Шашылыш кабар:

Биотехнология жана микробиология

Февраль 21, 2017 | жарыялаган Дамира Бейшеналиева
103

20170214_153752

К.Осмоналиев жана Ч.Өмүргазиеванын маеги: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИОТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА МИКРОБИОЛОГИЯ

Каныбек Осмоналиев: Ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы, менин түшүнүгүм боюнча топурак таануудан баштап деги эле Кыргызстандын эли үчүн гана эмес, бардык адамзат үчүн маанилүү болгон илимдин тармагы болуп эсептелет. Сиздерде байкоо жүргүзүү, лабораториялык иштерди жасоо, эксперименталык биологияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү түйшүктүү жумуш. Бир аз болсо да маалымат бөлүшүп кетсеңиз.

20170215_123715

Чолпон Өмүргазиева: Микробиология, экология адистиги боюнча “Оор металлдардын топурак микроорганизмдерге тийгизген таасири” деген темада кандидаттык илимий ишимди коргодум. Учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды Тинатин Дөөлөткелдиевнага ж.б. агай-эжелерге рахмат айткым келет. Биология факультетине мен 2008-2009-окуу жылында келген кезде “Микробиология” лабораториясына ишке кирдим. Мен лабораторияга киргенде эле заманбап приборду эмес, жөнөкөй микроскоптун жогу мени катуу түйшөлттү. Миркоспопту ар кайсы жерден чогултуп алып келдик. Кийинки жылы эле университеттин илим изилдөөчүлүк боюнча проректору Таалайбек Тултемирович Каракеевге жазган долбоор боюнча иш жүргүзүлдү. Конкурс уюштурулуп, университеттин ички грантынын эсебинен аз болсо да лабораторияларга приборлорду, жабдуу каражаттарын бөлдүрүп алдык. Ошол мезгилде белгилүү профессор Асан Токтосуновичтин изилдөө объектилери “хвостохранилище” боюнча эле, аны менен биргеликте министрликтин алдындагы (ИФН-институт фундаментальных наук) фундаменталдык илимдер институтуна проект жазып иштедик. Ал киши болсо “жаныбарларын” кармайт, мен болсо топурактан “микроорганизмдерди” алып келип, изилдөө иштерин жүргүзүп, бүтүндөй Түндүк Кыргызстанды изилдедик. Мен да ушул университеттин ички грантынын эсебинен, заманбап лабораториялык приборлорду жабдып бергенине университеттин жетекчилигине ыраазы болом.

20170215_124415

Каныбек Осмоналиев: Асан Токтосуновичти мен да билип калдым. Ал илимге берилген, биздин Кыргызстанда белгилүү, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу болгон. Биология илими өзү табиятынан эле адамзаттын жалпы эле табиятка болгон кызыгуусун канааттандыруучу илимдердин эң алдыңкыларынан болуп эсептелет. Мисалы, МГУнун окумуштуулары 2016-жылы эле өсүмдүктөрдүн 16 жаңы түрүн, акыркы 5 жылда өсүмдүктөрдүн 60 жаңы түрүн табышкан. Бул жөнүндө биология илимдеринин доктору, профессор Алексей Серёгин деген окумуштуунун билдирүүлөрү болуп жатат. Ошол эле МГУнун окумуштуулары Россиядан сырткары мамлекеттерди да изилдедик дешет. Мисалы, Турцияда, Казакстанда, Лаосто, Мадагаскарда, Ветнамда, Конгодо, Монголияда анан Кыргызстанда. Ушул изилдөөлөр эл аралык деңгээлге чыгып, мен Тинатин Дөөлөткелдиевнаны жакшы таанып калдым, ал кишинин эл аралык байланышы да күчтүү эле.

20170215_123502Чолпон Өмүргазиева: Биздин изилдөөлөрүбүздүн бардыгы келип отуруп изилдөөлөрдүн уюткусу биотехнологиянын маселеси болуп эсептелет. Союздун убагында казылган өтө көп кендер болгон, анын ичинде Хайдаркен, Кадам-Жайдагы, Ак-Түздөгү сымап, Сары-Жаздагы “калай”, Макмал, Кумтөр, Солтон-Сарыдагы алтын, Миң-Куштагы уран калдыктары көмүлгөн. Акыркы изилдөөлөрүбүздө Миң-Кушка 3 жыл катары менен барып, 4 “хвостохранилище”, 5 “отвалдын” казылган жерлерин изилдөө жүргүздүк. Бул жерлерди бир жагынан экологдор да изилдеп, экинчи жагынан биогеохимиктер изилдеп жатышат. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын алдындагы Биология жана топурак таануу институтунда да атайын адистер чоң иштерди жүргүзүп жатышат. Ушундай изилдөөнүн акырында “биопрепарат” алсак деген максатта, менин илимий изилдөөлөрүмдө эки “штаммга” патент алганбыз. Ал “батсузмегатерин”, “батсузревиз” деген оң таякча түрүндөгү бактериялар.  Ал топурактагы сымапты кадимкидей өзүнүн клеткасына “аккумуляция” кылып чогултуп соруп алып, бул бактериялардын жерди кайра тазалоо касиеттери бар.  Ошол препаратты чачканда, ал жер тазаланат да экинчи булгануу жок болот. Башка өлкөлөрдө Россияда, Америкада 90% полигон-талааларына чачып көрүп таза жерди алып, жыйынтыгын көрүп, колдонуп жатышат. Муну биздин жерге колдонсок кандай сонун болоор эле. 20170215_123833

Каныбек Осмоналиев: Дагы бир жаңылык МГУнун биологдору Тверь областында козу карындын жаңы түрүн табышкан. Мен орусчасын окуп берейин: “Гриб несъедобный, там есть не чего, он очень маленький около 2 см высоты”. Уникалдуу өсүмдүктөрдүн мекени болгон биздин Кыргызстанда өзүңүз айтып кеттиңиз, топурактын составынын өзгөрүшү, микроорганизмдердин проблемасын алып келет деп. Кыргызстанда айрыкча,  түшүнүп-түшүнбөй эле генетикалык өзгөрүшүн айтабыз, зыяндуулугун айтабыз, коркутабыз, кандайдыр бир чеги болуш керек. Мисалы, генетиктер АКШдагы Түндүк Каролина университетинин генетиктери кадимки эле картошканын оорусунун тарыхын изилдешиптир. 1845-49-жылдардан бери Ирландиядагы катастрофалык ачарчылык болгондо, картошкага көз каранды болушкан. Ошол мезгилден бери картошканы изилдеп келе жатышыптыр. Дагы бир жаңылык кадимки эле күнкарама 5000 жыл мурдагы ДНКсын генетиктер изилдегенин дагы айтып жатышат. Ушул сыяктуу илимий иштер болуп жаткандыгы мени бир чети шыктандырып жатса, экинчи чети суроо келип такалат. Кыргызстандын биологдору өтө эле артта калган жокпузбу? Жаштарды илимге тартуу маселеси курч болсо керек?

20170215_123740Чолпон Өмүргазиева: Туура айтасыз. Бул абдан көйгөйлүү маселе. Сөз чынынан бузулбайт дейт элибизде, экономикабыз кыйын абалда туруп жатканда жаштардын илимге тартылуусу өтө оор экен. Бирок, ошого карабастан чындыгында балдар патриот болуш керек, өзүнүн бала кезинен кыялдарын аткарышат, сиз айткандай көйгөй болсо дагы бир жагынан кантип эле биология илимине кызыккан жаштар болбосун. Сөзсүз түрдө табигый илимге кызыккан жаштар көп, анын ичинен өзгөчө биотехнологияга кызыгып жатышат.

Каныбек Осмоналиев: Жакында эле космостук станцияларда (МКС)  кадимки эле “астра гүлүн” космостун бортунда биринчи жолу алышты. 3-4 жыл мурда, 2013- 2014-жылдары ушул окуяны айтышканда анча ишенген жок элем. Жер уникалдуу өзүнүн атмосферасында, өзүнүн оболочкасы менен тирүү организм жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эми космостун шартында, абасыз мейкиндикте жогорудай нерсени алып отурушат. Демек, биологиянын Жердин да сыртынан да изилдөө боюнча, азыркы заманбап изилдөөлөрдүн алдынкыларынын бири болгон биотехнология, маалыматтык, нанотехнологиялык изилдөөлөр жалпы элди кызыктырат. Жакында Жерде 3 триллион дарактын түрү бар экендигин табышкан. Анын ичинен адамзат 15 млрд. ка жакынын кыйып, жок кылып жиберген. Ушул антропогендик факторлор боюнча да маалымат берип кетсеңиз.  Керек болсо бул проблема Кыргызстанда да бар да.

20170215_124508

Чолпон Өмүргазиева: Ооба, экологиянын маселеси бүт дүйнө жүзүндөгү окумуштуулардын бардыгын тынчсыздандырган проблема. Иштеп жаткан илимий ишибиздин өзү да антропогендик факторлордун проблемасын чечүү болуп саналат. Мен эч жакка алыстап, кайрылбай эле өзүмдүн илимий изилдөө иштерим боюнча айтсам, “хвостохронилищанын” иш аракеттери. Ал жерде кандай гана радиоактивдүү элементтер менен булганган оор элементтердин калдыктары сакталып калган. Ошол жерлердеги топурактын, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, абанын булганышы, эң акырында адамдын ден соолугуна зыян алып келиши болуп жатат.

20170215_124032Каныбек Осмоналиев: Сиздер, биологдор маанилүү философиялык кырдаалды түзүп коё турган окумуштуулар. Мен физик катары, жакшы көрүп сыйлаган Нобель сыйлыгынын лауреаты Г.Шредингер деген квант механикасынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Ушул адам өмүрүнүн аягына чейин квант механикасынын жеткен жерине чейин жеткенин сезип, анан микробиологиянын элементтери, биология боюнча көп иштерди жасай баштаган. Анан өмүрүнүн аягында: “Что такое жизнь с точки зрения физика” деген популярдуу эмгек жазган. Убагында Ч.Дарвин эволюциялык процессти изилдеп, дин менен болгон карама-каршылыктарды, бүт дүйнө жүзүндөгү философиялык көз карашты өзгөртсө, биологдор азыркы күндө аны улантышып, бир чети өнүгүүнүн локомотиви болуп жатат, экинчи чети анын жемиши, анын жетишкендиктери проблеманы түзүп жатат да. Физика, математика боюнча окуу китептери абдан начар абалда деп айтсак болот. Окуу китептери сапаттуу жазылганы менен саны аз болуп жетпей жатат. Мисалы, физикада абдан жакшы жазылган китептер бар, профессор Э.Мамбетакуновдун, Т.Карашев, Ө. Шаршекеев, М.Койчуманов аттуу агайлардын жазган окуу китептери. Керек болсо, эл аралык деңгээлде жазылган китептер, бирок тиражы аз болуп жетпей жатат. Математикада деле ошондой болсо керек, анысы аз келгенсип, бир жумада окутула турган 5 саатты, 4 саатка кыскартылган. Мектепте ушул багытта биология сабактары кандай окутулуп жатат?

20170215_123703

Чолпон Өмүргазиева: Мектептеги мындай кырдаал биология сабагында бар, ал ар бир класста жумасына өтүлчү сааттардан 1 сааттан кыскарган. Сааттардын кыскартылып берилиши, чындыгында табигый илимдерге туура эмес мамиле. Окуучулар чынын айтканда, айлана-чөйрө менен аралашып чоңойбосо, илимий прогресс табигый илимде дүркүрөп өсүп жаткан чакта туура эмес деп эсептейм.

Каныбек Осмоналиев: Мисалы, мен окуган Алай районунун Гүлчө айылынын мектебинде, ошол кезде 1965-жылдары эң сонун ботаникалык класстар, гербарийлер, фонддор бар эле. Зоология кабинетине кирүү биз үчүн чоң ырахат алып келчү. Биз кийинки учурларда физиктер, математиктер маселе көтөрүп келе жатабыз. Тилекке каршы Батыштын, Европанын таасири менен программаларыбызды кээде Кыргызстандын реалдуу шартына адаптация кылбастан, “куррикулиум” сыяктуу түшүнүксүз программаларды киргизип, ушул сыяктуу иш аракеттер болуп жатат. Менимче ушуга Сиздер да кошулат деп ойлойм.

20170215_124231Чолпон Өмүргазиева: Туура айтып жатасыз. Ушул маселе боюнча Болонья системасы менен көп түйшөлүп келебиз. Чынында, дүйнөлүк тенденциядан калбашыбыз керек, бирок Кыргызстандын шартында бул системага киришибиз да өтө оор болду, мындайча айтканда “эрдик” менен эле кирип кеттик. Реалдуу шартка туура келбей, заманбап технологиялар менен жабдылган лабораториялар, анын ичинде адистер, практик-адистер болуш керек.  Бир жагынан караганда биздин бүткөн бүтүрүүчүлөрүбүз дүйнөлүк тенденцияга туура келип, башка мамлекетке барса иштей ала тургандай жол болду, экинчи жагынан профессор-окутуучулардын эркиндиктери да жок болуп кеткендей. Окутуучулар кагазды карап текшерип, студенттин билимин түздөн-түз баалай албай формалдуулук көп болуп жаткандай болуп жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *