Шашылыш кабар:

14 менчик телеканал санарипке өттү

Февраль 16, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова

1367463590_tv-2

Радио релейлик магистралдарынын теле жана радио берүү боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин түйүнүндө жаңы кабелдик түйүн менен иштеген менчик телеканалдардын саны 14кө жетти. Алар тест түрүндө иштеп жатышат. Бирок Бишкек шаарында жана Чүй облусунда гана чыгышууда.

Аналогдук берүүлөр 15-майдан тарта өчкөндөн кийин телеберүүлөрүн өнүктүрүү пландары бар. РПО РМТР мекемесинин техникалык директору Усан Жанузаковдун айтуусунда, коммерциялык каналдардын төлөмдөрүнүн тарифи учурда иштелип жатат. Ар бир аймакка жараша тариф иштелип чыгып, ошого жараша келишим түзүлөт. Менчик каналдар телеберүүлөрүнүн сапатына жараша жана жарнаманын негизинде жашап кетет.

Социалдык пакетке социалдык жактан маалымат алсын деген каналдар берген программалар кирет. Ал эми каналды иштеткенден акча таап элге көрсөтүп жана ошол менен жашаган каналдар социалдык пакетке кире албайт. Алар шоу бизнестик программалар, кино тасмалар же болбосо элдерди кызыктырган программларды чыгарышат. Дүйнө жүзүндөгү элдердин көпчүлүгү мамлекеттик эмес менчик телеканалдарды тандашат. Медиа серепчи Кубан Абдымен, өлкөдө менчик каналдар жакшы жакшы өнүгө электигин айтат.

Ал эми санариптик телеберүүнүн социалдык пакетине кирген телеканалдар ушул күндөрү маал-маалы менен жеткиликтүү болбой, көйгөй жаратып жатканы коомчулукта улам айтылууда. Айрыкча өлкөнүн башка аймактарында улам өчүрүүлөр болуп жатат. Усан Жанузаковдун айтуусунда, учурда ишкана жабдууларды оңдоо иштерин аткарууда.

Рельефтин татаалдыгына байланыштуу санариптик телеберүүгө жетпеген 326 алыскы айыл бар. Ал аймактарга этап-этабы менен автоматташтырылган санариптик теле чагылдыргычтар орнотулат. Орнотулмайынча аналогдук теле берүүлөр өчүрүлбөйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


*