Шашылыш кабар:

Мекенди коргоо сиздин туюмуңузда

Февраль 21, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
66

Кыргыз армиясы

Жазган Айдана Маадалиева

Бүгүн таң күндөгүдөй эмес эле. Назик күндүн  илеби тереземди шыкаалап кирип келгенде ичимде кандайдыр бир жылуу сезимдер уялап ойгонуп кеттим. Ызгаар кыштагы мындай аба-ырайы адамга өзгөчө бир энергия берип,жаңыдан жаралгандай дем-күч тартуулап турду…

Айлана аябагандай кооз.Туш тараптан бизди курчаган эбегейсиз тоолор,жайыттар,кыштын тонун жамынган шаар ичиндеги тынчтыкта тээ  алыстан кызыл туу желбиреп элдин эркиндигин айгинелеп турат.Мына ушундай башталган күндү тосуп жатып колума калем алып, ой толгоолорумду жазганга шашылдым.

Ооба,бул караан мекен үчүн кашык каны калганча чек арада кирпик какпай күзөттө турган жөнөкөй үй-бүлөөнүн баласы.Анын ар бир жүрөк кагышында артында турган эли-жери, алдейлеп баккан энеси,мекенин сүйүүгө,атуулдук милдетин аткарууга үйрөткөн атасы бар.

Колунда куралы, көкүрөктө намысы, үрөгүндө ыйык мекенди сүйүү сезимдери, көздөрүнөн баатырдыктын нуру чагылышып турган, аскер кийимин кийген жоокер өз эрки менен келген жөнөкөй үй-бүлөөнүн баласы эле…

Эми тынчтык бизге кайдан келди да биз бейкут жашоодобуз? Эгер алар жок болсо кандай жашоо бизди тосуп алмак? Айлап-жылдап согуш жүрүп жаткан  өлкөлөрдөн эмнебиз менен айырмаланып турабыз? Күчтүү Армиясы бар өлкөлөрдөн кемчилигибиз кайсы? Кечээ ким элек, бүгүн кимбиз? Эртең кандай болобуз? Жашоо жалаң гана түз сызыкты элестетпейт экен. Бирок ийрини түздөсөк,кемчиликтерди оңдосок,келечектин чебин бекемдеген болобуз.

Айтайын дегеним Кыргыз  Армиясынын бүгүнү жана эртеңи үчүн алты миллион  калктын, кыргыз аттуунун баары кайдыгер калбоосу керек! Биринчи кезекте «БИРИМДИК»орун алса эч кандай чептин да кереги жок. Өлкөдө ич ара согушуу,бөлүнүп-жарылуу болуп жатса биздин алсыздыгыбыздан пайдаланып кол жеткис керемет жерибизди басып алууну каалаган алгырлар да жок эмес. Бул мекенди коргоонун алгачкы этабы деп ойлойм.

Биримдиктүү элдин балдары айтпаса деле белгилүү. Темирдей тартип, мекенди сүйүү жана аны коргоо сезимдери жарык дүйнөгө келгенден баштап эле үйрөтүлө баштайт. Демек,алар өз элинин көйгөйүн чече алган, акыл калчап иш жүргүзө билген адалдан арамды, актан караны, жакшыдан жаманды ажыраткан, тарыхын сактап салтын уланткан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган МАНАС атабыздын урпактары. Мына ошондо гана ар бир жаран мекенине салым кошо алат деп айта алам. Ошону менен катар аскердик түзүмдү бекемдегенге мүмкүнчүлүк ачылат.

Статистикага ылайык Кыргыз  Армиясы 126 мамлекеттин ичинен 110-орунда  болгону аябай өкүнүчтүү. Балдарын аскерге жиберүүгө ата-эне чочуп калды. Демек, элдин коркуу сезими күч. Технология, заманбапташтыруу ыкмалары менен армияга, аскер жашоосуна кызыгуу эмне экенин билбей калдык.

Өнүгүүнү издейбиз бирок таба албайбыз. Акча адамды башкарып,ага кул боло баштадык. Жадакалса аскердик кызматты өтөөнүн жаңы ыкмасы «АКЧА»   операциясы пайда болду. Бардык жүк карапайым калктын башына түштү. Аскерге барган да,аскерде курман болгон да жана башка. Эмне үчүн? Анткени элдин ишеними өчтү, биримдиги качты. Ошон үчүн ар бир жасаган кадамдарды ак жолго баштайлы, чындыкты туу туталы! Исхак Разаков :»Сен ак болсоң мен ак болсом коом да таза болот!»- деп айтып кеткендей таза жана ак эмгектенсек коомубуз да, жашообуз да, ар бир аткан таң да жылмаюу менен чыгып келет!

Кандай кырдаал болбосун бизди мекенди коргоочулар жанын аябай,өлүмгө тик туруп күн-түн  дебей өз милдетинен, берген убадасынан кайтышкан жок.Бул да болсо жакшылыктын жышааны.

Келгиле достор, Кыргыз Армиясын колдойлу!Өлкө үчүн! Ата-Журт үчүн чогуу аракеттенели!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *