Шашылыш кабар:

Биз билимдүү жоокерлерди тарбиялашыбыз керек

Февраль 16, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
93

Аскердик ант берүү

Биз билимдүү жоокерлерди тарбиялашыбыз керек. Сиздер берген темага ары ойлонуп, бери ойлонуп, көптөн бери көңүлдө жүргөн сунуштарымды билдиргим келди.

Тагыраагы менин сунушум түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабына багытталат. Эске алышса ыраазычылык билдирээр элем.

Эгерде адам баласы бош калса, бекерчиликке берилип кетсе, анда болгон энергиясын, мүмкүнчүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн жана бош убактысын туура эмес нерселерге коротот. Эгерде кызыктуу нерселер менен алектенип турса, анда ар түрдүү терс көрүнүштөр да азайышына өбөлгө түзүлмөк.

ШКУ машыгуу кыргыз аскерлери

Мен муну менен кандай ой айткым келет? Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аброю, кадыр-баркы өтө деле жакшы эмес. Тескерисинче көптөгөн ызы-чуулар менен коштолуп, кээде кызмат өтөөгө барган жоокер майып болуп кайтса, кээде өлүм менен аяктаган окуялар да болуп келет. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш.

Мындан улам, биз канткенде Куралдуу Күчтөрдү оңдой алабыз деген суроо жаралат. Ага мен төмөнкүдөй сунуштарды берээр элем.

1. Адам баласы илим-билим алуу менен гана адамдык сапатын коргой алат. Андыктан эң биринчи жоокерлерди билим менен сугарыш керек. Бул илим-билимге кызыктыруу, китеп окутуу, компьютер үйрөтүү.

2. Жоокерлерге туура тарбия берүү зарыл.

3. Дин эркиндигине толук мүмкүнчүлүк берүү, анткени жоокерде руханий боштук болсо, аны материалдык нерсе менен толтура албайт.

4. Ар дайым алар менен тыгыз мамиледе болуу, дайыма кызыктуу нерселер менен алек кылуу.

5. Контрактык келишимдин негизинде аскерге кабыл алуу.

6. Жөндөмүнө жараша кесипти да үйрөтсө жакшы болмок. Илгерки курулуш батальондору сыяктуу. Кыскасы, кыргыз жоокери аскер кызматынан кайтып барганда башка жаштар алардан үлгү ала турган болуусу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *