Шашылыш кабар:

Кыргыз армиясынын бүгүнкүсү жана эртеңкиси

Февраль 20, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
108

Аскер окуу жайы_эне бала

Кыргыз армиясы – кыргыз элинин жүзү, келечеги ошондой эле таянар тоосу. Армия канчалык күчтүү болсо, элдин ишенимдүүлүгү да ошончолук күчтүү болуп, өлкөнүн тынчтыгына болгон ишеним артат. Кыргыздардын, дегеле башка улуттардын дагы мурдакысы, болуп өткөн тарыхы аскерлер менен тыгыз байланышта болуп, алардын эрктүүлүгү менен ысымдары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.

Куралдуу күчтөрдүн катарындагы армиядан биздин миңдеген жарандарыбыз өз кызматын өтөгөн. Так ушул армия мамлекетибиз үчүн ар намысын туу тутуп, кыйынчылыктан башыбызды сууруп чыккан мыкты кадрларды, тайманбас, эр-жүрөк баатырларды тарбиялайт. Азыр дүйнө жүзүндө теракт, экстремизм, сепаратизм өңдүү коркунучтар күч алып, пикир келишпестиктен улам айрым мамлекеттер ортосунда кагылышуулар да болууда. Бул кырдаал кандай учур болбосун азыркыдан да күчтүүрөөк деңгээлдеги даярдыкта болууну эскертет. Армияны күчтөндүрүү, аны дүйнөлүк рейтингде алдыңкы катарга кошуу, аскерлерге бардык шарттарды түзүп берүү жана чек араны бекемдөө мамлекеттин негизги милдеттеринин бири.

Алсак, 2016-жылы  Global Firepover аскедик-аналитикалык порталынын күчтүү армияларга жүргүзгөн рейтинги боюнча  Кыргызстан 126 мамлекеттин ичинен 110-орунду ээлеген. Мындан улам армияга жетишээрлик түрдө көңүл бурулбай жаткандыгы айдан ачык маалым болду.  «Кылым шамы» адам укугун коргоо борборунун юристи Рысбек Адамалиев «жүргүзүлгөн сурамжылоо армияга чакырылып жаткандардын 70 пайызы мигранттардын жана колунда жок жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары экендигин тастыктады», — дейт радиого берген маегинде.

Дагы бир маселе азыркы жаштарды армияда кызмат өтөөгө кызыктыруу, патриоттуулукка үндөө, армия тууралуу кенен маалымат берүү. Ал үчүн балдарга мектеп жашынан баштап профессионал окутуучулар «Аскерге чейинки даярдык» сабагын мыкты денгээлде өтүшү керек. Бүгүнкү окуучулар – эртеңки мекен коргогон жоокерлер!

Ата журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга!

Турарбекова Алтынай Мукашовна

«ЫЙЫК АТА ЖУРТ»  коомдук жаштар фонду

«Журналисттер» клубу

Тел: 0708 93 12 97,  0778 20 70 78

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *