Шашылыш кабар:

Кыргыз жоокерлеринин духун көтөрүү зарыл

Февраль 16, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
100

Жазган Таалайбек Соданбеков.

Аскер

Мен көп учурда Кыргыз армиясы сан жагынан да, сапат жагынан да Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде эң артта турат деген маалыматтарды окуп калам. Ошондо ойлоном, андай болсо, бизде күчтүү армия кандай болот жана ага жетишүү үчүн эмне керек?

Менимче мамлекет качан гана армияга жакшы камкордук көрүп турак-жай маселесин чечип, айлык акысын көбөйтүп, кийген кийимдерин оңдоп, курал-жарагын мыктылап берсе ошондо армия күчтүү болот.

Бир кезде мурунку президенттердин бирөөсү «Кыргызстанды ким басып алмак эле, армиянын эмне кереги бар?» — деп айтканын бүгүн коом унута элек болсо керек. Муну бизге 1999-2000-жылдары Баткен окуясы далилдеп койду көрүнөт. Ошондо бизге кирип келген душмандарга туруштук берүүдө кандай кыйынчылыктар гана болгон жок. Армиянын даярдыгы начар болуп, бийик тоо шартында согушууну билбей кыйналганы эсибизде. Бир топ жоокерлер курман болгон. Бул кырдаал кыргыз бийлигине армиянын курал-жарагын чыңдап, абдан катуу даярдык керектигин далилдеген. Ал эми бүгүн болсо, бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан терроризм , экстремизм сыяктуу маселелерине биздин армия өтө кылдат жана жоопкерчиликтүү даярдыктан өтүшу керек деп эсептейм.

Кыргыз жоокерлери аянттаАзыр Кыргызстанга мыкты адистерден турган, ылдам жана ыкчам даярдыктагы армия керек экендиги көрүнүп эле турат. Башка менменсинген күчтүү мамлекеттерди эсепке албаганда да, коңшу өлкөлөрдүн армиясындагы деңгээлге жетүү үчүн кыргыз армиясына өзгөчө көңүл, күчтүү тартип, көп каражаттар керек. Мындан тышкары армияга күч бере турган, алардын ички рухий духун көтөрө турган , патриоттук сезимин күчтөндүрө турган дем зарыл го деп эсептейм.

Мисалы, Кыргыз армиясы тууралуу обондуу ырлар менен кино тасмалар көбүрөөк тартылса, аларды көрүп тарбияланган кийинки муундун мекенчилдик сезимдери көтөрүлмөк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *