Шашылыш кабар:

Күчтүү армияга күчтүү ишенич керек!

Февраль 20, 2017 | жарыялаган Blog
63

кыргыз армиясы улуттук гвардия

«Туулган жердин  топурагы алтын» деп кыргыз эли бекеринен айтпаса керек. Байыртадан ата-бабабыз сактап берген мекенди коргоп, кийинки муунга өткөрүп берүү мойнубуздагы эң чон милдет эмеспи. Негизи алып карай турган болсок акылман элибиз мекендин өмүрү эр жигиттин колунда деп бешиктеги кезинен баштап ар бир азамтка элин, жерин суйууну уйротуп, мекенчилдик сезимдерин арттырып турушкан.

Бүгүнкү күндө кыргыз армиясы жакшы эмес экендиги  баарыбызга маалым. Акыркы убактарда аскерге кеткен балдардын өлүмдөрүнүн көбөйүшү биздин армиянын кадыр-баркын бир топ эле түшүрүп койгондой. Кырчындай баласын аскерге узатып, бирок, муздак денесин тосуп алып ботодой боздогон энелердин абалын көргөн адам, аскерге баргысы келмек тургай, атын угуудан коркуп, «акчасын эле төлөйбүз» деп качып жүргөндөрүн көрүп эле жүрбөйбүзбү. Армиянын мындай абалын көргөн элдин ишеничи сууп бараткандай. Бирок, кара баштын амандыгын ойлоп аскерге барбай койууну туура эмес деп эсептейм. Мекенге кызмат кылуу ар бир жигиттин милдети. Ал эми милдетти аткаруу адамдын мыктылыгынан кабар берет.

Менин ойумча биз баарыбыз күчтүү, өнүккөн армияны кура алаарыбызга ишенишибиз керек.Ар бир кыргыз жоокери мекендин өнүгүшү өзүнүн гана колунда экендигин сезип, билимге сугарылып, мекенчилдик сезимдерин өстүрсө гана мыкты армия куралат деп эсептейм. Мен учурдагы  мекен кызматындагы ар бир адамды сыйлайм жана келечекте биздин армия эң күчтүү болооруна терең ишенем!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *