Шашылыш кабар:

Кыргыз каратисттери Казакстанда 2 алтын, 1 күмүш үч медаль утту

Февраль 17, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
16

Карате

Кыргыз каратисттери Казакстанда өткөн карате боюнча мелдеште үч медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын «Шинки окушин кай» карате федерациясынын бөлүм башчысы, машыктыруучу Владимир Бычков билдирди.

Анын айтымында, мелдештердин жыйынтыгы менен 50 кг салмактагы кыздар арасында Каныкей Касымбекова жана 50 кг өөдө салмактагылар арасында Айпери Борошева бирден алтын медаль утуп алышты.  Ал эми үчүнчү спортчу Ламия Ушур 45 кг салмактагы спортчулар арасында күмүш медалга татыктуу болду.

Тараз шаарында Жамбыл облусунун жеке таймаштар боюнча биргелешкен ачык чемпиондугу аяктады. Анын алкагындагы мелдештерге 150 ашык спортчу катышкан. Чемпиондук беттешүүлөргө Кыргызстандан “Буси” клубунан 5 спортчу барган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *