Шашылыш кабар:

Комиде багып алынган балдар кайра мамлекетке тапшырылып жатат

Февраль 17, 2017 | жарыялаган Айжамал Толубаева

4

Орусия Федерациясынын курамындагы Коми Республикасында айрым үй-бүлөлөр асырап алган балдарын кайра балдар үйүнө тапшыра башташты. Анткени балдарды багып алган ата-энелердин каражаты өспүрүмдөрдү материалдык камсыздоого жетишсиз. Бул тууралуу “КомиОнлайн” билдирет.

Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Алексей Зезеговдун айтымында, учурда көпчүлүк үй-бүлө 8 миң рубль айлык маяна алат, ал эми балдар үйүндөгү жылдык чыгаша 937 миң рублду түзөт.

Орун басар өлкөдө кароосуз балдарды асыраган үй-бүлөлөрдүн саны кыскарганын кошумчалайт. 2015-жылы алардын саны 1930 болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 1843тү түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


*