Шашылыш кабар:

Жеңиш Разаков Өзбекстанга барып, чек ара маселесин талкуулады

Февраль 17, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
10

Разаков Ферганада

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 2017-жылдын 15-февралында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен эки өлкө ортосундагы чек ара кызматташтыгы маселесин талкуулоо үчүн жолугушту.

Өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында болду.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады.

Жеңиш Разаков эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Адхам Икрамовго мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкелери боюнча көз-караштарды макулдашуу боюнча ишти тез арада жыйынтыктоо зарылдыгы тууралуу билдирди.

Разаков Ферганада11

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *