Шашылыш кабар:

Шыкмаматов: Мага саясий негизде иш козголду

Февраль 17, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу

1014233295

«Ата Мекен» фракциясынан депутат  Шыкмаматов Башкы прокуратура ага саясий негизде кылмыш ишин козгоду деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында бул бийликтин кезектеги  саясий кысымы:

— Эсептөө палатасы менин жубайыма тиешелүү автоунааны тендер аркылуу сатып алган. Ал тендерге мен катышкан эмесмин жана ал тендерге тиешем жок. Экинчиден Эсептөө палатасы ошол жылы 4 кызматтык автоунаа сатып алган. Анын үчөө жарактан чыгып калып, менин келинчегимен алынган унаа ушул убакка чейин жүрүп атыптыр. Биз башынан эле мындай иштерди бийликтин кысымы деп айтып келе жатабыз. Эми башка аргабыз жок. Камаса камап салышсын.  

Башкы көзөмөл органы бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине келип түшкөн материалдардын негизинде, коррупция жана  кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча Шыкмаматовго иш козгоду.

Анда 2011-жылы Эсептөө палатасына кызматтык унаа алууда  «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзам бузулганы айтылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


*