы өзүнүн жакшы жетишкендиктери менен белгилүү болуп келе жатат. Сиз ошол классик окумуштуулардын катарына кирип калдыңыз, кантип химия илимине келип калдыңыз?20170221_122857

Сайнаке Бообекова: Рахмат. Мен болсо, согуш учурунда төрөлгөм. Атам “эт союзда” иштечү экен. “Эт, май” камдап бер деп фронттон калтырышыптыр. Анан, атам 2 эмгек “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган экен. Күбөлөндүргөн китепчесинде Сталиндин колу коюлганын көргөм. Ал күбөлүктөрүн энем сандыкка салып, барктап катып жүрчү. Атам айыл аксалы эле, айылдагы уруш-талаш болсо, чыр-чатак же нааразычылык болсо, атама келишчү. Жөн гана сөзү менен жараштырып койчу. Тилекке каршы, андай учурлар азыр солгундап калгандай көрүнөт, бирок азыр деле эл ичинде бардыр, эл куру болмок беле. 3-курска келгенде бизди практикага жиберди. Технолог болобуз деп 5 жыл 10 ай окудук. 10 ай союздун химиялык өндүрүштөрүндө жүрдүк. Бизди төртөөбүздү Балхашка бөлүштүрдү. Балхашта жезди чыгарган тоо-кен комбинаты бар. Омскиге, Москвага, Башкирияга ж.б. шаарларга жиберген. Балхашта жүргөндө 3 ай бизди үйрөттү. Андан күкүрт чыгарган зор комбинат бар экен, ошол жерге бизди орноштурду. Б.И.Тимофеев деген технолог бизге жетекчи болду. Ошол мезгилде ынтымак абдан бекем эле, бизди кыргызсың деп бөлгөн, жериген жок. “Сернокислотный” цехке келээрде SО2 булганып келет, жезди минералдан алат, анын ичинде “рений” да бар экен. Ошол “ренийди” алабыз деп Союздун Академиясынан окумуштуу Елизаров келип, эксперименталдык цех уюштурушту. Ренийди активдештирилген көмүр менен сиңирип алып, менин курсташым Мааданбекова Мина экөобүздү кичине комнатага эки колонка коюп, ал аппаратта эритменин ылдамдыгынын көрсөткүчү бар. Ошону дайым көзөмөлдөп турчубуз, ал жерден 1-разряд менен акча алчубуз. Стипендиябыз 20 сом эле, ал эми 1-разряддагы алган маянабыз 100сомдон ашык болчу.

20170221_122924Каныбек Осмоналиев: Эми атактуу химик Кадыракун Рысмендеев менен иштешиптирсиз. Бүгүнкү Бектемир Мурзаибраимов менен чогуу иштешипсиз. Ушулар жөнүндө айтып берсеңиз.

Сайнаке Бообекова: Химиялаштыруунун шарапаты болуш керек, биз тандалган 5 студент дипломдук ишибизди коргой электе, экспериментибиздин жыйынтыгы чыга электе, аспирантурага кирүү экзаменин бердик. Ал учур жомоктой сезилет, бардык шарттар түзүлгөн эле. Мен К.Рысмендеев агайга туш келип калдым, ал убакта декан эле. Биз Балхашта жүргөндө химия факультети ачылыптыр. Ал кишинин аспиранты, азыркы академик БектемирМурзуибраимов экен. Бектемир агайдын илимий ишинин бир бөлүгүн мен иштедим. Ошондон бери байланышыбыз жакшы, менин жазган китептеримди окуп рецензиялап, баалуу кеңештерин беришет. Ошентип, 3 жылда экспериментимдин жыйынтыгы алынып, илимий ишимди жактадым. Жактагандан кийин эле мугалим болуп калдым. Бизде магистранттар, бирин-экин аспиранттар бүтүп жатышат. Ал аспиранттарды да биздин факультет бүтүрө албайт. Алар Илимдер академиясынын аз да болсо базасы бар, ошол жакта илимий иштерин жүргүзүшөт. Биз магистранттарды бүтүрүш үчүн, мисалы жөн гана спектрди алыш үчүн Алма-Атыга жиберебиз, ал жакка акча төлөнөт. Рентген-фазалык анализди жасаш үчүн илимдер академиясындагы Медетбеков деген жигитке жасатабыз. Бизде шарт жок болгондуктан, мен магистранттарга жетекчи болгондо абдан кыйналам. Мүмкүнчүлүк жок болгондуктан аспиранттын убалына калбайын деп аспирантка жетекчи болбойм. Аспирант кылып алыңыз деп келгендерге, мүмкүнчүлүк жок болгондуктан мен алардын илимий ишинин жыйынтыгын ала абласак, карыз болуп калгандай болуп жүрөгүм ооруйт деп, андан көрө жөн гана консультация берем. Ошентип, тилекке каршы бизде эксперимент жүргүзүлбөй жатат.20170221_123028

Каныбек Осмоналиев: Кытайда жакында эле пластмассадан суюк күйүүчү майды жасаган теххимиктердин билдирүүлөрү дүйнөгө дүң болуп жатат. “Сайенс эдванс” журналына, Кытай илимдер академиясындагы химик, профессор Жэн Хуан 1500 температуралык шартта эң жөнөкөй катализатор катары органикалык металлды, иридийди катализатор катары пайдаланышып дизелдик күйүүчү майды алышкан. Дүйнө жүзүндө полиэтилендик пакеттерден, идиштерден кутула албай жүрсө, азыр кытайлар аны лабораториянын шартында дизелдик күйүүчү майды алып жатышыптыр. Мисалы, 1 жылда 100млн.т дан ашык пластмассаны пайдаланат экенбиз. Муну иштетүү химиянын жетишкен жактары болсо керек. Кандай багыттагы китептерди жаздыңыз?

20170221_123057Сайнаке Бообекова: 1983-жылы биздин биринчи кыргызча китебибиз чыкты. Ал китептин тарыхы боюнча бир аз айта кетейин. Ал убакта кыргызча китеп жазмак тургай кыргызча сүйлөсөң, улутчул деп куугунтуктачу. Ошол убакта Р.Усубакунов, Нурбеков, Аттокуров  деген агайларды улутчул деп кодулашты. Ошол учурда студенттер кыйналат, андан өзүңдүн кыйналганыңды элестетесиң. Кичине китепче түрүндө, лабораториялык иштерди кыргызча берип жүрдүк. Бир күнү ушул чогулган материалдарды чыгарып коёлу деп ойлодум. Менин жолдошум да химик болчу, ал да доцент болгон. Ал экөөбүз “Органикалык эмес химия боюнча практикалык иштер” деген 9,5 б.т. китеп жаздык. Жолдошум коммунисттик партиядагы адам эле, Жусупбек Аманалиевди билсеңер керек, ошол учурда директор экен. Анан ал кишиге акылдашсак, ал айтты: “Совет министрлигине кат жазгыла” деп. Мен партияга өткөн эмесмин, анан менин атыман жазмак болдук. Ал жактан чыгаргыла деп оң жооп келди. Терминдерге биз К.Юдахиндин 2 томдук сөздүгүн колдондук. Бул эле китепке гана эмес, башка бардык китептерге колдондук. Анан химиялык терминдерге Шатемиров, Сулайманкулов агайлардын химиялык терминдердин кыргызча сөздүгү бар, бул китептерди азыркыга чейин колдонуп жатышат. Химиялык закондорго эсеп чыгарбаса аны толук түшүнбөйт, аныктамасын айтып койгон ал эч нерсеге жарабайт. Мисалы, ар кандай концентрациядагы эритмени даярдайбыз, NaCl ду физиологиялык аралашма деп тамак ичпей калган оорулуулардын кан тамырынын ичине куят, ал 0,05 % болуш керек. Мен балдарга такай түшүндүрөм, аны 0,05% дын ордун 0,5% кылып койсоңор ал өлүп калат. Ошондуктан өтө так болуш керек. 2007-жылы чыккан “Жалпы химия” китебинде 10 бөлүм бар. Ушуларды апробациядан өткөрүп жүрүп, жыйнап отуруп 2014-жылы толуктап чыгардык. 20170221_123107

Каныбек Осмоналиев: Эже Сиз менен сүйлөшүп жатканда экологиялык проблемаларды көп айттыңыз? Себеби, бүгүнкү күндө физик, же химик, биолог болобу, жалпы эле интеллигенция оозеки гана айтабыз. Азыр биздин радиоугармандарга химиктин көзү менен экологиялык проблемалар, анын масштабдары, зыяндуулугу жөнүндө аңгеме куруп берсеңиз, анан калса китептерди да жазып жүрөсүз.20170221_123125

Сайнаке Бообекова: 2012-жылы “Геохимиянын экологиялык проблемалары” деген китеп жарык көрдү. Буга чейин мен геофактын бөлүмүнө 5-6 жыл “автордук курс” орусча, кыргызча окугам. Ошондо “парниковой эффект”, “озон жыртыгы”, “кара туман” сыяктуу, аба ырайынын өзгөрүшү, эмне үчүн климат өзгөрүп жатканын, мөңгүлөрдүн эригенин бардыгын жыйнап отуруп, андан долбоор да жаздым. Мисалы, Кыргызстанда статистика боюнча Онкологиялык борбордо лейкемия- “аккан” оорусу менен жаткан 1-2 бала, анан акыркы 5 жылда дефект менен же кемтиги бар майып балдар 100 баладан 3-4 бала деп аныкталган. Кийинки долбоор боюнча университеттин ички гранты менен жакында дагы китеп чыгарам. Азыркы күндө, онкологияда 50 балага өсүп, оорукчал болуп, 100 баладан 20-22 бала деффектиси менен же майып балдар төрөлүп жатыптыр. Бул биздин трагедиядан дагы андан аркы өлүм да, ошолордун баарын мен Куландан (Казакстан) алынып келинген радиоактивдүү көмүрдөн көрөм. Саясатчылар ызы-чуу болуп текшерткенде дозиметрдин көрсөткүчү 180 мкрР/саатты көрсөтүптүр. А бизде норма 18 мкрР/саат болуш керек, ал 10 эсе көп болуп жатпайбы, бая күнү уктум 4,500т сы дагы деле ТЭЦте жатыптыр деп. Кыргызстандан башка өлкөлөргө иштейбиз деп жаш балдар кыздар кетип жатышат. Кийин алар өздөрү келсе дагы балдары келбейт. Бул чоң трагедия.

20170221_123518Радиоактивдүү нурлар тийсе учурунда эч нерсе болбойт, жүрө берет акырындап отуруп чынжырлуу реакция менен белокту-белок кылбай, гемоглобин- гемоглобин болбой калат да башка заттарга айланат. Бул оорулардын кесепети ошондон да. Бир күнү радиону угуп отурсам, тендер өткөрүп жатыптыр. Ал айтып жатат: “Куландын көмүрү Кара-Кечеден арзан экен, ошон үчүн Куландыкын алалы” деп. Мен телефон чалып айттым: “Куландын көмүрүн бекер берсе да алба” деп. Анысы аз келгенсип, көмүрдү азыр деле алып келип жатса керек. Япониядан деле 1000ден ашык машина алып келишпедиби. Мисалы, картошкаңарда оору бар экен деп Казакстан чек арасын бир топко жапты. А биздикилер эч ойлонбостон радиоактивдүү машиналарды кантип өткөрдү экен деп ойлойм.20170221_123136

Биздин колдон келген нерсе эле бак-дарак тигишибиз керек. Бак-даракты көп тиксек, ал радиоактивдүүлүктөн кутулта албайт, бирок кычкылтекти көбөйтөт. Себеби, фотосинтез реакциясы менен адамдар жана жаныбарлар бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газын жутуп алып, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Саламаттыкты сактоонун нормасы, концентрациясы боюнча ис газы 1м3 абада 20 мг болуш керек. Мисалы, Бишкектеги Манас проспектиси менен Московский көчөлөрүнүн жана Чүй проспектиси менен Алматы көчөлөрүнүн кеилишинин тегерегинде 80-90 мг болуп, 5 эсе көрсөткүчү жогору экен. Ал ис газы барат дагы гемаглобиндин темирин тартып алат. Гемаглабин болсо организмдеги кычкылтекти кан менен бардык органдарга ташып, жеткире турган артыкчылыгы бар. Ошол энергия менен биздин организмибиздеги температура дайыма 36,50С. Ошон үчүн колубуз, бутубуз кыймылдап, көзүбүз көрөт. Эгерде гемоглабин жок болуп калса, ал жерге кычкылтек барбай, реакция жүрбөй калды. Анда жанагы эле алы келбей шалдырап жатып калган, “аккан” деген оору.20170221_123705

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *