Шашылыш кабар:

Асия Сасыкбаева: Он жыл велосипед менен жүрдүм

Февраль 21, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
142

Калың журтка 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп келип таанылган, кийин төраганын орун басары болуп иштеген, тайманбаган мүнөзү менен элдин эсинде калган Асия Сасыкбаева учурда эмне менен алек болду экен? Бул суроого «Саясаттан сырткары» программасында жооп алдык.


Саламатсызбы, 2015-жылы депутаттык мөөнөттүңүз бүткөндөн бери эмне менен алексиз?Asiya-Sasykbaeva-e1477034742838

Саламатчылык, жай, эркин турмуш жүрүп жатат. Партиянын жумуштары менен алектенем. Кесибим боюнча мугалим болгондуктан, жарандык коомдорго кеңеш берип турам. Саясаттан кетсем да, коомчулукта кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын байкап турам. Мүмкүн болушунча ар түрдүү окуяларга өз пикиримди билдиргенге аракет кылып келем, анткени саясатты баары эле түшүнө бербейт.

Депутаттыка чейин кайда иштедиңиз иштедиңиз, негизи карьераңыз кайдан башталды?

Эмгек жолун агартуудан баштадым. Жогорку окуу жайын аяктап, бала бакчада иштедим. Кийинчерээк китепканада эмгектенип жүрүп, мектепке келип директорлукка чейин көтөрүлдүм. 90-жылдарда мамлекеттик эмес уюмдун лидери болуп жүрдүм.

Мугалим болуп иштеп жүргөндө айлык маянаңыз канааттандырат беле?

Мектепте англис тилинен сабак берчүмүн. Маянам 280 сомдон ашуун эле. Совет доорунда баарынын айлык акысы бирдей эле, менин маянам айрым министрлердин айлыгынан көп эле. Мектеп алыс болгондуктан жумушка велосипед менен келчүмүн, себеби үйдөн мектепке чейин каттам жок эле. Окуучулар да баалачу, велосипед тепкеним үчүн сыйлап турушчу.

Канча баланы тарбиялап жатасыз. Жолдошунуз менен таанышкан учур эсиңиздеби?

Эки уулдун апасымын. Жолдошум менен достор аркылуу жолугуп калдым. Киного ээрчишип барып калчубуз. Жарым жылдан кийин баш коштук. Бир күнү сейилдеп жүрсөк, “жүр ата-энем менен тааныш” деп калды. Барсам эле жоолук салып коюшту. Ошентип калып калдым, кийин той болду.

Асия Сасыкбаева жаш кезиКелин болуп барганда жаңы үй-бүлөгө аралашуу сиз үчүн оорчулукка турган жокпу?

Барганда эле өзүмдү даярдадым, мындан ары ушул үй-бүлөдө жашайм, мүчөлөр менен тил табышып кетишим керек деп. Кайын ата-энелерим да заманбап кишилер болгондуктан, баарына түшүнүү менен мамиле кылышчу.

Бала тарбиялоодо билимге көп көңүл бурам. Совет доору билимдүүнүн заманы эле. Балдарым жакшы адам болсун деп, жакшы тарбия бергенге аракет кылдым. Тун уулум үйлөнгөн, эки баланын атасы. Кичүүсү юрист, азыр жумушсуз. Депутаттыктан сырткары бизнес менен алектенген эмесмин.

Байлык менен бийлик адамды бактылуу кыла алабы?

Кээ бирөөлөгө бакыт алып келиши мүмкүн. Ал үчүн башка адамдарды кемсинтип, адамдык сапаттардан да алыстап кеткен учурлар болот. Бирок, көпчүлүккө бийликтин деле кереги жок, күнүмдүк чыгашаларын камсыздай алганына кубанып жашагандар бар. Байлык топтош үчүн эл арасында өзүн бийик көрүш үчүн эмес, жашаш үчүн короткон туура. Бийликте турганда элдин бактылуулугу менин бактым экенин сездим. Элге ишиң жагып, үзүрүн көргөн ошол чыныгы бакыт экен.

11136252_664227793722737_1226324422107920781_oИйгиликтүү айым кандай болушу керек?

Эң биринчиси, талыкпай эмгектенип, билим алууну токтотпош керек. Адамдар менен жакшы мамиледе болуп, аларды түшүнүүгө аракет кылган оң. Айрым депутаттар калктын көйгөйүнө көңүл буруп, чечип берүүдөн алыс. Элди алдап болбойт, андыктан колдон келген гана иштер үчүн убада берген жакшы. Андан тышкары эл менен иштегенди үйрөнүш керек. Ошондо аброюң көтөрүлүп, кайсыл жумуштарды жасай алаарыңды өзүң да сезип каласың. Ар бир ишти чын дилиң менен аткарсаң, үзүрүн сөзсүз көрөсүн. Мен өзүмдү ийгиликтүү айым деп эсептейм.

Депутаттыктан кеткен соң, аткарылбай арманда калган иштериңиз болдубу?11159562_850777661626709_7311372843983962407_n

Көп аялдар насыя боюнча кайрылган, мен алардын экөөнө гана жардам бере алдым. Калгандарына жардам бере албай калдым, алардын үйлөрүн тартып алышты. Алгач системаны оңдош керек.

Жүрөгүңүздү өйүгөн кандай көйгөйлөр бар?

Акыркы күндөрү талкууга алынган маселе, жаш өспүрүмдөрдүн интернет оюндарына азгырылып жатат. Москвадан жарандарыбыз көп өлүп келип жатканы жүрөктү өйүтөт. Мына ушуларга мамлекеттик деңгээлде эффективдүү чара көрүлсө болмок. Анткени мындай окуялар бир гана мени эмес, баарын эле түйшөлтөт. Жаштарды мындай жаман жоруктардан тыюу үчүн балдарды катуу көзөмөлгө алыш керек. Ата-энелер балдарына көп убакыт бөлгөнү оң. Телефон, компьютерлерин да текшерип койсо артыкбаш болбос. Мектептеги мугалимдер менен да тыгыз байланышып, жетекчилер ата-энеге баласы тууралуу кабарлап турушуу зарыл.

Бала тарбиялоодо мамлекет кандай саясат жургүзсө жакшы?

Мамлекетте бала тарбиялоо боюнча программа бар дешет, бирок аны ишке ашыруу каралбай жатат. Ал замандын талаптарына жооп берген касиетке ээ болсо дурус. Ага мамлекет, мектептер, ата-эне баары жапа тырмак иштеш керек. Совет доорунда идеологияны элге жакшы сиңирчү, кинотеатрга барганда роликтер коюлчу. Азы деле телерадио програмаларына кошсок болот. Балдар көп китеп окубай калды. Аларга билим берүүдө жаңы ыкма колдонуш керек. Бала тарбиялоодо агартуу министри көп көңүл бурса.

Жаш кезиңизде модалуу кийимдерди өзүңүз тигип алчу экенсиз. Азыр деле уузчулук, чеберчилик менен алектенесизби?

Мурда дүкөндөрдө жакшы товар жок болчу. Азыр баардык нерсени табууга болот. Мисалы, лактын үч эле түрү болчу. Көйнөктөрдүн моделин журналдардан көрүп, өзүм эле тигип алчумун. Балдарыма да токуп бергем. Бул өнөр мага апамдан өтсө керек. Учурда тигүүгө убакыт жок. Мен модага көп көңүл бурбайм, болгону жарашыктуу кийингенге аракет кылам. Башка айымдардай мен деле салондорго барам.

Чет өлкөгө чыкканда эмнеге көп көңүл бурасыз?

Албетте алардын маданиятына, каада-салт, ашканасына көңүл бурам. Өзгөчө шаарлардын архитектурасы кызыктырат. Жарнамаларды жайгаштырганы эле ал элдин маданияттуулугунан кабар берет. Биз да парламентте бир топ ирет шаарды көрктөндүрүү боюнча маселелерди көтөрдүк. Түштүк Корея, Улуу Британия, АКШ жана Европа мамлекеттери жакты. Ал эми Кыргызстандын Кемини менен сыймыктанам. Ал жерде туулуп өскөндүктөн мен үчүн өзгөчө. Алайдын жолдору абдан кооз. Өлкөбүздө көрктүү, суулуу жерлер көп.

Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *