Шашылыш кабар:

Тагдырын талантына арнаган адам

Февраль 21, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
94

«Тагдырын талантына арнаган- адам.» Грегори ичээр суусу түгөнөөрүн сезип, аңдап турса да ал музыка үчүн жашап, өмүрүн арнаган. Алсыз болуп турса да, жүрөгү муза деп соккон таланттын тагдыры тууралуу алыскы Женевадан кесиптешибиз Женишбек Эдигеев аңгеме жазып жөнөттү. 

Грегори Лемаршел33

Ал байкушка төрөлбөй жатып муковисцидоз деген балээ оору жабышыптыр. Аны догдурлар 20 айлык кезинде байкашат. Тукум кууган бул оору өпкөнү, боорду, уйку без жана ичегилерди ичинен жей берген балээ экен. Бала кезинен дарыга ууланып, күнүгө үч саатка созулган ийнеде жатып, бүтпөгөн ачуу антибиотиктерди ичет. Атайын адистин көзөмөлүндө бир нече убакыт кинезитерапия алат. Ошого карабай Грегори спортко жакын болуп, футболго кызыгып, 12 жашында акробатикалык рок-н-ролл боюнча өз курбалдаштары арасында Франциянын чемпиону болот. Бирок ал спортту көпкө уланта алган жок: кетпеген оору улам терең жабыша берет. Ошентип спортту токтотууга аргасыз болот.

Грегори ЛемаршелГрегоринин ата-энеси анда өзгөчө үн бар экенин байкап жүрүшчү. Тагдыр деген кызык: 1998-жылы ата-бала футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат маалында мелдешип кетишет дагы Франция утуп кетип, Грегори атасына утулуп калат. Грегори утулуп калса Аржелес-сүр-мер шаарчасындагы элдик концертке ырдап чыгышы керек болчу. Ал “Je me voyais déjà” (Мен өзүмү эбак тааныгам) атту ырды аткарып көрүп отурган элдин оозун ачырат.

Ошону менен Грегори эл алдына чыгып ырдай баштайт. Ал жан дилинен колдогон элди көрүп өзүндө чоң талант бар экенине көзү жетет. Музыка тили менен айтканда, үндөгү 4 октава – бул тесситурадагы өтө чоң деңгээл эле. Анын үнү ошончолук болчу. Ошо менен ал тез эле Франциянын эле эмес, дүйнөлүк музыка дөө-шааларынын көзүнө илинет. Кыска мезгил ичинде нече бир мамлекеттик, дүйнөлүк ыр конкурстарына катышып жеңүүчү аталат. Айтылуу “SOS d’un terrien en détresse ” ырынан кийин күйөрмандары ага “кичинекей принц” деген ат ыйгарышат. 2004-жылы “Star Academy” теле долбоорунда ага француз теле-көрүүчүлөрүнүн 86% ы колдоп добуш берет. 2005-жылы анын «Je deviens moi» (Мен – мен болуп чыгам) аттуу биринчи ыр-альбому жарык көрөт. 2006-жылы NRG Music Awards конкурсунда “Жылдын жаңылыгы” сыйлыгын утуп алат.

Грегори Лемаршел11

Айтор, ийгилик артынан ийгилик жарала берет. Тилекке каршы 2006-жылы оорусу кайрадан күчөп, 2007-жылы бүткүл күйөрмандарына ырды токтото туруусу жөнүндө кайрылуу жасайт. А февраль айында догдурлар өпкөсүн алмаштырбаса болбой тургандыгын айтып чыгышат. Бирок өпкөсүн башка өпкөгө алмаштырса анда ал ырчылык касиетин биротоло жоготмок… Көп өтпөй дарылап аткан башкы дарыгер: “Грегорий өз өмүрүнөн да ырды бийик коюп,өпкөсүн алмаштыруудан баш тартты” деп жарыя кылат.

Бирок кийин ата-энеси жазып чыккан китепте: — Уулубуз жашоо үчүн күрөштү, бирок донор өпкө табылбай койду… деп жазышкан. 2007-жылы апрелде кесел жан чыдагыс болуп ооруткандыктан, донор өпкө табылганча деп, өзүнүн жана ата-энесинин уруксаты менен догдурлар аны жасалма кома абалына алып келишет.Тилекке каршы ал ошол уйкудан биротоло турган эмес…     Грегори Лемаршел22

Грегори эгер айыгып кетсе азапты берген ушул муковисцидоз оорусуна каршы күрөш жүргүзөөрүнө сөз берген экен. Ошол тилегин аткарып, бүгүнкү күнгө чейин Грегоринин ата-энеси ал оору менен жабыркагандарга үзбөй жардам кылып келет.
Чырак бала 24 жыл гана өмүр сүргөн.
Ырдын француз тилинен кыргызча котормосу

Жер бетиндеги жандын аргасыз жан соогасы

Неге жашап жүрөм, эмне үчүн өлөм?
Эмне үчүн күлөм, неге ыйлайм?
Мынакей “жардамга!” деди
Жер бетинен бир байкуш жан.
Эч качан мен Жерден айла тапкан жокмун.
А көрө чымчык болуп кетсем гана!
Өз териме ашык баш болуп калганча.

Мен дүйнөнүн башка бетин көргүм келет,
Эгерде аны көктө туруп карасаң
Тимеле сулуу, тимеле сулуу болуп көрүнсө —
Көктөн карасаң.
Мен болсо жашоону дайыма
Китептей көрчү экемин.
Мен башкага айланганды каалагансып
Бир нерсени сезе берем:
Мени үндөгөн,
Мени үндөгөн,
Мени үдөгөн көктү карай.

Ааламдын чоң лото оюнунан
Бактылуу номер суура албадым.
Өз теримде өзүмү ашык баш сезем
Робот болуп жүргүм келбейт.
Баягы эле: Жумуш.Жол.Үй.

Неге жашап жүрөм, эмне үчүн өлөм?
Эмне үчүн боздойм, неге ыйлайм?
Ишенем! Кармап калаарыма, толкундарды,
Бөтөн дүйнөдөн кайып келген.
Эч качан мен Жерден айла тапкан жокмун.
А көрө чымчык болуп кетсем гана!
Өз териме ашык баш болуп калганча.

Мен дүйнөнүн башка бетин көргүм келет,
Бу көрө чымчык болуп кетсем гана!
Укта, бөбөк, укта!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *