Шашылыш кабар:

Украинада электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө башташы мүмкүн

Февраль 16, 2017 | жарыялаган Айжамал Толубаева
13

a

Украина энергетикалык тармагына өзгөчө абал киргизилгендиги тууралуу билдирди. Буга байланыштуу өлкөдөгү электр колдонуу көлөмүн кескин азайтуу максатында өкмөт электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү чараларын көрүп башташы мүмкүн.Чечим өкмөт жыйынында кабыл алынган.

Энергетика министри Игорь Насалюк өлкө жашоочулары менен өнөр жай ишканаларын тез арада электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Ал эгер электр үнөмдөө боюнча аракеттер көйгөйдү чечпесе, өкмөт өлкөдө «маал-маалы менен өчүрүүлөрдү» башташы мүмкүндүгүн эскертти.

Электр станцияларын колдоо үчүн Киев өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактан көмүрдүн өзгөчө түрүн сатып алууда. 34 айдан берип уланып, 10 миң адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылышууларга карабастан соода токтогон жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *