Шашылыш кабар:

«Эр жигит-эл четинде, жоо бетинде»

Февраль 20, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
90

Аскерлер бет капчан

Жылдыздарды өзгөчө жакшы көрөм, алар аруу, таза болушат. Түнүбүздү көркүнө чыгарган дал ушул жылдыздар жана ай эмеспи. Аларды көп нерселерге салыштырам. Мисалы, жылдыздар алар – жакшылыктын жышааны, ошондуктан жакшы инсанды жылдызга теңешет. Биз адамдар жер бетин байырлаган жан болсок, Жылдыздар да асмандын жашоочулары сыяктанат. Көк асманда жылдыз көрсөк бейкутчулук, тынчтык деп билебиз.

Башкача айтканда, Асман – бүтүндөй кыргыз армиясы, Жылдыздар – аскерлер. Көктө жылдыздар канчалык көп болсо, эртеңки күндүн жылуу болоорун биле алабыз. Бирок, кеп  ошол жылдыздардын жарыктыгында , алар канчалык күйүп – жанса, ошончолук деңгээлде жылуулук бөлүп чыгарат. Айтайын дегеним , мейли , кыргыз армиясы башка өнүккөн мамлекеттердикиндей миллиондогон болбосун, эң негизгиси ар бир уландын , ар бир атуулдун , ар бир аскердин жүрөгү Манас бабабыздын урааны менен, кыргыз элин , жерин коргоо үчүн согуп турса,бейкутчулукта өмүр сүрөбүз деп эсептеймин.

Тынчтык жөнүндө ойлойм да, тарыхка көз чаптырам.  Улуу  Ата Мекендик согуш башталган учурда  көп улуттуу совет элинин, анын ичинде кыргыз элинин кыжырдануусун туудурган. Кыргызстандын бардык шаарларында, айыл-кыштактарда миңдеген адамдар катышкан чогулуштар өтүп турган. Жумушчулар,  колхозчулар Ата Мекенди коргоо үчүн күчтөрүн, эмгегин, керек болсо өмүрүн аябай эрдик көрсөтүшкөн.

Ар бир улуттагы, түрдүү кесипте иштегендер кары-жашы дебей согушка өз эрки менен катышууну суранышкан. Бул да биздин кыргыз уландарынын патриоттук сезиминин күчтүүлүгүн көрсөтүп турат десем жаңылышпайм.

Жолон Мамытовдун: “ Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир адам чагылганга”-деген сөзү бар эмеспи, ошонун сыңарындай ар бир кыргыз атуулу кыйын кезеңде бири-бирине жардам берип, өз камын ойлобой, эл камын ойлоп, кайгы-капачылык, кубанууларын тең бөлүшүүгө тийиш деп эсептейм. Ошондо гана бирдиктүү, ынтымактуу мамлекет боло алабыз.

“ Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде”- демекчи, ар бир кыргыз уулу кокусунан жоого чыкса, кылычын колго алып, өлүмгө тике карап, эли, жерин коргоо үчүн аттанаары шексиз. Мисалы, ушул жылдар аралыгында кыргыз – тажик чек арасында бир топ маселелер болуп өттү. Талашка биздин эл бир де күч менен, бирде түшүнүү менен жооп беришти. Мында кыргыз журтчулугунун амалкөйлүгүн, сабырдуулугун, акылдуугун билсек болот.

Армия – бир улуттун курчап турган асманы. Советтер Союз убагында армиянын күчү зор болчу. Жада калса армияга барбаган жигиттерди достору жектеп, кыздар аларга  турмушка чыкчу эмес. Армиянын турмушун көргөн жигиттер турмушка тың, өзүнө сак жана намыстуу келишет. Азыркы учурда болсо, мурункуга караганда бир топ эле күчүн жоготту. Себеби, заман өзгөрдү, адилеттүүлүк жоголду ,адамдардын баары бардык нерсеге кайдыгер карап калышты.

Менин оюмча, эгер жигиттерибиздин Мекенге болгон сүйүүсу, патриоттук сезими күчтүү болсо, алар учун армиянын шарты, ал – абалы, камсыздандыруусу эч кандай мааниге ээ болбошу керек. Ар бир мырза өз жигиттик парзын аткарып, армиядан  кызмат өтөп, намысына бек туруусу абзел.

Ар бир кыргыз атуулу Манас бабабыз айткандай,кашык каны калганча өз Ата Мекени үчүн кызмат кылууга тийиш. Азыркы учурда эл камын ойлоп  туура кызмат кылган инсандар көп, а бирок кээ бир мүртөздөр алардын жакшылыгын жаап кетишип жатпайбы. Менин оюмча кыргыз армиясы да колдоого муктаж, ар бир уул Мекени үчүн кызмат кылууга даяр, аларга колдоо, шарт, күч, дем гана аздык кылат.

 

Кыргыз – Түрк “ Манас” Университети.

Абдимажитова Нурайым Абдиваситовна. Кытай тили жана адабияты бөлүмү, 1- курстун студенти.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *