Шашылыш кабар:

Курулушта катталган кырсыктарга ким күнөөлүү?

Февраль 17, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
35

Кечээ, 16-февралда Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш жүрүп жаткан имараттан 4 киши кулап түшүп, ооруканага жаткырылды. Учурда алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Азырынча кырсыктын себептери аныктала элек. Ал боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталды. Негизи эле акыркы учурда байма-бай катталып жаткан курулуштагы кырсыктарга ким күнөөлүү, курулушчубу, же иш берген компаниябы?


1442-768x511

Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулушту “Дордой сити” компаниясынын буйругу менен “Мурас спорт” компаниясы куруп жаткан. Бишкек шаардык Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Жоодар Атакеев билдиргендей, бетон плита түшкөн деген маалымат туура эмес, мында бетон толук катый электе, вибрация жасап жаткан балдар чогуу кулап түшкөн.

Кечээтен бери айтылып жаткан маалыматты тактап кете турган болсок, плита түшпөй эле, бетон катый электе, вибратон менен иштеп жаткан балдар кошо түшкөн. Окуя монолит куюп жатканда болгон.

DSC_0156Атакеевдин маалыматына ылайык, курулуштун жүрүшүндө коопсуздук эрежелери толугу менен сакталган. Бирок азырынча кырсыктын себептери так аныктала элек.

Бетон куюлардын астында текшерүү болот. Анын баары аткарылган. Ачык жерлер жабылган. Бирок азырынча эмне себептен түшкөндүгүн өздөрү да түшүнбөй жатышат. Азыр атайын комиссия түзүлдү. Эми окуяны иликтеп, кимдин күнөөлүү экендиги аныкталат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан жаракат алгандар учурда ооруканада. Алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөө болсо өзүнчө бөлмөгө жаткырылган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун берген маалыматына ылайык, жаракат алгандардын бирөөнө операция жасалды.

DSC_0161Үч бейтаптын башы катуу чайкалган. Операция болгон кишинин омурткасына доо кеткен. Азыркы учурда абалдары туруктуу.

Жогоруда айтылган кырсык тилекке каршы, жалгыз эмес. Эске салсак, дал эле ушул имараттын курулушунунун жүрүшүндө экинчи кабаттан дагы бир курулушчу кулап түшкөндүгү боюнча маалыматты ЖМК жазып чыгышкан. Курулуш компаниялар буга көбүнесе курулушчулар өздөрү күнөөлүү дешет. Анткени талап кылынган эрежелерди сактабай, кайдыгер мамиле жасап койгондун кесепетинен кырсыктар катталат. “Эмарк строй” компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов курулушчулар коопсуздук үчүн берилген каскаларды, кийимдерди кийүүсү шарт экенин баса белгиледи.

-Көбүнесе балдар өздөрү күнөөлүү болушат. Анткени айтылган талаптарды аткарбай койгон учурлары да болот. Негизи экологиялык техникалык коопсуздукту талап кылган текшерүүчү киши болот. Ал курулушчуларга башына каска, кийим, коргоочу жабдыктарды колдонгондугун текшерүүсү зарыл.  

Бирок атын атагысы келбеген куруучу көпчүлүк учурда коопсуздук үчүн деп берилген кийимдер ыңгайсыз болоорун айтат. Анын айтуусунда, кийимдер эски же чоң болот. Аларды кийип иштегенге ыңгайсыз болгондуктан, текшерүүчү келээрде гана кийип, башка учурда колдонбошун моюнга алат.

DSC_0155-Чындыгында биз иштеп жүргөндө каскалар ыңгайсыз болгондуктан текшерүүдөн өткөндөн кийин, чечип койчубуз. Анткени ал каскалар ар кандай өлчөмдө болот.  Ал менен иштөөгө ыңгайсыз. Айып пул төлөп калбаш үчүн текшерүү учурунда гана кийчүбүз.

Маалыматка ылайык, соңку жылдарда көп кабаттуу курулуштардан жумушчулардын кулап түшкөндүгү боюнча окуялар көп катталууда.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында Шабдан баатыр көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишиндеги курулуштан 3 жумушчу 5-кабаттан кулап, экөө окуя болгон жерден каза таап, бирөө ооруканага жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *