Шашылыш кабар:

Пакистандагы жардыруудан набыт кеткендердин саны 70 кишиден ашты

Февраль 17, 2017 | жарыялаган Айжамал Толубаева

3

Пакистанда жайгашкан комплекстүү Лал Шахбаза Каландар мавзолейинде болгон жардыруудан 72 киши курман болгон. Мындан сырткары 150дөн ашуун жарадар бар. Бул боюнча Reuters агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдирди.

Жардыруу бейшемби күнү кечинде болгон. Мавзолейде ойчул жана акын Лал Шахбаз Каландарды ээрчигендер арасында салттуу суфисттик ырымдар өтүкөрүлүп жаткан.

Полициянын берген маалыматында, жардыруу имараттын ичинде болгон. Болжолдуу маалымат боюнча, жанкечти ыргыткан граната жарылган эмес. Андан кийин өзүн өзү жардырган.

Чабуул боюнча жоопкерчиликти ДАИШ террористтик тобу алган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


*